Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Асманы бүркөк адабият
"Күндө туусам күндө жок,
Күндө жылаан жеп коёт.
Айда туусам айда жок,
Айда жылаан жеп коёт." - деп кайсы бир канаттуу арман-муңун какшана сайраган сымал, азыр кыргыз адабиятынын да, анын жаратмандарынын да, өткөндү жана келечегин адабият аркылуу таанып, таалим-тарбия алган жаштардын да бөксөсү толбой, бири кем дүнүйө болуп турган учуру. Албетте, жаш муундарды адептүүлүккө багыттап, Ата Журтун коргоого, элин, коомун сүйүүгө, тилди, дилди урматтоого бел болуп берүүчү тамыры терең, көрөңгөлүү, чыныгы чыгармалар бар. Бирок ал чыгармалардын окурмандарына жетпей, арабөк калганы кашкайган чындык. Бул көйгөйлүү жагдайды тастыктоо маанайында мисалга бир эле авторду алып жана ал автордун чыгармалары жөнүндө учкай сөз жүгүртөлү.
Кайрылып артка карасак 1960-70-жылдар кыргыз адабиятынын гүлдөп турган мезгили эле. Ошол жылдардан тарта жазуучу Сейит Жетимишевдин да эрте жазда келген каркыралардай журтчулуктун көңүлүн өзүнө бурган чыгармалары менен таанышмын. "Перзент" аттуу аңгемесинен баштап, "Ата", "Ички кайрыктар", "Мезгил закымдары" повесттерин, "Тоо булагы", "Эл арасында" романдарын мен да көпчүлүк окурмандарындай сураштырып жүрүп окугам. Анткени, аталган чыгармалар кыргыз адабиятынын казынасын өзгөчө жүзү, таасын үнү, элге алымдуулугу менен байыткан. Теңир ыроологон талант касиетин текке кетирбеген жазуучу, ар бир чыгармасында, калктын көйүндө бугуп жаткан зилдүү маселелерди, көркөм сөз каражаттарынын тутумунда тартынбай чечмелөө менен менменсингендердин жүзүн ачат. Көзү көрүп, жүрөгү сезген терс көрүнүштөрдү, жең ичинен коомду талап-тоноочулардын образдарын жасалмасыз, ынынымдуу баяндап, агадил карапайымдардын ысыгына күйүп, суугуна тоңот. Ак-караны тастыктайт. Мезгилдин талабын сезимтал кабылдап, окурмандарына туңгуюктан жол тапканга көмөктөшөт. Мындай ыкма автордон чеберчилик менен сүрөткердикти, кажыбас эмгекти талап кылып, жаралган чыгарманын ажарын ачат.
Жазуучу менен сүрөткер дүйнөнү периштедей кабылдап, көз карандысыз, эркин канат күүлөсө жараткан чыгармалары элдик казынага айланаары бышык. Ал эми жазуучулук менен сүрөткердик бир көөдөнгө айкаша сыйганы сейрек. Орус элинин улуу художниктери В.В.Верещагин менен бир тууган Виктор, Аполлинарий Васнецовдор кыл калемдери аркылуу таң калаарлык поэзияны да, прозаны да жараткан. Анткени, сүрөткерлер ташка жан киргизе тарткан жогорку чеберчиликтери, эскини жаңырткан жаңычылдыктары менен кереметтүү искусствону даңазалап, өлбөс-өчпөс болуп калышкандары дүйнөгө маалым. Жогоруда айткандай бул сүрөткерлердин чыгармаларында проза менен поэзия да айкалышып жатат. Мындай айкалышууларды окурмандар М. Шолоховдун, Т. Сыдыкбековдун, К. Баялиновдун, М.Ф. Достоевскийдин, Э. Хемингуэйдин, Т. Касымбековдун роман, повесттеринен табышкандай эле С. Жетимишевдин чыгармаларынан да канагаттануу менен кабылдашат.
1970-1980-жылдары редакциянын иштери менен республикабыздын туш тарабында жүрүп, айыл жана мал чарбачылыгынын, ар тармактуу өндүрүш жайларынын жыйындарына катышканыбызда же эмгектин каармандары, мугалим, врачтар менен маектешкенибизде: - Эл жазуучусу Сейит Жетимишевдин чыгармалары биздин жашоо-тиричилигибиздин өзөгүндөгү уютма, - деп ыраазы боло айтышчу. Мындай учурда, - ал кишиге эл жазуучусу наамы ыйгарыла элек, - деп көпчүлүктүн ийирин кайтарууга дитибиз барчу эмес.
Ооба, 1960-1980-жылдары журтчулугубузга тартууланган адабий чыгармалар алмазданган Ысык-Көлүбүздүн шапатасындай жан дүйнөбүздү сергитчү. Байытчу. Тереңдикке, билимдүү болууга умтулчубуз. Эмгектин акыбети кайтчу тереңдиктин чөйчөгүн С. Жетимишевдин чыгармалары да толтуруп турчу. Ток этээрин айтсак, "Ички кайрыктар" повести орус тилине үч ирет, "Мезгил закымдары" повести орус тилинде алты ирет басылганы автордун чыгармачылык кудуретинин бийиктигин, жугумдуулугун тастыктайт. Жазуучунун дагы бир артыкчылыгы жашаган доорунун ой-кырына урматтоо менен мамиле жасайт. Коомдун күрөө тамыры болгон журттун асыл сапаттарын, мыкты жөрөлгөлөрүн даңазалоо менен бирге ошолорду ириткен терс көрүнүштөрдү кара кылды как жара талдайт. Ошентип оң менен терстин күрөшүн окурмандарга жасалмасыз берет. Кыскарта айтканда жазуучунун чыгармалары коомдун өзөгүнөн алынгандыктан, бүгүнкү күнгө чейин кудуретин жоготпой жылдардан-жылдарга өтүп, эл ичинде жашоодо. Демек, эмгек кайсы мезгилде жаралбасын улам жаңы муундарга тааныша берээри бышык. Ал эми эмгекти баалоо, барктоо касиетин ата-бабаларыбыз бизге мурас калтырган. Мурас дүйнө таануу илхамынын башат булагы. Булактын суусу таттуу да жагымдуу. С. Жетимишевдин чыгармаларындагы каармандардан да эрктүүлүктүн руху чачырап, адамды жакшылыктарга сүрөйт. "Калктын каймагыбыз" дегендердин чыныгы жүзү көрүнүп, алардын адам эмес, мите экени окурмандардын талкуусуна коюлат. Бул татым жазуучу жараткан чыгармалардын аудиториясы кенен экендигин ырастайт.
Раматылык Түгөлбай ата кайтаар алдында ал киши менен баарлашып калдым. Беш-алты ай мурда көргөнүмө караганда бир топ эңкейиптир. Ичим ачышты.
- Чыгармачылык кандай? Көрүнбөй кеттиң , - деди учурашкан соң.
- Чыгармачылык деле жок, - дедим. Кыргыз элинин салтын сактап, ак сакал кишиге учурашып турбагандыгым үчүн өзүмдү күнөлүү сезип.
- Сенде Алыкулдун коюулугу бар. Менден жардам сурабайсың. Алыкулдун жүрөгүн толук ачалбай калганыма өкүнөм. Анда жаш элем, кечиримдүү. Картайгандагы жаңылыштык өкүнүчтүү экен, - деди.
- Кандайча, эмнеге өкүнөсүз? - Төрт тарабы төп кишинин да өксүгү бар экенине таң калгандыктан суроону тез берип жибердим.
- Ажого бата бергеним эсиңдедир. Ошо бата суу кечпейт сыяктанат. - Оорусу алсыраткан үнү ого бетер жанчыла, күйүттүү чыкты. Бөлмөнүн ичин эки-үч мүнөттөй тунжурак басты.
Аттиң, көп өтпөй Түгөлбай атанын өксүгү жалпы журттуку болуп калды. Журт башындагы адамдардын опоосуз өзүмчүлдүктөрүнөн улам чарпылдык, чайкалдак. Бүтүндөй коом аксап, жумурай журт жарга такалды. Ушул жагдайда караганда да Сейит аганын "Эл арасында" романы бийликтин билермандарын эмес, эл мүдөөсүн ыйык тутуп, элдик үн менен сүйлөгөндүгү үчүн мезгилдин бороон-чапкындарында, жерден көккө, көктөн жерге ургуланып "жазасын" алып, бышкан чыгарма. Буга далил романдын биринчи бөлүгү жарыкка чыгаары менен коомдун жүлүнүбүз дегендер: "Идеясы бузук. Социалистик реализимге жат" деп бурмалашты. Жазуучуну коомдун өсүп-өнүгүүсүнө, жолтоо кылып аткан адам сыңары айыпташты. Себеби, журт алдында "күйүп-быша" бакылдап, сыртынан "элчил", "жапакеч", ичинен арампөш жетекчилердин сырын ачканы аларга жаккан эмес. Жазуучу нака ошол "жапакечтердин" тырмагынан чыгалбай аткан калктын мүдөөсүн тил, дил кудурети менен чечмелеп берген.
Айтылуу "Ак кеме" кино тасмасы экранга чыкканда Орозкул зөөкүрдүн образын жараткан О. Кутманалиевди кезиктирген айрым адамдар ачуусуна чыдабай: "Өлүп кет, Орозкул!" - деп кыжырдангандарын айтышчу. Себеби О. Кутманалиев талант кудурети менен көөдөнү сокур Орозкулдун жан дүйнө маанайын ийине чыгара жараткан. "Эл арасындагы" Дыйканбек да жеке кызыкчылыгы үчүн бийликтүүлөрдүн жакасына жармашып, жакаларынан силксе буттарына оролуп, булганыч жашоо кечирген ыплас, сайпана адам. Автор Дыйканбектин эки жүздүү, балит образы аркылуу, коомду митедей соруп, кара көсөөдөй каптай баштаган керпенделердин чеңгелинен жаштарды коргоп, адам баласын тазалыкка, ыймандуулукка, көрөгүчтүккө чакырат. Демек, "Эл арасында" романында автор советтик доордун эле эмес, кийинки мезгилдердин көйгөйлөрүн да аралашып жүргөндөй тастыктаган.
Жазуучу бүгүнкү күндө да кагаз, калемин жыйнап койбоду. Коомдун оромунда жаштарга акыл-насаатын басылмалар аркылуу айтып, аларды байымдуулукка, эмгектен натыйжа чыгара билүүгө чакырып келет.
Кийинки жылдары повесть жана романдарына катар поэзия майданында да калем төшөөдө. Мисалга 2009-жылы жарык көргөн "Чертилген кыялдар" аттуу көлөмдүү ырлар жыйнагын атасак жетиштүү. Жыйнакта:
"Жайлоодо сайраар уларды,
Жапаста жүргөн угарбы.
Сайрасам укпай койду деп,
Сайрабай улар турарбы." - деп калеми менен сырдашкан сыңары жан дүйнө байлыгын элине тартуулай беришине тилектешпиз.
Бар болуңуз, жазуучу жана акын ага!
Токтош АБДИЕВА, жазуучу




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика