Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 2

Алтынай Темирова:
"Аялдык бакыт - аялдын жандүйнөсү менен эсептеше билген эркекте"
- Чыгармачылыгыңызда кандай жаң-ылыгыңыз бар?
- 2010 - жылы үчүнчү пьесам кыргыз драма театрынын сахнасына коюлду. "Сынык асман" деген бул пьесамдын каражат маселесинен улам бактысы качантан бери ачылбай жүргөн. Өткөн жылдын эсебинен эки котормону кошкондо жалпысынан беш пьесам сахналаштырылды. Биринчи пьесам менен драматургдардын конкурсунда Гран - Приге татыктуу болдум, калгандары да биринчи орунду ээлешип, айтор 2010 - жыл чыгармачылыгымдын жемиштүү жылдарынан болду. "Сынык асманды" Замир Сооронбаев аябай аракеттенип, жакшы койду. Аткарган актерлор дагы өз кесиптеринин чеберлери болгондуктан, көргөндүн бардыгы жеткиликтүү ачылыптыр деп айтып атышат. Башкы каарманды Марат Козукеев ойногон. Бул актер азыр бар тарабынан бүрдөп, чыгармачылыктын жеңишинде турган жигит. Пьеса жаштарга, дегеле көргөн ар бир адамга тарбиялык мааниси бар чыгарма деп айтсам жаңылышпасам керек.
- Чыгарма жаратаарда автор каармандарды ички элестөөдөн курап, облигин жаратып алат эмеспи, бирок ошол ички элестөөңүздөгү каармандарга сахнадагы каармандары төп келбей калган учурда ооруксунуп каласызбы?
- Албетте, андайда жүрөгүм ооруйт. Ар бир пьеса сахналаштырарда ал үчүн санааркап, колдоп, ушул жакшы чыкса экен деген түйшөлүү болот. "Сынык асманды" коердо репетиция жасашып атканда көп барып аттым, кеңешимди берчү жерде берип, сыртынан көрүүчүнүн көз карашы менен карап көрдүм. Менин байкаганым, автор көңүлүнөн мамиле жасаса, актерлор да шыктанып ойношот экен. Айтор, бири бирибизге болгон ички түшүнүүчүлүк, колдоо жогорку деңгээлде болду. Драма спектакли деген биргелешкен чыгарма да. Автор жазса, режиссер сахналаштырып, актерлор аны тереңден ачып беришет. Бул жерде гармония болсо, жыйынтык дагы жакшы болот.
- Москвадагы Адибият институтунун бүтүрүүчүсү эмессизби, окууну аяктагандан кийин ошол жакта калып кетүү мүмкүнчүлүгү бар беле?
- Ал жакта калып да, таптакыр эле башка мамлекетке кетип калсам деле болмок. Антүүгө мүмкүнчүлүк жетиштүү болчу. Бирок патриоттук сезим күчтүү болгон экен. Бизди окуткан окутуучулар "чыгармачыл адам өз мекенинде гана түптөлөт" деп айтышчу. Өз элиңдин тамыры менен тарап, жүрөгү менен кагылып, тарыхына, маданиятына кан - жаныңды берип чыкканда гана чыныгы чыгарма жаралат дешчү. Ошондой духта тарбиялангандыктан башка өлкөнү элестете албай Кыргызстанда гана жашашым керек, кыргызга гана күйөөгө тийишим керек, Кыргызстанда гана чыгармамды кыргыз тилинде жаратып чоң жазуучу - акын болушум керек деген сезим жүрөгүмө уюп калды да. Жаңы келгенде кыйналдым, биз окууну бүтүп келген жыл кайра куруу мезгилине туш болуп, жаңы кадр келди деп баштагыдай квартира бөлүп бере салчу союздун камкордугу жок, өз киндигибизди өзүбүз кескен катаал шартта калдык. Кыргыз кыздарынан Адабият институтун толугу менен беш жыл окуган экөөбүз экенбиз: Сагын Ниязалиева, андан кийин он беш жылдан соң мен окудум. Баштагыдай чыгармачыл адамдарды көтөрмөлөп турган партия жок, бизден мурдагы жазуучу - акындар союздун камкордугуна алынып, китептери чыгып түптөлүп калышкан эле да, а мен болсо квартирадан квартирага көчүп, айлык да аз, жер алгандар менен кошо жер алып, ылай чылагандар менен кошо ылай чылап, түнү ырымды, драмамды жазып, күндүзү жан багуунун аракетин көрүп, жакшы эле чарпылдым. Бирок, деңгээлимди түшүрбөдүм. Союз убагы болгондо балким, көтөрмөлөнүп, ордумду эчак табат белем. Өзүбүздү өзүбүз эптеп, жашоонун бороону менен алышып жүргөндө чыгармачылыкты башка эмес, өзүбүз дагы бапестей албай калат экенбиз да.
- Кап, келбей эле Москвада калып кетсем болмок экен деген өкүнүч болду беле кыйналган учурларыңызда?
- Москвада калганда өз элимди жандүйнөсүнөн, руханий жагынан тааный албай эл менен кошо кыйналып, эл баскан жолду бирге баспай чоочун адамдай сырттан карап калмакмын. Өз элим менен оор - кыйыш учурда чогуу болгонум, өрттөн - суудан өткөнүм, чыгармаларымдын нукура жандуу болуп жаралышына таасирин берди. Кайтып мекениме келгениме өкүнбөйм. Эми акырындан заман оңолуп келатат, ким билет балким убакыттын өтүшү менен чыгармачыл адамдарга болгон камкордук кайрылып келээр...
- Китептериңиз жарык көрүп атабы?
- Көп адамдар айтышат, жолугуп калсак сурашат, качан китебиңди чыгарасың, бир томдугуңду чыгарып эле отура бересиңби, дешип. Бир эмес, эки томдугум даяр турат, каражат жок болсо кайдан чыгармак элем, деп коем.
- Сиз айткан 90 - жылдардан айырмаланып, бүгүнкү күндө чыгармачыл адамдарыбыз бир топ эле бир нукка түшүп калышты окшойт. Мамлекет камкордукка алышпаса да, өздөрүн өздөрү көтөрүп кетишти го дейм?
- Же социалисттик, же капиталисттик доордо эмеспиз. Капиталисттик мамлекеттерде деле акын - жазуучулар жакшы колдоого алынат. Жазуучу беш жылда мындай китептерди чыгарашым керек деп планын көтөрүп барса, карап көрүшүп, жактырышса грант беришет экен, мына акча, беш жыл эч нерсеге алаксыбай, балдарым ачка калды, эртең эмне жейм деген санаа - түйшүккө кабылбай, тынч отуруп чыгармаңды жаз дешип. Бизде андай шарт жок. Мен айтат элем, биздин чыгармачыл адамдарыбыздын күндүз жашоонун камылгасын көрүп, түнү чыгармасын жазып өзүн өзү каржылап да, китептерин жарыкка чыгарып да келатканы биздин сыймыктанчу чоң эрдигибиз.
- Чыгармачыл дүйнөгөдө жашаган аялзаты жеке бактысын курууда бир топ кыйналып калаарлыгын жашоо өзү далилдеп берип жүрөт…
- Жаш кезде сыртынан көрөсүң, сыртын жактырасың, ички дүйнөгө маани бербейсиң. Жашоодогу эң чоң жаңылыштыкты көзгө бийлик берүү менен жаратып алат экенбиз. Эркек аялдан кайсы тараптан болбосун бир сөөм болсо да жогору турса, керек учурда коюнуна катып коргоп алалса, учуру келсе катуураак айтып жемелөөнү да билсе, ошондо аял өзүнүн аялдыгын, алсыз, назиктигин сезет.
(Уландысы 11-бетте)




  Жазуучу, котормочу Турусбек Малабай:

"Жазуучуларды кыйын жолдон сууруп чыгуунун жакшы жолдору бар"
- Турусбек агай, Улуттук жазуучулар союзу акыркы учурларда иш алып барбай калышты деп көп айтышат, бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
- Азыр жазуучулардын абалы оор болуп турат. Оор болгону- жалпы эле мамлекетте, коомдо бүт өзгөрүүлөр болуп атат, мурунку советтик доордон жаңы доорго өткөн маалда көп мекемелер, көп адамдар өз ордуларын таба албай калышты. Эскиден жаңыга тез өтүш үчүн психологиялык, көз караш, маданият жагынан, негизинен көп жагынан дароо өзгөрүп кетиш кыйын. Адамдын психологиясы өзү консервативдүү болот, эскини сактагысы келе берип, жаңыны оңой менен кабыл албайт. Бирок кээ бир адамдар бар, тез кабыл алгандар жаңыча жашоого, жаңыча ой жүгүртүүгө өтүп кетишти. Эскичесинен эле ЦКга, райкомго арызданып көнүп калгандар дагы эле президентке арызданып, Акүйдүн алдына ар нерселерди чоң кагазга жазып алып пикетке чыгып атышат. Илгери райкомго жазам деп коркутушчу, ал учурда чын эле райком эле чечип берип койчу, эми азыр райком жок, партия деген толтура, кайсынысы ал маселени чечип берет дейсиң. Маданият майданында да ошондой болуп калды. Маданият эч кароосуз калып калды. Маданият министрлигин ачып алдык, ал жакшы, акырындап жаңыча иштөө, заманбап жолдор табылып калаар. Маданият десе бизде бир аз башка түшүнүк болуп жатат, көркөм чыгармачылык, маданият үйлөрү, театрлар ,ушуларды маданият деп эсептеп башкалары эсепке кирбей калды. Бизди жазуучуларды,сүрөтчүлөрдү, архитекторлор, композиторлорду өзүнчө бөлүп койду. Маданият деген - акындар ырдын сөзүн жазып берет, композиторлор ал ырга обон чыгарат, андан кийин барып аткаруучулар аркылуу филармонияга, маданият үйлөрүнө, театрга чыгат. Биз ошол маданияттын тепкичтерибиз. Биринчи тепкичи мындай: жаратман деген бар, жаратмандарга акын-жазуучулар, композиторлор, сүрөтчү, архитекторлор кирет. Экинчи тепкич-жаратмандар жараткан нерсени аткаруучулары бар. Эң биринчи жаратмандарды маданият министрлиги карабай калыптыр. Композиторлор союзу да өз казанында өздөрү кайнап жатат ,алар да жыргалга бөлөнүп жаткан жери жок. Киномотогрофисттер да айлаларын таппай жүрүшөт. Ошентсе да эң оор абал жазуучулардыкы. Жазуучулар азыр бомждун кейпин кийип калышты, тилемчи болуп, кокту-колотто ар кимиси өз казанында кайнап, өзүнүн кирин өзү жууп айласын таппай жүрөт. Булардын баары мыйзам ченемдүү, эски коомдон жаңы коомго өткөндө дайыма ушундай кыйынчылык болот. Кытайлыктар каргайт экен "Ылайым эле өткөөл маалда жашап калсаң экен" деп, алардын эң катуу каргышы ушул экен. Анткени алар мындай өткөөл учурду далай ирет баштарынан кечирген. Табият да, коом да өзгөрүүдө, жер титиреп жатат, суу ташкындап, цунами өлкөнү шыпырып кетип жанар тоо атылып жатат дегендей. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок ошондой болсо адам баласы психологиялык жактан мунун баарына даяр болушу керек. Мына, жапандар дүйнөгө кандай үлгү көрсөттү. Жарымысынан көбү талкаланып калганда ууручулук, марадерлук кылып , бирин бири өлтүрүп, сатып, паракорлук кылган жок, аң-сезими жогору, маданияттуу эл экенин көрсөтүп эң чоң трагедиядан чыгып кетишти. Биздики эмне болду, өз-өзүнчө бөлүнүп, жаат-жаат болуп, айыл-айылга, айыл ичинен уруу-урууга бөлүнүп, керек болсо шайлоо учурунда эрди-катын бөлүндү. Кээ бир үй-бүлө эки тарапка өтүп алып ажырашып кеткен учур да болду. Маданият деген аң-сезимдин көрсөткүчү. Маданият десе эле аккардеонду көтөрүп алып барып эки-үч ырды ырдап бергенди ойлобошубуз керек. Маданият деген ар кандай оор абалда өзүнүн аброюн сактап сабырдуулук кылган эл кайра эле бутунан туруп келет. Менин ушунчалык ичим күйүп намыстанып жатканым жазуучулар оор абалга келип калды. Мына жазуучулар эптеп бирөөгө барып таанышып , же бир байды таап алып эшигин кароолчудай кайтарып отуруп жүз нуска, ашып кетсе беш жүз нуска менен китеп чыгарып аны да араң жалдырап сатышып ошону менен бала-чакасын багып атышат. 350 жазуучулар союзунун мүчөсү бар экен. Жазуучулар союзу жок эмес, бар ошолор жазуучулардын ал-акыбалын оңдоону, аларга шарт түзүп берүүнү ошол жерде отургандар уюштуруш керек эле. Анын баарын кылса болот, бирок союзда уламдан улам биринен бири тартып алып, зомбулук менен күчкө салып кууп чыгып, кыскасы жалпы коомдо болуп жаткан көрүнүш жазуучулар союзунда да болуп жатат. Бирок жазуучу деген -коомдун түпкү катмары, кыргыздардын көрөңгөсү. Жазуучулар союзу көрөңгөлүү жай болушу керек, үлгүлүү болуп, жогорудагы маданиятты биз көрсөтүшүбүз керек. Сабырдуулукту, уюштуруучулук, акыл-эстүүлүктү биз көрсөтүшүбүз керек, а биз кайра эки-үчтөн болуп алып топтошуп алып бири-бирибизди жамандап, шыбап, бири-бирибизди сотко берип, керек болсо жакалашып мушташканга чейин барып жатабыз. Ушунун баарын кантип токтотобуз, токтотсо болот эле.
- Жакында курултай болот деген кеп жүрүп атты эле…
- Курултай өткөрүп, иштей турган жетекчиликти шайлаш керек. Биздин союздун эки жетекчилигинин тең иштери сотто, 24-майда жаңы жетекчиликтин ишке келгенине туптуура эки жыл болот, иштей турган жетекчилик ушунча убакыттан бери көзгө көрүнөөрлүк иш аткармак да. Эгерде бир ошондой болгондо мен айтмакмын, айланайын жазуучулар, иштеп атат го, тийбегилечи деп . Эң кур дегенде эки иш аткарып койсо айтат элем. Мурун Омор Султановдун учурунда "Кыргыз адабияты" гезити менен "Жаңы Ала Тоо" журналы чыгып аткан, азыр ал журнал "Турар" басмаканасында чыгып атат.Азыркылар гезит чыгара албайбыз, акча жок дешет, акча таба албаса ал жерде эмнеге отурушат. Анда акча таап ишти жүргүзө ала турган адамдарды коюшубуз керек. Кандай жол менен акча табыш керек деп ошол жерде отуруш керек, таба албасаң ал жерге барбай эле кой. Жазуучулар союзун жетектеп, той үлпөттөрдө барып жазуучулар союзунун жетекчиси болобуз деп ал жерден устукан жеп кеткени болсо андай жазуучулар союзунун кереги эмне. Жазуучулар союзун жетектеген адам ар бир 350 жазуучуга татыктуу турмуш боло тургандай кылып уюштуруп бериши керек.
- Ошол татыктуу жашоону кантип түзүп берсе болот?
- Уюштурса болот. Мисалы биринчи жазуучулардын үйү жок жүргөндөрдү үйлүү кылыш керек. Мен ал жөнүндө парламентке кирип сүйлөшүп чыктым, алар макул, колдойбуз, бирок өзүңөр бир жаңсыл болгулачы дешет. Сүйлөшүлдү, атайын жазуучулар үчүн үй салынат. Экинчиси басмакана ачабыз, аны колдоп жаткандар кимдер экенин азырынча айтпай турайын, бирок ал кишилер бизди айтпай тургула, алгач бир жаңсыл болуп алгыла, андан кийин жетекчилигиңер менен сүйлөшүп басмакана ачып берүүгө даярбыз дешүүдө. Жалаң кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытып чет тилдерге которуп, чет тилдеги адабияттарды кыргыз тилине которуп, китеп-журналдары басып чыгаруу. Ал жерде канча адам иш менен камсыз болуп калмак.

(Уландысы 14-бетте)









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/0513_10.htm on line 50