Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 2

"Аялдык бакыт - аялдын жандүйнөсү менен эсептеше билген эркекте"
(Башталышы 10-бетте)
Аял качан гана өзүн алсыз анан назик экендигин сезгенде аялдык бакытка эгедер болот. Эгерде коргоочусу, колдоочусу жок болсо аял өзүн өзү коргой баштайт, өзүнө өзү таянат, ишенет. Билинбеген менен аялдын трагедиясы ушунда. А биздин, чыгармачыл аялдардын жандүйнөсү өтө эле сезимтал, морт келет эмеспи. Мен дагы биринчи турмушумдан бакыт табалган жокмун…
- Кеткен тарабыңызга кайрадан кайрылып көрүүгө аракет жасадыңыз беле?
- Аялзатынын ичинен чечим чыгарып, чекит коюшуна жеткирбеш керек. Биздин чечим менен чекит өтө көп убакыт аралыгында коюлат, бирок бир коюлуп калса кайра артка жол жок. Акылдуу эркектер ушуну түшүнөт, аялдын ички дүйнөсүнүн бүтүмүнө жеткиришпейт.
- Бакыттын эрте - кечи жок эмеспи, аялдык бакытты таптыңызбы?
- Жакшы адамга жолуктум. Мени түшүнгөн, колдогон адамга туш келгеним аялдык бакытым эмеспи. Ар бир эле эркектин кудурети аялды бактылуу кылууга жете бербейт…
- Бирок жакшы адамга жолукканга чейинки жолуңуз оор болсо керек. Бакыттын шарты бар эмеспи, мага жетүү үчүн биринчи сыноодон өт, эгер сыноодон өткүң келбесе, кийинчерээк төлөп берээрсиң, деген?
- Көп кыйынчылыкты көрдүм. Негизи чыгармачыл адамдар турмушка ыңгайлашып жашай албайт экенбиз. Турмушту биз башка көз караш менен карап, башка жүрөк менен кабыл алабыз да ошонубуздан көп учурда сынып калабыз. Турмуш кайсы жагына айдаса ошол тарапты көздөй агып, эмнени тартууласа аны ала салууга шыгыбыз жок. Мен 50гө чыгып калдым, эми гана араң турмушка көзүм жете баштады. Бирок ошондо да акыл көбүнчө руханий дүйнөмдүн ылдыйында калып кетет. Заңгыраган үйүм болсо, анда отуруп алып жаза берсем деп ойлоносуң. Бирок ошого жулуна албайсың, кыял бойдон кала берет, а турмушта аны иш жүзүнө ашыруу үчүн ачкөздөнүүгө, жулунууга руханий дүйнөң жол бербейт.
- Сизди курчап турган сезимдерди, эргүүнү түшүндүрүп бере аласызбы?
- Кооздукка суктанам. Кичинекей короо - жайымды гүлгө толтуруп, андан эргүү, тазалык, бийиктик алганды жактырам. Атам багбан болгондуктан чоң багыбыз болоор эле, бала чагымда таң эрте көзүмдү ачаарым менен бакка чуркачумун. Шүүдүрүм түшкөн чөптөрдү аралап, чуркап баратып, бир башкача сезимдерге кептелчүмүн. Алдыдагы күндөр кудум ушул шүүдүрүмдөй таза, чөптөрдөй, бактардай кооз болоордой туюлчу. Чыгармачыл адамдарды канча жыл болсо да ошондой сезимдер таштабайт экен, азыр да ошондогу жандүйнө менен жашайм.
- Анткен менен чыгармачыл адамдардын да арасында интрига деген нерсе арбын эле кездешет эмеспи?
- Балким, ошондой пенделикке алдыргандар чыгармачыл дүйнөгө жаңылыш келип алышкандыр. А балким алардын жолу таптакыр башка жактадыр. Чыныгы чыгармачыл адам, чыныгы таланттуу, руханий байлыкка ээ адам эч убакта ачкөздүк, көралбастык менен оорубайт. Көралбастыкты жандүйнөсүнө каткан адам өмүр бою ошол сезими менен жашайт, жашоонун жакшы жагына аралаша албайт, бийиктикке жетишпейт.
- Кызыңыз да чыгармачыл адам болуп калыптандыбы?
- "Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат" да, кичинесинен менин ырларымды, жазгандарымды талашып окуй берчү. Акын болгон жок, бирок чыгармачыл чөйрөгө башка жагынан аралашты, режиссура тармагында билим алып атат.
- Буулугуп, жандүйнөңүз өзүңүзгө батпай атканда эмне кыласыз?
- Буулукмай жаш кезде болчу. Жашоодо ары - бери кагылып, урунуп калгангабы андай нерсе мени таштаган. Көп нерсени көңүлдүн сыртынан кетирип, буулукпай эле тынч иштөөгө көнгөм.
Гүлмайрам Турусбекова



Мэри Мураталиева
"Агент 007" же Өмүрдүн соңку серенадасы
Сталиндин заманын элестеткен бөлмөмдө отургам. Күздүн күнү караңгы тез кирет эмеспи, саат кечки алты араң болгонуна карабай үй ичи күүгүмдөнө түштү. Жарыкты күйгүзбөдүм. Күйгүзсөм эле төбөсү үстүңө кулачудай болгон тар бөлмөнүн кемчилиги оркоюп көрүнүп, маанайымды түшүрчүдөй. Акыйып аңдыганым телефон. Жаңы таанышым качан чалаар экен. Жумуштан кийин жолугушалы деген болчу. Биздин жумушта чыдамдын өтө пайдасы тийет. Бир орунда он саат кадалып отурганга жакшы эле көнгөм. Бирок бул сапар алапайымды таппай кеттим. Ушул иштин акырына эртерээк чыгарып береги таракандардын ордосуна айланган үйдөн кетсем болот эле. Аңгыча телефонум шыңгырап калды. Дароо эле ала койгон болбойт, деген оюм менен маалкатып барып "алло" дедим.
- Шаарга чыгып келбейлиби, чогуу сүрөткө түшөбүз, - дейт.
- Шааргабы?! - өмүрү шаарга чыкпаган адамдай болуп кубанып койгонду унутпадым, - Мейли!
Машинада баратып, мен качантан күтүп, жооп камдап алган суроолорду берди.
- Кайда иштейсиң? - деди.
- Мурда бир кафеде официант болуп иштечүмүн, азыр ал жактан бошоп кеттим. Жумуш таппай жүрөм...
- Жумуш табылат. Кө - өп акча тапчу жумушта иштегиң келеби?
- Барбы ошондой жумуш? Бизде, Кыргызстанда барбы?
- Бар эмей. Болгону жакшылап издеш керек. Көп капаланба, өзүм таап берем, - деди көздөрүн кымыңдата. Анан бир топко өзүнөн өзү каткырып алгандан кийин кайра суроосун улады: - Канча бир туугансың, ата - энең барбы?
- Үч бир тууганым бар, алар айылда, эжем турмушка чыккан, байкем менен иним эптеп жашап атышат.
- Кайда иштешет?
- Талаада... - өтө эле маңыроо түрүм менен, ушуну да билбейсиңби дегенчелик кылып аны маңыроо сезгенсип айтып койдум. Менин "резюмем" анын көңүлүнө жакты, баягыдан да мага жакындаша түшкөнүн билдим. Мындай адамдарга жеткирип келүү кызматын аткартууга сурап алаар тууганы жок кыздар керектигин жакшы билем.
- Окудуң беле?
- Мектепте окугам. Жогорку билим алайын деп ойлогом бирок турмуш шартыбыз ага мүмкүнчүлүк бербей койду.
- Эч нерсе эмес, уйгурларда кыз канчалык аз билим алса ошончолук ал барктуу келинчекке айланат. Турмушка чыксаң күйөөң багат, мен деле сени чын дилим менен багат элем, - деди.
Унчукпай, бул сөз мага абдан жаккансып күлүп койдум. Ала - Тоо аянтында күндүн бир топ сууктугуна карабай моюнуна фотоаппаратын илип алган бир топ кыргыз жигиттер турат. Ары - бери экиден жетелешип басып, сүрөткө түшө койгон жаштардын да саны арбын.
- Оой, кашкалдактар, мыркымбайлар, - деп каткыра баштады менин жаңы таанышым аларды көрөөрү менен.
- Карасаң, мурундары кыпкызыл, кызыл кашкалдактар, - дейт улам бирин сөөмөйү менен көрсөтө коюп.
- Кашкалдактар дегениңиз эмне?
- Тоодон түшкөндөр да...
Ошондо гана мага жетти, айланада жалаң менин улутташтарым. Тоодон түшкөндөр да биз.
- Менин да кыргыз экенимди унутпасаңыз! - канымдагы бир мүнөз ойгоно түштү, кандай абалда, кандай тапшырма менен жүргөндүгүм саамга унутулуп, баштагы адатыма салып бурк этип алдым.
- Сен аларга окшошпойсуң, - дейт дагы деле күлкүсүн тыя албай жатып.
- Окшошом! Мен да кыргызмын, ошон үчүн окшошом! - катуу айтып алдым көрүнөт, тигинин күлкүсү аздан тарап барып, өңү музга айлана баштады. Ыраңы эң эле суук болуп кетет экен. Ачуусу келгени үчүн эмес, ыраңы суук болуп кеткени үчүн корко түштүм. Абалды кайра жайгарышым керек. Күлүп оюма келгенди сүйлөп баштадым, эмелеки патриоттугумду алыс ыргыта салып, эч нерсеге баамым жетпеген келесоого айландым да калдым. Бир топтон кийин заары жүзүнө чыгып, кашы түктөйүп, көзү асманды карай баштаган өңү ордуна келип, кареги да ылдый түштү. Уфф, дедим ичимден, ужас кинодогу каарман менен бет келиштим окшойт. Кайтып келатканыбызда сурадым:
- Массаж жасаган жакшы эле пайда алып келеби? Күнүнө канча акча табасыз?
- Ой, ошондон пайда болмок беле. Колду эмес, башты иштетиш керек азыркы заманда, - мактануу сезимдери ойгоно түштүбү, келесоо кыздын бет маңдайындагы шансты колунан чыгаргысы келбеди.
- Кантип?
- Ушинтип эле. Менин көп ишим мобул телефон менен бүтөт. Кээде тыңшагыч коюп коет, анысын мен дароо сезем, бирок биз шрифттер менен сүйлөшөбүз, бир эмес миң тыңшагыч коюшса да эч ким түшүнбөйт.
Куулугун кара, тыңшагычты сезгенден кийин, шрифттер менен сүйлөшүшсө демек, биздин версия эң туура. Буйруса туура жол менен баратабыз. Көз адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Олуттуу ой менен алпуруша баштаганым көзүмдөн чагылып калышы мүмкүн. Ошондуктан терезеге тигилип кечки Бишкекти эзели көрбөгөн адамдай таңыркап карап аттым. Менин эч нерсе көрөлек маңыроо экениме жакшылап ишенсин үчүн оозумду жарым - жартылай ачып да койдум.
- Жакшы акча тапсаңыз, анда эмнеге машинеңиз эски? - дедим, кылдырап араң жүргөн иномарка алгач Кыргызстанга келгендеги эң укмуш авто деп саналып, азыр четке сүрүлүп, жада калса пенсионерлер да мингиси келбей калган үлгүнү баамдап.
- Байлыкты жарнама кыла берүү пайдасын эмес, зыянын берет. Мен мыйзамды сыйлаган жөнөкөй адаммын, үч бөлмө жөнөкөй үйүм бар, машинем мына көрдүң эски. Ким мени кайсы бир иш үчүн күнөөлөй алат? Жакында Кыргызстандан таптакыр кетем.
- Кайда?
- Башка өлкөгө. Ал жактан мага жашаганга үй даярдап атышат. Кыргызстанда акыркы кездери демим буулуп кетчү болду. Бир - эки иш калды, ошолорду аягына чыксам эле кетем, сен да даярдана бер, мени менен кетесиң. Ал жактан жаңы жашоо баштайбыз.
Мына кызык, бир таанышкан кызына эле мени менен кетесиң деп ишенимдүү айткан бул кайдан чыккан машаяк? Кеттик десе эле мейли деп ээрчиген кыздар барбы же? Анысын билбейм бирок, билгеним мага ишенди. Менин келесоолугума, өмүрү миң сомдон ашык акча кармап көрбөгөн жардылыгыма, бир туугандарымдын эптеп курсагын тойгузганына сүйүнгөн кыргыздын көп жарандарынын бири экенине, Кыргызстан алы кетип, бийлиги бирикпей чачкын болуп турса эле кыздары да чачкын болуп, кеттик дегендин колун кубанып кармай сала турган абалда экенине ишенди. Эх, акча, эмнелерди гана кылбайсың, сенин карааныңа зарыккан канча деген керилген кыздар, кыргызга кыргыз төрөп берчү кыздар береги кишидей бир ууч улуттун ичине кирип алып, карайлап турганынан пайдаланып карачечекей кыздарын жаман жолго үйрөтүп, эзели кыргыздын ата - бабасы жасабаган наркосоода менен алектенүүгө көндүрүп, жок көндүрүп эмес, жөн гана ошол нерсенин күнөөкөрүнө айлантып, билгизбей түртүп коюп атканы жакын арада ачыкка чыгып, алдыдагы ансыз да жашоонун кууралын тарткан көп кыздардын дагы бир кууралынын алды алынаар бекен...







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_13.htm on line 75