, 13.05.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Мүнөзүң кандай?
Өзүңүздүн төрөлгөн числоңузду таап, мүнөзүңүздүн кандай экенин билип алсаңыз болот.
1,7,13,19,25 - числолордо төрөлгөн адамдар бай жана жакшы жашашат. Алардын үйү эч качан суз болбойт. Алар ийгиликке жетишип, ата-энесинин атын чыгарып даңктайт.
2,8,14,20,26 - числодо төрөлгөндөр бекем келишет. Алардын мүнөзү оор. Аларды элге белгилүү, бай болуу тагдыры күтөт.
3,9,15, 21, 27 - бактылуу тагдыр. Мамлекеттик кызматтарда жакшы карьера жасай алат. Жумшак мүнөз, саламын үзбөйт. Алар адамдар менен тез аралашып кетип, таарынганын тез эле унутуп коюшат.
4,10,16, 22,28 - мамлекеттик акылга бай адам. Көп балалуу, ынтымактуу үй-бүлөнүн ээси болот. Мыкты чөйрөгө жакын. Бирок, үйүн жана байлыгын сактай билиши керек.
5, 11, 17, 23, 29 - аракетчил, эмгекти сүйгөн адам. Жакындарынын сүйүүсүнө жана кам көрүүсүнө курчалып жүрөт. Үй-бүлөсү менен бактылуу жашайт.
6, 12, 18, 24, 30 - алардын тагдыры бийик. Бирок алар жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтүшөт.





Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова:
"Менин демөөрчүм да, колдоочум да күйөрмандарым"
Алина Жетигенова деген ысым бүтүндөй кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай белгилүү. Бир учурда "Кыздын сыры", "Тун сүйүүм", "Арген" деген ырлары менен күйөрмандарын таап, отуз жылга чукул убакыттан бери эстрада жаатында тынымсыз эмгек жасап келет. Жакында жеке концертимди тартуулайм деп жүргөн ырчы эжебиз менен кыскача маек курдук.

- Алина эже, сизди жаз айларынын биринде концерт берет экен деп уктук эле, жакын арада жеке концертиңизге күбө боло алабызбы?
- Ооба, кудай буйруса июнь айынын ортолорунда улуттук филармонияда жеке концертимди берип алсам деген жакшы тилек менен аракет жасап чуркап жүрөм. Жалпы элге, күйөрмандарыма эмгек сиңирген артисти деген наамды алгандан кийин эмне иш жасап, чыгармачылыкта кандай жаңыланууларды жасап жатканым жөнүндө отчеттук концерт бере элек элем, эми ошол максатымды ишке ашыруу алдында турам. Эртең менен кетип үйгө өтө кеч кайтып жатам, концерт берүү көп убакытты, талыкпас эмгекти, күжүрмөн даярдыкты талап кылат эмеспи. Жаңы ырларды жаздырып, аранжировкаларды жасатып тынымсыз эмгек кылып жатам.
- Учурда концерт берүү үчүн негизинен каржы маселеси жогорку орунду ээлеп калбадыбы, анын рекламасы, ижара акысы, дегендей. Бул жагынан кыйналган жоксузбу?
- Кыйналуу кантип болбосун, ошентсе көп түкүрсө көл болот дегендей туугандарыбыз, таластыктар колдоп жардам берип атышат, болбосо атайын кимдир бирөөнүн демөөрчүлүгүнүн астында иш жасап жаткан жокмун. Менин демөөрчүм да, колдоочум да элим, калың журт, күйөрмандарым. Элдин колдоосу дайыма мага арка-жөлөк болуп, чыгармачылыгыма дем берет.
- Сиз негизинен концертти көп бере бербейсиз, кыргызда "аз болсо да саз болсун" деген кеп бар эмеспи, жакшы концерт болот деген ишеним менен күйөрмандарыңыз күтүп жатышса керек?
- Мен да ошого аракет кылып жатам, эл сынчы, эл калыс дегендей менин жандүйнөм менен тандап алган ырларыма күбө болушат. Жети жылдан бери концерт бере элекмин, кеп санында эмес сапатында болушу керек го.
- Балдарыңыз бой жетип калышты, уул үйлөп, келин ала элексизби?
- Жок, уулум үйлөнө элек, кызым турмушка чыга элек. Экөө тең чыгармачылык менен алектенип жатышат. Кызым кинолорго тартылып жүрөт, балам ыр менен алек дегендей. Бирок мен да келин алып, кыз берип куда күтөөр убакыт өтө жакындап алды, буйруса ал жакшылык да алыс эмес. Эң башкысы Кудай балдарыма ыйман, ден соолук, бакыт берсин деп бардык энелердей эле тиленип отурам.
- Азыр бардык жерде, өзгөчө шаар жеринде баскан-турганыңдан бери акча негизги ролду ойнойт эмеспи, сиздин үй-бүлөдө акчаны ким кармайт?
- Бизде акча ортодо, ким кандай тапканына жараша алып келип үй-бүлөлүк бюджетке кошушат. Балдарым чоңоюп калышты, алардын жумшай турган өз кызыкчылыктары бар, аларга кетет, негизинен чаржайыт колдоно бербейбиз. Ал кандай эмгек менен келген болсо ошончо таасирдүүрөк, зарыл нерселерге жумшалышы керек деген ойдомун. Кудайга шүгүр балдарыбыз бизге кам көрүп, акча таап үй-бүлөлүк бюджетти толуктаганга жарап калышты. Эл катары эле жашоо кечирип жатабыз, алдыга озуп кеткенибиз жок, артта да калбадык. Ушуга шүгүрчүлүк келтирүү керек.
- Эс алууга ылайыктуу учур жакындап келе жатат, кантип, кайда эс алганды жактырасыз?
- Менин оюмдагыдай болсо ушул тапта тоого, жаратылыш койнуна, дегеле бир машинанын үнү жок жерге барып ээн эркин эс алат элем. Жайлоого чыгып кымыз ичип, суу бойлоп, жапжашыл килемдей кулпурган чөбүнө оонап, таза абасынан кере-кере дем алгым келип жүрөт. Жайында өзүбүздүн кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө үй-бүлөбүз, досторубуз менен барып эс алып келебиз. Кыргыз жериндей ыйык жер жок деп сыймыктануу менен айта алам, негизинен шаар четине эле чыксаң эс алууга ылайыктуу абдан сонун кооз жерлерибиз бар.
- Чет жактарга чыгып атасызбы?
- Ооба, Орусияга барып ырдап, мекендештерибизге концерт тартуулап келип жатабыз.
Айзада Көчкөнбаева





Ким тамашаны кандай түшүнөт?
Ар бир адам жылдыз белгиси боюнча тамашаны түшүнүп, ошого жараша кабыл алат экен. Эгер кимдир бирөөнү тамашалагыңыз келсе байкаңыз, балким ал адам өзү тамашалай билип, бирок тамашаны кабыл ала албай калышы да мүмкүн. Эмесе карап көрүңүз…

Токту - ошол замат күлүш үчүн кыска тамашаны жакшы көрөт. Кайсы жерде күлгөндү да жакшы билет.
Букачар- оор салмактуу, көбүнчө кедейлер байларды алдаган анекдотторду жакшы көрүшөт.
Эгиздер - шайыр адамдар. Баардык шартта тамашаны "туздайт", аябай жакшы тамашалап, өздөрү да жакшы түшүнүп, көтөрүшөт. Тегерегиндегилер да өзүндөй болсо деп ойлошот.
Чаян- сүйүү, күйөө бала, кайнене-келин сыяктуу анекдоттор менен көңүл ачканды жактырат. Бирок, эң башкысы жакшы аякташы керек, себеби чаяндар тамашаны көтөрө албай уруша кетүүсү мүмкүн.
Арстан- жөнөкөй жана түшүнүктүү юморду жактырат. Чапаев, Петька-бул жылдыздын алдына төрөлгөндөрдүн эң сүйүктүү анекдоттору.
Бийкеч- алар үчүн эң башкысы күлкү-ден соолукка пайдалуу. Ошондуктан алар баардык шартта күлө беришет.
Тараза- интеллектуалдуу анекдотторду жактырышат. Татаал анекдотторду укусу келет.
Бөйөн- бул белгидегилерди "кара" юмор гана жылмайта алат. Ошондуктан, бөйөн белгисиндегилер менен тамашалашам деген адамга бекем нерв керек.
Жаачы- тамаша, юмор кечирээк жетет, андан кийин көпкө чейин улам эстеп күлүп жүрө берет.
Текечер- тамашаны жакшы түшүнөт. Мурда жүз жолу уккан анекдотту айтып берсеңиз ага дагы эле күлкүлүү угулат.
Суу пери- романтик, ошондуктан алардын жүрөгү күлкүлүү окуяларга жакын. Көбүнчө жамандыкты жакшылык жеңген учурларды жактырышат.
Балыктар- баардык эле тамаша менен күлдүрө албайсың. Бирок какшык, же Штирлиц жөнүндөгү тамашалар аларды жылмайтышы мүмкүн.