Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 2

  күнсобол

Баш мыйзамдын күнгөй-тескейи
же, конституциянын талкуусу

Президенттик шайлоо күзүндө болот. Бирок ага болгон даярдыктар азыртадан башталган сыяктуу. Анткени соңку убактарда баш мыйзам болгон конституция саясатчылардын кеңири талкуусуна түшүп, анын көп кемчиликтери бар экенин айтып жатышат. Ал жерде бири-бирине карама каршы келген беренелер бар экенин айтып чыккан саясатчы жана коомдук ишмерлер да болду. Президенттик шайлоонун так мөөнөтү июнь айында жарыяланат. Президент Роза Отунбаева президенттик шайлоо ноябрь айынан кеч калбай өткөрүлүүсү керек экендигин белгиледи. Боло турчу шайлоого президент барбай турганын буга чейин маалымдаган болучу.
Президенттик шайлоонун так мөөнөтү айтылбаса дагы ага кимдер катышат деген суроо азыр коомчулукта талкууланып жатат. Кээ бир бийликтеги адамдар менен саясатчылар президенттик шайлоого барарын азыртадан эле ачык айтып жатат. Мисалы премьер-министр Атамбаев, "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Ата Журт" партиясынын ичинен бир нече депутаттардын ортосунда талаш-тартыш болгону айтылып атат.
Мына ушул шайлоого болгон алдын ала даярдыкпы айтор баш мыйзам болгон конституциянын тегерегинде талаш-тартыш, ар кандай талкуулар улам барган сайын кызып баратат. Азыркы баш мыйзамдын президенттик шайлоо алдында мынча талкууга түшүшүн коомдук ишмерлер менен саясат тануучулар ар кандай боолголоп айтып келишет. Кээси мындай конституцияны мынчалык талашка түшүп талкуулоонун кереги жок дешет.
Саясат таануучу Марат Казакбаевдин баамында баш мыйзамга эмес, шайлоо жөнүндөгү кодекске толуктоо-алымчаларды кошсо болот.
"Конституцияны референдумда кабыл алдык. Кайра-кайра өзгөртө берсек кайра баштан жаңы конституция кабыл алууга туура келет. Конституцияны өзгөрткөнгө мен каршымын. Кайра-кайра референдум өткөрө бергенден эл тажады да. Мындай карап көргөндө азыр жашап жаткан конституция түзүк эле".
Бирок, азыркы баш мыйзамда бийлик органдарынын милдеттенмелери так жазылбай калган. Президент менен премьер-министрдин жасай турган иши, кимиси тышкы саясатты жүргүзүүсү керек так жазылбай калган. Азыркы конституцияда бийлик органдарынын функциялары так бөлүнгөн эмес деген пикирлер да айтылып жүрөт. Бул багытта өз оюн укук коргоочу Азиза Абрасулова мындайча билдирди.
"Парламенттик башкаруу болгондон кийин башкаруу укугу парламентке берилет да. Парламент өкмөттү түзгөндөн кийин премьер-министр менен президенттин ортосунда кандайдыр бир атаандаштык пайда болот. Башкаруу укугу парламенттин колунда болгондон кийин тышкы саясат кимдин колуна өтөт? Тышкы саясатты президент жүргүзөбү же, парламенттик башкаруу болду деп тышкы саясатты жүргүзүү премьер министрдин колунда болобу? Мурда өкмөт кандайдыр бир деңгээлде президенттен ылдый турган болсо, азыр тең ата болуп калды да. Бул жерде дагы татаал маселе туулат. Албетте, парламент премьер-министрге көп тартат да. Ал турган иш.
Азиза Абрасулованын пикиринде азырынча бизге башкаруунун аралаш формасы жакшы болоорун айтат. Өткөөл мезгилде аралаш башкаруу системасын киргизип, ошону менен жок дегенде депутаттардын эки чакырылышына чейин кармап турсак жакшы болмок деген пикирде.
"Өткөн жылы болгон парламенттик шайлоого катышкан партиялардын сыры, кыздын сыры төркүнгө маалым дегендей эле белгилүү болчу да. Бизде комунисттик доордогудай ар бир регионго чейин иштер жакшы жеткен жок. Ошондуктан башкаруунун аралаш формасын сунуш кылганбыз. Өткөөл мезгилге биз аралаш башкаруу системасын жок дегенде эки чакырылышка ушундай болсун деп сунуш кылганбыз.
Анан партиялардын жоопкерчилиги дагы башка маселе, азыр мына "Ар намыс" партиясы экиге бөлүнүп жарымы өкмөттө жарымы оппозицияда жүрөт. Биз ошол убакта эле партиялар биригип иш алып бара албасына көзүбүз жеткен. Биздин бул сунушубуз убагында эске алынган эмес. Мурда бир мандаттуу шайлоо менен келгендер өздөрүнүн шайланган округдарынын маселелерин айтып, парламенттен көтөрүп чыгышчу. Азыр андай эмес.
"Азыр конституциянын күнгөй-тескейи коомчулук арасында, парламент дубалдарынын ичинде катуу талкууланып атышы конституциялык кеңешмеге бир гана варианты талкууга алып чыгып калгандыгынан болду. Текебаев өзү эле конституциялык кеңешмени жетектеп, өзү басымдуулук кылып койду. Мен балким жаңылышып атышым мүмкүн Текебаев өзүн спикердин ордуна көрүп алдыбы кандай болду билбейм. Бир гана вариантын алып чыгып туруп алды",- дейт укук коргоочу А.Абдрасулова.
Муну менен катар баш мыйзамдын азыр талкууланып атышы эртелик кылат. Президенттик шайлоону өткөрүп алгандан кийин бул маселеге кайрылсак жакшы болмок. Азыр бул маселеге канча кайрылбайлык, кайрадан шашылыш болуп калат, дейт укук коргоочу айым.
Расул Үсөналиев




  Миграция - улуттук көйгөй

Жер басып алгандар деле биздин жарандар
Мындан эки-үч жыл мурун борбор калаабыздын "Дордой" базарынын түндүк тарабындагы жаңы конуштарды көргөнүмдө өлкөбүздөгү контрасттык көрүнүшкө күбө болгон элем. Адатта контраст деп жапжашыл тоонун жанында какыраган чөлдүн жатканын көргөндө айтабыз. Анын сыңарындай көбүн эсе шаарыбыздын түштүк тарабындагы байлардын заңгырата салынган үйлөрү менен "Дордойдун" түндүгүндөгү жер басып алуучулардын ылайдан салынган жалпак тамдарын салыштырып контраст дегенди даана көрөбүз. Мындай контрастты көрбөсөк болоор эле, тилекке каршы, ал бизде бар.

Жер басып алуучулардын Ак-Жар аталган конушунда бүгүнкү күндө электр да, ичүүчү таза суу да жок. Мен жакында ошол Ак-Жар конушуна бардым. Мурда анын жанындагы трасса менен ары-бери өтүп жүргөн болсом, бул жолу көчөлөрүн аралап көрүүнү чечтим. Көчөлөрүнүн өңгүл-дөңгүлдүгүн айтпаңыз. Жаан-чачын маалында бул жолдордун кандай абалда болоорун элестетүү кыйын. Мындан беш-алты жыл мурда жер басып алуучулардын эптеп, кээде фундаментсиз ылайдан салган жалпак тамдары бүгүнкү күндө да дал ошол калыбында турушу бул конуштун жашоочулары негизинен колунда жоктор, жардылар экенин керсөтөт. Эптеп салынган үйлөр, электрдин, ичүүчү таза суунун жоктугу конушта ички көптөгөн көйгөйлөрдүн жаралышына алып келери айныксыз. Албетте, жерди мыйзамсыз басып алгандарга мамлекет тарабынан камкордук, колдоо көрсөтүлбөсү да түшүнүктүү. Кандай болгон күндө да өз жарандарыбыздын көйгөйлөрүн, маселелерин таптакыр карабай койгонго да болбойт. Мен "Ак-Жар" конушунун активисттери Гүлбүбү Дондоева, Роза Абдигулова, Бурул Айылчиевага жолуктум. Алар мага "Ак-Жар" конушу, анын көйгөйлөрү, аткарылып жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат беришти.
Баарыбызга белгилүү болгондой 2005-жылдын 24-мартындагы ьщкылабынан кийин Бишкек шаарынын чет жакаларындагы жерлерди басып алуу толкуну аябагандай кулачын жайган болчу. Ушундай толкундун шары менен мурда шаарда үй-жайсыз ижараларда жашап жүргөн, дегеле республикабыздын туш тарабынан жумуш, жакшы жашоо издеп келген ички мигранттар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, турак-жайлуу болуп калалы деген ниет менен "Дордойдун" түндүк тарабындагы мурдатан "Ак-Жар" деп аталган жерди мыйзамсыз жапырт басып алышып, колдорунан келишинче жепирейген тамдарды салууга киришишкен. Ошентип отуруп, инфраструктураны мындай коёлу, жөнөкөй шарты жок "Ак-Жар" конушу пайда болуп, ошондон бери өзү менен өзү жашап келди. Бир жагынан бул жер мурдагы депутат А.Малиев тарабынан арендага алынган жер болуп чыкты. Үйлөр плансыз салынгандыктан, мамлекеттик регистрдин каттоо күбөлүгү да берилген жок. Бизде каттоо баракчасы социализмден мурасталып калган система эмеспи. Демек, "Ак-Жар" конушунун жашоочулары шаардык медициналык мекемелерге каттала алышпайт. Ошондуктан бул конуштун көчөлөрүндө "тез жардам" машинасын көрүү мүмкүн эмес. Албетте, кандайдыр бир менчик медицина мекемелерге катталып алууга болот. Тилекке каршы, ак-жарчылардын ага акчасы жетпейт. Анткени алар көбүн эсе "Дордойдун" араба сүйрөгүчтөрү, шыпырып-тазалоочулары ж.б. майда кара жумуштарды аткаруучулар болуп иштешет. Ак-Жарда акчанын жоктугунан кышкысын көмүр түшүрүп алгандар дээрлик болбойт. "Дордойго" келген товар таңгактарын ж.б. ар кандай калдыктарды үйлөрүнө ташып келип, отун катары пайдаланышат. Адамдын ден соолугу үчүн акчанын ролу чоң болуп турган заманда калктын социалдык жактан аз камсыз болгон катмарына медициналык жактан каралып турууга оор экени түшүнүктүү. Азыр бул конушта 13 миң кишиге жакын калк жашайт. Ушунча адам жашаган жерде кантип эле ден соолукка байланышкан кандайдыр бир кырдаал жаралбай койсун. Башкасын айтпай эле коёлу, азыркы жетишкен цивилизациялуу заманда бул конушта үч аялга үйүндө төрөгөнгө туура келген. Алардын бирөөсүнүн ымыркайы төрөттөн кийин чарчап калган. Мунун өзү эле эмне деген трагедия. Албетте трагедиянын да келип чыгышынын себеби болот. Эгерде биздин өлкөдө каттоо барагына туруу системасы жоюлуп, боюнда бар аялдар кайсы жерде болсун төрөт үйүндө катталууга мүмкүнчүлүгү бар болсо, мындай трагедия болбос беле. Албетте, бул көйгөйлөрдүн бир эле жагы болуп эсептелет. Мамлекет көзөмөлгө албаган бул конуш жугуштуу оору жайылтуунун чордону да болуп калышы мүмкүн.
Бактыга жараша басып алган жерлерди, салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруу, электр энергиясын, ичүүчү таза сууну алып келүү үчүн жан үрөп чуркап жүргөн кишилер конуштун жашоочуларынын арасынан чыкпай койгон жок. Алардын үчөөнүн ысымын жогоруда айтып өттүк. Бул кишилер конуштун көйгөйлөрү менен ар кайсы жактарга барып жүрүшүп, Кызыл Жарым Ай Улуттук коомуна туш келишкен. Бул коом Ак-Жардын жарандарынын көйгөйлөрү менен таанышып чыккандан кийин аларды биринчи кезекте мындагы адамдардын ден-соолугу тынчсыздандырган. Ошондуктан алар дүйнөдөгү өтө коркунучтуу, жугуштуу оору полиомелитке каршы эмдөө жүргүзүүнү эң зарыл иш чара катары эсептешип, аны каржылоону толук мойнуна алышат. Волонтерлор Роза Абдигулова, Гүлбүбү Дондоева жана Бурул Айылчиевалардын жигердүү иш-аракети менен Ак-Жардагы балдарга полиомелитке каршы эмдөө иши ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Ошондой эле Кызыл Жарым Ай улуттук коому тарабынан балдардын ичиндеги мите курттарды жок кылуучу миң таблетка дарыны конуштун балдарына бекер таратылып берилген. Өткен апрель айынын этегинде Улуттук коом дагы бир коркунучтуу, жугуштуу оору кургак учуктун алдын алуу максатында бул конуштун жарандарын флюорографияга тартууну жеринде уюштурушту.
Кызыл Жарым Ай Улуттук коомунун аткарган иштери Ак-Жардагы жалпы көйгөйлөрдүн масштабынан алып Караганда кичинекей эле көрүнүшү мүмкүн. Бирок терең талдап келгенде Кызыл Жарым Ай полиомелитке каршы эмдөөнү өткөрүү жана флюорографияга тартууну уюштуруу менен бир эле конуштун жарандарын эмес, көптөгөн жарандарыбыздын ден соолугу үчүн алдын ала кам көрүп жатпайбы. Мындан сырткары коом тарабынан кароосуз турган конуштун балдарына аздыр-көптүр белектерди таратып берип, куурчак театрын алып келип, спектаклдерди көрсөткөнү же спорт аянтына керектүү спорттук жабдууларды алып келип, орнотуп бергени кичинекей жардам көрүнгөнү менен "Оо, уу мамлекет башчысы, парламент, өкмет кайдасыңар?" деген чакырык сыяктуу сезилет. Албетте, көйгөйлүү конуштардын маселелерин тигинтип же минтип чечсе болот деп акыл үйрөтүүдөн алыспыз. Бирок мамлекет үчүн аларды чечүүнүн жолдору ачык-айкын. Болгону аны аткарууга бел байлоо гана керек.

Абдимухтар Абилов











кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_7.htm on line 53