, 22.04.11 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ибарат

Ч. Айтматовдун айкөлдүгү
Акын, жазуучу, кыл калемдин чебери, мыкты дарыгер Кубанычбек Адамалиев жалпы окурмандарга залкар, кыргыз элинин чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун элге белгисиз болгон айкөлдүгүн, белгилүү-белгисиз окуяларын баяндаган эскерме чыгармасын сандан санга берип турмакчыбыз.

(эскерүү)

1. Жер ачылбады
Мындан бир топ жыл мурун биздин клиникада коңшу Казакстандын Мерке районунун прокурору Болат Абыкенов деген орто жаш курактагы адамдын уулу катуу оору, операция жасалып, бизде дарыланып жатып калды. Ал адам өтө шайыр, сөзгө чечен, нары кыраакы инсан экен, врачтар менен дароо эле тил табышып, аз өтпөй тааныштардай жакшы мамиледе болуп калдык. Уулу ооруканадан толук сакайып чыгаарда бөлүмдө иштеген врачтарга чай берип, Бишкекте турган бир досунун үйүнө коноко чакырып калды. Ошондо турмуштагы ар кыл кызыктуу окуялардан айтып олтуруп, капилеттен Чыңгыз агабыз тууралуу өз башынан өткөн бир окуяны эскерип калды.
- Э-ээ, туугандар, достор,-деди ал бир оокумда башын чайкай үшкүрүнө берип. -Ошол күндү эстеген сайын бетим кызарып, аба жетпей муунуп, өтө уялып кетем. Жер ачылып кеткен жок, ошондо жарыктык жарылып берсе, уятымдан, ойлонуп иш кылбаган алакөөдөктүгүмөн арылуу үчүн ойлонбостон түбүнө кирип кетээр элем. Жаным тынмак. Айла жок. Бетиме чиркөө болгон ошол арманымдан азыр да арыла элекмин. Биз ал сөздүн маанисин түшүнө бербей ичибизден дымып угуп калдык. Ал адам суу жутуп, маңдай терин аарчый берип аңгемесин улады.
- Азыр туугандар...Андан бери көп жыл арадан өтсө да, айтпадымбы, дагы эле асыл, суудай таза агайдын ошондогу уяткарганын унута албай, ушинтип денемди муздак тер басып, уялып кетем. Толук айтып берейин, жеңилдеп, мүмкүн буулугум толук чыгып кетээр. Сиздерге чоң ырахмат. Оор ахвалда келип түшкөн уулумду аман-эсен айыктырып бердиңер. Эмики сөз улуу кызым жөнүндө болот. Беригиден он бир жаш улуу кызым бар. Ал азыр өз беткей турмуш куруп, окуусун бүтүп, Алматыда жашайт. Ошол кызымдын тубаса көз оорусу бар экен. Тогузунчу класска чейин көз айнек жардам берип жүрдү, кийин көрүүсү начарлап, көз айнектен да айла болбой шорубуз кайнады. Алматынын, Бишкектин көз догдурларына көрсөтсөк: "Тубаса оор кесел экен, бир айла Москвадагы академик Федоровко алып барышыңыз керек, антпесеңиз кыз сокур болуп калат, бизде аныкындай технология азырынча жок",- деп кеңеш сунушту. Москвага алып барсак, бүткүл союзду кой, дүйнө жүзүнүн ар бурчунан келишип кайрылышкан оорулуулар үчүн да кезек көп экен. Бейтапканасында иштеген врачтар кызымды карап көрүшүп, илдет баян ачышып, жети айдан кийин, баланча күнү келиңиз,- деп колума жолдомо кагаз тапшырышты. Жалынып, жалбарып, сураган акчаңарды берейин, жардам кылгыла деп жашылдансам да көнбөй коюшту.
- Антсеңиз таптакыр дарылабай коебуз. чыгып кетиңиз, убакытты албаңыз, -деп кесе айтышты. Айла жок чыгып кеттим. Мүңкүрөп турганда Чыңгыз агайды, ощол замат ал киши менен айыл чарба институтунда чогуу окуган Аскер аттуу тааныш байкени эстей койдум. Түз эле Бишкекке келип түшүп, Аскер байкени иштеген жеринен таап, өпкөлөп жардам сурадым.Ал киши көңүл улап, санаамды тынчытып, Чыңгыз агайга сүйлөшүп, Кыргызфильм киностудиясына алып барды. Залкар агабыз ошондо башкарма экен. Кудай жалгап чет өлкөлөп кетип калбай, өз ордунда олтурганы мени аябай кубандырды. Досу киргенде Чыңгыз агай ордунан тура калып, кучак жайып тосуп алды. катчы келинге чай, таттуу апкелдирип, экөө бир топко окуган жылдарын, андагы кызыктуу окуяларды эстешип чер жазыша, маанайлары жарык, бир топко күлүп олтурушту. Киргенде эле өзүмдү, кызымды Аскер байке Чыңгыз агай менен тааныштырган. Сагынычтары жазылып, эсенчилик суралып, эскерүүлөрү аяктап бара жатканда Чыңгыз ага Асакеден сурап калды.
- Эми, келген себебиңди айт? Бул жигит жанагы телефондон баяндаган азаматпы?.
- Ооба. Телефондон чет жакасын баяндабадым беле, Чыке. Өзү жакшы жигит. Айла жок өзүңө кайрылууга мажбур болдук. Анан өзүм жөнүндө, кызымдын кейиштүү оор абалы тууралуу айтып келип, жардам берүүсүн дагы бир жолу сурады. Чыңгыз агайдын академик Федоров менен жакшы экенин, экөө тууралуу телефильм тартылып, ал Москвадан берилгенин, экөө тең СССР Жогорку кеңешине бир убакта депутат болушуп, өз ара жакшы катташтары бар экенин билчимин. Калган байланыштарын кийин уктум.
Академик Федоров жылкыны жакшы көргөн инсан экен. Өзүнчө шаардын четинде ат сарай кармап, ага аргымактарды топтоп, бош убактысынын арбынын ат минүү, жарышка салуу, таптоо машаакаты менен өткөрөөрүн кызматкерлери айтып беришти. Ошол мезгилде академик Федоров бүткүл дүйнө жүзүндөгү элдеринин оор көз ооруларын, өзүнүн жаңы ыкмасы менен операция жасап, дарылап, биринин артынан бири улай иштеме атайы адистерден курама топторду түзүп, чет өлкөлөрдө самолеттордун, деңиз жээгиндеги өлкөлөрдө параходдордун ичине көчмө клиника ачып, миңдеген оорулуулардын сообуна калган мыкты адис, таланттуу врач экенин, татыктуу болгон эң бийик сыйлыктарынан, анын ичинде социалистик эмгектин баатыры экенин уктум. Ошондо Чыңгыз агай дароо эле Федоров менен байланышып, ал адамды кайсы бир жыйында олтурган жеринен таап, менин кызыма жардам берүүсүн өтүндү. Аты-жөнүн, жашаган жерин өзү окуп жаздырды. Чыңгыз агай улам жылмайып, сүйлөшүү мааалында кээде кыткырып күлүп, экөө өткөндөн жакшы учурларды эстеше, сөз учугу негизинен жылкы, адабият, ал-ахвал жөнүндө болуп жатты. Сөздүн нугунан улам жараткан буйуруп, тилегимдин орундалаарын сездим. Сүйлөшүү бүткөндө кызым экөөбүзгө кайрылды.
- Сүйлөштүм, Болат иним. Ишемби, жума күндөрү баланча жерде оорулууларды өзү кабыл алат экен, кызды алып, ошол клиникасына түз бар. Кабыл алып, дарылап берет,- деп биз менен жылуу коштошо, Аскер агай экөөбүздү сыртка узатып чыкты.
Арадан бир жума өтпөй кызымды алып Москвага учуп барып, түз эле академик Федоровдун өзүнө кирдим.
Адамгерчиликтүү, кичипейил, өтө жөнөкөй адам экен. Кызымды жакшы карап, көзүн текшерип бүтүп, жардамчы врачтарынын бирөөсүн дароо чакырып, жүрөгүнүн, башка өмүр үчүн маанилүү мүчөлөрүнүн ишин, канын текшерип, эртеңкиге операцияга даярдоого көрсөтмө берди.Чыңгыз агайдын бир сөзү менен ошентип кызыма жасалуучу операцияны айлап күтпөй, баргандын эртеси эле ал киши өзү жасап, анысы ийгиликтүү өтүп, эки күндөн кийин эле жакшынакай көрүп, бир жумада толук сакайып чыктык.Андан кийин сен көр, мен көр, көз айнекти да кийбей, кызымдын да, биздин да, көңүлүбүз көтөрүлүп, жыргап эле калдык.Сакайып кеткенден кийин ал кызымды Алматадан окутуп, өзүм да баш аягымды жыйнап дегендей, Чыңгыз агайга барып жолугуп ырахматымды айтайын деп, ага аракетимди күчөттүм. Тиги мунумду тейлеп бүткөн соң Аскер агай менен кеңештим.
- Жакшы болгон тура Болат иним. Куттуктайм. Мейли кел, Чыңгыз агаңа барып жолугуп, ыраазычылыгыңды билдирип кой, бирок аша чаппа, кичине эле белек алып кел, деген кеңешине ынанып, колумдан келип тургандыктан семиз тай сойдуруп, 10 миң рубль акчаны калтама салып, ишимде "Волга" минүүчү элем, шопурума айдатып, келинчегимди кошо алып, Аскер байке менен сүйлөшкөн убада боюнча түнү бою Фрунзеге жетип келдик. Эртеси күнгө ишемби болгондуктан Чыңгыз агай Дзержин саябаны менен Киевский көчөсү кесилишкен бурчта салынган үйдө жашайт экен. Аскер агай, келинчегим болуп күн чоң шашкеден өткөндө эшигин шыңгыратып кирип бардык. Чыңгыз агай өзү тосуп алды. Бул сапар да жолугушуубуз жылуу маанайда, ал-ахвал, жашоо сурашуу менен өтүп, кызымдын куландан соо сакайганына сүйүнүп, бакыт-таалай каалап, байбичесине дасторкон жайдырып, мени менен келинчегим эөөбүздү тааныштырып, күтүп жатышкан экен, оокаттанып олтуруп калдык. Өпкөм казандай экенин байкадыңар го туугандар, шашма жагым да бар. Бир аз олтурганыбыздан кийин эле: -Агай сизге ыраазымын, өмүр бою карыз болуп өтөм, өзүңүз ырологон бир тайым, биртике тыйыным бар эле,- дебесминби.
- Ал эмне дегениң иним?- Чыңгыз агай чочугандай мени карап калды.
- Жакшы жигит экен. Ырахматын айтканы мазар басып, атайы өзүңө келиптир Чыке. Сөзүн ук,-деп өтүндү мени ыңгайсыз абалдан чыгара Аскер байке. Чыңгыз агай унчукпай калды. Ордуман тура калып келинчегимди колдон алып, экөөбүз сыртка жөнөдүк. Уктап жаткан шопурумду тургузуп, бедеге ороп, кастарлап, жаңы мүшөктөргө салып, таза алып келген тайдын этин үчөөлөп ташып үйгө киргиздик. Тамак-аш жасоочу бөлмөсүнө өтүп барып алып келгенибизди жайгаштырып, ичкери кайра кирдик. Чыңгыз агай досуна кол тамгасын коюп, жаңы чыккан китебин жазып берип олтуруптур. Келинчегимди босого тарапка олтургузуп Чыңгыз агайдын жанына басып бардым кыйраттым деген ойдо:
- Чыңгыз ага, сизге үй-бүлөм, балдарыбыз, ага туугандарыбыз болуп терең ыраазыбыз. Сиз болбосоңуз кызым сокур болуп калмак экен. Кудайга шүгүр, кадырыңыз даарып, батаңыз тийип, жакшы айыкты. Эми агай, биртике туз насип ала келдик дебедимби, ошону алып коюңуз? Чөнтөгүмдү тиреп турган түйүнчөктү алып чыктым.- Эжем экөөңүздөр чай ичип коюңуздар?
Чыңгыз агай сурдана ордунан дароо турду.
- Бул эмне кылганың иним? Уят эмеспи. Бир тууган эл болсок. Муну пара сатып алуучулук дейт. Тур да, алып келгениңдин баарын алып үйдөн чыгып кет. Дене боюм дүркүрөп, башы көзүмдү тер баса кол куушурдум.
- Байбиче, бул жигитти узатып кой, эч нерсесин алба. Асакем менен сүйлөшө турган сөзүм бар. Чыңгыз агай Аскер байкени ээрчитип ары жактагы иш бөлмөсүнө кирип кетти. Ошондо чиркин кара жер ачылып кетсе болмок. Жарылбады. Мен баткыдай эле жайыла берсе уятыма чыдабай, антип бозоруп- татарбай, төрт эле шыйрагым калды, дароо эле кирип кетмекмин. Бирөө колун койду. Бети башым күйүп, карасам эжеке экен.
- Агаңа таарынба. Ошондой таза адам. Эми жакшы бара гой. Ашканадагы этти калтырбай ала кет,-Керээз эже бизди узатып чыкты. Ошондо келинчегимдин чый-пыйы чыга эжени колдон ала өтүнүп калды:
- Эжеке мен да энемин. Ырымы болот. Ооз тийгидей энчилеген оокаттан алып калыңыз? Атадан калган салт ко. Биздин жаман оюбуз жок эле.
- Мейли. Жүргүлө анда. Ашканага келип, четки мүшөктү мага чечтирип, үстүндөгү эки кабырганы эле колуна алды.
- Жетет. Агаң билип калса урушат. Эми жакшы баргыла. Түшүнгүлө? Мен да кошулам. Уят болот, элдик адамга пара сунуш. Бети-башым дуулдап, денем муздап, ошентип шопурум, келинчегим болуп жанагы алып келген тайдын этин кайра сыртка ташып ит болгом, туугандар. Олтургандардын бири күлө берип сурап калды.
- Ал этти анан эмне кылдыңыз, кайра Казахстанга алып кеттиңизби?
- Жок. Болот үшкүрүнө суу жутту. -Четке чыгып Аскер агайдын келишин күттүк. Ал киши далайдан кийин сыртка чыкты. Кой боюна койбой: " -Кайра алып кетмек белек, алып калыңыз", деп араң көндүрүп, бир бөлүгүн ошол агайдын үйүнө, экинчисин прокуратурада иштеген досум бар эле, аныкына таштап кеткенбиз. Чыңгыз агайдын айкөлдүгү, дилинин суудай таза экендигин, актыгын, ак эмгеги менен жашаарын ошондо көргөм туугандар. Эстеген сайын бүгүн да уялып, туталанып кетем. Алла талаадан көп курдай кечирим сурадым.
Асыл, залкар, чынчыл, Чыңгыз агайдай дили таза, ак эмгеги менен жашаган инсандар гана белек, пайда табуу үчүн эмес, өздөрүнүн айкөлдүгү менен мөңкүрөгөндөргө ак дилден жардамын аябай берет тура. Тилеке каршы андай таза адамдардын саны жыл санап коомубузда азайып бара жатышы өкүнтөт.
Кубанычбек Адамалиев