, 29.04.11 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Жаркын Темирбаева:
"Гезиттин куту, өзгөчөлүгү "Кыргыз Руху" деген бийик ысмында"

"Кыргыз Рухун" мен ушундай деп тааныйм: 90 - жылдары маалыматтар гезиттер аркылуу элге ачык чыкпай, эл чындыкка суусап турган кезде ачылган. Султанга убагында тамашалап калчумун, "Рух" болбосо мен эбак жарылып кетет элем", деп. Чыгармачыл адамдар ушундай калк болот экенбиз, ички дүйнөбүздө топтолуп турган нерселерди сыртка чыгара алганда гана жеңилдикти сезебиз. Гезиттин кадамы а дегенде эле курч ташталган, элдин муң - зары аябай катуу берилип турган. 90 - жылдардагы Ош окуясы боюнча, чындыкты издеген, чындыкка күйгөн макалаларым "Кыргыз Руху" аркылуу элге жетти. 1998 - жылы Өзгөн райондук гезиттин башкы редакторлугун таштап, Бишкекке келип, "Рухта" иштеп баштадым. Кыргыз коомчулугундагы айыл жергесинен келген адамдардын дүйнө таанымын ушул жерден көрдүм. "Чын жашоомду Чыңгыз менен өткөрдүм, ал сүйүүмдү Чыңгыз дагы жазалбас" деп жазып жүрбөйүмбү, ал макалага керектүү адамдар менен редакциядан жолугуп, андан улам жазылды. Кийинчерээк "Элита" аттуу гезиттин башкы редакторлугуна кеттим, анын негизин "Рухта" иштеп жүргөн күндөрүмдөн таптым. Кыскасы, бул гезит менин журналисттик кадамыма даңгыраган жол салып берди. Ошондон улам бул гезитти мен "төркүнүм" деп коем. "Рух" деген ат кыргыздын руханий дүйнөсүндөгү жаркырап турчу нерсени чагылдыруучудай сезилет... жагымдуу. Кээде бар эмеспи обону жакшы чыкса тексти келишпей ырды артка тартып коет, же тескеринче болуп, бири бирине коошпой калат. Андайларды укканда обон тагдырын таппай калыптыр, же текст кор болуптур деп калам. Ал эми "Кыргыз Руху" эң бийик атты алып, анысына жараша кызматын өтөп келатат. Болгондо да адамдын руханий байлыгын, жандүйнөсүн, эркиндикти сүйгөн ички кыйкырыгын чагылдыргандай сезим калтырат.
Мен Султан Раев, Калил Жамгырчиев, Мамат Райимжановдор менен чогуу иштешип калдым. Кыргыздын момундугу Калилдин баскан - турганынан чагылып көрүнүп турчу. Өзү адамды таң калтырбайт эле, бирок жазгандары курч, бутага таамай тийчү. Калеми ушунчалык жатыктыгын ушундан бил, башка эмес, сын макалалары да адамдын жүрөгүнө жете кетчү. Бирок бул бала кыргыздын жүдөмүш турмушу бар эмеспи, ошондон чыкпай койгон. Баарыбыз кыргызбыз, бирок кээ бирлерибиз чыгууга аракет жасап атпайбызбы, ал эми Калилге жүдөмүш жашоонун өзү ошол турушунда баалуу болчу окшойт, баарына кайыл эле.

ыргыз Рухунун" дагы бир касиети бар, ал - мына 20 жылга аяк серпти чыгып келатканына, ошол убактан бери кээде кандайдыр бир себептер менен аксап чыгат. Бирок ошого карабай дайыма адам алып окуй тургандай таасир калтырат. Бул да болсо ысмынын улуулугуна байланыштуу, жеке мен окурман катары айтсам, гезитти күркөлөрдөн издеп калмайым бар. Кечигип чыкканы, көптөн бери окулбай калганы сезилбейт.
"Рухтун" турмушуна таң калам. Эшиги ар дайым ачык, көкүрөгүндөгү букту бөлүшөөргө бирөөнү издегендин баары мында келишчү. Кат, макала алып келгендердин баары менен камырдай жуурулушуп жашай берчү экенбиз. Анда азыркыдай деле шарт жок болчу. 20 жылдан бери андагы абал аз болсо да өзгөргөнү кубандырат. Мисалы, орус гезиттерди алсак андагы шарт шумдуктай. Неге кыргыздар өзүбүздүн ажатыбызды ачпайбыз деген таңданууга кабыласың. Ал эми журналисттерге шарт болбосо өркүндөп өнүгүүгө кесепетин тийгизбей койбойт. Эшикте революцияны көрүп келсе да жок дегенде иштеп аткан жеринде бир аз жагымдуу шарт түзүлгөн болсо, чарчаганы унутулат, кайсы жакка тапшырма берилбесин баруудан баш тартпайт, "барсам барайын, чарчасам келип жазылып алам", деген көңүл токтук пайда болот. Балким, биз журналисттер бийик жерлердин шартын көрүп жүргөндүктөн ошого ынанып жашай берет окшойбуз.




Жора Сулайманов:
"Рух нар көтөргүс жүктү көтөрүп келатат"

Коомчулуктун ичиндеги быкпырдай кайнаган турмуштун күңгөй менен тескейин окурмандын "ашказанына" салып берүүдө гезиттин көтөргөн жүгү өтө бараандуу. Ошол басма сөз каражаттардын ичинен алгачкыларынан эсептей келгенде оболу "Кыргыз Рухун" кошпой коюуга акыбыз жок. Жыйырма жылдан бери журтчулуктун азабы менен кубанычына ортоктош болуп келаткан бул басылманы издеп жүрүп окуп, кумардан кангандарды көрүп эле келатабыз. Ток этерин айтканда Рухтун өз чөйрөсү, суугуна тоңуп, ысыгына күйгөн миңдеген окурмандары бар.
Насип буйруп, 1997-жылдан тартып 2000-жылга чейинки аралыкта ушул аты сыймык менен аталган гезитте иштөөгө туура келди. Мен келгенде гезиттин пайдубалын түптөгөн Султан Раев баштаган журналисттер топтолуптур. Маселен, отуздан ашуун тил билген, прозаик, котормочу Турусбек Мадылбай, Бахпурбек Аленов, Эгемберди Эрматов, Муса Чечеев, Жаныбек Атамбаев, Закен Тулпарова сыяктуу жазмакерлер менен тизгин талашып иштөөгө бел байладым. Кийинчерээк Калил Жамгырчиев, Сейит Сасыбаев, (экөө тең өтүп кетти) Жаркын Темирбаевалар чоң агымга кошулду. Арабыздагы көзгө басар идиректүү акыныбыз Карбалас Бакиров жамааттын сүймөнчүгү эле. Айтор, ушуларга кошулуп аз да болсо өз дараметимди көргөзгөнүмө кубанып келем.
А
лбетте, журналистти көрөгөчтүгү, оперативдүүлүгү, анан эки буту багат. Ал кезде азыркыдай "илим-техниканын" жетишпегенинен дайыма чуркап, бир окуяны казып жүрүп күн өткөрчүбүз. Олуттуу болмушту иликтеп гезитке бергенибизде кадимкидей чоң ишти бүтүргөндөй жыргап калчубуз. Тиш кагып калган атаандаштардын көптүгүнөн өзгөчөлөнүүгө аракет жасаар элек. Себеби, ушул күнкү гезиттин санын бир, же эки гана "бомбадай" жарылган макала көтөрөрүн жадыбыздан билчүбүз. Ошондуктан бөрүдөй жойлоп, маанилүү, кызыктуу учурдун илеби сезилген материалды издөөгө багыт алынчу.
Султан палвандын "кыйтырлыгы" бар эле. Үстөккө-босток келгендерди кызматка ала берчү. Ал тургай айрымдарын (көрбөгөнүбүздөн) тааныбай деле калчубуз. Капыстан жолугуп сүйлөшүп калсаң:-"мен да силердин коллегаларыңарданмын"-деп күбөлүгүн көрсөткөндө ээгибиз түшкөн күндөр болгон. Көрсө көңүлчөөк редактор таарынтып албайын деген ойдо келгендердин мүдөөсүн аткарчу тура. Анын үстүнө ал душман күтүүнү каалачу эмес. Адамдын көптүгүнөн орун жетпеген учур кездешкен. Ошол үчүн эрте келип орун алып калууга умтулчубуз.

Баары бир тез эле иргелип, табышкер (чыгармачылыгы боюнча) таптуу журналисттер марага чыгып келерин көп көрдүм. Кээде (сотка жок) бир макалага эки-үч күндү кетирип, убара болчу элек. Ал эми катардагы көрүнүштү чампалай салган материалдар топ этип акыр салчу корзинкадан орун тапчу. Ошондуктан кандайдыр бир жүктү көтөргөн мазмундуу, окумдуу макала жазууга көңүл бурчубуз. Арийне, летучкада макталып калсаң кадимкидей шерденип, мурдуң көтөрүлө түшөөр эле. Кыска убакытта ошондой мезгилдер да өттү. Эмесе ошол эстей турган бир көрүнүштү айта кетейин.
Бекмамат Осмонов саясатчылардын ичинен ошол кезде олбурлуусу делип бааланып турган. Тилекке каршы баралына келип күүлөнүп турган мезгилинде оорудан кайтыш болду. Анан эле киши колдуу болуптур деген аңыз кеп коомчулукта тарап кетти. Азыркыдай учур болгондо интернет булактарына, Массалык маалымат каражаттарына заматта шардана болуп күмөн саноолор жаралмак эмес. Оңунан болуп кеңсебизге доктор Кубанычбек Апас өзү келип калбаспы! Анткени Москвадагы Бокерия атындагы хирургиялык клиникада операция жасалып о-оо дүйнө салган Осмоновду так ушул Апаска төңкөп жатышкан. Бир жагынан бул доктор ошол жерде иштөөчү. Эки күндөн кийин "Мен Осмоновду операция жасаганда катышкан эмесмин"-деген көлөмдүү макала жарык көрдү. Кудай бетин салбасын телефондун жаагы басылбай, келгендердин изи бөлмөдө батпай кетти. Ошондо да көбү ишенгилери келбейт десең. Айтор, Апастын өз чындыгы аркылуу журтчулукту туңгуюктан чыгарганбыз. Баса, андан кийин Араб өлкөсүнөн келген бир бизнесменди кантип мейманканада уктатып 9 миң долларын алып кеткен сойкунун амалкөйлүгү туурасындагы материал да кыйла кызыгууну жараткан. Анан ошол олигархты Кубан Мамбеталиев экөөбүз аэропортко алпарып самолётко салганбыз. Бул кыпкызыл чындык окуя болгон. Ошондо кыргыз кыздарынын кыйындыгына баа берсек, экинчи жагынан анын бул жосунсуз жоругуна уялган элек. Турмуш деген ушунусу менен кызык турбайбы, көрсө.
Ооба, Рухтун көтөргөн жүгү нар көтөргүс экенин танууга болбойт. Көп саясый ишмерлер, жетекчилер ушул гезит аркылуу аброюн көтөрө алышты. Ошол эле Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Сооронбай Жээнбеков, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев, Абдыжапар Тагаев, Санавар Бахапова, Өктөмкан Абдуллаевалар ушул басылмадан торолушкан. А чынында дагы көп коомдук ишмерлер тыгыз байланышта болуп тургандыгын кыстара кетели. Ондогон чыгармачыл адамдар ушул касиеттүү жерден такшалып, азыр ар кайсы басылмаларда эмгектенип келатышат.
Жыйырма жыл айтканга оңой болгону менен анын оош-кыйыштуу жашоосунда көп сыр жатат. Буюрса, анын жемишин көрүүгө саналуу күндөр эле калды. Не дейли, бар бол руханий дөөлөттү, кыргыздын нарк-насилин, туусун бийик көтөргөн гезит!