Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


АКШ алакан чапты. Кыргызбай бош эмес-майрам!
1.Июнь коогалын иликтеген эл аралык көз карандысыз комиссиянын берген отчетунун кайсы жагдайларына макул эмессиз?
2. Бул отчет өлкөбүздүн саясый кырдаалына кандайдыр бир таасирлерин тийгизе алабы?

Июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын 3-Май күнү жарыялаган отчету бир топ саясый чуулардын башы болуп калчудай көрүнөт. Эмитен анын тегерегинде көптөгөн талаш-тартыштар башталды. Бийлик төбөлдөрү бул комиссия отчетунун басымдуусуна макул болгону менен коомчулуктун карапайым катмары нааразычылыктарын интернет булактары аркылуу ачык айтып чыгышууда. АКШың болсо океандын ары жагында жатып алып отчеттун суусу кургай электе "Ай, маладес! Жакшы жазылыптыр" деп үн созгонго үлгүрдү. Ал эми биздеги өздөрүн өлкөнүн саясый элитасыбыз деп эсептешкендердин жоон тобу "толук таанышып чыга элекпиз", депутаттар болсо "шайлоочулар менен жолугушууга кеткенбиз" деген шылтоолор менен комментарий берүүдөн өздөрүн сак-сактап турушат. Жалаңтөш бирин-серин саясатчыларды, жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн кошпогондо, демейде бирөө сүйлөп-сүйлөй электе оозун жыра тартып, төө бастыга алып кирчү бул эргулдар бири-бирин аңдышып, "ким эмне дээр экен" дешип, урунттуу мерчемди күтүп жатышкандай. Балким, бир билгендери бардыр. Неси болсо да удаа келген кызыл менен боёлгон даталар түгөнүп, эс алышып алган соң, 10-майдан тартып аталган комиссиянын отчету туурасында маалымат айдыңдарында жамгырдан кийинки козу карындай жайнап чыгышаары анык. Көчөдө майрамдар тизилип турса…


Качкын Булатов, укук коргоочу:
"Убактылуу Өкмөттүн, анын ичинде УКМКнын түздөн-түз жоопкерчилиги ачыкталган эмес"
- Бул эл аралык комиссиянын июнь коогалаңы боюнча өз ишинин корутундусунда көп нерсени алып чыккан жок. 7-апрелден кийин эле КРдагы саясый абалдын курчушу менен улут аралык жиктердин чоңоюп баратканын айтыптыр да, ошол эле мезгилде Убактылуу Өкмөт муну же байкаган эмес, же баа берген(көңүл бурган эмес) эмес дейт. УӨ кантип байкабай койсун, эл тарабынан маалыматтар тынымсыз эле айтылып жатса. Бул жерде эң эле башкы күнөөкөрлөр деп так айтылган эмес. Болбосо, УӨ менен УКМКнын түздөн-түз мында жоопкерчилиги болушу керек эле. Ал күндөрү К.Дүйшөбаев деген УКМКнын чоңу Ошко бир дагы басып барбады. Дээрлик эки ай убакыт бул кызмат эмне менен алектенгени таңкалыштуу, баардыгы улут аралык мамилелер күндөн-күнгө тереңдеп баратканын билет да УКМКсы менен УӨ байкабай калганы, же ага маани бербей койгону эмнени каңкуулайт? Керек болсо элди бир нерсеге алаксытуу үчүн атайын УӨ тарабынан жасалган болушу мүмкүн деген пикирлер да коомчулукта басымдуу. Кийин эле К.Дүйшөбаев ММКлардан түшпөй жылдыз болуп "террорчулардын" эң бир кыйын тазалагычы болуп чыга келди. Ал террактардын да канчалык чын-жалган экендигин мезгил өзү көрсөтөт. УКМК айланасында канчалык терс пикирлер болбосун анын жетекчилигине карата Президент тарабынан эч кандай реакция жасабагандыгы да негедир табышмак бойдон калууда. Отчетто ошондой эле ИИМдин милиция кызматкерлери да башаламандыктан пайдаланып, талап-тоноолорго катышкандыктарын, байлар байлыктары менен кутулуп, ортодо акча чоң роль ойногондугун, колунда жок кыргызыбы, өзбегиби, аларды уруп-сабоо менен баягы эле бечараларга запкы бергендиктери туурасында ачык айтылган эмес.. Реалдуу алганда мындан башка тергөө иштеринде да жеке кызыкчылыктар биринчи орунга чыгып, коррупция туурасында ачыкталбаптыр.
Мындан башка комиссиянын КР бийлигине берген сунушунда "мамлекеттин түштүгүндө өзбек тилине регионалдык жана муниципиалдык деңгээлде атайын статус берилип, бул тилде официалдуу бланктарды, жарыя, билим берүү, маданият иш-чаралары жана юридикалык кызматтар өзбек тилинде да жүргүзүлүүсү керек" дегени, андан ары К.Батыровдун Кыргыз-өзбек эл аралык университетин кайрадан куруп, анда билим берүү үчүн лицензия берүү, о.э. Кыргыз улуттук теле-радио берүүлөрүн кыргыз, орус тилдери менен катар өзбек тилинде да жүргүзүү керек" деген сыяктуулары чектен ашып кеткен. Андай эле боло турган болсо кайрадан эле ич ара тымызын конфликттер күч алат. Ырас, Кыргызстанда жашагандан кийин кимиси болбосун анын мамлекеттүүлүгүн таанып, мамлекеттик тилди кадырлап, сыйлаш керек. Орус тили-расмий тил. Эми өзбек тилине регионалдык же муниципиалдык деңгээлде сатус берсек, эртең эле башка азчылыктагы улуттар "биз мына, көбөйдүк, бизге дагы баландай деген статус бергиле" деп чыгышпайт, мамлекеттүүлүгүңөрдү жоготпойсуңар" деп ким кепилдик бере алат?
- Сөзсүз таасирин тийгизет. Себеби, бул Эл аралык комиссиянын маалыматы менен ошол эле баардык эл аралык ар кандай багыттагы уюмдар эсептешет. Билим берүү, социалдык камсыздоо, жакырчылыкты жоюу, медицина тармактарында, айтор, бизге келчү кандай гана гуманитардык жардам, гранттар, инвестициялык булактар болбосун ушул маалыматтарга карап оң же терс багыттагы таасирин тийгизбей койбойт. Ал эми учурда мамлекет өз элин өзү эптеп бага албай жатканда бул деген чоң саясат. Демек, кааласак дагы калабасак дагы өлкөбүздүн саясый кырдаалына эң чоң таасирлерин тийгизет.


Марат Казакпаев, саясат таануучу:
"Комиссия өз укугунан чыгып, мамлекеттин ички ишине кийлигишип кеткен"
- Отчет толук кандуу чыгарылган эмес деп айтсак болот. Ал кыскача гана берилген, эгерде толук берилсе бул кайрадан эле чыр-чатак чыгарууга алып келиши мүмкүн. Аталган отчетто негизинен бир улутка гана басым жасалып, кыргыз элин улутчул деп күнөөлөгөнгө аракеттери байкалат, болбосо бир өлкө ичинде жашаган кыргызыбы, өзбегиби, дунганыбы, кимиси болбосун Кыргызстандын-бир мамлекеттин атуулдары саналаары эске алынган эмес. Булардын эң негизги максаты июнь коогалаңынын келип чыгышынын себептерин, ким, же кимдер тарабынан уюштурулганын обьективдүү изилдөө керек эле. Баардыгыбызга эле белгилүү болгондой жаңжал өзбек сеператистери тарабынан башталганы айтылган эмес. Күнөөнү Убактылуу Өкмөт, күч структураларына, жергиликтүү башкаруу администрацияларына бир тараптуу оодарууга басым жасалган. Туура, булардын да жоопкерчилиги кандайдыр бир деңгээлде бар. Ошол эле мезгилде күч стуктураларынын жергиликтүү администрация, жергиликтүү лидерлер менен биргеликте болгон аракеттери менен согуш отун токтотуп калганы жөнүндө да эч нерсе жок. Дагы бир орчундуусу, аталган эл аралык комиссия Кыргызстан бийлигине карата өзбек тилине регионалдык деңгээлде статус берүү сунушу өтө одоно, өз укуктарынан, милдеттеринен тышка чыгып, мамлекеттин ички ишине кийлигишип кетүү катары саналат. Мындай маселе ар бир мамлекеттин, андагы элдин өз иши, демек, андай нерселер көпчүлүктүн макулдугу, т.а. референдум аркылуу гана мамлекет өзү чечээрин унутуп коюшкан. Негизинен Президент, Премьер-министр "биз бул отчетуңарга макул эмеспиз, мунуңар эки элди ынтымакка чакырмак турсун тетирисинче тирешүүнү дагы күч алдырышы мүмкүн, болбойт" деп ачыгын эле айтыш керек болчу.
- Албетте. Кыргызстан мамлекети бир нече эл аралык уюмдарга мүчөбүз, бир нече эл аралык конвенцияларга кол койгонбуз. Ошондуктан, бул корутунду өлкөбүздөгү саясый кырдаалга сөзсүз таасирин тийгизет.


Токтайым Үмөталиева, Өкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы:
"Кыргыз эли менен мамлекетине каршы уюштурулган отчет"
- Июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссиянын отчету улуттар аралык жаңжалга түрткү болушу мүмкүн.Бул корутунду алдын- ала даярдалган, кыргыз эли менен Кыргызстан мамлекетине каршы уюштурулган отчет деп эсептесек болот. Анда окуянын чын-төгүнү терең иликтенип, анализделбеген. Кимдир-бирөөлөрдүн оозеки же башка фото, видео материалдарын үстүртөн документ катары кабыл ала беришкен. Өткөн жумада эмнеге жергиликтүү интернет маалымат булактарында Эл аралык комиссиянын отчетунан үзүндүлөр жарыяланды? Бул коомчулук эмне дейт болду экен деген түрдө элдин маанайын, ой-пикирин алдын ала билип, ага көндүрүү аракети болгон. Каза болгондордун 75%ы өзбектер дегенин кайсы документтер менен далилдей алышат? "Иликтөө учурунда сурамжылоого катышкандардын 45 пайызы өзбектер, 40 пайызы кыргыздар, калганы белгисиз (аныкталбаган) улуттар, каза болгондор болжол менен 470, зордук көргөндөр болжол менен 20дай" деген өңдүү так эмес маалыматтар көп. "Мусулманчылыкта, жай аптабында жерге берилген маркумдардын сөөктөрүнөн анын кайсы улутка тиешелүү экендигин так саноого дегеле мүмкүнбү? Ошол эле учурда эмнеге 10-11-июнь күндөрү Оштун тегерегиндеги жүздөгөн дайынсыз жоголгон жаштар тууралуу, Кара-Суу РИИБнин начальниги айдоочусу менен, Базар-Коргон районундагы милициянын майору М. Сулаймановдордун жырткычтык менен өлтүрүлүп, сөөктөрү күйгүзүлгөндүгү, денелери кескиленгендиги тууралуу бир да жерде айтылган эмес. Дегеле, бул комиссия өлкөдөгү улутчулдук, этникалык маселелер, андагы "этника" деген түшүнүккө туура эмес мамиле жасаган. Аталган комиссия жаңжалды изилдөөдө иликтөөнүн методологиясын четке кагып, салыштырма талдоо жүргүзүүнү колдонгон эмес. Корутундусунда болсо кыргыз бийлигине өзбек тилине регионалдык статус бергиле деген сунушун да киргизген. Өзбек тили жоголуп бараткан тилдерге кирбейт, республикабыздын түштүк аймагында көпчүлүк өзбекче сүйлөшөт, нары өзбектердин өзүнүн мамлекети бар. Демек, бул тил андай зарылдыкка муктаж эмес. Комиссиянын корутундусу менен анын алдында жарык көргөн "Көркоонун мезгили" ("Час шакала") китеби үндөшүп турат. Менимче, бул отчет улуттар аралык жаңжалдын чыгышына түрткү болот. Эл аралык комиссия сепаратисттик маанайларды колдоого албай, тескерисинче, мамлекеттин интеграциялык саясатты бекемдөөгө карата сунуштарын киргизүү керек.
Биз, коомдук уюмдар, биргелешип июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын жана эл аралык комиссиянын корутундуларын салыштырып, талдап, 15-майдан кийин бул боюнча кеңири маалымат беребиз.

Бакыт Молдалиев





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика