Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 2

Жазуучу, котормочу Турусбек Малабай:
"Жазуучуларды кыйын жолдон сууруп чыгуунун жакшы жолдору бар"
(Башталышы 10-бетте)
Биринчиден ал жерде редактор, экинчиден корректорлор иштейт, үчүнчүдөн чыгармаларды которот, ал чыгармаларды чыгарганына гонорар алат. Үчүнчүсү- адабий агентчилик ачып берүүгө макул болушту. Муну ачык эле айта алам, Америка элчилиги аркылуу Америкадан мен Синсия Макфеллер деген бар экен, Борбордук Азия жана Түштүк Азия боюнча маданий координатор экен. Ал айым менен жолугуп, сүйлөшүлгөндө бизден кандай жардам керек дегенде мен адабий агентчилик ачсак деген оюмду айтсам биз жардам беребиз деди. Бирок кайра эле барып жазуучулар союзуна барып такалып, бир жаңсыл болуп, маселеңерди чечишип алсаңар биз жардам беребиз деди. Ошентип баардыгы айтылган шарттарга макул, болгону гана ынтымак керек дешет. Бир тобуңар келип жардам сурайсыңар, макул жардам берели деп жатсак экинчи тобуңар телеграмма жибересиңер , кат жазып, телефон чаласыңар, аларга бербегиле, булардыкы туура эмес деп. Анан үчүнчү тобуңар келип экөөнүкү тең туура эмес дейсиңер, анан биз кимиңерге берээрибизди бербейбиз. Алгач өзүңөр чечишкиле, андан кийин баарын билбейбиз дешүүдө.
- Адабий агентчилик кандай иш аткарат?
- Жазуучулардан жакшынакай чыгармалар жаралып жатат, негизи эле кыргыз адабияты абдан күчтүү, эми ошону басып жатып албай сыртка, элге чыгарышыбыз керек да. Жазуучу өзү уяң, жандүйнөсү назик, тартынчаак болот, анан анча-мынча коркок келет. Коркок дегеним саясатчылардай улкунуп-жулкунуп чыгышпайт, акырын гана сонун чыгармаларды жазып коюшат. Барып өзүн-өзү көкүрөккө каккылап, мен жакшы жаздым, чыгаргыла деп айта албайт, ал милдетти адабий агентчилик аткарат. Такылдап сүйлөгөн, көп тилде сүйлөгөн, юриспруденцияны, менеджментти билген жаштарды ишке алабыз. Алар эртең дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө барып китептердин которулуп чыгышына ар бир өлкөнүн мыйзамына жараша келишимдерди түзүшүп, жазуучулардын кызыкчылыгын талашат. Адабий агент эмне кылат, ал бир жазуучуга келет дагы ал менен келишим түзөт, мен сиздин атыңыздан сүйлөй берейин, руксат бериңиз, мен сиздин китебиңизди чыгарайын, анан ошондон түшкөн гонорардын 10 же 20%ын мага бериңиз деп. Жазуучу кубанып эле бербейби, саргайып кагаз бойдон жазган столунун үстүндө чыгармасы жата бергиче китеби чыкса 20%ды кайсы жазуучу аямак эле. Жазуучу чыгармасын жаза берет, агент анын китептерин чыгарып, башка тилге котортуп ишти жүргүзө берет. Юридикалык, уюштуруу, басып чыгаруу жагын агент тууралап, жазуучуга акчасын гана котортуп берет. Ал ошол гонорардын негизинде гана айлык алат, ошондуктан ал көбүрөөк гонорар чыгарганга кызыгдар болуп калат, канча көп гонорар тапса, анын алган маянасы ошончолук көп болот да, эл аралык практика ушундай экен. Биринчиден жазуучуга акча түшөт, экинчиден китептер чыгып турат. Жазуучу эч убакта барып басмаканаларга менин жазганым укмуш, чыгаргыла деп айта албайт, ал эми башка адам каалашынча мактай алат. Ушуларды уюштуруп атабыз, андан тышкары наам берүү жагын колго алабыз. Биздин жазуучулардын эң көйгөйлүү жагы ушул болуп атат, эптеп карыганымча бир наам алып алсам, пенсияма анча-мынча тыйын кошулат эле дешет. Бизде болгону эки эле наам бар экен, бири маданият ишмери деп аталат, экинчиси эл жазуучусу. Буга чейин беш-алты жазуучу гана алыптыр, жакшылап иштесе ар бир майрам сайын үчтөн-төрттөн жазуучуга берип турсак жакшы болмок. Дагы бир жагы наамды да жакшынакай жол менен алышмак, көрүнгөнгө жалдырап, кошомат кылып, пара берип отурушмак эмес. Сыйлыктарды деле алып берсе болот. Мисалы мен деле бир топ эл аралык, маданияттык сыйлыктарды алдым, менин бул жактан өз көйгөйүм чечилген. Өзүмө маянам да, гонорарым да жетет, кудайга шүгүр. Евразия жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. Ал аркылуу бүтүндөй Евразия өлкөлөрүнүн жазуучуларына сөзүм өтөт. Эми башка жазуучулар да мен алган сыйлыктарды алса болот эле деген ой болот экен. Эми ал үчүн бирөөнүн атынан сүйлөгөнгө укугуң болбойт. Эгер жазуучулар союзунда иштесең союздун атынан сүйлөгөнгө укук алат экенсиң. Биздин жазуучулар көп нерсени билбей турат, жакында мен Юнесконун атынан Америкага барып келдим, жылына эки маал дүйнөдөгү жазуучулар үйлөрүнө жөнөтүп турат экен. Ал жакка барсаң жата турган жери, тамак-ашы белен, каалашыңча жаза бересиң. Союз учурунда ушундай шарт бар болчу. Эч жакка чыкпай бир байдын тукумун жазып берип бир аз тыйын таап оокат кылып өзүнүн аброюн түшүрбөй, коомдун жүзү катары түз жүрүп, өзүн салабаттуу алып жүрүшү керек. Ал үчүн жанагыдай дүйнө жазуучулары менен пикирлеш болсо алар менен таанышып китептерин которуп беришет. Дүйнөгө таанылат, ошону менен биздин адабиятыбызды көтөрүп чыгышыбыз керек. Дагы бир жери эл аралык гранттар бар, адабиятка, поэзияга берилет. Абдулазиз деген арабдардын шейхинин 70 миң доллар сыйлыгы бар, поэзия боюнча. Ал адамдар менен кат алышып жүрөм, бирок өзүм поэзия жагына ык сала элекмин. Биздин күчтүү акындар да ал грантка катышса болот эле. Келишим түзгөндү, автордук укугубузду билбейбиз. Чыгарып атышат, акчасын беришпейт, бергенине сүйүнүп кала беришет. Кыргызстанда башка тилдүү да адабият да бар, бизде көп улуттуу элдер жашайт. Алар үчүн жазуучулар союзунда эл аралык бөлүм түзүш керек. Ал бөлүм котормолорду алып барып, башка тилди котормолорду байланыштырып турат. Юридикалык бөлүмдөгүлөр автордук укуктардын таламын талашат. Азыр биздин жазуучулардын китебин башка тилде которуп алышат, авторго эч кандай калем акы төлөнбөйт. Мисалы азыр Кашкарда Төлөгөн Касымбековдун китебин которуп басышып өзбек жазуучусу деп коюшуптур деп атышат, бул автордун моралдык укугуна шек келтирүү. Юристтер деле жанагы агенттегидей эле калем акынын негизинде пайыздык маяна алат. Эгер биз Төлөгөн агабыздын калем акысын доолап утуп берсек 10 пайызды бергенге Төлөгөн агабыз эмнеге бермек эмес, кубанып бермек да. Ал үчүн юристке пара берип отурбайт, баары өз жолу менен бүтөт.
- Биздин жазуучулардан сизден башка да сиз айткан багыт менен иш алып барып чоң гонорарга ээ болгондор барбы?
- Ачык эле айта берейин, Талип Ибраимов мага келип өз ыраазычылын айтып, келишимге кантип кол коеюн деп кеңеш сурап келген. Ал киши "Русская премияны" алган, мен чоң проза-роман үчүн, ал киши чакан проза-повести үчүн алды. Ошол жерден таанышканбыз, ал киши да абдан тартынчаак. "Жаңы кыргыз адабияты" деген порталды жүргүзүп атам, кыргызчасынын редактору мен, орусчасыныкы Олег Бондеронко. Талип Ибраимовичтин чыгармасын порталга чыгарып коеюн десем макул болбогондой болду, м ен болбой эле 4-5 повестин киргизип койдум. Аны казакстандыктар окушуп толук китеп кылып чыгарышып, калем акысын төлөп беришти. Анын суммасы коммерциялык сыр, чоң эле калем акы, аны биздин жазуучулар элесететип да көрө албайт. Андан тышкары сценарий жазып бер дешип ал үчүн дагы төлөштү. Порталга чыкканы үчүн ушундай жетишкендиктер болду. Дагы айта кетчү нерсе-Кыргызстанда Горький атындагы адабий институтунун филиалын ачалы, сиздер атын бериңиздер, уюштуруу жагын алсаңыздар деген идея да бар, ал боюнча орустар менен сүйлөштүм.. Алар колдоп, имарат тапкыла дешти. Кыргыз адабият институту деп деле окуу жай ачып алсак болот, бирок Горький институнун аты дүйнөгө белгилүү, биздин чоң жазуучуларыбыздын көпчүлүгү, Чыңгыз Айтматов баш болуп ошол жерден окуп келишкен. Ал жерден которуу чеберчилиги, поэзия чеберчилиги боюнча сабак берип жазуучуларыбыз да айлык алышат. Жыйынтыгында иш менен да камсыз болушат. Ошондо жазуучуларыбыз көрүнгөндөн акча сурабай ордуларын таап көтөрүлүп калышмк. Ушул нерсеге жетүүнүн жолдору бар, болгону ынтымакка келип алышыбыз керек. 21-майда курултай болсо ушул маселе чечилет деген ишенимдебиз.
- Өзүңүздү төрагалыкка көрсөтөт белеңиз?
- Аны сунушташса мен каршы эмесмин, себеби жогоруда айткандардын баарын аткаруу колуман келет. Ал жерге барып алып мен жетекчи болом деп мушташып жулуна бергенде менин мурункулардан айырмам эмне болот. Айткандардын баарын иштеп берем, көзүм жеткен үчүн айтып жатам. Эгер сунушташпаса анда айла жок өзүм үчүн жасай берем, анткени жалпы жазуучуларга сүйлөшкөнгө менде статус жок болуп калат. Мага укук керек экен, укук беришсе сүйлөшүүгө болот, союзга иштөөгө менде башка кызыкчылык жок.
- Жазуучулардын жүрөгүнөн, оюнан, калеминен мамлекеттин идеологиясы жаралат деп айтып калышат, акыркы 7-8 жыл ичинде жазуучулар союзунун өзүндө жыйынтыктуу иш болбогондуктан биздин өлкөдө да идеология жок болуп кетти дегенге кандай пикирдесиз?
- Жазуучулар мамлекеттин идеологиясын түзөт дегениңиз да жакшы сөз болду. Жазуучулар союзу жок болуп кетүү алдында, дагы союздун калдыгы менен кармалып турат. Эми союзду колдон келишинче көтөрүш керек. Кийин жаштар алып кетеби, же жок болуп кетеби аны билбейм, негизи кетүүнүн көп жолу бар. Үйдөн чыккандын эле канча түрү бар, эшкити тарс жаап кетүү, жылуу коштошуу, же англичандарча жылып чыгып кетүү дегендей. Жок болуунун да ошондой түрү болот. Идеологиясы жок кандай кыйналып жатабыз, жаманды коногу бийлейт болуп атпайбызбы. Сырттагылар чабыштырып жатышат. Швецарияны, Малайзияны курабыз деп атышат, антпей биз кыргыздын гана идеологисы, кыргыздын гана маданияты менен өсүп-өнүгүгүшүбүз керек, албетте дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып. Атам раматылык "балам башкалардын тилин үйрөн, дилин үйрөнбө" дечү, бул дагы идеология. Азыр мен 32 тилде сүйлөп калдым, бирок мен кыргызмын, Кетмен- Төбөнүн тоң моюн кыргызымын. Айылга барсам айылдык болуп калам, чөп чабам , ат минем, шаарга келсем костюм-шым кийип калам, чет өлкөгө барсам чет өлкөлүк болуп калам, артта калган эл экен деп айтпасын деп алардын тилинде сүйлөшөм. Тилин үйрөнөлү, дилин үйрөнбөшүбүз керек. Кыргыздын нукура идеологиясын үйрөтүшүбүз керек, кыргыздын идеолгиясын жазуучулар түзөт. Жазуучулар бутуна турат, ынтымакка келет деп ишенем, чапкан сайын эле көз чыга бербейт да.
Айзада Көчкөнбаева




Капа болбо, эй жетесиз кул десем...
1.
Төрөлгөндө Кыргыз болуп төрөлүп,
Кыргыз тилде эгер сүйлөй албасаң,
Замандашым өзүңүзгө бир тилек
сүйүнмөкмүн, дудук болуп жаралсаң.
2.
Төрөлгөндө Кыргыз болуп төрөлүп,
Кыргыз тилде сен сүйлөсөң биртике,
Замандашым өзүңүзгө бир калоо
Чыксын сиздин тилиңизге тибиртке.
3.
Төрөлгөндө Кыргыз болуп төрөлүп,
Кыргыз тилде эгер сурай албасаң,
Замандашым, мезгил өтсө жакшыбы
кысталышта кыргыз тилчи жалдасаң.
4.
Төрөлгөндө Кыргыз болуп төрөлүп,
Кыргызымдын каада-салтын билбесең,
Замандашым өзүңүздөн сураныч
Кыргызмын деп, ак боз үйгө кирбесең.
5.
Төрөлгөндө Кыргыз болуп төрөлүп,
тоо аралап, аргымакты минбесең,
Замандашым өзүңүзгө айтаарым
Кыргызмын деп, калпагымды кийбесең.
7.
Төрөлгөндө Кыргыз болуп төрөлүп,
Манас баба, жети атаңды билбесең,
Замандашым капа болбо акынга
Тегин билбес, эй жетесиз кул десем.
8.
Төрөлгөндө Кыргыз болуп төрөлүп,
Чыңгыз ата ким экенин билбесең,
Замандашым замандашка таарынба
бир өзүңдү, Маңкуртсуң деп тилдесем.

Заманыбыздын
залкар жазуучусу,
Атабыз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун
жаркын элесине багыштаймын.
1
Жер шаарынын бир бөлүгүн багынткан,
Кылыч менен ырайымсыз Чыңгызхан.
Бүт ааламды, калем менен багынтты,
Чыңгыз Ата, бир жаралган Кыргыздан.
2
Каада- салтты, тилиңди да унуттуң,
Улут болсоң, тилин менен улутсуң.
Калем менен түшүндүрүп адамга,
Жаратыңыз, бир элесин "Маңкурттун".
3
Эстен кетпейт "Акбаранын көз жашы",
Сыйла дедиң, табигатты адамды,
өттү десе, Чыңгыз Ата дүйнөдөн,
Ыйлады го, Адам эмес Күн дагы.
4
"Гулсарат"ты токуп минип кеткендей,
Суук кабарга, оозум такыр эп келбей,
Жүрөк кылы, эстегенде сезилет.
Чыңгызым деп, муңдуу күүнү черткендей.
5
"Ак Кеме " ни күтүп жүргөн баладай,
Асылдарын күтсө керек Толгонай,
Ак мөңгүлүү Ала-Тоом тургансыйт,
Ак шумкардан айрылып калгандай.
6
"Эрте жазды, күтсө дагы турналар "
Жазда келип, күздө кайра кетишээр,
Көк асмандан, муңайынкы үн салып,
Бул дуйнөдөн, Сиз өткөнүн сезишээр.
7
Көк асманда "Саманчынын жолунда",
Бараткандай акылмандар, балбандар,
Түбөлүккө калат элдин эсинде,
Сиз жараткан чыгармалар, каармандар.
8
"Кылымдарды карытса дагы бир күн",
Кыялымда жазгым келди бүтпөс дастан,
Караңгыда жанып өчөөр чолпон жылдыз,
Кыргыз барда, Сиз өчпөйсүз эч качан.
капитан
О. Сагынбаев Ички аскерлер,
702 аскер бөлүгү




Банкрот окуучу
Үй-бүлөө толук,
Үйрүлүп түшүп жабылып.
Теше тиктешип,
Телевизордон көрүп жатышса жаңылык.
"-Үч эссе көбөйдү-деп,
Мугалимдердин айлыгы!"
Окулуп калды,
Өкмөттүн жарлыгы.
Ошол замат,
Оор үшкүрүнүп жиберсе,
Отурган кичинекей Мадырайм.
Энеси этектен тартты:
- Эмне болду кагылайын?..
Жер тиктеп, желкесин тырманып.
Жонуна жүк арткандай,
Жооп узатты ыржайып.
- Кара папкеге,
Кабаттап салсам калама нанды.
- Каяка алпарасың?-дечүсүз?
Аны танаписте,
Артына барып мектептин, Алапай агай экөөбүз жечүбүз.
Ич кийимиңизди кээде,
Издеп таппай калчу белеңиз?
Кыйналганын айтып,
Кыттырып алчу,
Класс жетекчи- эжебиз.
Ачканда кубанчусуз чынбы,
Алиги күндөлүк менен дептерди?..
Бартер кылчумун билсеңер ошого,
Бакыйган бештерди!
Агай, эжейлердин,
Айлыгы көбөйсө.
Акчага бөлөнсө.
Карамак беле эми алар,
Калама менен эскини.
Боорум ката электе, банкрот кылат го бул реформанын эпкини.
Балакет басып апа!
Башым чыкпай экиден.
Көз караңгылап кетти,
Көчпөй калаар бекемин жетиден?!
Кыйнообу,
же сыйлообу?..
Жатып алып,
Карап көрсөм ой жоруп.
Эртеңкиңди
Эч кимиси койгону жок ойлонуп.
Жардымын деген менен,
Жалаң эле биздин элде.
Жаткан өңдүү той болуп.
Чакырылдың
Милдет сенин келишиң.
Жалпыбызда
Жазылбаган келишим.
Катоодон өтүп,
Конвертти керек беришиң.
Айланайын
Алтын күз!
Ат чабым зал.
Адам батат,
Ары жагы алты жүз.
Таш жарылып,
Тамадасы бакырып.
Музыкасы,
Мууздагандай чаңырып.
Тамак жебей убарасың
Тарсылдагын кулагыңдын жашырып.
Койгулашып төштөрүн,
Кооз сөздөр башталат.
Уул-келин,
Урматуу той ээси, учурунда жарым сааттан макталат.
Төрт жүзүнчү сүйлөгөндө
Биринчини кайталап.
Таман астың,
Так төбөңдө айланат.
Эстеп улам үргүлөйсүң, ,
- Эмне тилек чыгаар экен оозунан?
Айткан сөзү:
- "Астыңкыга кошулам же
Кошулбайм!
"Алымканды",

"Ак берметти"
Ырдамайын отурбайм!"
Тойгон бирөө кыйкырат:
- "Токтотулсун тантырак,
Токсон мүнөт антракт!"
Алуучудай нобель сыйлыгын.
Той ээсинин чыгарышып
Чый-пыйын.
- Кошумчамды карматтым го
Тиги менен теңме-тең.
Сөгүп жатат,
- Сөз бербейсиң эмне сен?!
Той эмес-бул
Кыянат!
- Амансыңбы?-дегенде,
Акмаксыңбы?-деп угуп.
Дүлөйлөрчө
- Ыялап!
Кишибиз го
Ким бербесин тойлорду.
Чакыр ырас,
Чамаң жетсе досторду.
Бирок кантет таштасак,
Былжыраган тостторду?!
Жолочу Рысбаев








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_14.htm on line 230