Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


"Кыргыз рухуна" 20 жыл
"Кыргыз Рухун" айланчыктайт рухуңар, элесиңер жашайт биздин жүрөктө...
"Кыргыз Рухунун" 20 жылдыгына карата редакцияга өмүрүнүн азбы - көппү жылдарын арнаган журналисттер менен маек уюштуруп, өткөн күндөрүнө саякат жасатып келатабыз. Редакцияга жаштыгын, сүйүүсүн калтырган тирүүлөрдүн саны арбын болсун, анткен менен өмүрүнүн акыркы ирмемдерин үч кабаттуу имаратта калтырган адамдар да бар. Каза болгонун укканыбызда ичибизден өрт чыккандай, кайышканыбыз менен убакыт өз эрежесин бекем кармап, мезгил алмашкан сайын элестер алыста калып бараткансыйт. Калил Жамгырчиев, Сейит Сасыбаев, Эрнис Назалов аттуу журналисттердин көкүрөгүнөн тамган тамчылары гезиттин архивинде калды, "Кыргыз Рухунда" алардын рухтары бар, а элестери кесиптештеринин жүрөгүндө. Жыйырма жылдык бул адамдардын да эмгегине, калемине, кыска өмүрлөрүнө таандык. Кайрылбай кетсек, айтпай кетсек болбостур, калемдери менен эчен адамдардын портретин тартышты, акыйкатты издешти, бирөө булардын калеминен аброй тапса, экинчиси аброюн жоготту. Бирок өздөрү гезиттин көпчүлүккө урунбаган бетинде жашап өтүштү...


...Мезгилдин өктөмүнө батып кетти,
Арманын ак баракка жазып кетти...
Калил Жамгырчиевди кесиптештери жумшак гана "Калил аке" аташчу. Эч кимге катуу кеби, орой мамилеси жок, тазалыгынан жазбай жашап өттү. Тазалыктан жазбай жашап өтүү ар бир эле адамдын бешенесине жазыла бербейт экен. Жай басып, жай сүйлөгөн, бирок курч макалалары менен гезитке көрк берген Калил акени кесиптештери төмөнкүдөй эскеришти.
Мамат Сабыров экөө чогуу кабылган бир окуяны маркум журналисттин элесине кабыла, бир кейий, бир жылмайып айтып берди эле: "Бизден улуураак болгону үчүн Калил аке деп койчумун. Ак көңүл, жумшак киши эле. Бир жылдары Жалалабатта иштеп атты, ошол кезде ал тарапка командировкага барып калдым. Бараарым менен Калил акени издеп таптым. Менин баргандагы максатым оор абалда кароосуз калган Таш - Көмүр, Көк - Жаңгак сыяктуу кичи шаарлар тууралуу репортаж даярдоо эле. Калил акени жаныма алып Көк - Жаңгакка жөнөдүк. Барып адамдар менен сүйлөшүп, ишибизди бүтүргөн соң, келатканбыз. Көк - Жаңгак шаары ылдыйда, автобус өтчү көчө дөңдө. Дөңгө чыгып автобус күтүп калдык, арыраакта таксилер турган сурасак, асмандын башын айтышканынан автобус эле күтөбүз деп атканбыз. Аңгыча эшектин эки жагына фляга артып, үстүнө кичинекей бала минип алып кетип баратканын көрүп калдым. Көзүмө жакшы көрүнгөнүнөн улам фотоаппаратым менен тартып ала койдум. Ары жакта төрт - беш жергиликтүү балдар бизге көңүл бурушпай эле ичишип отурушкан эле. Сүрөткө тартаарым менен бирөөсү: "Эй, фотограф, иди сюда", деп кыйкырып калды. Карасам, бир топ кызымтал болуп калган немелер. Барсам мушташ чыгаарын билдим да, укмаксан болуп тура бердим. Менин унчукпай койгонум кыжырын келтирдиби, бирөөсү биз тарапка басты. "Калил аке, качалы", деп эле кымбат деп кыңырылып аткан таксиге отура калдык. Машина жүргүчө болбой мас жете келди. Колунда килейген ташы бар. Таксист тааныйт экен, андай айтса да, мындай айтса да болбойт. Мени көрсөтүп, "түшсүн" дейт. Калил аке бирөөгө эзели жамандык ойлобогон жоош - момун киши эмес беле, мен деле мушташка жокмун, экөөбүз эмне кылаарыбызды билбей калдык. Айла кеткенде машинадан түшүүгө туура келди. Ошол кезде шаарда кароосуз калган имараттарга марадерство болуп, аны кайтарууга ОМОНдордун наряды жөнөтүлгөн эле. Ошолор келип калбаспы. Таш көтөрүп, кызымтал болуп турган баланын түрүнөн эле байкашты көрүнөт, дароо кармашты. Ошентип Калил аке экөөбүз бир таяктан кутулганбыз."
Жаркын Темирбаева да Калил акени жакындан тааныган журналисттердин бири. Кайсы бир жылдары чогуу иштешкен. Тирүүчүлүктө, өзгөчө журналистикада чогуу иштешкен кесиптештериңдин саны арбын болот. Бирок алардын баары эле көңүлүңө сүртүлүп кала бербейт. Ал эми Калил аке көп кесиптештеринин элестеринде ачык тамгалар менен жазылып калганы айкын. "Калил деген... кыргыздын момундугунун жүзү Калилдин баскан - турганынан көрүнүп турчу да. Өзү адамды анчалык таң калтырбагандай, көптүн бириндей көрүнсө да калеми аябай жатык болчу. Башка эмес, сын макалалары да көркөмдүккө эгедер болуп, адамдын жүрөгүнө жетээр эле. Эгерде Калилдин ордунда башка адам болсо, гезитке жазгандарынан эле чоң китеп даярдап коймок. Бирок, бул бала жутунбады, көпкө аракет жасабады. Кыргыздын турмушу өзү жүдөмүш турмуш да, анткен менен кээ бирлерибиз андан чыгууга жанталашат эмеспизби, ал эми Калилге жүдөмүш турмуш дагы өз кереметин берген сыяктуу, андан да бир өзүнчө күч - кубат алган сыяктуу чыгууга таптакыр умтулбай койду. Баарына кайыл, баарына ыраазы болуп, болгон бугун калемине төгүп жашап кетти...", дейт Жаркын эже...


"Мен кайрадан бул дүйнөгө жаралам" (Сейит Сасыбаев)
Сейит байке тууралуу жазуу абдан оор... Аны эстесем эле көз айнеги элестейт. Ошол көз айнегинин ары жагындагы көздөр өтө терең анан өтө мээримдүү болчу. Эч кимден кеп - кеңешин аябаган, билбеген нерсеңди сурап калсаң шашылыш жазып аткан макаласын таштай коюп, бар дити менен эки саат бою болсо да түшүндүрүп берүүдөн чарчабаган адам эле. Эч ким тынчын албаса компьютеринин маңдайынан эзели жылчу эмес. Көңүлгө тийип алуудан абайлачу беле, өтө этияттап сүйлөгөн, токтоо, жумшак адам катары көз алдыбызда кала берди...
Бир күнү адаттагысындай түн киргиче иштеп, үйүнө кеткен бойдон кайрадан жумушка келбеди. Токтоо баскан караандын ордуна "каза тапты" деген суук кабар жетти. Кечээ эле арабызда аралашып жүргөн байкебиздин каза тапканына ишенип - ишене албай, ээн калган оруну да көзгө комсоо көрүнүп, азыр каалганы ачып кирип, компьютерин жандыра салчудай болгон сезим көпкө чейин баарыбызды үмүткөр кылып жол караткан. Өлүмдүн актыгын билгенибиз менен үмүттү жок кылуунун жолун билбедик...
"Кыргыз Рухунун" 2006 - жылдын 28 - мартындагы чыгарылышы Сейит байкесиз чыкты. Анын макалаларынын ордуна төмөндөгүдөй эскерүү кеткен эле: "Сейит мырза... Калемсаптарыңыз, кагаздарыңыз сиз койгон боюнча калыптыр. Калыптыр баары...
А сиз бизге карап мындай деп жаткандайсыз: "Мончоктогон жашка айланып булуттар, нөшөр болуп бейитимде жатышса, соороно албай соолукташып тереңден, суулар бетин буусу менен аарчышса, табигаттын чаңырыгы чагылган, чарт жарылып чөл түбүнө чөмүлсө, тээ алыстан Ай сумсайып башкача, нуру менен издегендей көрүнсө, жалт каратып жалоорутчу дүйнөмдү, жан - жаныбар түнөгүндө жок болсо, чокулары көк бетине сайылган, аска - зоолор күңгүрөнүп жоктошсо, баары мени, баары бирдей жоктошуп, баарыңарды кайгы басса калдайган, наристелик ыңаалаган үн менен, мен кайрадан бул дүйнөгө жаралам..."

...Калемиңе төгүп өмүр ыр - чырын, Калемиңден таптың өлүм чындыгын...

"Кыргыз Руху" гезитинде 19 жашынан тартып сырт кабарчы болуп иштеп баштаган Эрнис Назалов 2003 - жылы Ош шаарында иш сапарында жүргөн жеринен киши колдуу болуп каза тапкан. Жакындан билгендердин айтуусунда журналист ошол кезде аты аталбаган кайсы бир чиновниктин мыйзамды бузган кылык - жоругун чагылдырган макала жазып, бирок гезитке жарыялоого үлгүрбөптүр. Журналисттин өлүмү менен бирге табышмактуу макала да жоголгон. Кайсы чиновник тууралуу кандай компромат тапканы белгисиз бойдон калып кетти.
2003 - жылдын 14 - сентябрында тааныштарынын үйлөнүү тоюна барган Эрнис той аягына чыкканда чогуу баргандарынан бөлүнүп, жердеши Ильяс Агыбай уулу менен жолугуша турганын айтып калып кетет. Эртеси журналисттин жансыз денесин Карасуу районундагы Увам каналынын жээгинен табышкан. Соттук - медициналык экспертизада денесиндеги көгөргөн тактар, башынын канталаганы аныкталганына карабай, сот иши жүргүзүлгөн эмес. Ал турмак Назаловду акыркы жолу тирүү көргөн күбө катары Ильяс Агыбай уулу да суракка чакырылган жок.
Эрнис өмүрүнө эрте келчү өлүмүнүн кабарын сезгенби, жаш курагына карабай көп нерсеге үлгүрүп калууну көксөчү экен. 21 жашында "Кыргыз Ордо" гезитине башкы редактор болуп, студенттик "Цивиндем" эркин гезитин негиздөөгө дарамети жетип, мамлекеттик стипендияга татып, жаштыгынын курчтугуна салып, курч макалаларды жазууга батынган таскагы катуу жаш жигит белгисиз бирөөлөрдүн колунан 25 жашында өлүм тапты.
Бир үйдүн жалгыз уулу, атанын жалгыз үмүтү, ыр жазып, аңгеме жаратып "Ала - Тоо - 97, 98" жаш акын - жазуучулардын фестивалынын катышуучусу өзү сүйүп, өтө ардактаган журналисттик кесибинде көпкө өмүр сүрө алган жок...
Гүлмайрам Турусбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика