, 15.04.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Вазир жакшы, хан жакшы
Азизбектен азил кеп
Картаңбек С.С качан төрөйт?
Картаңбек С.С лабораторияга анализ тапшырганы барып калат. Шашып-бушуп жүрүп анализ тапшырганы алып барганынын жарымысын төгүп алат. Эки жакты алаңдап карап пробиркада куюлуп турган кош бойлуу аялдын анализинен өзүнүкүн толуктап өткөзүп коёт. Анализдин жыйынтыгы мындай чыгат:
1.Мээ системасы менменсинүүнүн жогорку стадиясына келип шизофренияга өтүп баратат.
2. Самопалды дегустация кылып жүрүп, кан айлануу системасы алколоиддерге толуп кеткен.
3.Ай-күнү жакындап калыптыр, төрөтканага барып төрөгөнгө даярдык көрүш керек.
Каптагаев президенттикке талапкердигин коёбу же жокпу ал өзүнүн иши.Арийне, президент болууга ылайыктуу олуттуу фигура экендиги талашсыз. "Жакшынын артынан кеп ээрчийт" дегендей анын артынан кеп ээрчип жүргөнү ошондон улам. Таза инсан болгондуктан бүркүттөй теше карагандарга тешик таптырган жок. Анын кадыр-баркын кетирүү максатында "көмүскө атаандаштары" баласына асыла башташты. Себеби, мурунку бийликтердин талылуу жери ушул болчу. "Тойдум байдын кызына" деп, барына кол шилтеп басып кете бербесе, Каптагаев кыргыздын келечеги үчүн үмүт кыла турган инсан.


"Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын…"
Апрель революциясынан соң бийликке келгендер бир муштум болуп биригип кете алган жок. Чилдей тарашты. "Ырыс алды ынтымак" дейт, эгер алар ынтымакташып шайлоого чейин "көмүскө коалиция" түзүп алып аттанышса, бакиевчилер куйруктарын кыпчып жүгүрүшмөк. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда билинбеген кара мышык аралап, муну бакиевчилер куп пайдаланып кетишти. Эми алар бирден "белин сындырып" отурушуп, акыры акаевдик-бакиевдик бийликти кайра калыбына келтиришет. Буга эң негизги тоскоолдук бир гана Эмил Каптагаев. Ошондуктан, негизги соккуну Каптагаевди көздөй уруп жаткандары да бекеринен эмес. Каптагаев салмактуу саясатчы, ал популисттик кадамдарга барганы байкала элек.Азыр популисттердин заманы болуп калды. Уйдун богуна куурай сайып койсо деле мен кыйратып койдум деп бүт дүйнөгө жар салышат. Акаевдин,Бакиевдин заманында саясый монстрга айланышкан Мисир Ашыркулов, Аманбек Карыпкулов,Үсөн Сыдыков, Медет Садыркулов деген президенттик администрация жетекчилери бар болчу. Булар өкмөт башчыларын, парламент спикерлерин байпак алмаштыргандай эле алмаштыруучу.Жаңы Башмыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары абдан чектелди. Башмыйзамда жок болсо да мамлекеттеги экинчи адам катары сезишкен аппарат жетекчисинин саясий ролу төмөндөдү.Бирок, баягы эле "уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы" дегендей эле, көнүп алган көпчүлүккө бардык жоопкерчилик Каптагаевдин мойнунда экендей сезилет. Ошондуктан ал тууралуу табышмактуу ушак-айыңдар тарап, бирок тамыры жок болгондуктан тез эле соолуп калат. Акаевдин баласы Айдар сугунду, Бакиевдин баласы Максим сугунду, Бекназаровдун баласы Руслан сугунуп бараткан, эми кимдир-бирөө сугунуш керек да. Атамбаевдин баласы сугунгуча эрмектеп турганга, калдайган Каптагаевдин баласын эрмектебегенде кимди эрмектейбиз? Ал эми саясатчыларга ушуну шылтоолоп, кыргыз дегенде ичкен ашын жерге таштаган накта мекенчи Каптагаевди жыгыш керек. Анткени ал маска кийип эл көзүнчө кытмыр сүйлөп, маскасын сыйырып суук колун эл мүлкүнө матырбайт. Анткени, ал ишенимдүү, башка кыйынчылык түшкөн маалда таштап баса бербейт. Каптагаев чөп башылап көрүнгөн ишке кайсалактабай, эмне ишти баштаса аягына чыгууга далалаттанат Азыркы мезгилде мындай саясатчыны күндүз чырак менен издеп да таппайбыз. Кыргыз эли үчүн ушундай саясатчы керек. Ал эми улутчул Путин ишенимдүү, салмактуу, улутчул Каптагаевди неге колдобосун. Ал жеңил ойлуу "жеңил" саясатчылар менен алака кылып тажап да бүттү окшойт. Эми алар менен алака кылайын десе жаш баланын кылгандарын кылып атышпайбы. Же корозчо чокуша кетишет, же суук колдорун майлуу жерлерге матырып жиберишет, же болбосо "жинди сууга" жинигип кетишет.Анан кимге ишенет? Мына ушундай саясатчылардын фонунда, Каптагаев заңгыраган көп кабат үй сыяктуу, калдайган карааны алыстан көрүнүп турат. Кыргыз саясаты "баланын оюну" эмес, ойной турган учур эмес, азыр же бар боло, же жок боло турган учур. Мына президент Отунбаевага, аппарат жетекчиси Каптагаевке не деген көөлөр сүйкөлбөдү. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп баратышат. Чын эле алардын кербени кетип баратат. Бирок, ал кербен эми ашууну ашканы турат. Төө кыядан өтө турган учур келатат.
Вазир жакшы хан жакшы
"Аял жакшы, эр жакшы,вазир жакшы,хан жакшы" деп бекеринен айтылып калган эмес. Жакшы вазирлер "эселек" хандардан да мыкты хандарды жасаган.Ал эми дөөпай вазирлер, өзү эле дөөпөрөс хандарды тескери жолго салган. Аскар Акаевичтин Осмонакун Ибраимов, Аманбек Карыпкулов, Накен Касиев сыяктуу вазирлери, Курманбек Салиевичтин Үсөн Сыдыков, Дастан Сарыгулов, Медет Садыркулов, Адахам Мадумаров сыяктуу вазирлери өзү эле бузук саясатка түшкөн президенттерин биротоло бузуку жолго салышкан. Бул жагынан алганда президент Отунбаеванын жолу болду. Ал ишенимдүү,интригалар менен ойнобогон, калыс адамды вазир кылып алды. Болбосо былтыр ушул убакта Роза Отунбаеванын тегерегинде кимдер жүрбөдү эле. Бирок, алар парламенттик шайлоодон соң бийликти апчып калабыз дешип, алы жеткени да, алы жетпегени да шайлоону көздөй самсып жөнөштү.Убактылуу Өкмөттүн көзгө басарлары Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер,Исмаил Исаковдор "кыл көпүрөдөн" өтүп парламентке келишсе, Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев, Эдил Байсалов сыяктуулар "кыл көпүрөдөн" кулап түшүштү.Ал эми "кой терисин жамынган карышкырдай" болуп, өзү партия түзө калып шайлоого аттантып жиберип, билмексен болуп, президенттин командасында калган Азимбек Бекназаров, же парламентте жок, же бийликте жок талаада калып, эми өкүл
болуп келди. Дагы жакшы бир кезде колдоп берген канкудасы Мыктыбек Абдылдаевдин парламентте кадыр-баркы болуп баратат.
Ал эми Эмил Каптагаевдин жөнү башка. Анын Акаевдик жана Бакиевдик зулум бийлик менен күрөшүп келген "Улуу биримдик" улуттук кайра жаралуу партиясы бар. Бөтөнчө Бакиевдик режимдин учурунда бул партия оппозицияга олуттуу жөлөк болуп берди. Жеңил саясатчылар желпинип чыгышканы менен, үйлөп койсо камгактай учуп кетип атышты. Ал Улуу тоодой салмактуу улуттук "Улуу биримдик" партиясы, Каркыра казактарга кетип, чүрчүттөр Нарынга сүрүп киришкенде кыргыздын демине дем кошуп турду. Эмил мырза Бакиевке каршы курултайлардын башында болду. Анын жүрөгүнөн чыккан жалындуу чакырыктары кыргыздарды уйкусунан ойготту. Уктап бараткан кыргыздар ойгонушту, коркуп турган кыргыздар баш көтөрүштү. Бакиевдик бийлик 2010-жылдын 6-апрель түнү эң биринчилерден болуп Эмил Каптагаевди камакка алды.Аны менен бирге оппозициянын бир топ лидерлери камалышты.Эл ал зордукка чыдай албай бакиевдик бийликти кубалап чыгышты. Эмил Каптагаев ошол күндөн бери өзүнө жүктөлгөн милдетти жоопкерчилик менен аткарып келатат.Ал ойкуп-кайкып ар кайсы жакка кирип кеткен жок. Кыргызстан үчүн эң оор бир жыл өттү. Убактылуу Өкмөттүн учурунда да Каптагаев позициясында бекем турду.Амангелди Муралиев башында турган Техникалык өкмөт биздин мамлекет үчүн жакшы саамалыктарды кылып кетти. Өкмөт кандай иштей турганына эталон болуп калды. Саясий оюндар менен алпурушпай деле өкмөт иштей берсе болот экен. Бул жерде президент менен катар Каптагаевдин эмгеги да зор. Эмил Каптагаев өз партиясы менен парламенттик шайлоого барса болмок беле.Ай-да болмок. Бакиев кеткен соң баш көтөрүшүп, жамгырдан кийинки козу карындай жабалактаган кечээ чыккан "бечел" партиялардан өйдө эл колдоп бермек. Бирок ал накта жентельмендигин, накта рыцардыгын көрсөттү. Ушундай оор кырдаалда Президент Отунбаеваны башкалардай кылып таштап кете берген жок. Эмнегедир саясий алып сатарлык башталганы Каптагаевди да четке калтырышпай, кез-кезде сөөмөй менен чукуп кетип атышат. Эй, туугандар Каптагаевден Акаевдик,Бакиевдик "ужас" бийлик аңтарып-теңтерип эч нерсе таппай койгон эми сиздер тапмак белеңиздер?
Танууну тануу мыйзамы
Философияда танууну тануу мыйзамы, орусча айтканда , "закон отрицание отрицания" бар.Кыргыз бийлиги ушул мыйзамды жакшы көрүшүп, дайыма ушул мыйзамдын негизинде бийликти бөлүштүрүп алышат.Ошол мыйзамдын негизинде кыргыздар өткөн кылымда мындай болуп бийлик ана башыларына баш ийип келишкен. Өткөн кылымдын башында кыргыздар чачы бар Николай ак падышага баш ийип келишкен, анан ага 1916-жылы эле баш ийбей танып, 1917-жылдан баштап чачы жок Владимир Ленинге баш ийе баштады, Ленинден соң чачы бар Иосиф Сталинге баш ийди, Сталинден соң чачы жок Никита Хрущевко, андан кийин чачы бар Леонид Брежневке баш ийип атты эле андан соң аз да болсо чачы аз-маз жок Юрий Андропов башкарды, андан кийин азыраак болсо да чачы азыраак бар Константин Черненко келди. Ошентип кыргыздар Кайра куруу дооруна келгенде кезек чачы жок Михаил Горбачевко келди. 1990-жылдын декабрында кыргыздар көз карандысыздыктын декларациясын кабыл алган, демек официалдуу болбосо да өз алдынча мамлекет катары эсептелине баштаган. Ошол мезгилден баштап бир аз убакыт, чачы бир аз бар Апсамат Масалиев башкарып,чачы жок Аскар Акаевке алдырып жиберген. Акаевден кезекти чачы бар Курманбек Бакиев алган. Бакиевден кийин эреже боюнча чачы жок адам бийликке келиш керек эле да. Ишенбай Кадырбековдун, Юруслан Тойчубековдун убактары өттү. Танууну тануу мыйзамы боюнча бийлик Каптагаевке өтүш керек.
Эми экинчи жагынан алалы. Ушул мыйзам боюнча эле кыргызды кыпчак Исхак Раззаков башкарып, андан кийин сарбагыш Турдакун Усубалиевке өттү. Андан бийликти кыпчак Апсамат Масалиев алса, кайрадан бийлик сарбагыш Аскар Акаеке өтүп жатпайбы. Анан болбой эле кыпчак Курманбек Бакиев бийликти алды. Ал кеткен соң кезек сарбагышта эле да. "Кыздын кырк чачы улуу" деп, кыздын кайсы уруудан экендигин деле такып сурабайт. Ошол үчүн Роза Отунбаеванын уруусуна кызыккан киши деле болгон жок. Ал эми эркек президент боло турган болсо сарбагыштын кезеги. Эмил Каптагаев деле сарбагыштын тукуму болуп атпайбы.Тагай бийдин уулу Кылжырдын эки баласы болгон Орозбакты, Дөөлөс. Экөөнүн тең жоодон элди сактап калган мыкты тукумдары көп болгондуктан Кылжырдын балдарын бүт эле "зор багыштар" деп коюшкан. Себеби, багыштар кыйын эл болушкан экен, булар багыштан да зор болду дешкен да. Кийин Дөөлөстүн тукуму сарбагышты "приватташтырып" алышып, Орозбактынын балдарын бугу деп атай башташкан. Эмил Каптагаевдин түпкү аталары Кылжыр бий болсо анда таза эле сарбагыштын тукуму болуп калат. Тануунун тануу мыйзамы боюнча бийлик бары бир эле Каптагаев тарапта болуп атпайбы. Тиягынан карасак деле,биягынан карасак деле Каптагаев президентке ылайык экен. "Ээси келсе,бээсин бер" дегендей Каптагаевке бийликти берсек парламенттик республика болуп калаарыбыз айдан ачык.
Кошумчалай кетчү нерсе,бүгүнкү күнү кымбатчылык өкүм сүрүп турганы айгине. Кокус Бакиевдик бийлик турганда менчиктештирип алган электр энергиясы 7-8 сомдон ашып,телефон андан кымбаттап, кактабай каныбызды соруп атмак. Азыр деле берген маегинде Бакиев элдин жашоосу оорлогонун мойнуна албай келатпайбы. Ал эми Каптагаевке окшогон инсандарыбыздын ошол Бакиевдин кыйын заманын өз териси менен көргөн адамдар.
Эми артты көздөй жол жок. Бир гана жолубуз бар. Ал алдыга!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ