кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"

п»ї





Каргалар качан жоголот?
Келечек качан оңолот?
Ар бирибиздин эле сайраганыбыз Кыргызстандын келечеги. Жөнөкөй сугатчыдан министр, президентке чейин. Бирок, жаттап айткан сөздү сүйлөп жатканда адам анын маанисин унутуп калат. Кыргызстандын келечеги деген бул элди көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн 100 саясатчы эмес. Министр, президент, премьер-министр эмес. Кыргызстандын келечеги а түгүл 7-апрелден бери жүз бутакка бөлүнүп, жаандан кийинки козу карындай жайнап чыккан Кыргызстандын жаштар кыймылы, уюмдарында да эмес. А түгүл чоңу кичүүсүнө салык салып, бешиктен бели чыкпай жатып криминалдын түйүлдүгүн жараткан мектеп окуучуларында да эмес. Кыргызстандын келечегин бүгүн 7 жаштан 70 жашка чейинки булганып бүткөн муундан күтүш кыйын болуп калды. 20 жылдан бери Кыргызстандын асманын кара таандай каптап, улам бири бийликке жулунган саясатчылар бизди бүгүн ушул акыбалга алып келишти. Жаштарды шылуундукка үйрөткөнү аз келишкенсип, класском десе, авторитети түшүп кетчүдөй, мектеп парламенти, мектеп президенти, класс президенти, окуу министри, маданият министри деп мектепке чейин саясатты сүйрөп келип жатышып, баарын булгап бүтүштү. Баланын баладай, чоң кишинин чоң кишидей орду болбой, баары башаламан аралашты да калды. Кыргызстандын келечегин эми 7 жашка чейинки наристелерден эле күтпөсөк, башкасына ишенич жок. Бирок, жети жашка чейинки келечектин көзүн ачыш үчүн Кыргызстандын асманы ачык болуш керек. Ал эми Кыргызстанда асман бүгүн ачык эмес. Күндүн көзүн жаап калган, элди тажатып бүткөн жүздөй карга жаап калган Кыргызстандын асманын. Биз бүгүн күндүн көзүн аччу жолду издебей эле, ошол жүз саясатчынын кимиси президент болот деген төлгө салмайга өттүк. Бири да татыктуу эмес президентке. Биз бүгүн керемет менен келчү лидерди издегенден да жалкып турган учурубуз. Бизге бүгүн "ким президент болуш керек" дегенден мурун "Кыргызстандын асманын кантип тазалайбыз, кара таандай каптаган каргалардан?" деген суроо актуалдуу болуп турган учур. Асман бетин каптаган кара каргалардан тазаланганда гана күн чыгып кар астынан байчечекейлер да баш багып жашоого мүмкүнчүлүк алышат.










??.??