, 06.05.11 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Азизбектен азил кеп

Биздин замандын
"Кыз Жибеги"

Катышуучулар:

Кыз Жибек.
Каршыга хан
Бекежан
Төлөгөн
Шеке (Төлөгөндүн ырчысы)
Хан ата (Төлөгөндүн атасы)
Көпөс
Картаңбек.С.С


1-көрүнүш
Каршыга хан:
- Бекежан баатыр, сиздин эрдигиңиз менен душмандардын сазайын колуна бердик. Мен мына Башмыйзам жазып, жарлык кылган атам, душмандарды жеңгениңиз үчүн каалаганыңызды алыңыз.
Бекежан:
- Каршыга ата, мени менен Кыз Жибектин башын кошуңуз. Менин сизге да керегим тийет. Кыз Жибекке баш кошсом, үчөөбүз бир коалицияга биригип душмандарга алдырбайбыз.
Каршыга хан :
- Айтканыңыз аткарылат.Кыз Жибек сиздики дей бериңиз.
Бекежан:
- Ырахмат, хан ата. Мен сиз үчүн кызмат кыламын.

2-көрүнүш
Төлөгөн:
- Кыз Жибек мен сени бир көрүп эле сүйүп калдым.
Кыз Жибек:
- Менин башымды Бекежанга байлаган атышат.
Төлөгөн:
- Эч нерсе эмес Бекежанды жекеме -жекеге чакырам.Кагылайын Жибекжан, сага арнаган ырымды укчу.Кана Шеке ырчым ырдап койчу?!
Шеке ырчы:
- Ата-Журт, Ата-Журт, Ата-Журт…
Кыз Жибек:
- Мен деле ырдаганды билем. Республикам…Республикам…
Бекежан:
- Сен эмне менин Жибекжаныма ырдап атасың. Мыйзам боюнча Кыз Жибек меники. Ишенбесеңер Каршыга хандан сурагыла.
Төлөгөн:
- Биздики "любовь с первого взгляда" болуп атпайбы.
Бекежан:
- Андай болсо жекеме-жекеге чык.
Төлөгөн:
- Бокс мээлейин кийейинби?
Бекежан:
- Жок, найза менен сайышабыз.

3-көрүнүш
Бекежан тарап ( сан кол ураан чакырып атышат):
- Бекежан! Бекежан! Бекежан!!!
Шеке ырчы (жалгыз ураан чакырып атат):
-Акжол! Ак жол! Акжол!!!
Каршыга хан:
- Эмнеге "Ак жол" деп ураан чакырып атат?
Картаңбек.С.С:
- Мурун "Ак жол" партиясынын мүчөсү турбайбы.
(Бекежан менен Төлөгөндүн сайышы башталат. Кыз Жибек чуркап келип ортого түшөт)
Кыз Жибек:
- Айланайындар. Жоо жакалап турганда ынтымакка келели.
Бекежан:
- Экөөбүздүн бирибизди танда.
Кыз Жибек:
- Сиз душмандан сактап эли-журтума жакшылык кылдыңыз. Бирок мен Төлөгөндү сүйүп калдым да. Экөөңөрдүн жебеңерди бергиле.Кимиңердин жебеңер мага туш келсе ошол менен баш кошоюн. Кимиңиздики туш келбесе ал деле коалицияда №2чи болуп калсын.
Төлөгөн:
- Мен, макулмун.
Бекежан:
- Мен да…(кол алышат)
(Кыз Жибек көзүн таңып, Төлөгөндүн жебесин тандайт)
Шеке ырчы (ырдап жиберет):
- Балам,балам жан балам,
Айланайын Эламан…
4-көрүнүш
Бекежан:
- Хан ата Кыз Жибекти мени менен баш коштуруңуз.
Каршыга хан:
- Мыйзам боюнча Кыз Жибек Төлөгөнгө баш кошмой болду го.
Бекежан:
- Душман жакалап турганда мен керекмин. Душман жокто каяктан сандалып келген Төлөгөн керек болуп калдыбы. Мен сизге канча жакшылык кылып, жоого бет маңдай чыктым.
Каршыга хан:
- Мыйзамды сыйлайлы Бекежан баатыр.
Бекежан (ачууланып ордунан турат):
- Ушул мыйзам өз башыңызга тийет. Мен кеттим! Тентип келген Төлөгөн менен душмандан коргонуп ал! (кетет).

5-көрүнүш
Кыз Жибек:
- Бекежан кетип калды. Душман каптаса эмне кылабыз?
Төлөгөн:
- Позор! Позор! Бокс перчаткам турганда душмандан коркобузбу?
Кыз Жибек:
- Хан атаңа барып батасын алып келбейсиңби. Балким ал дагы экөөбүзгө көмөк көрсөтөт.
Төлөгөн:
- Эртең хан атама барып экөөбүзгө бата сурап келем, Ырда Шеке?
Шеке ырчы:
- Ата-Журт, Ата-Журт, Ата-Журт…
Төлөгөн:
- Кокус экөөбүз баш кошуп калсак ушул ырчыма үлкөн кызмат берели.
Кыз Жибек:
- Менин деле жуунтуп, буту-колумду сүртүп жүргөндөргө кызмат беребиз.
Төлөгөн:
- Кудай буюрса беребиз. Хан атам батасын берсе үчөөлөп баарын талкалайбыз.

6-көрүнүш
(Төлөгөн кестик менен ташка тамга салып жаткан учур)
Бекежан:
- Менин жериме эмне үчүн келип алып тамга салып атасың?!
Төлөгөн:
- Бул жер сиздин жериңиз эмес, бүт кыргыздын жери го.
Бекежан:
- Бул жер солтонун жери. Бул жерге менин гана тамгам, же Хан атаңдын тамгасы туруш керек!
Төлөгөн:
- Бекежан ага мен Хан атамдын тамгасын түшүрүп атам гой. Мына барып батасын алып келем. Анан сиз менен эркекче сүйлөшөм.

7-көрүнүш
Хан ата:
- Мен сени Каршыганын карчыгасын сындырып, Бекежанды кул кылып, Кыз Жибекти күң кылып кел дебедим беле. Сетирейип Кыз Жибекке баш кошом дегениң акмакчылык. Туурабы?
Көпөс:
- Мына мага вертолет,анан миң жылкы берип атасыз.Биз Орус империясы сизге жардам беребиз.
Хан ата:
- Тээтиги ырчыга элүү балак ургула.
Төлөгөн:
- Хан ата мага аскер бер.
Хан ата:
- Көзүмө көрүнбөй жогол! Тапкан экенсиң кайдагы бир Каршыганы душмандан коргойм деп, катындын сөзүн сүйлөп калыпсың.
Төлөгөн:
- Хан ата мага батаңызды бериңиз?!
Хан ата:
- Батадан айлан (Көпөскө карап) Бата бергенди билбейм да.
Көпөс:
- Христианча эле бата берсе болот.
Хан ата:
- Жок, Кыз Жибекке батамды бербейм.
Шеке ырчы:
- Төлөгөн Кыз Жибекке бара бер, мына мен батамды берем.Кокус коалиция түзүп калсаңар мени унута көрбөгүлө. Мында балак жегеним үчүн вице-премьер-министрди бересиңер.
Төлөгөн:
- Мен кеттим хан ата.
Хан ата:
- Артыңан бир кишибиз басып барбайт.Менин тилимди албай Кыз Жибекке баш кошуп оңбойсуң. Экөөбүз бириксек барын талкаламакпыс.
Төлөгөн:
- Хан ата, батаңызды бериңиз…
Шеке ырчы:
- Ак жол! Ак жол! Ак жол!!
Хан ата:
- Оо, Иусус Христос ата, булардын жолун бууп кой, Аминь!

8-көрүнүш
Бекежан:
- Эй,эмне сен жалгыз келатасың?
Төлөгөн:
- Хан атам тескери батасын берип койду.
Бекежан:
- Анда мындай кылалы, сенин жалгыз колуңдан эмне келет эле. Каршыга болсо мыйзамын жазып жата берсин. Кыз Жибекке экөөбүз тең баш кошолу. Бирок, биринчиси мен болом.
Төлөгөн:
- Кыз Жибек эмне дейт?
Бекежан:
- Кыз Жибек жыргабайбы. Өкмөт жакка келсе меники болот, парламентке барса силердики болот.
Төлөгөн:
- Мен Кыз Жибектен түңүлүп калдым эле,сиздин оюңузга кошулам.Менин жанакы ырчыма өкмөттө үлкөн кызмат болсо болду го.Анан куда-сөөктөрүм бар.
Бекежан:
- Ал жагынан коркпо.Сага 28 майлуу устукан беребиз.Каалаганыңа бере бер.
Төлөгөн:
- Чын элеби?
Бекежан:
- Мен чын сырымды айтайын жанагы кинодогудай сени артыңдан жаа менен аткым келип аткан.Бирок, өзүм барып өлтүрдүм деп айтмак эмесмин. Төлөгөн душмандын колунан каза болду да деп Кыз Жибекке баш кошуп алмакмын. Аттиң, бирок жан сакчыларың күчтүү экен.Менде да проблема бар.Каршыга хан менен да тил табыша албай койдум. Бирдеме десем эле мыйзам дейт.Мыйзам менен эгиз туулгансып, мыйзамы тажатып да бүттү.
Төлөгөн:
- Бекежан ага, бир аялды талашып жаныбызды бекер кыябызбы.Андан көрө Кыз Жибек менен кылтыңдашып, кызмат "устукандарын" бөлүп алалы. Майлуусун сизге беребиз.
Бекежан:
- Энди мыйзамчы Каршыга ханга кабырга да карматпай коёлу.
Төлөгөн:
- Мага батасын бербей койбодубу Хан атама да иттин шыйрагы жок.
Бекежан:
- Сен тескери бата берди дедиңби?
Төлөгөн:
- Орусча Иусус Христос деп эле күбүрөп, алаканын тескери жайып ийсе болобу.
Бекежан:
- Эми үчөөбүздү көрө албагандар көп болот.

Эпилог
Кыз Жибек (чоёктоп):
- Экөөңөр тең алтынымсыңар, эмки президенттик шайлоого мени эле көтөрмөлөп койгула.Мен бир ай эс алып, даярданып келейин.
Бекежан:
- Мен болом гой?
Төлөгөн:
- Жекеме-жекеге?
Шеке ырчы:
- Ак жол! Ак жол! Ак жол!
Кыз Жибек:
- Мен деле "Ак жолдо" болгом.
Шеке ырчы:
- Ата-Журт! Ата-Журт! Ата-Журт!!
Кыз Жибек:
- Төлөгөн, бузуку экенсиң, мени кызматымдан неге кет деп атасың? Каршыга атамдын да мага ниети бузулду.
Төлөгөн (жинденип):
- Талак! Талак! Талак! Мен ажырашам. Сизчи?
Бекежан:
- Мен сенин ордуңа Кыз Жибекке Хан атаңды экинчи күйөө кылсам деп ойлоп атырмын.
Төлөгөн:
- Эмне ырыбыз түгөндүбү,Шеке?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ