Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Мухтар Омуракунов, "Замандаш" партиясынын лидери
Чачылган кыргызды жыйнап, үзүлгөн үмүттү улачу лидер кетти дүйнөдөн
Бир кезде "Замандаш" журналында иштеп калгандыктан Мухтар Өмүракунов мен үчүн Мухтар Суйуналиевич дагы, Мухтар ага, Мухтар мырза дагы эмес, Мухтар байке болуп калган эле. Эми ошол байке деп бир туугандай көрүп калган адамдын бул дүйнөдөн өтүшү мен үчүн "кыргыздын бир саясатчысы каза болду" деген расмий маалыматтык кабарга сыйбай турган кези.. Андыктан көнгөн адатыма салып Мухтар байке деп жазууга туура келүүдө. "Интервью алып калсаңар керек болот" деп Айнура курбум салып жиберген Мухтар байкенин сүрөттөрүн карап отуруп, чыгынбай жүргөн боштугума өкүнүп кеттим. Биз кыргыздар дайыма эле өткөндөн кийин алаканды шак коюп калган адатыбыз бар эмеспи. Мухтар байке чынында эле бир эле мен эмес, мүлдө кыргыз өкүнүп кала тургандай инсан эле. Кыргыз эли көптөн бери чыныгы лидерге муктаж болуп келебиз. Ал эми бүгүнкү саясий турмушта байлыгы жок болсо алдыга суурулуп чыгуу кыйын. Ал эми коррупцияга белчесинен баткан Кыргызстанда байлыкты таза жол менен жыйнагандар жокко эсе. Баардыгы эле мамлекеттик ишмердикти мамлекеттик ишкерге айлантып, кызматты акча жана пиар жасоочу механизмге айлантып эл алдына чыга келишет. Мухтар байке ошолордун ичинен өз күчү менен байып, болгондо да кадимки миңдеген россиялап чаар баштык көтөрүп, челнокчу болуп байыган типтүү кыргыздын бири эле. Андыктан Мухтар байкенин саясий аренага аралашуу процесси, нөлдөн бизнес жасаган сыяктуу эле жай жүрдү. Азуусун айга жанган түбөлүк саясатчылардын, Акүйдөн "крышалап" турган амалпоздордун арасынан өз эмгеги менен байыган, өз күчү менен таанылган адамдын суурулуп чыгышы кыйынга турду окшойт. Акыры эл алдына эми таанылып бириккен оппозициянын лидери катары чыга келгенде капысынан минтип кырсыкка учурады. Алдыда болгон президенттик жарышка бирден бир лидер катары суурулуп чыгуучу адамдын минтип жок жерден кырсыкташы көптөгөн үмүттөрдү жалп өчүрдү. Себеби, саясатчылардан көңүлү калып, чыныгы лидерге муктаж болуп турган кыргыз элинин көпчүлүгүнүн үмүтүн жандырып, ишенимин ойготуп койгон "Замандаш" партиясынын лидеринин чоң күрөшкө катышпай калышы чындыкка, ак эмгекке, чыныгы лидерге суусагандардын көксөгөн үмүтү эмес беле?
Көр тирликтин айынан Россияга Казакстанга деги эле дүйнөнүн баардык булуң бурчтарын чачылып тарап кеткен мигрант кыргыздардын башын кошкон "Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов "бири кетип Алтайга, бири кетип Каңгайга" деп Манаста айтылгандай чачыраган кыргыздардын башын кошкон бир кездеги Манас бабасынын жолун улаган чыныгы лидер эмес беле. Эмне үчүн тагдыр дал ошол улуу ишти улантуучу адамды арабыздан тандап туруп алып кеткенине гана таңмын. Кыргыз саясий аренасын элдин үмүтүн таш каптырган, мамлекеттин мүлкүнө кол салган, элдин ишенимин өлтүргөн, колунан иш келбеген саясатчылар кара таандай каптап алган. Ошолордун ичинен эмнеге баскан жолу, көксөгөн тилеги боюнча айырмаланган, сөзү менен эмес иши менен таанылган адамды арабыздан алып кетти экен? Бул эмне кара таандай каптаган калың топко ак карганы ыраа көрбөгөндүкпү? Адегенде Мухтар байкени Опера балет театрынан алып кетүү жөнүндө жарыя болуп, андан соң Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынан алып кетүү чечилди окшойт. Себеби, Мухтар байке элдин адамы болгон менен "Эл адамы" деген тырмакчага алына элек мамлекеттик кызматта дээрлик иштебеген, мамлекеттик наам, сыйлыктарды дээрлик албаган тырмакчасы жок Эл адамы эмес беле? Андыктан аны Опера балеттен узатып, Ала-Арча көрүстөнүнө коюуга чынында эле шарт жок болуучу. Анан да Мухтар байке, табытка салып Ала Арча көрүстөнүнө узаткан өткөн чак эмес, Ак кийизге салып Ак үйгө киргизип коё турган, болуп турган, толуп турган, баралына келип турган келечек эмес беле. Кыргыздын чачылганын жыйнап, үзүлгөнүн улаган Манастын улуу жолун уланткан кыргыздын ак калпакчан бир уулу минтип арабыздан узап кетери улуу иштей улуу үшкүрүк чакырып турган кез…
Айзада Абазова




Жаш жигит Бабановдун ордуна Феликс абышка...

Байлыгы, бийлиги менен саясий аренаны ээлегендердин арасынан өз эмгеги өз күчү менен элге таанылган эл уулу Мухтар Өмүракуновдун дүйнөдөн өтүп кетиши өлкөдө татыктуулар кетсин, татыксыздар келсин деген процессти баштап жибергендей сезилип кетти. Дегенибиз көптөгөн ири амбициалуу программалары менен чечкиндүү арыш жасап келаткан жаш, келечектүү вице-премьер Өмүрбек Бабановдун кетиши менен Акүйгө экономика эмне экени түшүнө кирбей жүрүп премьер-министр болуп Кыргызстанды аз жерден ХИПКке киргизип жибере турган саясий аброюн эчак жеп түгөткөн, пенсияга чыккандан башка жолу калбаган Феликс абышканын премьер-министр болору жөнүндө кептер барган сайын күч алып барат. Президенттик жарышка Алмазбек Атамбаевдин барары ачыкка чыга баштагандан бери анын ордуна премьер-министрлик орунга ким отурат деген суроо кабыргасынан коюлууда. Мурда 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов премьерликке отурары жөнүндө айтылса, ал убактылуу ишин токтоткону бул орунга кудалангандар көп. Ошол көп адамдын ичинен эң татыксызы, эң карысы келе турган болсо анда Кыргызстан прогресске эмес, регресске багыт алды десе болгудай.


М.Мырзакматов президент болобу
Өткөнкү парламенттик шайлоодо көптөгөн аналитиктердин баасы боюнча алдыга чыгат деген "Ата мекен" партиясынын араң беш пайыздык чекти өтүп парламентке илинип, кечээ эле кеткен Бакиевдин жактоочусу делген "Ата журт" партиясынын алдыга узап келгени көптөрдү шок кылган эле. Анын сыңарындай Мелис Мырзакматов президент болушу мүмкүнбү деген кабар бүгүн көптөрдү шок кылышы мүмкүн. Интеллектуалдык деңгээли, бир тараптуулугу, эмоцианалдуулугу боюнча бул кишини президент деп айтуу чындыгында эле күлкү чакыра турган парадокс. Бирок, кыргыз эли мындай парадокс президентти көргөн. Экс-президент Курманбек Бакиевдин өткөн тарыхы деле ал кишинин президент эмес, айыл өкмөтүнө жарабаган кадр экенин көрсөтүп жүрбөдү беле. Мектепти начар бүтүп, Куйбышевдеги окуу жайынан сабактагы жетишпегени үчүн окуудан айдалган, депутат кезинде оозуң кайсыл десе мурдун көрсөтүп , депутат Өмүрбек Текебаев менен Бекмамат Осмоновдун ортосунда момоюп отуруп Акаевге жагып калып Тогуз-Тородо аким болгон, ал жерден Макмалдын алтынын ташыганга Акаевге көмөк көрсөтүп губернатор болгон, губернатор кезинде А.Муралиевдин тынымсыз жемесин угуп начар губернаторлугунун арты менен А.Муралиевдин ордуна премьер-министр болуп отуруп калган, анда да жөн отурбай тарыхта биринчи кан төгүүгө жол ачкан Аксылыктарды аттырган "Тайфун" операциясына кол койгон начар окуучу, начар студент, начар аким, начар губернатор, начар премьер-министр аягында начар да эмес, канкор президент атка конгон Бакиевдин начар көрсөткүчү анын президент болушуна эч тоскоолдук болбогонун эске алсак Мелис мырзанын деле начар көрсөткүчтөрү эч кандай мааниге ээ болбой калышы мүмкүн. Себеби, түштүк элинин саны көп. Ал эми Мелис Мырзакматов түштүк элиндеги аброю Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековду бириктиргенден да ашып түшөт дешет. Ошол үчүн анын кызматтан кетирүүсүнө башканы кой президент Роза Отунбаеванын да алы жетпей койгон. Эгер Мелис Мырзакматов "Ата журт" партиясындай Нарын, Чүй, Таластан беш пайыздык чекти эптеп сатып да болсо жасап алып, түштүк түрө колдоп берүүчү болсо, президент болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан өз күчүнө өтө эле ишенип алган А.Атамбаев баштаган президентикке талапкерлер "Ата мекен" партиясынын кейпин кийип калбагыла деп эскертет элек.


Байболов президентикке аттанса, Н.Байболовадан М.Акаеваны күтөбүзбү?
Саясий аренадан Мегаком чатагы аркылуу садага чабылган Кубатбек Байболов дагы эле тынч ала албай убара. Отунбаева менен Дүйшебаевге тиши өтпөй койдубу эми "Кумтөр" боюнча кылмыш ишин ача албай калдым аттин деп алакан чааптыр. Анан кантсин аброюн сактап калуунун жандалбасы оңой бекен. Анан дагы Кубат Калбековичтин топтогон аброю чынында эле суктанарлык болуучу. Мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, Санкт-Петербургдагы татаал окуу жайын эң ийгиликтүү аяктап, Кыргыз илимдер Академиясынын президенти болгон Аскар Акаевдин баскан жолунан да жаркыраган беш дипломдуу Кубат Калбекович Аскар Акаевдей Кыргызстандын президенти болчу болсо, Нуржамал Байболованы даяр Майрам Акаева деп койсо болот. Себеби, бир тууган инисине башпрокурорду башкартып, Мегакомго "Сарамжал Трансын" киргизе коюп, Байболовду башпрокурорлуктан шыпырып түшүүгө эбегейсиз салым кошкон жубайы Нуржамал Байболова эмитен эле даяр Майрам Акаева экенин көрсөтүп жатпайбы. Андыктан Кубат Калбекович президентикке ат салышам деп келечегине балта чаппай эле койсо болчудай. Келечеги Аскар Акаевдин кейпи болсо, бөтөн элде тентибей маңдайыбызга эле жаркырап, тууган жердин топурагында жүрө бергени жакшы эмеспи. Ансыз да АКШга бир тентип келди.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика