, 22.04.11 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Тамыр
"Жаңылбас жаак,
мүдүрүлбөс туяк болбойт"
(Элдик макал)

(Башы өткөн санда)

Эркинен ажыратылган инсан түрмө убактысы ичи чын дили менен динди кабыл алып(мисалы, ислам динин), анын жол-жоболорун андан аркы жашоосуна күнүмдүк сөзсүз аткарылуучу кошумча жумуш катары киргизсе, анда ал инсан кайрадан кылмыш жасоого барбайт жана ар дайым Жараткандан коркуу сезими көкүрөгүндө уялап, муктаждыктарды ага чын ыкластан сыйынуу(Аллага) менен чечип алаары туурасындагы ишенимдер бекем болот. Ошол эле биз мисал кылып жаткан ислам дининде адамзат кандай гана муктаждык болбосун, аны намаз окуу аркылуу чечип алса болоорлугу жөнүндө кеңири түшүнүктөр бар. Албетте, бул тек гана намаз жаттап алып эле, анан муктаждык чечип алса болот дегенден өтө алыс кармалат. Анын дааратынан баштап, сыйынуу мезгилиндеги(намаз) ар бир кыймылдардын туура аткарылышы, эң башкысы чын жүрөктөн, т.а. ишенимди жүрөккө толук киргизгендиги, ж.б.у.с. мааниге ээ.
Кыргызстан Дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов өзү да дааватчы балдар менен 2-3 жолу Кыргызстандагы түрмө ичинде даават мээнети менен болуп, алардын эркиндиктегилерден психологиялык өзгөчөлүктөрүнүн айырмасын жакындан билгендердин катарына кирет. Анын бекемдешинче дин тарбиясы, анын ичинде даават мээнети турмушта ката кетирип, өз жазасын алып жаткандарга да, эркиндиктегилерге да бирдей. Бул - элди тазартуу. Мында адамдардын жүрүм-турумунан тартып ыймандуулук, ибидаткөйлүк, жаман иштерге(арам делген) барбоо, жасабоо сыяктуу ар кандай кылмыштардын алдын алуучу, дегеле, адамзатка тиешелүү бардык асыл-баалуулук касиеттер камтылган. Ислам дининде жаза өтөп жаткан адамдарга карата "болду эми, булар кылмышкер", "күнөөкөр, жаман адамдар экен" деп жаман сортко бөлүп салбай, жалпы адам катары мамиле жасалат. Кыргызда "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" деген сөз дал ушуга туура келет.
Даават түрмөдөгүлөргө кандай таасир бере алат?
Дааватчы балдар түрмөлөргө барып келген соң аталган бөлүмгө ал жерлердеги жасаган даават ишинин жүрүшү тууралуу толук отчет беришет. Алардын маалыматтарына ылайык акыркы мезгилдери даават түрмөдө олтургандарга ар тараптуу көп пайдасын берип жатат. Даават мээнети андагыларды "муну менен баары бүттү, болушунча болдум" деген жаман сөздөргө албыртпай, келечек али алдыда экендигин, "түрмөгө түштү атка кондум" дегендей жаман жакка бурулуп кетпешине зор таасирлерди калтырат.


- Түрмөгө түшкөн, айрыкча жалган жалаалар менен камалган окуялар, учурлар пайгамбарлардан бери келет. Мисалы, Жусуп пайгамбарыбыз жалган дооматтын негизинде түрмөдө көп жылын өткөргөн. Бирок, ал пайгамбарыбыз диндин, исламдын негизинде түрмө ичинде да ибадаттарды жасап, өзүн гана сабырдуу кармабастан, ал жердеги олтурган адамдарды да сабырдуулукка үйрөтүп, ыйманга чакыруу менен аларды туура жолго салуу, үгүттөө иштерин жүргүзгөн. Т.а. диний баалуулуктар менен адамдардын ички руханий байлыктарын арттырган. Муну менен Жусуп пайгамбар түрмөдөн чыккандан соң коомчулукка катардагы инсан катары гана аралашып калбастан, ал Мисир шаарынын падышасынын оң колу, азыркыча айтканда каржы министри болуп, 7 жыл катары менен келген ачарчылыктан үнөмдүүлүк, адилеттүүлүк менен иш алып барып, элди ал кыйынчылыктан чыгарып кеткен. Демек, түрмө менен баары бүттү деген ички сезимдер терең жаңылыштыкка алып бараары айныксыз. Ушуга окшогон окуяларды айтып олтурганда ал жерде олтургандарга үмүт шооласы чачылып, келечеги ачылып, алдына кандайдыр бир максаттарды коюп, ушул жерден чыксам, коомдогу жашоодо жакшы адам болоюн деген үмүттөр пайда болот. Биз муну турмушта көрүп жатабыз. Ал жерде мечит амалдарына аралашып, бошонуп чыккандан кийин кадимки эле жөнөкөй инсандар катары жаман адаттардан арылып, алдына койгон максаттарына жетишип жаткан көп эле инсандар бар. Бул адаптациянын эң ыңгайлуу жолу деп эсептейм, себеби, аларды эркиндикке чыга электе ага даярдоо, тарбия ошол жерден берилип жатат, мындайча айтканда эркиндикке чыкканда коомчулукка аралашуу алар үчүн эч кандай олуттуу кыйынчылыктар жаралбайт. О.э. учурда түрмөдөн мындай даярдыксыз чыккан инсандарды күтүп алуу иштери да бизде(дин тармагында) азыр жүрүп жатат. Бирок, эгерде ал инсан түрмөдөн чыккандан кийин дааватчылардын сөзүн угуп, мечитке келип калса жакшы. Мисалы, түрмөдөн чыккан соң үй-бүлөсү менен бир аз убакыт болуп, дароо эле мечитке келип дааватчыларга аралашып, дааватка чыгып, андан ары турмуштан, коомчулуктан татыктуу өз ордуларын таап кеткендер да бар. Бирок, биздин негизги багыт- түрмөдөгүсү пландуу кетет, оң натыйжа берет,-дейт, Равшан ажы Эратов.


Россиянын Ижевск шаарындагы Ижевск заводунун өндүрүшкө даярдоо жана жаңы технология менен камсыздоо бөлүмүндө программист-технолог болуп иштеген Станислав Клинов (кийинки аты-Мухаммад ар-Руси) Ислам -дин катары кылмыштуулукка каршы эң күчтүү профилактикалык иштерди жасаарын, о.э. күнөөкөрлөр кылмыш мөөнөттөрүн өтөп бүткөн соң аларды коомчулукка кошууда зор роль ойноорун баса белгилейт. Станислав Клинов 1999-жылы ислам динин кабыл алып, 2002-жылдан тарта аталган заводдо эркинен ажыратылган, мусулман динин кабыл алгандар менен реабилитациялык жана адаптациялык иштерди алып барып, өзү бул динге киргендерге багыт берүүчү, тарбиялоочу, т.а. мугалим болуп мээнет кылып келет.
Дин менен мамлекет байланышы
Кувейт өлкөсүндөгү камактагыларга жылына бир жолу мүмкүнчүлүк берилчү Амирдин кечиримин (амнистия) Куранды толук жаттагандар да алышат. Бул өлкөнүн Дин иштери боюнча министрликтин таркаткан маалыматына ылайык мындай чечим камактагыларды реабилитиациялоо боюнча мамлекеттик программанын бир бөлүгү болуп эсептелүүдө. Бул программанын негизинде алардын рухий баалуулуктарын арттыруу менен эркиндикке чыкканда коомго кайрадан туура аралашуу багытын беришет. "Кувейт эркинен ажыратылгандар үчүн дин каадаларын ребилитациялык саясаттын бир бөлүгү катары программага киргизип, турмушка ашыруу кадамдарын жасоодо. Түрмөдөгүлөр диний лекцияларга катышып, Куран жаттоого аракеттерди жасашат. Муну менен алар тартиптүүлүккө гана ыктабастан, ички ойлорун, максаттарын керектүү жактарга багыттайт. Мындай шарттагы аталган программадан ийгиликтүү өтө алышса, алардын амнистия алууга мүмкүнчүлүктөрү жаралат" дейт, дин иштери боюнча минисртлиги өткөн апта этегинде. Бирок, ушул эле мезгилде юстиция министрлиги бүгүнкү күндө түрмөдөгүлөргө Куранды жатка үйрөнгөндөр үчүн амнистия берилери боюнча Амирдин эч кандай гарантиясы да жок экендигин баса белгилейт. Себеби, бул боюнча атайын мыйзам долбоору кабыл алына элек, эми иштелип жатат.
Албетте, эми Кувейт - ислам өлкөсү болсо, Кыргызстан- светтик өлкө саналары Башмыйзамыбызда жазылган. Демек, бизде дин мамлекет саясатына кийлигишпейт. Ошол себептүү, же т.а. түрмө мамлекеттик мекеме болгондуктан сырттан туруп (М, Бишкек шаардык, же Чүй облусттук казыяты тарабынан) андагы мечиттерге көрсөтмө берилбейт, сырттан официалдуу имам шайланбайт. Андагылар илимине карата өз ара чечишип алышат, бирок, ар нерсенин Уставы талап кылынгандыктан андагы имамдардын эркиндиктегидей статусу болбойт. Канткен күндө да Ал жерде мусулман адамдардын намаз окуп туруусу үчүн гана ибадатканаасы болуп эсептелет. Бирок, ошол эле учурда өлкөбүздөгү түрмөлөрдүн ичине мечиттерди, намазканаларды, чиркөөлөрдү курууга, ал жердеги эркинен ажыратылгандардын диний каадаларга (М;намаз окууга, мечит амалдарына) катышуусуна, диний майрамдарды белгилөөгө мамлекет тарабынан тыюу салынган эмес. Ал түгүл жогоруда айтылгандай КДБнын даават бөлүмү тарабынан жөнөтүлүп турчу дааватчыларды түрмөлөргө киргизүүгө, аларга ал жерде дин ишмердүүлүгүн (дин тарбиясын) жүргүзүүгө 2003-жылдан бери уруксат берилип келет. Менимче бул жакшы жөрөлгөлөрдүн бири катары саналышы керек.
Дин десе эле так секирип, аны такыр башкача карашып, сырттан келген жалган идеологиялардын "үзүрү" менен "террорист", "сакалчандар", "артта калгандар", "караңгылар" сыяктуу жарлыктарды, тар түшүнүктөрдү жеке туюмдарына сиңирип алышкан жарандарыбыз аз эмес. Бирок, мезгил өткөн сайын дин чындыгы, адилеттүүлүгү, коомдогу тарбиялык мааниси, эң башкысы тынчтыктын тиреги катары ачыкталып, мындай терс туюм-түшүнүктөр жокко чыгып келүүдө.


Түрмөдөн кийин да жашоо бар
Кубат Беримбаевдин (аты-жөнү өзгөртүлдү) түрмөдөн чыкканына 4 жыл болуптур. Айтымында анын ата-энеси арак көп ичип, үйдө күндө уруш-жаңжал үзүлбөй, ал мектепте окуп жүргөн мезгилинде эле ажырашып кетишкен. Өзү да мектепти бүткөн соң аракка аз-аздан берилип олтуруп, кандайча кылмыш торуна илинип калганын азыр айтмак түгүл, эстегиси да келбейт. Түрмөгө чейин эл катары үйлөнгөн. Үйдө жалгыз бала болгондуктан апасы, аялы үчөө Талас облусунун бир айылында күн кечирип келишкен. Кара басып ал түрмөгө түшүп калгандан эки жыл өтпөй апасы каза табат, албетте, топурак салганы бара алган эмес. Үйдө жалгыз калган аялынын акыркы мезгилдери түрмөгө "свиданкага" ар кайсы шылтоолорду айтып, келгени азая берет. Колунда жок болгондуктан, нары атасы да, апасы да такыр эле башка облустан келишип, бул жерге отурукташып калгандыктан кыйратып катышкан туугандары деле болбоптур. Үч жылдан соң эркиндикке бошонуп, айылындагы үйүнө барса короосу каралбай, адам жашабаган кебетеге түшүп кеткен. Аялы ал түрмөдөн чыгаардан эки ай мурун эле бирөөнүн этегин кармап, түйнчөгүн түйүп, белгисиз жакка кетип калганын уккан К.Б. ачуусун кайрадан арактан чыгарып, үйүнө барса барып, барбаса көчөдө жатып калган күндөрдү башынан кечирет. Элдин аны менен иши да жок, көпчүлүгү башкача карайт, андан оолактоого аракеттенишет. Айтор, өзү менен өзү болуп жүрө берген, бактысына жараша участкалык милиция да эски тааныштардан болуп, ага тийиштик кыла берген эмес. Дал ушул күндөрдүн биринде он жыл бирге окуган классташ баласы шаардан барып калып, анын бул туңгуюктан чыгарып кетүүсүнө чоң себепкер болгон экен. Дин жолуна түшкөнүнө эки жыл болгон ал классташы үстү-башын оңдоп, карыздарын берип, айтор, жакшы мамиле менен бооруна тарткан. Классташ деген эң жакын адамдардын бири эмеспи, экөө эки жумадай бирге жүрүшүп, ички бугун ага төгүп, анын айткандарына макул болгон К.Б үйүн кошуналарга дайындап шаарга келе берген. Классташы менен чогуу туруп, чогуу мечиттерге барып, динден бир аз түшүнүк алган соң, алгач 3 күндүк дааватка эки жолу, андан соң 40 күндүк дааватка чыгып келген. Ошол эле классташынын аялынын көмөгү менен дин тарбиясын алган, адептүү кызга үйлөнүп, эки балалуу болуптур. Соода тармагында өз ордун тапкан. Аны азыр түрмөгө олтуруп келген десе эч ким ишенбейт. Ал түгүл келинчегин, балдарын машинесине салып алып айылда калган үйүн оңдоп-түзөгөнү, кошуна-колоңдор менен учурашканы 9 жылдан кийин барса айылдыктар "чын эле ошолбу?" деп кобурашып, биринен сала бири конокко чакырышканын айтып түгөтө албайт, К.Б.мен менен болгон маегинде. Бул эми бир эле мисал.


(уландысы кийинки санда)
Бакыт Молдалиев