п»ї

Парламенттик рейтинг
"5" "4" "3" "2"
"Көңүлү жок аялдын, код бергени курусун"
Штирлиц тоюз,полковник Исаев деген кыргыз радист кыз Катя рациянын кодун бербей койгондо ушинтип айтса керек. Андан мурунку кыргыздар мындан да ороюраак, мындан да уяттуурак кылып айтышчуу экен да. Көңүлү жок парламент, ушундай кымбатчылыкта элди ойломок түгүл, эки-экиден мушташып атышса, ушул сөз эске түшөт экен.

Парламенттик рейтинг
Биздин гезит дайыма окуу жылынын аягында парламенттеги депутаттарга баа коюу адатыбыз бар эле.Былтыр парламент жок болуп калды. Эми дагы ушул традициябызды уланталы деп чечтик. Себеби быйылкы окуу жылы да аягына чыгып келатпайбы.
Азыркы парламентте беш класс бар "А" - "Ар-Намыс", "Б"- "Ата-Журт", "В"-"Ата-Мекен", "Г"- КСДП, "Д"- Республика.

Отличник окуучулар
Биздин мурун "5" койгон отличнигибиз Роза Отунбаева КРнын президенти болуп калгандыктан, азыркы отличниктерибиз да келечекте президент болуп калабы деген үмүтүбүз бар.
"А" класстан отличник Жапаров Акылбек
"Б" класстан отличник Келдибеков Акматбек
"В" класстан отличник Текебаев Өмүрбек
"Г" класстан отличник Исаков Исмаил
"Д" класстан отличник Султанбекова Чолпон

Ударник окуучулар
Ударник окуучулардын арасында отличникке тете окуучулар да, кадыр-баркын салып ударник болгондор да бар.
"А" класстан :
Мамырова.Б; Бакир уулу.Т;
Бекешев.Д; Иманалиев.К;
Мамытов.Т; Осмоналиев.К.

"Б"класстан:
Ташиев.К; Жолдошова.Ж;
Жапаров.С; Осмонов.К;
Султанов.М.

"В"класстан:
Сасыкбаева.А; Абдырахманов.Ө;
Айтматова.Ш; Алымбеков.Э;
Жээнбеков.Р; Мадылбеков.Т;
Сапарбаев.Ж; Шер.Б.

"Г"класстан:
Карамушкина.И; Ниязалиева.Д;
Скрипкина.Г;Тербишалиев.Д.

"Д" класстан:
Акназарова.Р; Исаев.К;
Пирматов.И; Сулайманов.А.

Эскертүү:
Мектептин атамандыгын талашкандар ушул ударниктердин арасында. Негизи ударниктер башы да, муштуму да иштеген окуучулар. Таламандын тал түшүндө сабак болуп жатканына карабай "Б" класстан ударник окуучусу Ташиев.К жана "троишник" окуучусу Жапаров,Сны "Д" класстын ударник окуучусу Сулайманов.А мурдун талкалай коюптур. Ударник окуучу Ташиев.К ачуусуна чыдабай өзүнүн классындагы "двоишник" окуучу Сулеймановду жаткыра чапкан, себеби анын фамилиясы Сулаймановдукуна окшош болуп атпайбы.

"Троишник" окуучулар
"Бир уядан бир сасыткы" чыгат дегендей, "сасыткылар" "троишниктердин" арасында арбын. "Сасыткылардын" атаманы "Г" класстын "троишник" окуучусу Турсунбеков.Ч мурунку директор Акаев. Анын кабинетин сасытып, кийинки директор Бакиев. Кнын кабинетин сасытып, эми замдиректор Атамбаев. Анын кабинетин сасытып жүрөт.

"А" класстан:
Артыков.А; Узакбаев.Т.

"Б" класстан:
Абдылдаев.М; Абдиев.К;
Айдаров.Н; Жумабеков.Д;
Иманалиев.Ж; Иманалиева.Э;
Исаева.Д; Молдобаев.Н;
Сулайманов.Н, Кудайбергенов.Ж.

"В" класстан:
Балтабаев.Т; Төлөгөнов.Р;
Самаков.К.

"Г"класстан:
Жээнбеков.А; Турсунбеков.Ч;
Орозбаев.М; Салымбеков.М.

"Д" класстан:
Төрөбаев.Б;

"Двоишник"
"Двоишник" окуучулардын көпчүлүгү жаңы келген окуучулар.Алар азыр сабактарды жакшы өздөштүрө албай жатышат. Балким алар сабакты өздөштүрүп кетсе,кийинки жылдары ударник,отличниктер чыгышы мүмкүн. Бирок "Атан төө карыса тайлак менен дос болот" дегендей, ушулардын арасында "А" класстын класскому Кулов.Ф жүргөнүнө таң калабыз.Класском Кулов.Ф ооз ачпай эле былтыйып отурат. Анан да "Ай караган текедей болуп" потолокту карап,качан директор болом деп ойлонуп эле отурат. Анан кантип ага "2" койбойбуз.Көчөгө чыкканда тентек кылып калат экен. Балким биз "2" койсок уялып, эмки жылы жакшы баа алууга аракет кылаар. Анан да "двоишниктердин" арасында мурун актив болуп жүргөн Тюлеев.Н деген "Б" класстын окуучусу бар. Бул окуучу деле окуса жакшы окумак, бир аз жалкоо тартып кетти. Мунун анын үстүндө жин-шайтаны бар.Кытай, калмактын жин-шайтандары колдойт.

Сабакты көп калтырган окуучулар
Негизи быйылкы окуу жылында жалпы сабакка катышуу деңгээли жакшы. Бул ушул беш класска көз болгон отличник окуучу Келдибеков. Анын эмгеги. Ден соолугуна байланыштуу "В" класстын окуучусу Шер.Б сабакка көп катыша албай жүрөт. Шер.Б мурун отличник окуучулардын катарында болчу.Ошондуктан аны сабакка көп катышпаса да ударниктердин катарына кошуп койдук.
Жыл жыйынтыгы
Белгилүү себептер менен окуу жылы кечирээк башталып калды.Башталаар менен кышкы каникулга кетти.Ошентип окуу үзгүлтүккө учурады. Окуунун башы ызы-чууу менен башталды эле, аягы ырас тынчып баратат.Ортодо анча мынча тентектиктер болуп кетти. Окуу кечирээк башталгандыктан дагы канчага узарарын ким билет? Арийне, биз окуу жылынын жыйынтыгын өз убагында чыгарып койдук.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??