Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 2

Жыпар Жекшеев, Июнь окуясын иликтөө боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү:
"Батыров оюна келгенди оттой берет"
- Июнь окуясын иликтөө боюнча эл аралык комиссия корутундуну бир тараптуу чыгарып койгон деген пикирлерге улуттук комиссиянын мүчөсү катары кандай карайсыз?
- Мен дагы ЭАК комиссиянын ишмердүүүлүгүнө таң калып жатам, башынан баштап эле тенденциялуу, бир багытта, кыргыз улуту, кыргыз бийлиги гана бул окуяга күнөөлүү катары сыпатташкан кадамдарынан баш тартпай коюшту. Алардын өкүлдөрү, эксперттер менен он чакты ирет жолугушууларды өткөрүп, биздин колубузда болгон маалыматтардын баарын тактоо иретинде жардам болсун, биздин корутунду мындай болгон, фактылар менен далилденген, ал эми кандай иликтөө жүргүзөсүңөр ал силердин ишиңер деп, окуяга кимдер күнөөлүү, ал күнөөлүүлөр бул коогалаңга алдын-ала канча мезгилден бери даярданып жүрүшкөнүн, муну менен күнөөлүү тарап үчүнчү ирет ушундай кадамдарга барып жатышканын айтып документтерди бердик. ЭАК өзбек улутундагы лидерлердин видеотасмада автономия сураган жери жок экен дептир, бирок, алар ачык сурабаганы менен сүйлөгөн сөздөрүндө, жасаган иш-аракеттеринде бул сокурга деле көрүнүп турбайбы. Мунун тамыры тереңде жатат, 1967-жылы 1-кагылыш, 2-си өзүңөр билгендей 90-жылы уюштурулган. Анда деле ушул автономия маселесин кыйытып "бөлүнөбүз" деп чыгышкан. Бул ошонун эле уландысы, тополоң ыкмалары да, максаттары да 90-жылдагыдай. Баардыгы ачык көрүнүп турат "өзүбүз калктын санын 30%ын түзгөндөн кийин бийлик бутактарына өзбек улутундагылардан көп тартылсын, күч бутактарынын жетекчи кызматтарына ушул улуттан коюлсун" деген талаптардын өзү бул жанагы автономияга болгон биринчи кадамдары катары эсептелет. Аны сөзсүз эле айтыптыр же айтпаптыр дегенди далилдештин бул жерде кажети да жок. Мындан мурунку коомдук көз каранды эмес аталган эл аралык комиссиянын жыйынтыктарында да адамдын күлкүсү келгидей фактылар көп. Мисалы, анда 200 өзбектен маек алынган да , ошол эле жерге 2 эле кыргыздын маегин кыпчып коюшкан. Бул эми уят да. ЭАК ишин баштаар алдында ошону мисал кылып айтканбыз, эгерде ошентип иштей турган болсоңор анда түшүнүктүү болуп калат деп. Кайсы гана жагдайды карабасын калыс карап, иликтөөнүн бардык жагдайларында эки улуттун саны тең болуш керек болчу, антишпеди. Биздин укук коргоочу сөрөйлөрүбүздүн да мында "салымдары" бар. Алар башынан баштап эле бир нукта иш алып барышып, баардыгына өзүбүздү, кыргыздарды гана күнөөлүүдөй көрсөтүп, өзбек улутундагыларга сөз тийгизбей келишкен. Ким билет, балким сырттан акча жакшы төлөп койсо, ошолордун "ырын ырдап" жибериштиби.
- Сөзүгүңүзгө аралжы, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын Ош окуясынан кийин "менин өмүрүмө коркунуч тулуп жатат" деп сырт өлкөгө чыгып кетип кайра келип калганы бар. Ошондогу иш-аракеттерине түздөн-түз тиешеси бар экендиги мүмкүнбү?
- Албетте, мүмкүн. Бирок, анын "жеке өмүрүмө коопсуздук болуп жатат, коркунуч туулууда" дегенине мен эч бир ишенбейм. Төлөйкандын жеке керт башынын кимге кереги бар эле, анын коопсуздугун туудуруп, ага кол салуунун эч кимге эч кандай кажети да жок. Мында башка бир сыр бар. Мына, Азиза Абдрасулова да комиссияга мүчө болуп киргендигине карабастан бир жактуу, бир тараптуу маалыматтарды көп таратып жиберди. Анан негедир ЭАК да ошолордун чапкан арыгынын нугунан чыга албай коюшту.
- Бул укук коргоочуларыбыз сырт өлкөлөр менен тыгыз иштешип тирлик кылгандыктан силердикине караганда алардын жасаган иштерин жөндүү көрсө керек да?
- Ооба.
- Улуттук комиссия Түштүк коогалаңын уюштургандардын катарында деп санагандардын бири Карамат Абдуллаеванын "Фергана.ру" маалымат булагына берген маегинде "улуттук комиссия корутунду чыгарардан мурда бир ай мурун эле колдоруна карматып койгон даяр отчетту гана окуп коюшкан" деп айтып чыкты…
- Улуттук комиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө, анын тегерегинде эмне деген гана сөздөр болгон жок. Абдуллаеванын эмне деп айтаары бизге бештен белгилүү да. Булар баардык кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп эми кара баштарын калкалап ар кайсы жерден чыга калышып, ар кандай маалыматтарды таркатып жатышат. Түштүк коогалаңын уюштургандардын бири ошол Абдуллаева. К.Батыров, И.Абдрасулова, Ж.Салахудиновдордун катарында турат. Аялдар Конгрессинин түштүк бөлүмүн жетектеп, ошону ширма кылып, негизги максаттары жанагы уюштуруу иштери болгон. Комиссиянын башынан аягына чейин туруп, эң активдүү мүчөсү катары айтып жатам, биз бийликтин ар кайсы бутактарындагы өкүлдөрүнө суроолорду расмий түрдө жөнөтүп, алардын баардыгына жоопту жазуу түрүндө алганбыз. Бизге эч ким келип кийлигишкен эмес, бизде кылчактоо, кимдир бирөөлөргө жагабызбы, жакпайбызбы деген ой да болгон эмес. Тескерисинче, парламент депутаттарындай биз дагы абдан талашып-тартышып, бири-бирибизге коллегиялуу түрдө мамиле жасалган.
- Өзбекстандагы ошол эле маалымат айдыңына К.Батыров да тынбай маек берип турат. Анын акыркы маегинде ЭАКтын корутундусу боюнча бул комиссиянын "кыргыз бийлиги тарабынан өзбек улутундагыларга геноцид болгон эмес" деген жыйынтыгына "таң калып олтуруптур". Анын айтымында "кыргыз куралдуу күчтөрү маалелерде башка улуттагылардын үйлөрүнө тийбей жалаң гана өзбек улутундагылардын үйлөрүнө, так даректер менен чабуул жасашкан, ошондуктан муну геноцид деп санаш керек" экен?..
- Анын оюна койсо оюна келгенин оттой берет. Тарыхты баарыбыз эле жакшы билебиз, 0геноцид болгон жерде кыргын болгон, качкындардын баары артына кайрылбай андан ары башка мамлекеттерге тарап кетишкен, туурабы? А бизде эмне болду? Ошол жүз миңдин тегерегиндеги адам Өзбекстандын чек арасынан өтүп, 5 күндөн кийин эле кайра бирөөсү да калбай келип жатпайбы. Бейиштен качып тозокко түшкөндөй эле болушуп келгиче шашты. Аларды эч ким кууган эмес. Анан ушуну геноцид демек беле? Дагы бир жагдай; биринчиден, махаллаларда жалаң өзбек улутундагылар жашашат, башка улуттагылар дээрлик жокко эсе, экинчиден, булар үйлөрүнүн эшиктеринен баштап чатырларына чейин самолету сырдай турган, түнкүсүн да чагылышып алыстан көрүнчү "SОS" деген жазууларды кымбат боёктор менен алдын-ала жаздырып коюшкан. Бул деген, кокустан Өзбекстан тараптан аскер күчтөрү кирип келип самолеттор менен кол салып калса өзбектерге тийбесин деген негизги планы. Жаштары 500дөн кем эмес болушуп топтолушуп чыгып жатышканда ар биринин колдорунда найза сыяктуу бир кылка даярдалган куралдар да болгон. Булар таяктардын башына канжарларды бекитип, баары стандартуу, бир типтүү жасалган куралдар. Аны деген бир-эки күндө жасап бүтпөйт, узак мезгилде, абдан көп убакытта жасап, даярдаган. Беш "Камаз" автомашинасын атайын темирлер менен ок өтпөгөндөй кылып ширетишип, бирдей кесишип, бирдей кылып ордуларына коюшуп, өзүнчө эле завод сыяктуу иштеген. Бул үчүн да бир канча убакытты талап кылат, айтор, согушка даярданышкан.
- Муну УКМК кызматы билиш керек эле да?
- УКМКнын жетекчиси К.Дүйшөбаев, күч органдарын жетектеп турган А.Бекназаров, түштүк региону боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалган И,Исаковду, ИИМ министрин, саясый жоопкерчиликти тартыш керек баарын эле ачык айтпабыкпы, биз ушул төртөөнү персоналдык түрдө белгилеп көрсөткөнбүз. УКМК деле чындыгында бийликке маалыматты көп эле кабарлап турган экен, бирок, алар жалаң эле маалымат берүү менен чектелип калган. Алдын-ала чараларды көрүп, керек болсо уюштуруп жаткандарды кармап, жоопко тартуу сыяктуу чечкиндүү бир иш-чараларды көргөн эмес. Маалыматты базарда олтурган ар бир соодагер адам деле берип жаткан.
- ЭАКтын июнь коогалаңына эч кандай сырткы, айталы, бийликтен куулган Бакиевдердин, үчүнчү күчтөрдүн болбогондугун да айтып чыгышты. Сиздин пикириңиз?..
- Улуттук комиссия бул окуяга Бакиевдердин айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн тиешеси бар деп даана жазганбыз. Жалгыз эле аны менен чектелбей айрым бир үчүнчү күч деп айрым бир чоң мамлекет, державалардын атайын кызматтарынын өкүлдөрү да болгондугу көрсөтүлгөн.
- Өзбек улутундагыларды күч структураларына көбүрөөк тартуу сунушу да ЭАК тарабынан айтылыптыр. Эгерде бул улуттагы жаштар аскерде кызмат өтөбөсө кандай болот?
- Мен ушул суроону көп берип келем. Өзбек улутундагы жаштарды аскер кызматына дээрлик беришпейт, акча берип, же кандайдыр бир айласын таап качышат. Азыр аскерде кызмат өтөп жаткандардын айрым карапайым орус улутундагыларын кошпогондо 99%ы кыргыздар, бакша улуттагылардан жокко эсе. Көп жерлерде айтып келем, демек, мылтыкты кармап көрбөгөн, согуш жөнүндө түшүнүгү жок, соодадан башка эч нерсе менен алек болбогон жаш балдар Калашниковтон тартып чет элдик автоматтар менен аткандары чоң суроо туудурат. Биз муну телефондорго тартып алган айрым учулардан көрдүк. Минтип аларды машыктыруу үчүн башка жактан келген атайын кызматтар, боевиктер даярдаган, болбосо кайдан?
- Өзбектер жыш жайгашкан региондорго өзбек тилин региондук, муниципиалдык статусун бериш керек деген ЭАКтын сунушу да кыргыз коомчулугун кыжырдантып жаткандай, "Кыргыз Республикасы" аталышын "Кыргызстан Республикасы" деп өзгөртсөңөр дегендей жерлери да мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары сыпатталууда. Мындай укуктары барбы?
- Албетте, мындайга эч кимдин акысы жок. Ал ырас сунуш болгондон сунуш катары айтылат же кагаз түрүндө жата берсин. Чечүү маселесине келгенде өзүбүздүн парламент, президент, премьер-министр деген бар да. Кандай гана чечим болбосун өзүбүз кабыл алабыз. Андай болсо Чүй боорундагы топтошуп жашашкан дунгандарга, татарлар, уйгурлар, украиндерге эмне үчүн андай статус бербеш керек? Бул деген абдан коркунучтуу, андай факт менен ойнобош керек. Кичинекей унитардык мамлекет болгондон кийин орус тилин расмий тил деп каршы болбой эле кабыл алганбыз. Башка сексенге жакын улуттун өклдөрү баары тең орус тилин жакшы билишет, кыргызча билбесе да ошол орус тили аркылуу сүйлөшүп баарлаша беришсин, эч ким тыюу салган жери жок. Ал эми мамлекеттик тил деген бирөө болуш керек, бул маселени көтөрүүнүн кажети да жок, акыры барып жарыла турган бомба сыяктуу.
- ЭАКтын корутундусуну менен айрым сунуштары эки улутту жакындаштырбай тескерисинче дагы кагыштырууга алып келет деген пикирлер да жок эмес. Атуул катары буга кандай дейт элеңиз?
- Биринчиден, буга себеп болуп ЭАКтын Кыргызстандагы регионалдык курч маселелерди жакындан билишпегендиги, калыстык кылабыз деп дүйнөлүк масштабдагы терезедеги форточка аркылуу баа бергендиги. Биз деген, кыргыздар аларга караганда түштүк региондогу маселе кандай курч тургандыгын жакшы билебиз да. Үстүртөн карап мындай маселелерди бизге ачык койгон негизинен туура эмес. Мындай кадамдары менен отту ого бетер күчөтүп жиберет. Jшол эле сунуштар арасында
- Улуттук комиссия менен ЭАК чыгарган жыйынтыктарынын айырмасы, өзгөчөлүктөрү эмнеде?
- Менин байкашымча биздики, улуттук комиссия болуп жаткан соң реалдуу, материалды жакындан түшүнгөндөй көз караш менен чагылдырылган. Көйгөйлөрдү туура билип, тең салмактуулукту сактап, тирешүү эртең да ырбап, согуш чыгып кетпесин деген түшүнүктү оюбуздан бир да чыгарган жокпуз, дайыма ошол ой менен өзүбүздү жетектеп жаттык. Ал эми ЭАК келди-кетти да. Айта турган сөзүн айтып, өзүнүн корутундусун берип койду. Окуяга эл аралык деңгээлде карап, өз бааларын беришти. Чыгарган корутундусу эки улутту кайрадан чабыштырып жибербейби, кайсы жерлеринен этият болуш керек керек, биздин эртеңибиз кандай болот, аны менен көп эле баштарын да оорутушпайт. Айырмабыз ошол жерден десек болот.
- ЭАК корутундусу чыгаар алдында бир тараптуу жазылган "Чөөнүн сааты" деген чуулуу китеп чыкканы бар. Эмнеден улам экөөнүн бир мезгилде, бирине-бири туш келип калды деп эсептейсиз?
- Бул китепти даярдагандардын атайын ушул отчеттун чыгыш мезгилине туштаган аракети. Сөзсүз түрдө, кандай болбосун ЭАКга таасир берип, көңүл бурдуруу аракетин жанталашып кылышкан. ЭАК документ катары ошону пайдаланып кетсе деген. Мисалы, 90-жылы деле Ош окуясын басуу үчүн КДКдан 12 өкүл Алма-Атага барып, Олжас Сулеймановдун ортомчулугунун негизинде Өзбекстандан 12 лидерди чакырганбыз. Ошондо өзбек тарап Өзгөндө тартылган видоекассета алып келген экен. Анда жалаң өлүктөрдү тизип коюп, өзбек кемпирлерди айылдарда жөн эле кыйкыртып, кыргыздарды каргатып ыйлаттырып коюшуптур. Бирок, өлгөндөрдүн бирөөнүн да өңү өзбек экендиги билинбейт, себеби, күйдүрүүчү лампалар менен беттеринин баарын күйгүзүп салышкан. Эми өзүң деле элестетип көрчү, кыргыздар эч качан согушта ал түгүл аягына чейин өлтүрбөйт. Бир эле сайып кете беришет, анан зерикпей, кармап алып күйдүрүүчү лампалар менен шашпай өлтүргөндүн эмне кажети бар эле. Мындай бизге туура келбейт, биздин канда жок. Ошондо мен "Кыргыздардын өлүктөрүн тизип коюп өңүнөн кыргыз экендигин таанылбастыгы үчүн беттерин күйгүзүшүп, өзбек аялдарга акча берип кыйкырттырып коюп тартылган экен, мына, өзбектер кырылып калган дегендей" деп алардын бетине ачык эле айткам. Себеби, кыргыздар өңүнөн дароо эле таанылат эмеспи. Бул китептин максаты деле ошону көздөгөн.
- Мындан бир суроо туулат. КДКнын лидерлеринин бири катары 90-жылкы окуяны токтотууга катыштыгыңыз бар экен, былтыркы кагылышты улуттук комиссиянын мүчөсү болуп жакындан иликтегенге катыштыңыз, ортодон жыйырма жыл өтсө да экөөнүн кандай айырмасын байкай алдыңыз?
- Мында андагыдан оор, курчураак, кайгылуу мүнөздө өткөндүгүндө. Калган жерлеринде чатактын чыгуу, башталуу гана айырмасы бар. 90-жылы кыргыз балдардын "Ленин" колхозунун жерин алганы шылтоо болгон болсо, бул жолу өзүңөр билгендей революция жаңы болуп, УӨ толук күчүнө кире элек, өтүмдүү, чечкиндүү боло албай, 7-апрелде өзүбүздүн азаматтарыбыздан айрылып, элдин баары, т.а. азабыз тарай элек мезгилди тандап алышкан. Экинчиден, дал ошол 10-июнда Ташкентте КМШнын президенттери саммитке чогулуп жатканда башталып жатканы. Биз иликтеп жүргөндө эки-үч жерден уктук, ошол өзбектин аксакалдары эле, айрым аялдар онундагы түн ортосунда тарсылдаган ызы-чуудан чоочуп кетип "22синде болмок эмес беле, эмнеге эрте баштап жиберишти?" деп кыйкырып жаткандарын уккан кыргыздар болгон. 22-июнда Ата Мекендик согуш башталган күндү тандашкан экен. Ал эми 10-июнда КМШ президенттери чогулуп калгандан пайдаланып, "кыргыздар өзбектерди кырып жатат" деген шылтоо менен аларды кийлигиштирип, далбастап өздөрүнүн тарабына тартуу аракети менен эрте баштап жиберишкен. Бул эртеби-кечпи баары бир болмок.
Бакыт Молдалиев








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_3.htm on line 49