, 29.04.11 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Мекендин уулу ким…
("жака, жеңден баш, кол чыкпай эле, бир багалектен (байчадан) буттар чыгып калды го?)
Арыбаңыз окурман, кайсы өлкө болбосун ар бир адам баласы башка жаныбарлардан айырмасы, чеги жок акыл-эсти алып жүргөндүгү менен айырма. Керек болсо адам акыл-эси же окмуштуулардын далили менен 19-кылымда белгилүү болгондой, башка планетанын жашоочулары (биз таң калып жүргөн "тарелка" ж.б.) жер шарында жашаган адамдардай акыл-эси менен ойлонуп, ойу менен бүт дүйнөнү көз ирмемде кыдырып келе албайт, мүмкүнчүлүгү жок, алар өздөрүнүн гана акыл-эси менен корабль же "тарелка" менен гана кыдырып көрө алат. Тактап айтканда алардын буту жетип, көзү көргөн гана нерселер жөнүндө гана ойлоно алары белгилүү.
Муну менен айтайын дегеним, ушундай акыл-эс менен башка өлкөлөрдү айтпаганда биз кыргызстандыктар бүгүн ушу күнгө эмнеге жеттик деген суроону алгач өзүмө бергим келип турат.
Мен мектепти орто (начар) окудум, орус тилин мыкты билсең дүйнө таанууга оңой болот деп мугалимим мээмди жесе да жалкоолуктун торунан чыга албадым. Башка чет тили жөнүндө ой да болбоду. Бул алдыны көрбөстүк, билимсиздик, дүйнөдөн бейкапарлыгым. Ачуу чындыкты моюндай турган болсом ошо кезде куру улутчул маанайда өз тилимди билсем эле болду деген түшүнүктө жүрүптүрмүн. Анын үстүнө "үркүн" эсиме түшкөндө же улутубуздун каймактарынын ашууда көмүлбөй калган сөөктөрүн бүгүн чогултуп отурганыбызды эстегенде ошол учурдагы орус жетекчилигинин, орус Падышачылыгынын зулумдук саясаты, (Кеңеш Өкмөтү түзүлгөнгө чейинки) кылган баскынчылыгы дайыма жүрөгүмдү зырылдатып турду. Көрдүңүздөрбү, мен да "үркүн" деп атап ийдим, анткени мен да мектептен, жогорку окуу жайынан ошентип окудум да, ойлонолучу, өз акыл-эсибиздебизби? Мал гана "үркөт" да, биздин улуу муун, интеллигенция, илимпоз-тарыхчыларыбыз кай тарапта жүрдү, алардын элегинен кантип ушул малга айтылчу сөз өтүп кетти. Тарыхчылар кантип бизди "үркүндө" деп окутканга ооздору, дити барганына совет мезгилиндеги илимпоз-тарыхчыларга, саясатчыларга, мамлекеттик жетекчилерге бүгүн да көчөдөн, теледен көрсөм таң калуу менен карачу болдум. Эмне, ошондо "элдик боштондук кыймылы" десек бизди ким кысты, болуптур совет мезгилинде мындай атоодон корксок да "үркүндөн" башка ырайымдуу сөз таба албаганыбызга арданасың. Ушу жерден да биримдигибиздин жоктугу дана байкалып, ата-бабалар калтырган "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы" деген улуу мурасы ооздо эле айтылып, турмушка ашпай жатканы ыраспы? Учурда бул улуу мурас "жака, жеңден баш, кол чыкпай эле, бир байчадан буттар чыгып, кадам баса албай тушалып, бир топ төбөлдөрүбүз батышты карап, дагы бир тобубуз орустардын эшигин сагалап калдык. Мурун журт төбөлдөрү элин карап, элдин алдына барып акыл калчашчу эле. Эгерде аталардын калтырган мурастарын, жер көтөргүс баалуулуктарын сактап келгенде, биримдиктүү, баштуу болсок, ким биздин мышыгыбызды пыш демек. Өзүбүз бийликке жетүүнүн карасанатай жолдору менен бычакка сап уулдарды кеңеш бийлигине каршы деп тоголок каттар менен жайлап отуруп асыл кандуу, эл түркүгү болчу азаматтарыбыздын көпчүлүгүнөн кол жууп калдык. Мына алыска барбай эле 30-жылдардагы репрессияны эле карап көрөлү. Карап отурсаң улут түркүгү болчу азаматтарды карасакалдар аралап, карасакалдар дегеним Кеңеш өкмөтү теңсиздикти теңейбиз деп, тегиз жашоону алып келгенде, тектүү тыңчыкмаларыбызды тексиз, мурдунун учунан алысты көрө албагандар каралап, тоголок кат тоголотуп жатып эле көпчүлүгү атылганы атылып, куулганы куулуп, тентип жок болду. Кремлге кетчү тоголок каттарды орустар жазган жок, жазса да көбүн өзүбүдүн "карасакалдар" жазбадыбы. Ушундан улам биз улутубуздун мыктычыкмаларын качан колдоп, качан "бир жакадан баш, бир жеңден колдор чыгат" деген суроо ойлорумдун ордосун ээлеп туру.
СССРден биз көп жакшы саамалыктарды алганыбызды айтпасак деле талкуусуз түшүнүктүү. Союз ыдыраганга чейин орустарды бир беткей эле мактагым келбейт, беш кол бирдей эмес сыяктуу арасында шовинистик маанайдагы да таразага тартсаң таш жетпеген учурларды беките албайбыз. Мындай маанайдагы көрүнүштөргө биз биримдигибиз менен гана жооп кылып отурсак туура болмок. Биримдигибиз болбосо ким деле болбосун бир бирден жетелеп кете берет да, йа, кандай дейсиң кыргызым?
Мына, СССР тарап өз алдынча эгемен өлкө болгонубуздан бери 20 жыл болгонун эстесем эмнегедир митингдер, чеги адам өлүмүнө чейин жеткен митингдер жана эки президенттин куулушу сыяктуу эле үрөй учурган окуялардан башка эчтеке деле көзгө урунбайт.
Апрель окуясынан кийин кылчу кеп арбын. Өкмөт бир топ аракеттердин үстүндө иш алып барып жатканы көрүнүп эле турат. Маселен, чу дегенде эле башкасын айтпаганда мугалим, дарыгерлердин айлыктарын 2,5-3 эсеге ушундай катаал шартта көтөрүштүн өзү эле канча салмактуу. Өкмөт башчы А.Атамбаевдин элге кызмат кылам деген үмүтүн ушул көзгө урунаарлык алгачкы кадамынан эле баамдоого болот, эмнегедир ич жылытарлык. Анын үстүнө ал киши угушума караганда чыгармачыл адамдарды колдоого алып жүргөн мыкты сапаты бар экендигин өткөн айларда бир окумал эркин гезиттен учураттым, өзү да чыгармачыл инсан тура. Сүйлөгөн сөздөрүндө Кудайга тообосу дайыма айтылат. Чыгармачыл, Кудайдан корккон адам эч качан элине жамандык алып келбесе керек. Ушундан айтайын дегеним, өлкө тагдыры бычак кырында деп чоң саясатта талкууланып атса да Өкмөттү колдоп, бутташтын ордуна дагы эле саясатчылардын ар кимиси ар тарапты караганы жанды кейитет. Деги БИЗ качан "байчадан" (багалектен) тушалбай "жакага" жетебиз? Бул суроого кечээ жакында арнамысчы 10 депутат башкаруучу коалицияга кол сунуп, мекендин уулдары катары кадам кылышып, кичине болсо да жообум азырынча кур эмес. Дагы ушундай кыйын кезеңде өлкөбүздүн түндүгүнө уук болуп сайылчу уулдарыбыз табылаар бекен, үмүт байлап туралы.
Ак-Өргө конушунун тургуну
Ж.Абдыразаков