Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 2

шоу саясат
Эй, талапкер болчулар, кыз перзенттүү кимиң бар?
Быйылкы жыл да өзгөчө окуяларга орончу жылдардан боло турган болду. Анткени алдыда президенттик шайлоо. Шайлоого болгон камылга эмитеден башталды. Күч сынашчу атаандаштар көп, бирок орун бирөө. Эки президенттин туура эмес кылык - жоругу, тактыга жармашып алышып, күч менен сүрүп чыгарууга туура келгендиги элди дагы бир ирет жаңылбоого милдеттендирип койду. Деги эле мурдагы президенттердей бирөөнүн келип калбашынын кантип алдын алууга болот? Канткенде бизге да башка кээ бир мамлекеттердин башчысы сыяктуу өзү да жыргап, жыргалынын жок дегенде жетимиш пайызын эл менен да бөлүшө алчу президент келет? Бул суроого жооп жөнөкөй экен, биз жөнөкөй эрежени аңдабаптырбыз. Алыстан эмес, жакындан баштайлы. Кошуна мамлекет Казакстан биз менен бирге эгемендикти алды дагы, аз жылдар ичинде бизден алда канча алдыга узап кетти. Өлкөсүндө кан төгүлгөн жок, күч менен бийлик алмашып, анын айынан талап - тоноочулук болуп, экономикасы запкы тарткан жок. Назарбаевди өлкөсүнүн оппозициясы канчалык "түшпөс хан", "үй - бүлөлүк группировканын башчысы", "сөз эркиндигинин душманы" аташпасын, казак элинин революция жасоого көңүлү да, себеби да жок. Элдин курсагы ток болсо тынч жашоону көздөйт. Назарбаевдин мыйзамдуу биринчи жубайынан үч, официалдуу эмес маалыматтар боюнча эки кызы бар. Уулу жок. Дарига Назарбаева мамлекеттин саясатына аралашканы менен кыз баланын күчү эркек баланыкындай болбойт, андан өтө чоң коркунучту күтүп да кереги жок. Мураскер катары тарбияланып, кийинки бийлик ушунуку болот деген божомол болгонуна карабай, кээ бир ханзаадаларчылап атасынын бийлигине акаарат келтиргендерди өзүм билемдик менен жолдон тазалоого энелик жүрөгү жол бербейт. Көрсө, мамлекет башчысынын саясатынын илинчеги жок шыдыр кетишине перзенттеринин жынысы да роль ойнойт экен. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун эки кызы бар. Гүлнара Каримова Өзбекстандын көзгө көрүнүктүү байлыгын ээлеп алганы менен атасынын саясатын тең жарып өтүүгө аракеттенгендерге каршы саясий интригаларды жасап жиберүүгө да кантсе да аялзаты эмеспи, дарамети чектелүү. Ислам Каримовдун жүргүзгөн саясатын туура дегенге негиз жок, бизге андай президенттин кереги да жок. Аны бул катарга саясий багыт алган жолу үчүн эмес, перзентинин уул эмес, кыз болуп жаралып калганы үчүн кошобуз. Хандан ханзаада эки эсе ашып түшөөрүн тарых далилдеди, өзбек элинин бактысы ушунда - Каримовдун уулу жоктугу. Эгерде Гүлнара эркек болуп жаралганда Каримовдон эки эсе ашып түшчү диктатор Өзбекстанды барымтага алмак. Владимир Путиндин мураскелери кыздар, бой жетишип, турмушка чыгышты да өздөрүнүн жашоолору менен алектенип кетишти. Дмитрий Медведевдин эки уулу бар, бирок орус элинин бактысына алар мамлекетти өзүм билемдик саясатына батырмак тургай, ал тууралуу өз оюн айтууга да эртелик кылышат. Түркмөнстандын жеке турмушун болушунча бекиткен түркмөнбашчысы Гурбангулы Бердимухаммедовдун да үч кыз, бир уул тукуму бардыгы белгилүү болду. Түркмөн калкынын да ырысы бар экен, кыздары бой жетип калышты, уулу кичинекей. Ал чоңойгуча балким Бердимухаммедовдун бийликтеги майрамы да соңуна чыгып калаар. Түркмөн эли кыздарга өтө катуу мамиледе болгондуктан түркмөн ханбийкелери башка ханбийкелерчилеп байлык топтоп, мамлекеттик кызматка илинмек тургай, жогорку окуу жайында билим алышканынан да кабар жок. Американын кара терилүү биринчи президенти Барак Обаманын канынан эки кыз жаралган. Анан дагы алар азырынча саясатка кадам таштоочу баралга келише элек. Ал эми биздин биринчи президентибиз Аскар Акаевдин теңме тең эки кыз анан эки уулу бар эле. Кызы Берметтен кыргыз анча запкы тарткан жок, бир гана депутаттыкка барганы, же казактан тапкан күйөөсүнүн кылганы нааразычылыкты жаратканы болбосо Бермет Акаева билими, аң сезими менен калкка кадыресе сиңимдүү болду. Кыргыздын биринчи шорун эрке ханзаада Айдар Акаев берди. Кыргызстандагы ага караштуу да, караштуу эмес да жакшы пайда түшүргөн ишкана, мекемелердин баарын колтугуна кыстарганга болгон кумары жыл өткөн сайын ашынып отуруп, каалаганын көндүрүп, каалабаганын атасынын бийлигине таянып тартып алып атып, өзүнүн эмес, атасынын ырысына кесир келтирди. Илим Акаев мектеп жашында болуп калганы үчүн "эркек перзенттик" парзын аткара албай калды окшойт. Дагы бир аз төңкөрүш болбой турганда, эки бирдей эркек ханзааданы Кыргызстандын ансыз да араң жан экономикасы көтөрө алат беле, бул өзүнчө суроо. Экинчи президентибиз Курманбек Бакиевди бийликке эркектерден түзүлгөн күчтүү армия ээрчип келди. Эрезеге жетип, "ичем, жейм" деген куракта турган эки уулу гана эмес, алты эркек бир тууганы Кыргызстандын моюнуна очоюп минип алышты. Үйдө деле жалаң эркектер жашачу болсо үйдүн куту менен берекеси уча түшөт эмеспи, Кыргызстандын берекесин биринен бири өткөн бир туугандар менен перзенттер учурушту. Максим Бакиев колуна тийгенди коюнуна солой берип, "басып алуучу, жулуп алуучу" катары атагы чыкса, Жаныш Бакиев үй - бүлөлүк бийлик саясатына көлөкөсүн түшүргөндөрдүн эсебин "эркекче" табуунун устасы болуп чыга келди. Аз убакыттын аралыгында буларды бизнесмендер менен бийликке тескери сөз ыргытып жүргөндөр түшүндө да көрчү болуп калышты. Үчүнчү президенттин дагы бир уулу менен бир кызы бар. Кызы чет өлкөгө турмушка чыгып, ошол жактын жерин жердеп, суусун ичип Кыргызстанга ысыгы да, суугу да жок. Ошонусу жакшы. Ал эми уулу Атай тууралуу ар кандай имиштер элдин арасында ойноп жүрөт. Кыргыздын багына же уул баласы эрезеге жете элек, же жалаң кыз перзенттүү президентти жазбаган экен. Жок, жазбаптыр дебейли, балким, алдыдагы шайлоодо жалаң кыз перзенттүү талапкер жеңишке жетишеттир. Бирок президентке ушул ат салышат болуш керек деген түкшөмөл жараткан талапкерлерди иргесек дагы жалаң кыз перзенттүүлөрү жок экен. Биз бейгам, бакубат жашачу күндөргө болгон сынактан болушунча өттүк, андай жашоого жетишүү үчүн эркек эмес, кыздары бар, эркеги болсо да эрезеге жете элек, мамлекеттин ички ишине атасынан озунуп киришип кетүүгө, жылтыраган нерсеге түшкөн көз кыйыгын текке кетирбөөгө убактысы келе элек курактагы перзенти барынан эле шайлап алсак мүмкүн ошондо тегерек четтеги жакшы жөрөлгө бизге да каалгасын ачаар.

Айдар менен Максим бажа болуп чыгышты
"Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз", деген макал бар. Илгерки кыргыздарда бир салт болгон: жаатташып кайра табыша турган тарабына сулуу кызы менен күлүк атын тартуу кылып мамилесин бекемдеген. Убакыттын өтүшү менен, цивилизациялуу доорго келишибиз менен бул салт жоголду го дегенбиз, а көрсө дале бар экен. Кененбаевдер деген бийликте дүңгүрөгөн аты болбосо да, коомчулукка жатталган фамилиялуу династия бар. Байлыгы, мартабасы көп жомоктун башаты болуп берет. Канча бизнесмендер улам кийинки президенттин уулдарынан жабыр тартып, тарттырчусун тарттырып, тартуу кылчусун тартуу кылып, ит таламайга калган кезде буларга бийликтин андай муздак шамалы эпкинин тийгизген эмес эле. Сыры эмнеде деп таң калгандарга жооп табылды: Кененбаевдерди муздак көз караштан керилген кыздары куткарыптыр. Айдардын арааны жүрүп турган кезде, кайсы бир бизнесин ханзааданын айтканын аткарткан эркелигинен куткарып калууга ага - ининин бирөөсүнүн суйкайган сулуу кызы президентке келиндикке кетет. Айдар өтө билимдүү адамдын баласы, өзү да билимдин ордосу болгон чет өлкөлүк окуу жайдан билим алганына карабай, кыргыздын каны бар да, экинчи жубайлуу болуудан баш тартпаптыр. Кайнатасынын бизнесине кайсы келесоо күйөө бала тийишмек эле, Кененбаевдер ошентип калыңга тынч жашоону алышат. Кыргызстанда бийликке өтө ишенип кереги жок, түбөлүк орунубузду түптөп койдук деп ишенген бийлик да маалы келгенде кандайча тактан ыргып кеткенин сезбейт. Экинчи ирет Кененбаевдерге Максим Бакиевдердин алдынан өтүүгө туура келди. Бул ирет бактыга жараша Максим толук кандуу бойдок болгондуктан толук кандуу куда - сөөк болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аида Кененбаева ханзааданын мыйзамдуу жубайына айланганы бул ирет да ага - ининин династиясы көп жагымсыз окуяны болтурбоого күчү жетти. Албетте, Айдар менен Максимдин көңүлүн таап, каалоосуна ыңгайлашкан Кененбаеваларга татыктуу баа бериш керек. Кыздары кыйын кезден куткарарын алдын ала токуп - бычышып, алардын билими менен акыл деңгээлинин калыптанышына атакелери акча аянбаган көрүнүшөт.




Темир Сариев бийликти жаштарга берели дейт, анткени өзүн жаш сезет экен
Президенттикке талапкерлигин койгусу келгендердин аракети эмитеден башталды. Парламенттик шайлоо аракеттин эрте башталганы туура экендигин айгинелеп берди көрүнөт, Темир Сариев Ош, Жалал - Абад жергесин түрө кыдырып, окуу жайларда студенттер менен жолугушуу уюштуруп жүрөт. Коомдо жаштар негизги күч экенин билдиби, же "алдаса болот жаш башты" дегендей, али турмуштун ак - карасынан кабары жок жалын жүрөк жаштарга жалындуу сүйлөп койгон жетиштүү болоорун баамдадыбы. "Жаштар, жаштар дейсиңер, баарыңардын айтканыңар жаштар, ишенгениңер, таянганыңар жаштар болот сөзүңөрдө, а канакей бизди жумуш менен камсыз кылганыңар?" деген суроого "Ак Шумкардын" лидери жанында ээрчите жүргөн беш - алты жигитти көрсөтө бериптир, мына мен жаштарды иш менен камсыз кылып атам деп. Кайсы бир мекемеде жардамчы болуп иштеп, айына 25000 сом айлык акы алаарын да жашырбаптыр. Айына 25000 сом алган саясатчы кантип бир ирет түшкү тамагына 40000ден коротот болду экен, бул жагы табышмак. Бишкек шаарындагы "Одиссей" китеп дүкөнү Темир мырзага таандык экен, убагында бул жайды казино, супер маркетке айлантууну көздөгөндөргө болбой, ансыз да шаар казинодон жарыла жаздачудай болуп турат деп, андан көрө аң - сезимди кеңейтүүчү китептерден куралган дүкөн ачууну көздөптүр да. Жалал - Абадка келгенде Бакиев жөнүндө айта кетпесе болбойт деп күлгөн саясатчы атасынын эмес баласынын атын атап туруп алыптыр. Темир мырза өлкөнү Максим Бакиев эмес, Курманбек Бакиев башкарганын унутуп калганбы. "Сиз президент болот белеңиз?" деген бир студенттин суроосуна "Президент болууга акылым да, дитим да жетет" деп жооп берген Темир Сариев андан мурда эле сөзүндө өзүн өтө жаш сезерин кыстара кеткен экен. Анан бир ой келди, жаштарды жумуш менен камсыз кылууну, жаштарды бийликке тартып, карылар орунун бошотуп берүүгө убакыт эчак жеткенин саймедиреген саясатчы "президент жаштардан болуш керек" деген оюн ортого салдыбы. Болгондо да өзүнө окшогон "жаштардан". Өзү болсо андан да жакшы.


Токтайым Үмөталиеваны жандүйнө кризисине кептелткен ким?
Апрель окуяларынын каармандары аныкталганы эки адам жандүйнө кризисине кептелди. Былтыркы апрелдин кандуу бир күнүндө бийликти алмаштырууда тайманбастыгы, эрктүүлүгү менен жамгырдай жааган октун арасында жүрүшүп, Акүйгө кирүүгө жол ачып беришкен жаштардын дээрлик бардыгы медалды төштөрүнө тагышты да, арасында эки адам унутулду. Бири Жаштар министри Алиаскар Алымкулов болсо, экинчиси президенттик шайлоонун "туруктуу кардары" Токтайым Үмөталиева. Бул экөө эмнеге бийликтегилердин жадымынан чыгып кеткени табышмак. Алиаскар Алымкуловго мейли, муздак медалдан көрө жылуу креслону ыйгардык дешти окшойт, ал эми оппозиция лидерлеринин баары абакта жаткан кезде аял башына карабай, эртеден кечке үстүнөн жамгыр, бут алдынан кан суудай агып аткан аянтта түтүкчө микрафон менен эч ким укпаса да сүйлөп, ынанбаса да жол көрсөтүүгө аракеттенип жүргөн Үмөталиева эмнеден жазды экен. Анан дагы медалдын артында эмне катылуу? Кургак медалды көкүрөгүнө таккан жаштар маашыр, бирок анын пайдасына кандайдыр бир жеңилдиктер ыйгарылдыбы? Жок дегенде кезексиз тейленмей дегендей. Төшкө таккан жылтыраган "брошка" менен алдап койбой, кан деген адамдын психикасын жабырлантат, азыр эле катарында кетип бараткан баланын каза тапканын көргөн адам терс жагдайга туш болот, ошону эске алып каармандарды кайсы бир жеңилдиктер менен да кубантып коюшса болчудай эле.
Үмүт Баян







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_5.htm on line 35