Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 2

  Кош дегенге кол барбай…

Муктар Өмүракуновдун
сөөгү туулуп-өскөн жерине коюлду. Эмнеге?
Өмүракунов Муктар Сүйүналиевич табигый кырсыктан (Куба мамлекетине барып, Кариб деңизинин жээгинде эс алып жүргөн жеринен 3 метр-лик толкун алып кетип, көз жумган) 46 жашында каза болуп, коштошуу вазийпасы 5-майда Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында болуп, сөөгү 6-майда киндик каны тамган жери Ат-Башы районундагы Калинин айылына коюлду. Акыркы сапарга узатууга, топурак салууга эл көп барды. Жети дубандан партиялаштары, тилектештери, Москва, Тюмень, Санкт-Петербург, Алматы

диаспорасынын өкүлдөрү, партиялаштары жана Нарындын көрүнүктүү коомдук ишмерлери, депутаттары, артисттери, ырчылары жана журналисттеринин баары барышты.


Өлбөсө президент болот беле?
Коштошууга келген эл "Белгилүү адамдын сөөгү эмне үчүн Ат-Башыга коюлуп жатат? Өкмөт уруксат бербей койгонбу?" деп бийликти күнөөлөгөндөр да болду. "Замандаш" партиясынын мүчөлөрүнүн айтымында, Ала-Арча көрүстөнүнө коюуга ата-энеси уруксат бербей койгон. Атүгүл, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында коштошуу вазийпасына араң макул болушкан.
ЖК депутаты Акылбек Жапаров депутат болбой калганына өкүнсө, Аликбек Жекшенкулов "Улуттук конгресстин" атынан президенттик шайлоого катыштырууга ойлору болгондугун айтып кейиди. Ал эми вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов "эл уулу болуу кыйын. Баалуу эмгектери менен элдин эсинде калат" десе, шаар башчысы Иса Өмүркулов "аз жашаганы менен саз жашады. Аз убакыттын ичинде эл үчүн опол тоодой эмгек кылып, элдин эсинде калды. Турмушка из калтырды" деди.
Мүрзөлөрдүн жанындагы томсоргон там
Калинин айылына кечки саат жетилерде жеттик. Муктар Өмүракуновдун үйү мүрзөлөрдүн так түбүндө жайгашканын байкадык. Эркектер калпагын кийип, өкүргөнгө даярданып калганда бир бала чуркап келип "өкүргөнгө молдо тыюу салды. Болбойт" деди. Таң калып калдык. Боз үйдүн жанында "атакелеп" ыйлаган баласы, "бир боорум" деп сыздаган бир туугандары жок. Боз үйгө кирсек, кошок айткан киши жок. Дегеле ыйлаган киши жок. Биз менен бир маршруткада чогуу барган Москвадагы "Замандаш" партиясынын өкүлү Жамиля Бегиева маркумдун жубайын кучактап, ыйлады… Ал дагы ичтен сызып ыйлады… Сыртка чыккандан кийин, Жамиля айым "мындай болбойт, адамды ынтыктырып. Медицинада деле "ыйлаган пайдалуу" деп айтылат эмеспи. Сыртта жүрсөк да биз салтты кармайт экенбиз" десе, Тюменден келген Канзада Сманова "Биз Муктар акеге кошок жазып келгенбиз. Аны айтып жеңилдеп алсак жакшы болмок. Жаман жүрөгүм ооруп турат" деп көзүнө жаш алды.
Эл эле эмес, күн да ыйлап турду…
Бир заматта аба ырайы бузулуп, үрөйдү учурган катуу шамал болуп, жамгыр төктү. Свет өчтү. "Балабызга аба ырайы да ыйлап жатат" дешти айылдаштары.
Эртеси
Коштошуу митингинде Москва, Тюмень, Алматыдан келген коноктор жана белгилүү адамдар сөз сүйлөштү… Кошок айтылбагандыгы, эркектер өкүрбөгөндүгү жөнүндө "туура эмес болду. Салтыбыз колдонбой калды" деп аял, эркек сөз кылганы менен үй ээсинин, молдонун бетине эч ким айта алган жок. Айтылбаса да, аны адамдардын көзүнөн сезип турган молдо шариятты түшүндүрдү. "Шарият боюнча тирүү адам ыйласа, өлгөн адам кыйналат. Шарият боюнча сөөк туура көмүлүп жатат. Адам баласы топурактан жаралгандыктан өлгөндө да топуракка кетет. Муктар Өмүракунов баарыбыз бара турган жерге кетип жатат. Бул көрүнүктүү адам тирүү кезинде кайрымдуулук ишти көп жасап, адамдардын сообуна калган. Өлүм ар кайсы жерден "атсалоом алейкум" деп келе берет. Жан сакчы жалдасаңар деле, сандыкка жашынып калсаңар деле, андан эч жакка качып кутула албайсыздар" деди.
Саат 9.45те сөөк алынып чыкты. Артынан дагы эле жубайлары, кыздары, жакындары ынтыгып кала берди. Экинчи жубайы Айжан Акылбекованын абалын көргөн журналист Жылдыз Муслимова "ичиңе кармаба. Бакырып ыйлап ал" деди. Башынан тыюу салынганга баш ийип, оозун жаап ыйлап жатты…
Бейит үйүнө өтө жакын болгондуктан, жөө алып барып көмүштү. Ушундай узун кезек болгондуктан, арты үйүнөн чыгып жатса, алды мүрзөгө барып калды.
Суранып атып айтылган кошоктор
Ал жерге сындап эмес, чындап күйгөн адамдар барышты. Сөөк алынып бараткандан баштап аялдардын көз жашы тыйылган жок. Үн чыгарбай ыйлоо боюнча ар кандай кептер айтылды. Жети облустан барган коноктор "салтты жакшы кармайт деген атбашылыктар ушундай ишке барса, башка жерди айтпай эле коелу" деп кеп кылышты. Атбашылыктардан сураштырсак, "Буга чейин дегеле мындай болгон эмес. Болгондо да көрүнүктүү адамдан башталып жатканы бизди да таңкалтырып жатат" дешти. "Ак-Мөөн" айылынын мектеп директору, "Замандаш" партиясынын мүчөсү Мамбетсариева Жамила айым Талас, Ош, Жалал-Абад, чет өлкөдөн барган конокторго салтты карматпай койгон молдого нааразы экендигин, лидеринен айрылып калганына бук болуп турганын айтты. Маркумдун таежелери, кудагыйлары, айылдаштары да туура эместигин айтып, баш чайкашты. Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча "Замандаш" партиясынын төрайымы Нуркан Койчуманова ортого чыгып: "Манас доорунан бери келаткан салтыбызды бир күндө жокко чыгарып койгонго эмне үчүн атбашылыктар жол берип койдуңар? Унчукпай отурсаңар, эртең ар бириңердин үйүңөргө барат" деди. Аны туура көргөндөр да, туура эмес көргөндөр да болду. Маркумдун апасы чыгып, тыйып койду. Ага болбой эле кайра-кайра молдого телефон чалдырып, кошокко уруксат алып, кошок айтты. Анын артынан эле Тюмендеги "Биримдик" аймактык коомдун төрайымы Канзада Сманова кошту. Араң турган аялдарды ыйлатышты…
"Тойдун көркү - ыр, өлүмдүн көркү - ый болчу…"
Боз үйдөн чыккандан кийин бул эки айымды кепке тарттым. Нуркан айым буларды айтты: "5-майда, таңкы төрттө лидерибиздин сөөгүн "Манас" аэропортунан тосуп алдык. Орус драма театрындагы узатуу вазийпасына катышып, анан бул жакка келдик. Сөөгүн биз "Ата-Бейитке" же "Ала-Арча" бейитине коюлса деп тиледик эле. Ага чуркап, бийликтен уруксат алганбыз. Бирок, ата-энесинин уруксаты жок ал жакка коюлбай калды. Эми каерден болсо да, өз өлкөңдөн топурак буйруганы жакшы деңизчи. Бирок, "чала молдо дин бузар" дегендей, чала молдолордун, дин бузарлардын теңиртоолуктардын арасына келип калганы мени аябай өкүндүрүп жатат. Муктар атбашылыктардын гана уулу эмес, кыргыздын уулу. Анын аты ар бир үйдө бар. Кыргыздын желегин желбиреткен адамга ким ыйлабайт? Аттуу-баштуу кишинин үйүнөн башталган нерсе башка жакка тарап кетпесин деп күйүп жатам. Тогуз ай көтөргөн эне ыйлабаса, жубайы, баласы ыйлабаса, бул эмне деген көрүнүш? Мен ачуу чындыкты айтканым үчүн Муктардын апасы да жаман көрдү. Ошентсе да мен "Тойдун көркү - ыр, өлүмдүн көркү - ый болот" деп кошок айтып, жеңилдеп алдым. Тирүүсүндө жакшылыгын көрүп, аны эмне үчүн өлгөндө унутуп калышыбыз керек? Анын эмгегин кошок менен айтып, элге жеткиришибиз керек. Мына бардыгы тумчугуп турат. Муктардын сөөгүн уурулук кылган кишидей болуп көмүп койгондой болдук. Салттын жоголгону кыргыздын жоголгону ошол".
"Кошок кошконум менен көбү ичимде калып калды. Элден тартынып толук айта алган жокмун. Чет жакта жүрсөк да биз каада-салтты жакшы кармайбыз, аны жоготпойлу дейбиз. Өз жериме келип, өз көзүм менен көргөн нерсеге ишене албай турам. Салтты сакташ керек, баркташ керек. Дагы бир өкүнгөнүм Муктар акени жоктоп, батага келгеним. Ат-Башыны жакшылык менен көрсөм жакшы болмок. Чет "өлкөдөгү жарандардын оор турмушун жеңилдеткен, алардын талабын талашкан адамыбыздан айрылып калганыбызга кабыргам кайышып турат. Биз үчүн оор жоготуу болду. Кырчындай курагында кетип калды. Эмне кылабыз эми, Алла талаанын буйругу экен. Тюмендеги кыргыздардын атынан ата-энесине, жубайларына, балдарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз".
Болбой эле өкүрүп келген эркектер
Ал аңгыча эркек келип калды. Алар боз үйдүн түбүнө келип, беттерин басып олтуруп калышса кызыктай эле көрүнөт экен. Дароо куран окулду. Куран окулуп жатканда артта калган эркектер өкүрүп келатты. Куран окуп жаткан жаш молдо бала шашып кеттиби, же чочуп кеттиби, айтор, аягында "Муктар акенин арбактарына багыштадым" деп ийди. Өкүрүк жакындап калганда боз үйдүн ичиндегилер да, сыртындагылар да үн чыгарып жиберишти. Акылбек Жапаров, Күмөндөр Абылов, Накен Касиев, Кубат Оторбаев, Шайырбек Абдырахманов жана "Замандаш" партиясынын мүчөлөрү жана башкалар экен. Алар бир топко чейин буктарын чыгарып алалы дегенче болбой жанагы жаш молдо куран шашып окуп кирди. Бул жолу "Сүйүналы уулу Муктардын арбагына багыштадым" деп тууралаганы менен "жаткан жерлери жайлуу болсун" деп көптүк түрдө айтып, ого бетер элди дүрбөттү…
Сөөк коюлгандан кийинки ой-пикирлер
Салт боюнча элге суроо узаттык. "Замандаш" партиясынын мүчөсү Топчугүл Шайдуллаева "Манас доорунан бери келаткан салтыбыздын бир күндө чыгып калышы туура эмес" десе, журналист Жылдыз Муслимова: "Бул маселе боюнча оюбузду ачык айтууга аргасыз болуп турабыз. Салт санааны бекем кармайт деген Ат-Башы өрөөнүндө динге өтө берилип, аялдарга кошок коштурбай, эркектерди өкүртпөй койгондору көпчүлүктү таң калтырды. Бүгүнкү дин менен салттын тиреши бизге чоң сабак болуш керек. Мындай тиреш так ушул көрүнүктүү адамдын үйүнөн башталганы албетте өтө өкүнүчтүү" деди. Куудул Күмөндөр Абылов да нааразы."Кыргыз исламдан мурда жаралган эл. Молдолор арабдардын кийимин кийип келип алышып, элди ыйлатпай койгондору туура эмес. Алардын илгертен бери ат арытып, кылым карытып келаткан салттарыбызды бир күндө жокко чыгарып, ага шек келтирип жаткандарына аябай нааразымын. Же сөөк коюлганча өкүрбөсөк, же коюлгандан кийин өкүрбөсөк… Биз болбой эле өкүрүп келдик. Бүгүнкү көрүнүш чоң маселе. Муну көтөрүп чыгуу керек. Аны бүгүн чечишип албасак, эртең кеч болуп, элге залакасын тийгизиши мүмкүн" деп үшкүрүндү. Коомдук ишмер Накен Касиев: "Адам төрөлгөндө той, өлгөндө ый болот. Өлүмдүн көркү ый. Туура эмес эле иш болду. Салтыбызды бир күндө бурмалап жиберүү акылга сыйбаган нерсе. Шариятка такап жатышат. Анда ал шариятты алгач ММКлар аркылуу айтып, элге тегиз жеткирүү, анан аны сиңириш керек болчу" деп капаланды.
Таластык Осмон Рыскулбеков: "Бугубуз чыкпай калды. Өкүртпөй койгондоруна таң калсак, айылдаштары мындай деп түшүндүрүштү. Ата-энеси, бир туугандарынын чечими. Алар ажыга барган адамдар дешти. "Эмне дейбиз биз дагы үй ээлерин сыйладык"-дейт. Ал эми атбашылык Азиз Мамбетмусаев араптардын салты менен алмаштырып алганыбызды айтты. "Араптардын салты боюнча үн чыгарылбайт экен. Буга биз атбашылыктар каршыбыз. Бирок, буга жол бербей коюуга да болбойт болчу. Себеби, өлүктү кандай коем десе, үй ээсинин өз эрки" деди. Мындай пикирге коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов да кошулду. Ал эми азыр Кудай жолунда жүргөн экс-ырчы Муктар Атаналиев сөөктүн коюлганын туура деп эсептейт.
Назира СААЛИЕВА, Бишкек-Ат-Башы-Бишкек




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_8.htm on line 46