Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 2

Түндүгү түгөт символика
Же парламент дагы жаза таябы?
Мен дагы Жогорку Кеңештин Туу маселеси боюнча баштаган ишин колдойм жана ийгилик каалайм. Бирок, телеберүүдөн депутаттык комиссия кабыл алып жаткан анын ар өңчөй долбоорунан (кимдер жана кандай тартипте өткөрүп жатканын билбедик) мурдагы эле түндүгүбүздүн сүрөтүн көрүп нааразы болдум. Ушундан улам улуттук символикага байланыштуу айрым учурлар боюнча бир аз оюмду ортого салууну туура көрдүм.
Желегибиз кабыл алынган 1992-жылы анын көк, ак, кызыл түстүү долбоору менен конкурска өзүм дагы катышкан элем (албетте, көк түскө басым жасалып, ага көбүрөөк орун ыйгарылган болчу). Себеби, бул түстөр элибиздин тарыхындагы бардык мезгилге (өткөн, учур, келечек) символикалык жактан таасын жооп берет. Алардын ар бирине зарылдык болгон учурда кененирээк токтолорбуз. Бул үч түскө Туу жана Герб боюнча түзүлгөн азыркы депутаттык комиссия дагы долбоор иретинде көз кырын салып жатканы да келечекте болчу жакшы нерседен үмүттөндүрүүдө.
Бирок, желегибиздеги ТҮНДҮК (чамгарак) жөнүндө кеп башка.
Мамлекеттик Туубуз кабыл алынгандан кийин дароо эле коомчулук ага жапырт нааразы болгонун жакшы билебиз. Ошол кездеги гезиттерди барактап көрсөк элибиз бешенеси келишкен желегибиздин кырмызы кызыл түсүнө гана эмес, эн оболу андагы "күнкарамага" өңдөш күн менен майшык турпат түндүктүн (экөө айкашып сууга түшкөн тебетейди элестетет) сүрөтүнө каршы чыккан эле. Желегибиздин ошондо эстетикалык көркү гана аксабастан, символикалык маани-мазмуну жагынан да өз табиятына ылайык келбей калганы дароо байкалган.
Талдообузду "деги желектин кереги эмне?" деген суроодон уласак, ал өзү эле (сүрөт- мүрөтү жок таягы менен чүпүрөгү) "эгемендиктин (суверенитет) символу" аталат экен. Же СССРден бир сынык-өзүбүзчө үй-өлкө болгонубуздун белгиси. Андай болсо "түндүк көтөрдүк" деп бул ой-фактыны адабий-көркөм ыкма менен салыштырып кайталап, чамгарагыбызды "печать" кылып бажырайта "басып", эгемендүү эл болгонубузду дагы бышыктап, желек бетине "бекитип" алыштын зарылдыгы бар беле?..
Символ бул - БЕЛГИ (тыбыш белгиси - тамга) деп түшүнө турган болсок "түндүк көтөрдүк", "кыргыз асманга түндүктөн көз жиберген " (баса желектеги түндүктөн нары асман эмес эле козду уялткан кызыл чок) ж.ү.с. ой-толгоолор буга коошпойт, алар болгону поэтикалык эргүү -элес, кайталама көркөм образдар, же кыскасы илхам жараткан идиоманын дал өзү десек жаңылышпайбыз.
Мындай алешем долбоордун сынактан өтүп кетишине ошол кездеги "легендарлуу" парламенттин ушундай көркөм салыштырууга маш, учкул "чымындын" устаттары - белгилүү жазуучуларыбыз Т. Касымбеков, К. Акматов, М. Байжиев баштаган калыстар тобу барандуу салымын кошкон.
Улуттук символиканын максаты - БИЗДИН БАШКА ЭЛДЕРДЕН (ӨЛКӨЛӨРДӨН) АЙЫРМАБЫЗ ЭМНЕДЕ? -кеп мына ушуну тастыктоодо жатат. Маселен, Жапониянын желегинде жалгыз күндүн сүрөтү тартылган. Эмне үчүн? Себеби ал дүйнөлүк геочөйрөдө "Күн чыгыш өлкөсү" атанат. Ачык жана таамай символ. Бул айрыкча Жапондордун өткөнүнө, учуруна жана келечегине бирдей орток белги.
Алыс барбай береги казак тууганыбыздын желегин алсак мында да эн жөнөкөй, кыска жана таамай белгилерге туш келебиз: күн-асманы кургакчыл күнөстүү Казахстандын (гимни дагы "Алтын күн асманы" деп башталат), бүркүтү -эркин Улуу Талаанын символу катары кабыл алынган. Оюусу болсо албетте казактыкы.
Башка өлкөлөрдө айта берсек мындай мисалдардан көз кайкыйт. Биздин желегибиздин болсо өн-алети, маани-манызы эң негизги "УЛУТ-СИМВОЛУ" делчү өзөк талапка (принципке) кенедей да жооп бере албасы зээнди кейитет.
Боз үй бөлөк көчмөн элдердин дагы буюм-тайымы экенин жакшы билсек керек. Эмесе казак, түркмөн ж.б. чамкагарактуу туугандарыбыз да биз сыяктуу эле эгемендүү журт болуп "түндүк көтөрүштү", көк асманга түндүктөн алардан башка монгол, бурят, калмагы да көз жүгүрткөнү чындык, ж.у.с. тизмелей берсек поэтикалык өңчөй окшоштук.
Демек, түндүк (чамгарак) желек үчүн символдук кызматка ылайыксыз. Ал болгону гербдин бир геральдикалык деталы катары гана ажат ачышы ыктымал. Кыскасы ашыкча жүк болгон түндүгүбүздү тырыша мыкчып алып, бир гана өткөн чакты -жапайы боз үйлөр доорун ыгы жок даңазалай берүүдөн алыс болсок деген ой.
Түндүктүн сүрөтү улуттук желегибизден биротоло алынып салынышы керек!
Желегибиз сөзсүз эле сүрөттү болсун десек Ала-Тоону сабалай учкан эркин куш-Манастын акшумкарын баптайлы. Же белорус, түркмөн, казактар сымал оригиналдуу кыргыз оюсу менен желегибизди неге ширете албайбыз?
Биздин улуттук оймо-чиймелерибиз айрыкча көркөм. Бул айныксыз нерсе. Мурдагы Кыргыз ССРинин Герби кооздугу жагынан Союздагы башка гербдердин анна башында турган учурун унуттукпу? Бир аз жасап-түзөп (маселен Акшумкарды киргизип) ошол эле гербди кабыл алууга неге болбосун?
Башка элдердин символикасы менен таанышып отуруп бизде атайлап аброй (авторитет) күтүү үчүнбү улуттук символикалардын маани-маңызын ашепке татаалдаштырууну максаткылып алганыбыздай түр байкалат. Болбосо желегибиз гана эмес, күнгүр-шангыр ыргактуу, үйрөнөм дегендин чекесинен тер кетип, узактыгынан тыншаган коногубузду уйку каптап, оозубузду кыбыратып эптеп сүрөмүш болгон Гимн дагы жаралбайт беле…
Гимн демекчи, казактар 1956-жылы композитор Ш. Калдаяков хор үчүн жазган эки куплет, эки кайырмадан турган "Менин Казахстаным" аттуу ырын (советтик тексти бир аз жымсалдап) мамлекеттик гимн катары кабыл алышкан. Бешиктеги казактан буурул сакал чалына дейре сыймык менен созллонткондорун көрүп "аттин ай" дейт экенсин. Бизде деле хор жандуу патриоттук маанайдагы не деген ыр гимндер бар эле…
Айтор өзүбүздүн Гимн дагы жакын арада ондоп-түсөөгө муктаж. Учуру келгенде казак туугандардан үлгү алабыз го деген ишенич бар.
Кыскасы символика маселесинде ыксыз татаалдыштыруудан алыс болсок. Философия, тарых деп эле элибиз билип-билбеген абстракциялуу мээ чакма ой-толгоолорду ойлоп таап, аларды жанүрөп символго "кубултуп", желек менен герб бетине жөнү жок тануулап, ой келди чампалай бербесек.
Акырында айтаарым: мамлекеттик Туубуздун азыркы долборлоо жумушу жабык эшик артында өтүп жатышы бизди коптондурууда. Буга себеп -шашма, чалагайым жайыбыз бар эмеспи. Мурдагы "легендарлуу", парламент сымал калктын токон-наалатына калбайбы десек бул маселени жетимиш өлчөп бир кескенибиз оң. Дагы ысык сүткө оозубузду күйгүзүп алгандан корколу.
Эмки жолу кабыл алынчу (экинчи ирет!) желегибиздин кызыл чеке демин билгичтик менен "суутуп", аста-секин ыкма менен дыкаттап иштеп чыгалы десек, анда мурдагыдай республикабыз боюнча атайы (официалдуу) КОНКУРС жарыялоо зарылдыгы турат. Мунсуз болбойт. "Комиссия чечет, Парламент бекитет" деген бюрократикалык "формуланын" бар экенин анык, бирок "эл ичи өнөр кенчи" деген. Улуттук символика устуканын Ак Үйдүн кошуна-колондору гана тейлебестен (сереп салсак мурдагы эле авторлордун карааны байкалат), таланттуудан куру эмес тээ Баткен, Көлдөн берки калайык-журт дагы салымын кошсо иш чийки бүтпөйт го деп ойлойм. Парламент келет, бирок символикабыздын жаман-жакшынысына тутуп баалай тургандан акыры келип эле кыргыз эли өзү калат эмеспи.
Асамидин Шамырканов




Элдик курултайдын эң негизги максаттары жана талаптары
Курултайдын эң негизги максаттары бүгүнкү жулунган акча (капитал) доорунда өзүнүн жол-жоболору аркылуу оп тартып кетүүчү дүйнөлүк цивилизациянын талаптарынан улутту, улуттук мамлекетти сактап калуу. Ал үчүн заман талабына ылайыкташтырып өндүрүшкө жол ачуу менен өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнө стимул болуп бере ала турган өндүрүш мамилелерин түзүү. Мамлекеттин саясий-экономикалык структурасын реформалоо: өндүрүшкө кымындай пайдасы жок, тескерисинче тормоздоп келген "союздук чиновниктик армияны" өндүрүшкө ылайыкташтырып кайрадан түзүү (реформалоо). Дал ушул жерден эмгегинин убайын (жолдон талатпай) өздөрү көрө баштаган миллиондордун мамлекетине болгон зор ишеними пайда болот. Элине идеалык (курултай сөз) эмес, материалдык негиздеги мамлекеттик идеология жаралат. Бул сырткы акыл үйрөтүүлөргө таланбай турган мамлекеттик идеологияны, улуттун келечегин жаратат. Биз бүгүнкү жаңы доорго материядагы акыйкаттуулуктун негизинде гана ишенимдүү кадам шилтей алабыз.
Курултайдын эң негизги талаптары: бүгүнкү парламент реформалай албай койгон саясый-экономикалык структураны реформалоого элдик талаптын, каалоонун негизинде салым кошуу. 20 жылдан бери калыптанып калган бүгүнкү саясий-экономикалык структура эки революциянын эң негизги күнөөкөрү болсо да бүгүнкү 3-бийлике эч өзгөрүүсүз кызмат кылып келет. Бул саясий-экономикалык структураны мамлекетти кыйроого алып келүүдөн башка улут үчүн эч кандай келечектүү өнүгүүнү жарата албайт. Себеби, бул саясий-экономикалык структура менен жаңыдан телчигип келе жаткан өндүргүч күчтөр бири-бирине таптаза дал келбейт. Жок дегенде кой менен бөрүдөй деп да айтууга ооз барбайт, анктени бөрү шартта ылайыктуу гана жесе бүгүнкү саясий-экономикалык структура өндүрүштү тамырдан казып, тумчуктуруп жеп турат. Ошондуктан курултайдын эң негизги максаттары деп коомдук системаны, саясий-экономикалык структураны материянын, элдин каалосунун негизинде түздөн-түз реформаланышына өз салымын кошуусуна мага талап кылуусуна тилектешмин.
Осмонбек Көчөралиев




  Инсанат

Өз доорунун чыныгы уулу
Бизде, кыргыз жерибизде кызматтан түшкөн убакта жана "оо" дүйнөгө өтүп кеткен адамдардан бой качыруу, көрөлбастык, эмгеги элге өтүп көрүнүп турса да, атайылап эле унутуп таштоо советтик доордогу эң онөкөкөт дарттары сыяктуу болуп, канга терең сиңип келатат.

Мындай учурдун мезгилин тарых барактарына жазылып калган адамдар жөнүндө ар убакыт өлчөмүндө бири-бирине окшологон, ой толгоолорду кездештирсе болот. Бир тарап тарыхый ойчулардын, залкардын ишмердүүлүгүнө оң баа берсе, кээ бирлери оң баага кошулбай тескерисинче сынга алып кемсинтип, келекеп, ал эле эмес шылдыңдап салган учурларды да жолуктуруп жүрөбүз.
Ал эми кашкайган калыстыкты, чындыкты тарых гана тастыктайт, бул илгертеден келе жаткан аксиома т.а. үрп-адаттык калыстык, чындык, акыйкаттык тарыхта калган залкарлар жөнүндө
Тарых өзү бара-бара чечет, анын адамзаттык баалуулугун бийик көтөргөндөр, алар бир канча жылдар өтпөсүн өзүнүн атак-даңкын жоготпойт, тарыхтын өрнөктүү адамдары катары аталып ар убактарда калемгерчилиги, устаттыгы, дарыгерлиги, ойчулдугу тарабынан эскерилип улам жаңы дөөлөттөрү менен ырастала берет тура. Ар бир өлкөлөрдүн өзүнүн зор жарандары бар экен, ошолордун урпактары эмгектерин биийк баалап, киийнки муундарга үлгү катары кеңпейил жана ошондой өзүнүн элине патриот насаатчы болгонго тарбиялап үгүттөйт. Ал эми биздин элибизде мындай залкар, кең пейилдик насаатчылык бааланбай унутулуп калган учуру да бар. Кыргыз элибиз эгемендүүлүккө ээ болшгонуна 20 жылдан ашты. Кыргыздын чыгаан уулу, Чыңгыз Айтматов дүйнө жүзүнө элибизди маданият, адабият жагынан таанытты.
Биздин өлкөдө калктын саламаттыгын сактоо -эң негизги мамлекеттик иш болуп саналат. Кандай гана тарыхый шартта болбосун калктын саламаттыгы үчүн кам көргөн саясат биринчи ордунда турат.
Мезгил агымын кимдер гана тотото алат, анткени адам баалап күнүмдүк тиричиликтин түйшүгүнө жуурупуп жүрүп, мезгил агымы билинбей өтүп, кара чачка кандай учурда ак түшүп өр таянып калганын байкабай калат экенбиз. Турмушта баары өсүп, өнүгүп олтуруп, өмүрү жолу акыры аяктайт экен. Дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок. Өз элине өтөгөн адал эмгеги гана түбөлүктүү болот. Адамды адам кылган анын асыл эмгеги, жакшы адамды эл элдик адамдар эч убакта көмүскөдө жана унутулбайт. Ошондуктан мындай элдик адамдар эч убакта көмүскөдө жана унутулуп калууга тийиш эмес.
Эгерде тарыхты карап көрсөк, элибиз кандай азаптуу оор күндөрдү баштарынан өткөргөн революцияда канча жарандарыбыз көз жумду жана канча адамдарыбыз оор жаракат алышты. Ошонун ичинде канчасынын ден соолуктарына биздин дарагерлерибиз күндүр-түндүр оор жылдарында канча миңдеген адамдар өлүп, канчасына операция жасалып өмүрлөрүн сактап калган, кыргыздын эң биринчи фронттун жокер-хирургу Зыфар Эгембердиевич болгон.
Бул кишинин басып өткөн жолун, эмгегин элибиз кийинки убактарда баалабай коюшту. Канча жолу Зыфар Эгембердиевичтин эмгегин баалоо жөнүдө жогорку жактагыларга жергиликтүү элдер эскертсе да убадаларын беришип, аягы оң натыйжа берген жок. Азыр эми ушул көптөн бери ишке ашпай калган өкүнүч суроолор чечилген мезгили да келди го деп ойлойбуз.
"Врачтык кесип-теңдешсиз эрдик! Дайыма ак дилдин, ой-пикирдин тазалыгын талап кылуу менен ар бир оорулуу инсан өз жанын кыйууга даяр. Акыл-эси тунук, күлк мүнөзү таза. Өзүнө тыкан болуш керек" -деп атйкан А. П. Чехов. Мына ушундай мисалга татыктуу болгон Эгембердиев Зыфар Эгембердиевич болгон деп айтсак жаңылышпайбыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_4.htm on line 64