Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Жаркын Темирбаева, журналист:
"Түрмөдөн чыккандарга коом көз карашын өзгөртүшү керек"
(Башы өткөн санда)
- Диний жетекчиликтин өкүлдөрү түрмөдөн чыккандардын коомго ийгиликтүү аралашуусу үчүн диний багыттагы иш-чаралар чоң роль ойноорун баса белгилейт. Сиз буга кандай көз караштасыз?
- Толук кошулам. Азыр дээрлик баардык түрмөлөрдө мечит, намазкана, чиркөөлөрдү куруп алышкан. Андагы адамдардын эч кимге үнү жетпей калганда акыркы мүмкүнчүлүк, акыркы үмүттөр менен кудайга жалына башташат. Ошол эле мезгилде ички дүйнөлөрүн аруулантып жашайт, өздөрү үчүн оң таасирлерин алышат, жакшы жолго түшүүгө багыт ала алышат. Ал жерден чыккан соң коомго аралашуусу бир топ жеңил болот, себеби, айрыкча ислам дининде адамдарды категорияларга бөлүп-жаруу жок. Учуру келип турганда диндин бир касиетине тан бергенимди айта кетпесем болбойт. Калматов Баатыр деген бала 1990-жылкы Ош окуясына күнөөлөнүп, атууга кеткенде 3(үч) жыл СИЗОнун жертөлөсүндө олтурган (Өлүм жазасына кеткендерди такыр башкача кармайт. СИЗОдогудай эмес, өзүнүн мыйзамы бар, ал адамдарга адамдай мамиле жасалбайт, алдына жакшынакай матрацтарды салып койбойт, цементтин үстүнө чылкылдаган суу матрацтарга жаткырат. Тууган-уругу менен эч качан көрүштүрбөйт, түрмөнүн жугундусу менен олтурат. "Түрмөнүн ичиндеги түрмө" деп коюшат-Ж.Т.). Үч жыл өткөндөн кийин ал бала "подвалдан көтөрүлүптүр" деген маалымат кетет. Бул термин "иши кайрадан карала баштаптыр, жарыкчылыкка, элге чыгып жатыптыр" дегенди түшүндүрөт. Мынча мезгил ичи, мындай шартта анын өпкөсү такыр жарабай калышы керек болчу. Андан соң ал Молдавановкадагы №1-күчөтүлгөн режимдеги колонияга, андан ары №27-туберкулёздук колонияга которулуп, акыры 2002-жылы, 13 жыл дегенде баягы атууга кеткен бала колуна бир нече ислам китептерин көтөрүнүп.эркиндикке чыкты. Ал түрмөдө куран жаттап, намаз окуганды, арап тилин да үйрөнүптүр. Аны менен биринчиден, алаксыса, экинчиден, рухий жактан азыктанган. Таңкалычтуусу, түрмөдөн чыгаары менен "сен эми ооруп калдың, биринчи кезекте дарылан" деп тубдиспансерге алып барсак өпкөсү таптаза чыкты. Биз эмес, ал жерде иштегендер да "мындай болушу мүмкүн эмес эле" деп таңыркашты. Өзү мунун баарын диндин касиетинен деп эсептейт. Ал түрмөдөн кийин коомго бат аралашмак түгүл, азыр элди ыйманга чакырып, өзү жакшы турмушта жашап жатат.
- Жашырганда эмне, ал жерден чыккандардын көпчүлүгү өзү менен кошо ар кандай ооруларды алып чыгышат. Балким, бир чети коомчулук ошондон да чоочулайттыр, жугузуп албайын деген ниетте?..
- Албетте, бул үчүн түрмөлөрдө социалдык абалды жакшыртыш керек. Ал жерде социалдык абал деген нөл, дары-дармек деген жок эсе. "Баланча көлөмдөгү дары-дармек кетти, жөнөтүлдү" деген жалындуу сөздөр тек гана ооздун жели. 2-3 жыл жаткандан кийин эле көпчүлүгү кургак учук оорусуна кабылышат. Эгерде, түрмөдөгү бир адам ооруга кабылса анын ата-энеси, бир туугандары, жакындары эч качан таштап, карабай койбойт да. Атасы, баласы, же күйөөсү, аялы, айтор, жакындары көргөнү барышып, ошол жерде түнөп кетишет, жугузат. Мына, бир эле адамдын оорууга чалдыгышы.
Түрмөдөгү ар кандай жетишпестиктерди анда жаткандар өздөрү жоюп алганга аракет кылышат, бирок, жок дегенде ошол нерселерди жасаганга да каршы чыгып, тыюулар салынат. Алар жок дегенде оору вирустарына каршы нормалдуураак тамак жегенге, бир нерсе менен алектенгенге укуктуу да, мунун баары чектелген, мүмкүнчүлүк бербейт. Түрмөдө иштегендер болсо аз айлык акыларынын кесепетинен бизнес кылууга түшүп алышкан. Керек болсо абдан чоң бизнес жасашат. Бир эле мисал; мунапыс керектүү, тиешелүү адамдарга жетпей, аны башкалар колдонуп кетет. Эмне үчүн? Себеби, бул дагы бизнес, мунапыс (амнистия)деген түрмөлөрдө сатылат. Муну миң айтып, миң актансаң да болуп келген, бул кетиште жана да боло бермекчи. Түрмөнүн ичине нашаалар, тыюу салынган буюмдар, курал-жарактар асмандан түшпөйт да, ошол эле кимдир бирөөлөрдүн колдору аркылуу кирет.
- Түрмөдөн чыккан адамды баарыбыз "тюремшик", "жаман, коркунучтуу киши" деп кабыл алабыз?..
- Ооба, негедир мындай түшүнүктөр, көз караштар сиңип калган. Көп жыл олтуруп чыгып бараткан адам шеригине "мына бул буюмдарымды, курал-жарактарымды сага тапшырдым. Мен 6 айдан кийин келип калам дейт имиш" деген тамаша-чыны аралаш сөздөр бекеринен айтылбайт экен. Баарыбыз эле билебиз, түрмөдөн чыккан адамды милиция жөн койбойт. Каттоого алып, ал тегеректе кандай кылмыш болбосун муну биринчи сурап, жанына тынччылык бербейт, чүнчүтөт. Ачылбачу же ачылбай жаткан иштерди биринчи эле мүмкүнчүлүктөрдө мойнуна илишет, Акыры коомчулуктун мындай мамилесинен тажаган ал адам "менин ордум түрмө эле турбайбы" деп калат. Күч органдары коомго аралаштыруу үчүн тескерисинче аларга жардам бериши керек эле, алар жардам берген соң коомчулук аны түртпөй, өз катарына алганда гана "Ээ, мен деле адам турбаймынбы, менин деле коомдо ордум бар турбайбы" деген жакшы ойлорго кетет эле. Түрмөдөн чыккандарга туура багыт берип иштешкендин ордуна, жасалма кылмыштарды аларга такап коюп жатышпайбы, себеби, ал "соттолуп" чыккан. Буга биздин соттор да, прокурорлор да көнүп алышкан. Бул адам баласынын пешенесине келген өтө оор тагдыр, ал эми ошол тагдырды болсо биздин күч органдары шарттап жатышат. Алар түрмөдөн чыкканда оору болсо дароо ооруканага жаткырыш керек, оорубаса эч жагына карабай жумушка алуу зарыл. "Вольчий билет" ("түрмөдө олтурду" деген справка) менен барып каттоого турганы барса андагылар ичинен кымыңдашат "Баланча чыгыптыр, түкүнчө ишти ошого илип коёлу" дегендей шыбырашып, жасалма иштерди жасашат күч органдары. Муну көндүм "салтка" айлантып алышкан десек да болот. Бул "билетке" карап коомчулук да тетири мамиле жасашат. Паспортун сураса, паспортуна да "камалган" деп басып берип коюп жатышпайбы, эч жерге жумушка албайт. Нары түртүлөт, бери түртүлөт, адамдардын "түрмөдөн чыккан, жакшы эмес" деген көз караштардан акыры жадайт.
Бир ирет белгилүү жазуучу, журналист, түрмөдө бир нече жылдарын өткөргөн маркум Мелис Макенбаевге "Мелис, сен эми чоң жазуучу болуп келе жатасың, жакшы ойлор, максаттар менен жашасаң" дегениме "Менин көкүрөгүмдөгү бир ууч адамга болгон эң жакшынакай сезимдеримди талкалап салышкан, үмүт жок. Бир жолу тууганымдыкына барып олтуруп, ваннага чыгып, жуунуп кайра кирсем мен олтурган бөлмөдө эч нерсе калбаптыр. Ууурдап кетет, же дагы бир нерсе кылат деген го, буюмдарынын баарын алып чыгып кетишиптир"- дейт. Мына, түрмөдөн чыккан адамга жасаган, болгондо да жакын тууганынын мамилеси. Биз ушундай деңгээлге жеттик. Ошончолук психологиялык соккуну алган ал адам албетте, менин ордум түрмө эле турбайбы дейт да.
- Ошону баарыбыз көрүп-билип турабыз, бирок, мындай тоскоолдуктарды чечүүнүн кандайдыр бир жолдору барбы?
- Негизинен эле түрмө системасын өзгөртүү менен жаза аткаруу чечимдерди ишке ашыруунун башкача, жазаган кылмыштарына карап, өтө оор эместерин сөзсүз эле түрмөгө камабай, эркиндикте эле башка жазалоонун түрлөрүн колдонсок коомубузга, келечегибизге да көп пайда болмок. Айрыкча өспүрүмдөрдү майда-чүйдө кылмыштарын иргеп олтурбай эле четинен эле камап жатабыз. Бул жол менен аларды түптүз эле мыкаачылыкка тарбиялап, ошол чөйрөнүн колуна салып берүүдөбүз. Алтерьнативдик түрдө жаза өтөө системасын иштеп чыгуу мезгилдин талабы болуп жатат. Ал үчүн биринчи кезекте өтө терең коррупцияланган азыркы сот, укук органдарынын бети ачыкталып, бул системаларда түп тамырынан бери чоң реформалар жүргүзүлүшү керек. Экинчиден, мектеп окуу программасына илгеркидей "Укук таануу" предметин, аны менен эле биргеликте "Дин таануу" сабактарын киргизсе, "Кыргызстан бир канаты иштебеген куш сымал" деген пикирлер жокко чыгып, мыйзам менен шарият аралашмак да, кыргыздар абдан жакшы жашамакпыз. Ал түгүл түрмөнүн да кереги жок болуп калат беле…
- Эркиндикке чыккандарды реабилитациялоо борборлорун түзүү мода болуп кетпедиби, былтыр биздин өлкөдө да ачылган, ошону менен дайыны жок. Мындай борборлор канчалык реалдуулукка жатат?
- Түрмөдөн чыккан адамдарды ооруканага жаткыралы, документтери боюнча көмөк көрсөтөлү, жумуштарга орноштуралы, коомчулукка аралашканча жашай турсун деген максаттарда реабилитациялык борборлор ачылганы жакшы дечи, бирок, канткен күндө да баардык нерсе акча менен бүтүп жатпайбы. Бул чындыкты кайда катабыз? Тигинин ар кайсы маселесин чечүү үчүн акча талап кылынат. Жатып турайын деп эле жата бергенде ал коомго аралашмак түгүл кайра четтеп кетпейби. Билбейм, дегеле мындай борборлордун иши натыйжалуу болот дегенге кошулбайм. Муну дүйнөлүк тажрыйбалар деле көрсөтүп жатат. Түрмөгө чейин же түрмө ичинде жардам берип кыйратпаган чыккандан кийин кыйратмак беле. Нары колунда жоктордун эркиндикке чыгышына, коомго аралашуусуна жардам берүүгө ким кызыкдар болмок эле?..
Бул үчүн жалпы коомдун аң-сезимин ойготчу кандайдыр бир иш-чаралардын бирдиктүү системасы иштелип чыгышы керек. Ошондо гана коомдо түрмөдөн чыккандарга көз караштары өзгөрүп, кандайдыр бир жылыштар пайда болмок деп ойлойм.




Тосмо
Ушул айдын башында, т.а. 3-май күнү Жогорку Кеңештин депутаттарынын Кыргызстан Республикасынын шайлоолор боюнча мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, реформалоо боюнча угууда Венеция комиссиясы тарабынан өлкөдөгү президенттик жана парламенттик шайлоолордо соттолуп чыккандарга да шайланууга мүмкүнчүлүк, укук берүү сунушу айтылды.
Венеция комиссиясынын эксперти Альберт Эндрюшордун пикиринде Кыргызстандын сотко чейинки кайтарууда тургандар, сот чечимин күтүп жатышкандар жана үй камактарына чыгарылган атуулдарына да шайланууга мүмкүнчүлүк берилиши керек. "Олуттуу саналган "адам өлтүрүү боюнча" берене менен камалгандарды кошпогондо башка беренелер менен соттолгондор, түрмөдө эркинен ажыратылып олтургандар да баардык жарандар менен бирдей укукта шайлоого катышышы керек" дейт, А.Эндрюшин. Муну уккан "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты, кесиби боюнча юрист Дастан Бекешов чалкасынан кетип, "күнөөлөнүп жаткандардын арасынан сот али өз чечимин чыгара электерге гана шайлоого катышууга укук берсе болот" деген пикирин билдирип чыкты.


Албетте, Венеция комиссиясынын бул сунушу азыр бизде күлкү келтирээрлик, б.а. коомдун аң-сезиминде "башкасы бүтүп, ушунусу калыптырбы" деген ойлор пайда болбой койбойт. Бирок, башка алдыңкы цивилдешкен Европа өлкөлөрүн мындай коёлу, кечээки эле биз менен катарлаш жүргөн постсоветтик Латвия, Украина сыяктуу айрым өлкөлөрдө эркинен ажыратылып, түрмөлөрдө жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткандар шайлоолорго эркиндиктеги инсандар катары өз добуштарын берүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп жатышкандыктарын унутпашыбыз керек.
Кыргызстанда болсо совет идеологиясынан дале чыга албай "соттолгон" деген кагаз, сөз, түшүнүк мындай жагдайга тушуккан атуулдардын андан аркы келечегине өтө катуу, бекем тосмо болуп келет. Президенттик, депутаттык шайлоолорго талапкерлигин коюу деген үч уктаса да түшүнө кирбейт. Аларга негизгиси коомдо өз ордун таап, тынч жайгашып алса ошол чоң жетишкендик.


Бишкектик 36 жаштагы Таалай аттуу бала(аты өзгөртүлдү-Б.М.) мындан туура 5 жыл мурун 247-статья менен, т.а. "Наркотикалык, психотроптук затты сактоо, сатуу" деген күнөө менен 4 жылга эркинен ажыратылган. Өзүнүн айтымында ал затты катуу ооруну басаңдатат деген сөзгө ишенип бир медсестрадан сатып алып, бирок, иштеткен эмес. Кийин сааты чыкканда ошол болгону эки ампуланы зарыккан бирөөгө сата коём деп колго түшүптүр. Ошол замат, милицияканада наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги сураган 2000(эки миң) сомду бере койбогонуна али күнчө өкүнөт. "Эмне болмок эле, муну да көрөйүн" деген тоготпостук менен бул иши олуттуу статьяларга кирээрин Таалай эртеси билди. Түрмөгө чейин эле СИЗОдо аны "кол чаап" күтүп алышаарын, "сатканды билген, алдырганды да билиши керек" деген "түшүнүк" менен андагылар каалаган мезгилде, айткан психотроптук ампуласын же таблеткасын алдыртып турушаарын түшүнгөн ал санкцияга чейин эле жанагыдан 20 эсе көп акчаны берчүсүнө берип, 4 жылды 2 жыл шарттуу түргө кесүү менен алмаштырткан. "Бирок, мен ага эмес, өмүр жолумда "мурда соттолгон" деген жарлыктын, кара тактын калып кетишине капамын. Бул соттолгонумду жакын туугандарым, санаалаш-досторумдан сырткары көпчүлүк биле бербегени менен кайсы бир күнү калган мени тааныгандардын билип калышынан өзүмчө эле негедир чоочулай берем дейт", Таалай. Мындан да кызыгы, мурда-кийин саясатка азыраак болсо да аралашып, андагы ишине байланыштуу Акүйдөгү чиновниктер, Жогорку Кеңештеги депутаттар, министрлер, айтор, саясат чөйрөсүндөгүлөр менен иштешип калаар жагдайлары да болчу экен. -Жаш кезимден саясатка кызыкчумун, иштин көзүн билмек түгүл эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаган чиновниктерди, депутаттарды көрүп жиним келчү. Алардын ордуна барып калсам сөзсүз аларга караганда сөөм өйдө болсо да ишти жөндөп кете алам деп өзүмдү теориялык билим, практика жагынан да даярдап жүргөм. Анан кокустуктан мындай болуп кетти. Эми элестете бериңиз, мен кайсы бир партияга мүч болуп депутаттыкка талапкерлигимди койдум, же бир мамлекеттик кызматтын эл көзүнө урунчу жерине барып калдым дейли. Ошол күнү менин качан, кантип, эмнеге соттолгонум чукулуп, иттин баласындай кылат, чүнчүтүшөт. Мындайга шыктуулар дароо табыла калат эмеспи. Анан эмне кыла аласың, мен ал кылмышка билбей бардым эле деп актанасыңбы? Болбойт, эл деген эл. Андан көрү кулагым тынч өз арабамды кылдырата бергеним дурус - дейт, Таалай үшкүрүнүп.


Түрмөгө жетпей ИВСтен кайткан, 2 жылга убактылуу шарттуу түрдө эркинен ажыраган адам коомчулуктан минтип корунуп жатса, анда түрмө ичинде жаза мөөнөтүн өтөп келгендер боюнча бул жаатта сөз кылуу Кыргызбайга али эртелик кылабы? Балким…
Бакыт Молдалиев





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика