, 22.04.11 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Азизбектен азил кеп
Катышуучулар:
Данияр Үсөнов, Феликс Кулов, Алмаз Атамбаев- экс-премьер-министрлер, Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бабанов, Тажикан Калимбетова- экс-вице-премьер-министрлер, Ибрагим Жунусов. Камчыбек Ташиев, Исмаил Исаков, Айгүл Рыскулова, Марат Султанов, Ильяз Давыдов, Нурлан Сулайманов,Сапарбек Балкыбеков, Молдомуса Конгантиев,Бакыт Төрөбаев, Курмантай Абдиев-экс-министрлер. Ахматбек Келдибеков- экс салык комитет жетекчиси, Нариман Түлеев-экс-мэр.

Д.Үсөнов:
- Урматтуу коллегалар Курманбек Салиевич бардыгыңыздарга Дубайдан дубай салам айтып, бир пикирге келүүңүздөрдү суранды.Биз көмүскө өкмөт түзмөй болдук.
Ф.Кулов:
- Конкретно айтыңыз премьер-министр ким болот?
Д.Үсөнов:
- Аны Курманбек Салиевич азыр эч кимге айта элек.Бирок бүгүнкү заседаниени алып барууну мага тапшырды.
Ө.Бабанов:
- Мисалы мага бирдей эле. Курманбек Салиевичтин убагында деле биринчи вице-премьер болчумун эми деле ошол кызматтамын.
А.Атамбаев:
- Мен деле премьер-министр эмес белем, азыр деле премьермин, бирок…
К.Ташиев:
- Эмне бирок, премьер-министр кезде акемди алтын киши экен деп жар салып жүрчү эмес белеңиз.
А.Атамбаев:
- …Бирок экөөбүздүн ортобузда 2009-жылкы президенттик шайлоодо кара мышык аралап кеткен.
Ф.Кулов:
- Биз барыбыз тең эле Бакиевди колдодук.Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Бакиевди колдошкондор.
М. Султанов:
- Атамбаевди элдин 8 эле пайызы колдободу беле.
Д.Үсөнов:
- Урматтуу коллегалар, негизги маселеге өтсөк. Мен сиздерди Курманбек Салиевичтин программасы менен тааныштыра кетсем.
М.Султанов:
- Акылбек Үсөнбекович аз келгенсип, Тажикан айым да бул жерде отурат. Деги мага финансы министрлиги артабы?
Д.Үсөнов:
- Кайталап коёюн,Курманбек Салиевич кайрадан президент болуп шайланып келип,инагурациясы өткөн соң гана кызматтарга дайындай баштайт.
М.Султанов:
- Үчөөбүздүн кимибизде шанс көп?
И.Исаков:
- Мен силердин мындай авантюраңыздарга катышкым келбейт. Мен кеттим (кетет).
Д.Үсөнов:
- Пажалыста, сиздин ордуңуз бош калбайт.
А.Рыскулова:
- Менин жаныма ким отурат?
К.Ташиев:
- Сиздин жаныңызга ким болсо деле отура берет экен да. Сиз сууга чөкпөйсүз,отко күйбөйсүз.Акемдин өкмөтү болобу, Убактылуу өкмөт болобу, техникалык өкмөт болобу, коалициялык өкмөт болобу, сизсиз оокат өтөбү? Мына менин жаныма эч ким отурбай атпайбы.
А.Рыскулова:
- Сиз муштап ийесиз да.
Ө.Бабанов:
- Менин Алтынбегимдин алдында бытпылдыктай чуркап калбадыбы.
И.Жунусов:
- Өткөндө Кыргызстандагы жүз эң бай адам дегендин арасында ушул отургандардын бары бар экенсиздер, бир гана мен жок экемин.
Ө.Бабанов:
- Сиз сахна деп дөөрүбөй, саясатка эрте киришсеңиз биздей болуп кошулуп калмаксыз.
И.Жунусов:
- Барынан да таң калганым, министр болуп келгенде чычкак улагы жок эле Айгүл Рыскулова деле жүрөт.
А.Рыскулова:
- Ичиң күйсө туз жала.
Д.Үсөнов:
- Урматтуу коллегалар менин сөзүмө кулак салып койгулачы. Келе жаткан президенттик шайлоого, биз барыбыз биригип бир гана талапкерди алып чыгышыбыз керек.
Ф.Кулов:
- Туура, сакалдуулап берели.
А.Атамбаев:
- Жок, мен да Исаковдун артынан кетем (кетет)
Д.Үсөнов:
- Каалоочулар кете бергиле. Эртең биз бары бир бийликке келебиз.
М.Конгантиев:
- Мага МВДны бересиздерби?
Д.Үсөнов:
- Сизден талаша турган киши жок да.
М.Конгантиев:
- Ну, погоди…Талас!
Д.Үсөнов:
- Шайлоо бүткүчө коркутпай туруңузчу. Мындай кылабыз президент ким болоору бардыгыңыздарга түшүнүктүү.
Ф.Кулов:
- Өкмөт башчысы ким болот?
К.Ташиев:
- Тандем түзсөңүз сиздики болот да. Мына проблема биякта МЧСти мага береби же Бакыт Төрөбаевкеби?
Б.Төрөбаев:
- МЧСке караганда вице-спикер өйдө эмеспи.
А.Келдибеков:
- Мен да катуу ойлонуп атам.Кокус акебиз келип өз ордубузга бара турган болсок, кызматтан төмөндөп кала тургандайбыз.
И.Жунусов:
- Эптеп вице-премьерге жетсем ар ким менен куда болом деп жүрүп. Кайра министрге кетемби?
Ө.Бабанов:
- Бакиевке кайрадан куда болом десеңиз катта кызмат берет да.
Д.Үсөнов:
- Кызматыбыз төмөндөп калат деп чоочулабаңыздар. Ахматбек Келдибекович, сиз спикер бойдон каласыз.
И.Жунусов:
- Менчи?
Д.Үсөнов:
- "Ак жол" партиясын калыбына келтирип, сизди партлидер кылууну чечтик. "Ак жол" деген патриоттуу ырга обон чыгара бериңиз. Эми базардагы аялдардай болбой программа менен таанышпайсыздарбы.Господин Давыдов сизде эмне сунуш бар?
И.Давыдов:
- ГЭСтерди, "Түндүкэлектрону", ТЭЦти тезинен менчиктештирүү керек. Эми алардын наркын өзүңүздөр чечиңиздер.
Д.Үсөнов:
- Чепуха, 1 долларга деле сатабыз да.
С.Балкыбеков:
- Электр энергияга тарифтин баасын тез арада көбөйтүш керек.
Д.Үсөнов:
- Кандай деп сунуштайсыз?
С.Балкыбеков:
- 1-июлдан баштап 3 сом, 1-январдан баштап 4сом 50 тыйын, андан кийин менчиктешип кетсе, менчик ээси каалаган баасын коюп алат да.
А.Жапаров:
- Койсоңорчу, мына ансыз деле азык-түлүккө болгон баа 100 пайыздан 350 пайызка чейин көтөрүлүп жатат.Эми электрге бааны көбөйтсөк, эртең эл кантип оокат кылат?
Д.Үсөнов:
- Акаевдин убагында деле эл жашабады беле. Биз деле эми өзүбүздү ойлошубуз керек го.Элге болсо эмне жашаганы жашайт, жашабаганы аркы дүйнөгө кете берсин. Кыргыздын энесин…
Н.Түлеев:
- Мэрди мага бересиңерби?
К.Абдиев:
- Юстиция министрин менден Марат Кайыпов талашпайбы?
Д.Үсөнов:
- Дагы кимде кандай сунуш бар?
К.Ташиев:
- Акабыз келсе кош колдоп көтөрөбүз да.
М.Конгантиев:
- Ну, погоди…Талас!
А.Жапаров:
- Кезек сарбагыштардыкы эмеспи, сарбагыштарга кезекти бербейлиби?
А.Келдибеков:
- Алымбек датканын тукумдары сарбагыштардан кем бекен?
М.Султанов:
- Элди го акча менен алабыз, Путин эмне дейт болду экен? Жанагы Омор үкамды ортого салып көрбөйлүбү?
Ө.Бабанов:
- Сиздер чындап эле Максим Курманбековичти алып келген атасыздарбы.Мен анда ага алтын чүкө камдай берейин. Мурун берген алтын чүкөлөрүмдү таштай качкан тура.
Данияр Үсөнов:
- Көп сөз,бок сөз.Кана, колго салалы, Бакиев президенттикке талапкер болсун дегендер кана колуңуздарды көтөрүп коюңуздар? Мына мен за…
Тажикан Калмамбетова:
- Сөз жок,макулмун.
Нурлан Сулайманов:
- Хоп.Майли!
Молдомуса Конгантиев:
- Ну, погоди…Талас!
Камчыбек Ташиев (көңүлсүз):
- Биздин деле борбуюбуз катпады беле.Мейличи эми…
Данияр Үсөнов:
- Молодец, Айгүл айым.Барыңыздар Рыскуловадай көңүлдөнүп, кол көтөрсөңүздөр болбойбу.
Бакыт Төрөбаев:
- Майли…
Турсунбек Турдумамбетов:
- Дезертирден тажап бүттүм, колдойм!
Нариман Түлеев:
- Шайлоочуларым болбогондо Айгүл Рыскуловадай эле кол көтөрмөкмүн.
Ильяз Давыдов:
- Да!
Сапарбек Балкыбеков:
- А как же!
Данияр Үсөнов:
- Ахматбек Келдибекович. Сиз элге эмне далыңызды салып алгансыз.Макулсуз да. Феликс Шаршенбаевич вообще жашынып алыпсыз.Эми сизге түшүнсөк болот. Марат Абдыразакович, колдойсузбу? Да!
Өмүрбек Бабанов:
- Ляппай!
Данияр Үсөнов:
- Акылбек Үсөнбекович коюңузчу,сиз эмне колуңузду көтөрбөй калгансыз. Курманбек Салиевич өзү көрүп турат. Же баягы ХИПКтей болуп жалгыз каршы чыгайын деп атасызбы?
Акылбек Жапаров:
- Оң колум эле көтөртпөй эле ооруйт.
Данияр Үсөнов:
- Анда сол колуңузду көтөрүңүз.
Молдомуса Конгантиев:
- Курманбек акам бийликке келсе эки колун тең көтөртөм го.Ну, погоди…Талас!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ