, 13.05.11 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Маматемин Рускулов:

"Эки жетекчинин табияты эки башка чыкканы "Кыргыз Рухунун" утушу болду"
- "Кыргыз Рухунда" канча жыл иштедиңиз эле?
- "Кыргыз Рухунда" 12 жыл иштедим. Султандын мезгилинде беш жылдыгын, он жылдыгын өткөрдүк. Гезиттин жаңы ачылган маалы профсоюздан калган мүлктөрдү талап - тоноо көбөйгөн кезге туш болду да. Анан биз ошол уурулар тууралуу көп жаздык. Бул темага өтө көп басым жасап жибергенибизден уламбы, бир окурманыбыз "уурулардын бетин ачабыз деп, уурдоонун жолун элге үйрөтүп атасыңар", деген эле. Союздун тартибинен өткөн журналисттер, бизге, эркин гезиттин ачылышы өзүнчө эле бир шаң - шарапат жаратканын тана албайм. Билгенибизди эркин жазып, эркин айтып жыргап калганбыз. 90 - жылдардагы өзбек - кыргыз тополоңу тууралуу макалалар да гезитке жарык көрүп турган. Бул тополоңдун уюштуруучулары өз убагында тиешелүү жазасын албай калгандыктан, минтип кайрадан 20 жыл өткөндөн соң баш көтөрүп чыгышты. Карапайым элдин балдары абакка кесилип, ал эми окуянын башында тургандардын эркиндикте калып кетиши ушундай кейиштүү саркындысын берди.
- Гезиттеги "эки доорду" башыңыздан өткөргөн турбайсызбы, биринчи доор менен экинчи доордун алмашуусу кандайча болгон?
- Гезитте иштеген көкүрөгү курч, ыр жазып, нагыз чыгармачыл дүйнөлөрү бар жакшы балдар кийинчерээк өздөрүнчө гезит ачып кете башташты. Буга да кесепетин тийгизген каражат маселеси болду. Султан министрдин орун басары болуп кете турган болуп, гезитке көңүл буруусу басаңдай түшкөн эле. Азыркы башкы директор Арыстанбек Дүйшөмбиев өз убагында келди. "Кыргыз Рухун", андагы кыргыздын рухун да сактап калуу үчүн Кудай жөнөттүбү, айтор бул жигиттин күтүүсүздөн келиши гезитти жабылуу коркунучунан куткарып кетти.
- Бир жетекчиге көнүп анын мактаганы да, урушканы да мыйзам ченемдүү нерседей болуп калгандыктан кызматкерлерге жетекчинин алмашканы өтө катуу тийет эмеспи, сиздер бул жагын кандай кабылдагансыздар?
- Арыстанбек чынын айтканда аябай оор абалда келди. Гезит убактылуу чыга албай, иштеген журналисттер айлык деген эмнелигин унутуп, басмаканага да карыздар көбөйүп кеткен эле. Бардыгын өзү төлөп, биздин да акчабызды берип, гезитти даңгыр жолго салып кетүүгө күч үрөдү. Акча албасаң кааласаң, каалабасаң да ишке болгон кызыгуу жоголо түшөт, анткени бир гана жазмай менен жашай албайсың, үй - бүлө деген бар, аны каржылаш керек дегендей. Арыстанбек айлыгыбызды да берди, өзүбүздөн да көп нерсени талап кылды. Жумуш деген ушундай болот да.
- Жаңы жетекчи менен тез эле тил табышып кеттиңиздерби, же кыйынчылык жаралдыбы?
- Жаңы жетекчибиз биринчи күндөн эле бизге жакшы көңүл бурган. Биринчи келгенинде эле чыгармачыл адамдардын жазылчу чыгармаларына дем - кубат топтоп берейин дедиби, жамаатыбызды Ысык - Көлгө эс алууга алып барган. Чолпон - Атадан тосчу адамдар тосуп алышып, абдан жакшы сый көрүп, ыраазы болуп кайткан элек.
- Эки жетекчини көрүп калган кызматкерлерде кандай болгондо да тиги тигиндей эле, бул мындай деген салыштыруу жашайт эмеспи…
- Султан эркин койчу бизди, эмнени жазсак аралашчу, же тигини тигиндей, муну мындай жаз деген көрсөтмөсүн берчү эмес. Арыстанбек деле ошол чыйыр менен кетти. Бирок, Султандын мүнөзү жумшак эмеспи, эч кимдин көңүлүн оорута албаган жайы бар, ал эми Арыстанбек күчтүү, катаал. Султандын кезинде түзүгүрөөк эч нерсе жазбай эле, адамдын санын көбөйтүп иштемиш болуп жүрө бергендер көп болчу, Арыстанбек ошолордон редакцияны тазалап салды. Кээде кээ бирөөнүн эптемей жазылган макаласы чыгып кетип, жакшы макалага орун тийбей калчу. Андайларды да болтурбай койду.
-"Рухтун" барактарына түшпөй, көңүлдө калып кеткен темаларыңыз болсо керек?
- Көлгө бардык дебедимби жамаат менен, ошол жерден Өзгөн районунун райкому болуп көп жыл иштеген Жапаров аттуу аксакалга кезигип калдым. Ошол жолугушууда көп нерсени айтып берди, Өзгөн районуна биринчи мугалим болуп барган ал киши көп нерсени башынан өткөрүп, мекенине кызматын аяган эмес эле. Менин атам Фин согушуна катышкан, Жапаров атамды кантип согушка узатып, кантип тосуп алганын да айткан болчу. Жайма жай кезде баскан жолун чечмелеп сурап, макала жаратууну көңүлүмө түйүп койгон элем. Бирок, чыгынбай жүрүп Жапаров аксакал өмүрдөн өтүп кетти. Көкүрөктө жазылбай калган көп темалардын бири ушул болду.
- Адам канчалык бир жерде көп иштесе, ошол жерден суурулуп чыгуусу оңой - олтоң болбой калат го, 12 жыл иштеген редакцияңыздан эмнеге кеттиңиз?
- 2003 - жылы ден соолугума байланыштуу иштен кетүүгө туура келген. Бирок ошондо деле коомдогу аракеттерден артта калалбадым, 2005 - жылдагы революцияда Роза Отунбаева менен кабарлашып турдум, революцияга салымымды аз болсо да коштум окшойт. Бирок бул революция жакшы да, жаман да тагы менен калды. Бакиевдин бийликке келиши 2005 - жылдагы төңкөрүштүн жаман жагына айланды.
- Гезиттин 20 жылдык тарыхына кандай оюңузду кошо аласыз?
- Султан чыгармачыл адам, ал эми Арыстанбек чарбачыл. Чыгармачыл адам гезиттин маңызына көңүл бурат да бирок, каражат жагын оңдоп - түздөгөнгө чама - чаркы жете бербейт, ал эми чарбачыл адам биринчи орунда материалдык жактан камсызданууга умтулат. Султан менен Арыстандын табияты эки башка болуп калганы "Кыргыз Рухунун" утушу болду. 20 жылдан бери гезиттин үзгүлтүксүз чыкканы түптөп, баштап берген башаты катары Султанга тийиштүү болсо, ошол башталган нерсе орто жолдон акча маселесине байланып мүдүрүлүп баштаганда бутунан тургузуп, кабагым - кашым дебей чыгармачыл жамааттын көйгөйүн чечип берип, андан ары улап кеткени Арыстанбектин эмгеги эмеспи.
- Эсиңизде калган күндөрдөн сүйлөп берсеңиз?
- Муундардын алмашканы эсимде. Мамат Сабыров "Рухта" иштеп жүрүп анан "Асабадан" чакыруу болуп, Эшимканов үй убада кылгандан кийин кеткен эле. Ыраматылык Калил Жамгырчиев экөөбүз күнү - түнү ээрчишип жүргөн ынак достордон элек. Өмүрдөн эрте узап кете берди… Калил жумушка орношкондо үмүт менен орношту эле, үй - жай аламбы, үй - жай алууга мүмкүнчүлүк түзүлөбү деген үмүт… Үй - жайсыз жүрүп, өтүп кете берди. Ооруп жатканымда каза болгонун уктум… Дайыма ойлоп коем, "балдары кантип чоңоюп атышат болду экен?" деп… Калилдин достору көп болчу, экөөбүз дагы муң - зарыбызды бөлүшүп, сырдашып калчубуз. Арбагы ыраазы болсун.
Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА




  Стамбул сапар

Туристтерди өзүнө арбаган шаар
Бишкек-Стамбул-Бишкек
Стамбул шаары Түркиянын ири шаарларынын катарына кирет. Бир көргөн адамга бул шаар жалаң гана туристтердин шаары катары сезим калтырат экен. Анткени көчө аралап бассаң жалаң гана чет жактан келген туристтерди гана жолуктурууга болот. Баардыгы тең "sorry", "excuse me" деп сыпаа кайрылышканын байкайсың. Көчө бою каз-катар тизилген дүкөн, чакан ресторандар жалаң туристтерге толгон. Чет элдин жараны катары менин көңүлүмдү бурган нерсе Стамбулдун жолдору болду. Бишкектин жолдоруна көнүп калгандыктанбы, айтор, Стамбулдун жолдору бир аз тар, анан калса жолдору да бирде ылдый, бирде өйдө болуп тоо этектеп кете берет экен. Бирок, мындай жолдор автомобилдердин жүрүүсүнө эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Тескерисинче машинанын ичинен карап отуруп, того чыккан кезде Стамбулдун ажайып кооз жерлерин көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Стамбул шаарында бир нече тарыхый имараттар орун алган. Дал ушул имараттар чет жактан туристтердин агылып келүүсүнө негиз болгондой. Бир гана Айя София мечитин көрүш үчүн катар-катар тизилген туристтердин саны жүздөп саналат. Алгач Айя София чиркөө болгон. Анын ичинен христиан динине тиешелүү ар түрдүү сүрөттөрдү көрүүгө болот. 532-жылы император Юстиниан бузулган эски чиркөөнүн ордуна кыска мөөнөттө жаңы чиркөөнү курууга буйрук кылган. Бул ишке милдеттүү катары математик Аментияны жана архитектор Исидораны бекиткен.
Айя София кылымдар бою христиан дининдегилердин ыйык жайы катары саналып келген. Чиркөө кыска мөөнөттө курулуп бүткөн (532-537-жж). Кийин Осмон империясынын тушунда ал кайрадан мечит болуп реконструкцияланган. Бир кызык жери ошол реконструкция маалында имараттын дубалдарындагы христиан динине тиешелүү ар кандай оюм-чийимдер өчүрүлбөстөн, анын дубалдары сүрөттөрү менен кошо кайрадан шыбалган. Айя Софиянын ичинен мусулман динине тиешелүү дагы, христиан динине тиешелүү дагы сүрөт жазууларды көрүүгө болот. Айя София дүйнөнүн сегизинчи керемети болуп саналат.
Стамбулда жайгашкан имараттардын көпчүлүгү Осмон империясынын убагында курулган. Ар бир имараттын өзүнчө архитектуралык өзгөчөлүгү, өзүнө гана таандык кооздугу бар. Салынган имараттар бир-биринен айырмаланып турат. Мына ошол эле Айя София имаратынын маңдайында Султан Ахмед мечети орун алган. Бул мечит Стамбулдагы эң чоң мечиттерден болуп саналат. Султан Ахмет мечити 1609-1616-жылдары Ахмет I курдурган. Мечиттин архитектурасын чийүүгө Седевкар Мехмет милдеттендирилген. Мечиттин ичин жасалгалоодо көбүн эсе көк, жашыл жана ак боектор колдонулган. Өзгөчө мечиттин куполдорун кооздоодо көк боек колдонулгандыктан европалыктар бул мечитти "Көк мечит" деп да атап алышкан. Султан Ахмет мечитинин башка мечиттерден айырмалап турган өзгөчөлүгү анын алты мунаралуу болушу.
Мечиттин ичине 260 терезеден жарык кирип турат.
Кийинки сандардан султан сарайы "Топ капыда" ал убакта кандай жашашкандыгын, "Ататүрк" көпүрөсү тууралуу окуй аласыздар.

Расул Үсөналиев