Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 2

  азил

ПаПкестан
пародиялары
25
Азизбектен азил кеп
Президенттик шайлоо
Катышуучулар. Мыйзампааша, Хатамба, Эр Таштюк, Токтогүл дүжүр, Хан ада болду, А.Кела, Бабашка, Сары Темир, Кара Темир, Кубик Байбол, Закмат Ош, Кувшин Алладин, Майкл Жекшен, Кашел Лек, Датканын сүрөтү.

Хатамба: Урматтуу кандидаттар. Жунглиде бүгүн башаламандык. Алдыдагы президенттик шайлоо дагы башаламандыкты күчөтүшү мүмкүн. Андыктан жунглинин келечегин ойлосонор мени шайлагыла.
Эр Таштюк: Эмнеге сени шайлашыбыз керек. Ушунча кандидат эмне бул жерге текей оттогону келдикпи? Же сени шайлаганы келдикпи? Сен бир туруп Стамбулга чуркайсын, бир туруп Москвага чуркайсын. Кадыржанга бизди сатып жибере жаздаганынын айынан түштүк кырылып кала жаздады. Күн карама, коркоктордун доору бүткөн. Баатырлардын доору келди. Мен президент болом. Мен эр жигитмин. Мен Эр Таштюкмун.
Хатамба: Өзүндү эр ойлосон өзгөнү шер ойло деген укам. Эр Таштюкмун деп жатып досун Жаакбар экоон бириктирип Челюст бир кончко тыгып койду го. Ошондон кийин кантип эрмин деп жатасын? Уялсан болбойбу?
Мыйзампааша: Эй Хатамба, сен али эр Таштюктун күчүн биле элек окшойсун. Мамлекетти күч эмес мыйзам башкарсын деп бүт өмүрүм текке кетти. Акыры күч паашасынын күчүн таанып бүгүн Эр Таштюк менен союз түзүп отурам. Эр Таштюк болбосо түштүк жок, минте берсен түштүктөн кулап каласын.
Хатамба: Түштүктү Таштюк билет бекен? Эч кандай билбейт. Түштүктү мен эчак колго алып койгом. Мына А.Кела мени колдойм деп убада берди. А.Кела түштүктөн 100 миң кол топтогон. Ал эми сенин Таштюгуңдун добушу 50 миңге да жеткен эмес.
Закмат Ош: Келжиребечи Хатамба. Түштүктү А.Кела да, Таштюк да эмес мына мен билем. Менин түштүктөгү баркым А.Кела менен Эр Таштюкту бириктиргенде да ашып кетет. Керек болсо, кыргыз эмес ала допуларды өзүм билем.
Кувшин Алладин: Койсонузчу. Ала допунун баары сизге каршы добуш берет.
Закмат ОШ: Каршы добуш берип көрсүнчү. Мен аларды эң жакшы билем да. Алар ишенимге эмес, күчкө добуш беришет. Жаралгандан бери ушундай. Аларды күч менен гана кармап туруш керек. Кичине бош койдук эле кутуруп кетишти го. Бирок, сенин сиз деп сүйлөгөнүңө караганда ошолорго тууган окшойсуң ыя. Бул жерде баары эле бири-бирин сөгүп, отурбадык беле накта жунглинин карышкырларындай. Сен түлкүчө сиз деп кайдан чыга калдың ыя? Канынды текшертиш керек окшойт. Өңүн да кыздын баласындай болуп кулпурасын го ыя? Токол кылып алчу көркөм экенсиң.
А.Кела: Койсоңчу Закмат. Өтө эле кутуруп баратасың. Сени да кыныңа киргизип койчу күч чыгат. Кыздар бүтүп, эми эркектерден токол алгың келип калдыбы? Минтсең Ош сени такыр шайлабайт. Голубойлорду ким эле жакшы көрсүн. Илгери сен экөөбүздүн агабыз Күлтүк менен тандем түзчүдө элдин баар голубой экен деп шек санап баштаганын билесиңби? Ошондо экөөбүздүн акабыз "Күлтүк менен өбүшпөйм, мен эркекмин, мен боксермун" деп араң кутулбады беле?
Закмат Ош: Ак чөп башта ашына. Антсе да көркөм кишини көргөндө шилекей чууруп кеткен адат пайда болду кийинки күнү. А баса, Кувшин, эмнеге Алладинсин? Чын эле ошолорго тууган окшойсуң. Алладин ала допучандардын жомогу беле?
Кувшин Алладин: Мени көп эле ала допучандарга жамай бербесенизчи. Мен кадимки Манас жердеген Таластын эле кулунумун. Демек накта кыргызмын. Алладин каяктын жомогу экенин билбейм, бирок, Американын мультфильми.
Закмат Ош: А демек сен Америкада жасалган мультфильммин дечи. Анда точно сени жоготуш керек. Жөөттөрдүн куйругу турбайсынбы. "Ата мекен" эмне эле АКШчыл болуп кетти десе, сендей жөөтттөрдүн куйругу кирип алган үчүн ошондой болгон экен да. Сенин айыңан "Ата мекен" парламентке араң илингенин билесиңби деги?
Токтогүл дүжүр: Эй эркектер! Жайынарга койсо, мага такыр сөз берчүдөй көрүнбөйсүнөр да ыя? Мен эч кимден сөз сурабай эле дайыма жалгыз сайрап турчу элем, бүгүн такыр сөз ала албай койдум го. Бул жерде турган эч кимиңерде меникиндей шанс жок. Мен болом президент. Биринчиден мен аялмын. Азыр аялдардын доору келди. Отунбаева мени жаман көрсө да аял болгонум үчүн бийлигин өткөрүп берет керек болсо. Экинчиден, менин стажым баарынардан көбүрөөк. Жер жаралгандан бери эле президентикке талапкерлигимди коюп дүжүр болуп келатам. Эмгек сиңирген дүжүрмүн керек болсо. Көп акыйлашпай мени шайлагыла.
Датканын сүрөтү: Эй Токтогүл! Кыргызстанда аялдын тукуму түгөнүп калып жалгыз сен калгандай аял болгонум үчүн эле шайлагыла дейсин да. Кыргыздын президент болчу кыйын кыздары көп. Сен керек болсо кыргыз кыздарынын брагысың. Кыргыз аялдарын уят кылбай эмитен талапкерлигиңди алып ташта.
Мына мен президент болсом жарашат. Быйыл Курманжан датка жылы. Бул жылда Курманжан датканын сүрөтү болгон мен президент болбогондо ким президент болот? Биринчиден мен Курманжан датканын сүрөтүмүн. Бул үчүн мени Роза Исаковна өзү да колдойт. Экинчиден мен түштүктүкмүн. Кезек түштүккө келди. Президент мен болушум керек . Урматту жигиттер, жигиттик кылып, датка энеңерди сыйлап, жолду мага бошоткула.
Хан ада болду: Эй эжеке, түштүк деген сиз эмес. Мына мен Бүтүн Кыргызстандан шайлана турган жападан жалгыз президентмин. Өткөндө парламенттик шайлоодо Бүтүн Кыргызстанымды өткөрбөй кокуйлаткансыңар. Эми мен баарынарды кокуйлатам. Себеби, бүгүнкү күнү менин рейтингим баарынан жогору. Ишенбесеңер эксперттерден сурагыла. Любой эксперт айтат, менин шансым көбүрөк экенин. Эми Путинден добро алсам эле Бүтүн Кыргызстанымды Путин Кыргызстан кылам да кирем шайлоого. Баарыңарды тебелеп кетем.
Кара Темир: Койсоңчу Хан ада болду. Сен ада болгон, түгөнгөн хансың да. Сенин дооруң эчак бүткөн. Сен жаштайыңда чыгып жайрап калгансың. Бүгүн мына менин доорум келди. Путин мени колдойт.
Хатамба: Койсонорчу, Путин мени колдойт да. Мен ага кыргыздын бир чокусунун атын бердим го.
Эр Таштюк: Эй силер эмне эле болуп атасыңар. Бул Россиянын шайлоосубу же Кыргызстандынбы? Путинди талашып атасыңар да. Кыргызстандын президенти Путинби?
Бабашка: Абдан жакшы айттын, эр Таштюк. Кыргызстандын президенти кимди колдосо, ошол президент болот. Демек, мен болом. Себеби, апчем мени колдойт.
Эр таштюк: Ооба Кыргызстандын президенти кимди колдосо ошол болот президент. Ал эми Кыргызстандын президенти Минскиде Ал мени колдойт. Сенин апчен бюлетенге аты жазылган эмес. Демек, ал президент эмес.
Хатамба: Ээ эр Таштюк, ырас болбодубу, өзүңдүн секретиңди өзүң ачып койдуң. Сен эмне эле кутуруп жүрөт десе, өгөөгө салынган жанынды Минскиге катып коюп анан мен баары бир өлбөс Кощеймн деп кутуруп жүргөн экенсиң да. Өткөндө челюсть өлтүрөр жерге муштасам, мурдунан эле кан кетип бирок, жан кетпеди деп кейип атты эле, көрсө жаның Минскиде экен да. Мен Дүйшөбаевге айтып, Минскиден өгөөнү алдырбасам, эртең Бакиев акаң кайра келип, баарыбыздын шермендебизди чыгарат окшойт. Кой биринчи кезекте сенин көзүңдү тазалайлы.
Кашел Ок: Эй жолдоштор! Бир чындыкты билбей жатасыңар. Шайлоодо баарын аял болгонуң, муштумун чоң болгонуң, же колуңда бийлигиң барың, же Путин же Отунбаева колдогонунан көз каранды болбойт. Акчадан көз каранды болот. Акча чечет баарын. А менин болсо, өзүңөр билесиңер атым Кашелёк. Акчанын мекени менде. Билермандардан сурасам, бул шайлоодо акча чечет, Бакиев менен Акаевдин убагында бийлик чечип келген. Анда акчаң болсо да бийлигиң болбосо, чыркыратып туруп акчаңды тартып алып, өзүңдү шайлоодон чыгармак түгүл түрмөгө тыгып коюшчу. Азыр демократия, анте алышпайт. Демек, баарын акча чечет. Ал эми акча чечкен күндө Кащелёк президент болбогондо ким президент болот.
Жунглидеги талапкерлердин бары кашелёктун сөзүнөн кийин жым-жым болуп калышты. Кашёлкко макул болушкан үчүн эмес, анын идеясын бары уурдап кетүүнү көздөп, демек, бийлик тоскоолдук кылбаса, акча чечет экен да, анда акча жыйнайлы деп ар бири өз алдынча ойлонуп тымтырс болуп калышты да, бир убакта бир-бирден тарай башташты.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_6.htm on line 51