, 22.04.11 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Чынар Төрөбекова:
"Искусствонун
азап-тозогу да арбын"
- Бул залга коюлган эмгектердин он, он бешке жакын пайызын мына бул Аламүдүн өрөөнү, анын капчыгайы, бел-белеси, тоосу, тоосундагы токою, арча, кайыңдары жана арашан сууларынын көрүнүштөрү түзөт экен. Мен кайрадан эле алардын аталыштарын айтып отурбайын. Ошондой болсо да бизге көптөн тааныш Аламүдүн капчыгайынын өрдөшү көзгө даана көрүнүп турат. Бул бирөө болсо, экинчиси ошол эле капчыгайды өрдөп барганыбызда анын орто жеринде тике тоо турат. Мына ушул эмгек качан жүзөгө ашкан?
- Бул да өзүнчө бир кызык мен, Зарема, Салтанат, Атыр, Таня ошол Аламүдүнгө бирге 373-машруткага отуруп ал кайсы жакка барса ошонун акыркы чекитине чейин барып иштеп жүрдүк. Чогулуп алып эртең менен шаардан чыгып тоолорду, өрөөндөрдү кыдырып жүрүп ошол эле маршруттун акыркысы менен үйгө кайтчубуз. Бир ирээт Воронцовкада Нуржамал деген курдашым жашоочу. Анын өмүрлүк жары искусство институнда вокалдан (ырчылык) сабак берчү. Осмонкул аяшым болуп Ысык-Атага сапар тарттык. Жолдо жайдын күнү болгондуктан машинабыз ысып кетсе, бирде бузулуп калып жатты. Улам аныбызды чогулуп түрткүлөп жатып барчу жерге эптеп жеттик. Күн кечтеп барып калганына карабай бир, эки саат иштеп калалы, деп колдон келишинчесин бүтүрүп кайра жөнөдүк.
- Убакыттын өтө тардыгына карабастан, аз болсо да иштеп калалы деп жакшы эле аракеттенипсиздер. Ошондо бүтүргөн иштердин да бир, экөөнүн атын атай кетсеңиз?
- Кызык ошол жакта күмүш түспөл булактар бар экен. Ошол булактар менен анын айланасындагы көрүнүштөр тартылды.
- Күмүш булактарды кандай түшүнсө болот, анын түптөрүндө күмүш кыпындары жылтырап көрүнүп турат го сыягы?
- Ооба, арашан сыяктуу булак, анын суусунунда күмүш бар экен. Ал жерликтерден сураштырсак:
- Күмүштүн жылтырашы жыл өткөн сайын азайып бара жатат, - деген өкүнүчтүү сөздөрдү уктук. Бул сыяктуу изденүүлөр, чыгармалар үчүн ылайыктуу орун, болгондо да чыгармага ылайык кооз, адеми жерлерди издеп табуулар ушундай түйшүктөнүүнүн аркасында гана жүзөгө ашат. Биз ишемби, жекшемби сайын ушул өңдүү чыгармачылык саякаттарга аттанып, жогоруда азын-оолак сөз кылган сыяктуу окуяларды башыбыздан кечирип келебиз.
- Чынар айым 2011-жыл жаңырганынан бери эле эки ай өтүп кетти. Өткөн жылы кайсы жерлерде болуп, чыгармачылык иш кандай жүрдү? Мурдагы жылдардагыдан пастадыбы же өркүндөө жолунда болдубу?
- Өткөн жылы тартылгандардан бул жерде 30дан ашыгы коюлду. Анда Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөтүсүндө, Тоңдун Кажы-Сайында, Жети-Өгүздүн Тамгасында болдук. Менин кесиптеш курбум Чынара Молдокматова Тамга курортуна путевка алыптыр. Аны экөөлөп пайдаланып эс алдык жана чыгармачылыгыбызды иштедик.
- Эс алуу менен чыгармачылыкты айкалыштырган турбайсыздарбы. Иш ийгилиги кандай болду?
- Экөөбүз ээрчишип, бирге жүрүп иштедик.
- Чынар, бу чыгармачылык деген ар түрдүү болот эмеспи? Адамдардын кыялы чыгармачылыкты кээде ийгиликтүү жүзөгө ашырса, кээде канча аракет кылсаң да майнапсыз болуп турарын жакшы билесиз. Мүмкүн бир жер сизге жакса, курдашыңызга жакпай калышы ыктымал. Ошондой кезде бөлүнүп кетип иштеген учурлар да болушу ыктымал?
- Биз анчалык деле ыраак бөлүнүп кетпейбиз. Талаада жүрүш аялзатына бир топ кыйын. Ошону үчүн бөлүнүп, бири бирибизден алыс жүрүп иштебейбиз.
- Мына байкашыма караганда сиз көлдү, тоону, гүлдөрдү көбүрөөк тартсаңыз тиги Чынар аты уйкашыңыз кайсы көрүнүшкө көбүрөөк көңүл бураарын баамдаган да чыгаарсыз?
- Ал акварель менен көбүрөөк иштейт. Ошондой гуашь жана карандаш менен да иштеген учурлары болот. Ал май боекторду негизинен пайдаланбайт. Көл сыяктуу алысыраак жерге барып калса, акварель менен кагазга көбүрөөк күч жумшайт.
- Бул жерге коюлган залдын төр жагында коюлган иштериңизге сереп салсак үч, төрт эмгегиңиз аялдар темасына арналган экен. Алардын арт жагында тоолор менен аларды тегерете курчаган гүлдөрдү баамдоого болот.
- Мен жаш кезимден эле аялдар, эне темаларын жакшы көрүп кыйла кызыгуу менен иштейм десем да болот. Өз кезинде көркөм сүрөт орто окуу жайын аяктар алдында "Аялдар" деген аталышта дипломдугумду жактаганым али күнчө эсимде турат. Өзгөчө өзүнө тартканы аялдардын кызыл-тазыл көйнөктөрү, кийген кийимдери, баштарына салынган жоолуктарына чейин мени кызыктырат. Өзгөчө бассаң турсаң аялдар менен сүрөт тартканга чыгып жүрүп алардын кыял-жоруктарын байкоого, аралашууга туура келет экен. Жогоруда сиз аялдар темасындагы чыгарманын бирөөсү "Чыгыш аялдары" деп аталат. Мунун мазмунуна токтоло турган болсок шаардын бир көчөсүндөгү кыймылдар, бирөө бир жакка кетип барышса, экинчилери шаша басып келе жатышкан кымгуут кыймылдар. Биз жеке эле шаар көчөлөрүндөгү адамдардын кыймылы эмес кээде эс алуу жайларына, көбүнчө парктарга, скверлерге барып, ал жерде жүрүшкөндөрдү тарткан учурларыбыз да болот. Искусствонун азап-тозогу да арбын дегендей аларды тарткандан баштап залдарга койгуча эле көп акча каражаттары жумшалат. Аны тарткан ар кыл түрдөгү боектордон баштап кагаз, таар, акырында келип алкакка салганга чейин канча жумуш, канча каражат. Ал үчүн айрым убакта эс алуу паркына барып портреттер тартып акча иштеп калган учурлар да турмуш зарылчылыгы.
- Чынар элибизде "сыпайы сырын жашырбайт" деген жакшынакай сөзүн эске түшүрүп жатасыз. Мисалы, акын, жазуучулардыкы сиздердикине караганда кыйла жеңил экен. Биздей калем ээлерине ак барактар, кезинде акын Байдылда агайыбыз тамаша ирээтинде айткандай "Койкоңдогон калем" болсо болду. Столду кучактап олтуруп жазууга кирише берчү иш. Ал эми жогоруда өзүңүз сөз чындыгын айткандай тартыла турган сүрөттүн айланасында эле канчалаган убаракерчилик жатат. Ага кетүүчү буюм-теримдерди сөзгө албаган күндө дагы. Ана жогоруда айткандарыңыздан эле улам мага да мындай ой жаралып жатат. Көрсө бир эле чыгарманы музейге алып келип коюш үчүн бир нече буюм-теримдердин, көмөгү аркасында келип жатпайбы. Бир күндө үч,төрт, ал гана турсун беш, алтыга чейин чыгармалар жаратууга, колдон чыгарууга туура келет экен. Ошолордун ар бирине эле канча акча жана ага пайдалана турган нерселер болуш керек тура. Сөзүңүздүн аягында да айрымда парктарга чыгып ары-бери өткөн кишилерди тартып акча табабыз деп "сыпайы сырын жашырбаган" чындык да оозуңуздан бекеринен чыгып жатпайт.
- Сүрөтүңүздү тартып берейин деп сунуш айтсак көбүнчөсү сүйүнүп кетишет. Мен көбүнчө тартып жаткан адамым менен сүйлөшүп, анын өң-келбетин, образын мүмкүн катары ачууга аракет кылам. Ошол себептенби ал тартылып бүткөн соң алардын көпчүлүгү:
- Татынакай болду, абдан эле окшошуп калды, - деген сөздү көбүрөөк угам. Жакында эле мен иштеген институтка бир, эки журналисттер келишип, газетага интервью алып калышты. Ошонун бирөөнүн кызын бир кезде парктан тартып бергенимди, ал сүрөт үйүнүн төрүндө илинип турганын сөз кылып калышты. Ал менин эсимде да жок, алар өздөрү эскеришип жатпайбы. Мына ушул өңдөнгөн окуялар да турмушта аз жолукпайт экен. Жеке эле Кыргызстандыктар эмес, чет өлкөлөрдөн келишкен орустар, немецтер, англичандар, кытайлар, индустарды да тартып колдоруна карматкан учурларым болду. Бул коюлган көргөзмөдө портреттер жокко эсе. Көпчүлүк тартылгандар өз-өз ээлерине тарап кеткен.
- Сиздин бул айткандарыңызга толук кошулам. Мына биз бирөөлөргө арнап ыр жазган учурларыбыз да көп болот. Албетте, ошол кишилердин жакшы сөзүнө, жакшы мүнөзүнө, жакшы жаратууларына таасирленүүнүн натыйжасында арноо ырлар жаралат. Кээде тигил же бул адамга арнаган саптар тез, жеңил жаралса, айрымда андайлар бир топ оңойго турбайт. Ошол эле сыңар тигил же бул адамдын сүрөтүн тартып жаткан учурда ошол сыяктуу оор же жеңил иштөөлөр сиздерде да болбой койбосо керек? Деги эле иштин, чыгармачылыктын бул жагын кандай карайсыз?
- Сиздин бул айтканыңызга кошулбай коюуга деги эле болбойт. Кээ бир кишилерди тартып баштап үч, беш чийинден соң эле анын портрети күндөй жайнап чыга келет. Ал кандай башталып, канча убакта бүткөнүн өзүң да баамдай албай каласың. Ал эми дагы бир кишилердин портретин тартып чыгарыш кыйла түйшүк. Андай адамдын образын чыгарыш мындай кой, жөн эле окшоштуруунун өзү кыйла мээнет, болгондо сенин кыйла күчүңдү ала турган чеке тер деп айтаар элем. Ушуга байланыштуу дагы бир турмуштук кызык мисалдан деле келтире кетсем болот. Менин эки кайын сиңдим бар. Күндөрдүн биринде көйнөктү, халатты тигүүгө тура келген учур болду. Ошол экөөнүн бирөөнө тигиш өтө жеңил да, бат да жүзөгө ашты. Ары-бери карап, ары-бери бычып, тигип эле бүтүрө салып кийгизсем боюна да бой болуп денесине жарашып калды. Ал киши кубангадан: -Чоң ырахмат, - деп ыраазычылыгын эмне деп айтарын билдире албай маңдайымда күлүп-жайнап турду. Ал эми экинчи кайын сиңдиме, ошондой эле кийим тигип кийгизүү азаптын азабы, тозоктун тозогу болду. Көрсө ушунун өзү ар адамдын мүнөзүнө, кыял-кылыктарына жараша болчу нерсе шекилдүү? Ким билет, мунун баарын бир, эки ооз сөз менен айтуу мүмкүн да эмес.
Тенти ОРОКЧИЕВ




Керегем сага айтам, Өкмөт аке сен ук!
Аалам апаатына 25 жыл!
Дүйнө коомчулугунун үрөйүн учурган Чернобыль атомдук-электро станциясынын авария апаатына 25-апрелде 25 жыл болот.
СССР чоң державасы мезгилиндеги бул кырсыкты калыбына келтирүүдө Совет эли бир муштумдай биригип, аны калыбына келтирүүдө өмүрлөрүн тобокелге салышып, каза болгондордон сырткары аман калган жоокерлердин баары "лучевой болезнге" кабылып, өмүр бою майып болуп калышты. Буга албетте, Кыргызстандан да миңдеген адамдар катышканын кийинки муун, кийинки бийликтер биле жүрүшсө.
Бишкек шаардык Свердлов районунда учурда Чернобыль авариясын калыбына келтирүүгө катышкан 97 киши каттоодо турат. Ал үй-бүлөлөрдүн ичинен 13ү жесирлер болсо, 300гө жакын бала Чернобыль кесепетинен кийин төрөлгөндөр.
1993-жылы Кыргызстандан ЧАЭСиндеги апаатты токтотууга катышкандарга карата мамлекет тарабынан каралуучу жеңилдиктерди(льгота) Улуу Ата Мекендик согушка катышуучулары менен теңөө, анда катышкандардын авариядан кийинки төрөлгөн балдарына социалдык жардамдамдарды көрсөтүү боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн атайын Токтому чыккан эле. Тилекке каршы, Бакиев бийлигинде андагы премьер-министр Д.Үсөнов бул Токтомду токтоттуруп койгон.
1995-жылдан бери биздин райондогу Чернобыль катышуучуларына бир дагы муниципиалдык турак-жай бөлүнүп берилбеди. Аталган райондо саргайып кезекте турган он майып адамыбыз бар эле, тилекке каршы, биздин оору билинбей жүрүп эле бул дүйнөдөн алып кете бергендиктен азыр жетөөсү калды, кезектен үмүттөрүн өчүрбөй.
1993-жылкы Токтомго ылайык социалдык муктаждыктары барларга турак-жай менен камсыз кылууга жергиликтүү бийликтерге милдеттендирилген. Биздин билишибизче Бишкек мэриясы Свердлов акимиаты тарабынан бул Токтом башкаларга аткарылат да бизге келгенде "иштебей", биз тагдырдын өгөй балдары болуп калуудабыз. Болбосо башка тармактагыларга мэрия тараптан көптөгөн эле муниципиалдык турак-жайлар берилип келе жактанын көрүп-угуп эле жатпайбызбы. Канча жылдан бери эптеп өлбөстүн тирлигин кылып келебиз. Дагы жакшы, Свердлов райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери түшүнүктүү чыгышып, алар менен тыгыз иштешип, эптеп социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн төрагасы менен биргеликте өзгөчө муктаж майып адамдарыбызга бир жылда бир жолу берилчү 3000 сомдук жардамыбызды уюштуруп келүүдөбүз. "Жакшы сөз жан эргитет" дегендей бул кызматкерлерибиздин бизге жасаган мамилеси жашоодон үмүтүбүздү өчүрбөй, демибизге дем кошуп турушат.
Бизди ойлондурганы 18 жаштан өткөн балдарыбыз жана жесир калган аялдардын тагдырлары. Биз, Чернобыль апаатынын катышуучулары Өкмөттөн бул боюнча жеңилдиктерди кароо жана тирүү калган майыптарга мамлекет тарабынан тиешелүү жардам берүү жактарына көңүл бурулса деген өтүнүч менен кайрылат элек.
Биз, өз кызыкчылыгыбыз үчүн эмес, мамлекет тапшырмасын аткарып, мамлекет кызыкчылыгы үчүн барганыбызды унутпасаңар.
Орозобек Аккабеков, Бишкек шаардык Свердлов районунун Чернобылчылар Кеңешинин төрагасы