п»ї
  күнсобол

7-апрель окуясынын болгонуна бир жылдын жүзү болду. Бул бир жыл аралыгында Кыргызстан башынан көптөгөн сыноолорду оор күндөрдү кечирди. Эң негизгиси болуп президенттик башкаруудан парламенттик башкаруу системасына өттүк. Референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрдүк. Бирок, апрель окуясы боюнча бүгүнкү күнгө чейин соттук чечимдин чыкпаганы, ага күнөөлүү деп шектелип жаткандардын көпчүлүгү Кыргызстандан чыгып кеткендиги, ошол күнү кан жутуп, жакындарын жоготкондор өкмөттүн бул жаатта жасап жаткан чабал аракеттерине нааразы болгондору да жок эмес. Биз саясый серепчилер жана илимдин докторлоруна эмне себептен апрель окуясына байланышкан соттук чечим бүгүнкү күнгө чейин чыкпай жатат? Ага кайсыл себептер таасир берип, тоскоол болуп жатат? деген жана башка бир катар суроолор менен кайрылып көрдүк.


Жумакадыр Акенеев, саясый серепчи
"Июнь коогасы апрель окуясынын соттук ишин создуктуруп койду"
- Апрель окуясынын болгонуна бир жылдын жүзү болду. Бирок, ага күнөөлүү деп шектелип жаткандарга карата соттун чечими чыкпай создуктурулуп келүүдө. Буга эмне себеп болуп жатат?
- Мындай болуп жатканына биринчи өткөн жылкы июнь окуясы өз таасирин тийгизди. Бул коогалаңдын айынан соттук иштер да токтоп, коогалаңдын артынан баарын унутуп коюп төрт-беш ай жүрдүк. Мындан башка референдум жаңы конституцияны кабыл алуу, аны даярдоого кеткен убакыт. Ошонун арты менен Жогорку Кеңеш, өкмөттүн жаңыдан түзүлүшү соттук чечимдин чыгуусуна өз таасирин тийгизди. 7-апрель тууралуу болгон соттук иштер экинчи планга жылдырылып калды. Өлкөбүздө орун алган ар кандай аракеттер бир калыпка түшүп калгандан кийин күздө соттук иштерди жандандырууга мүмкүнчүлүк болду. Соттук ишти дагы соттун атайын өзүнүн шарттары, мыйзамдары менен эмес, элдик сот деп Спорт сарайында болгон аракеттер да тоскоолдуктарды жаратты. Ошонун кесепетинен сот иши созулуп жатат. Эгер июнь айында болгон түштүктөгү коогалаң болбогондо апрель окуясы бир жылга жетпей эле чечилип, соттун чечимдери да чыкмак. Соттор өздөрү деле айтып жатат бул ишти аягына чыгарууга 4-5 ай керектелет экен. 7-апрель окуясынын создуктурулуп жаткандыгына бирден бир чоң себеп июнь коогасы болду.
- 7-апрелден кийин бийликке келген азыркы бийлик көп сөздөрдү беришти эле. Бүгүнкү күнү алардын канчоосу иш жүзүнө ашты?
- Эң башкысы парламенттин башкаруу системасына, парламенттик мамлекетке жетебиз дешкен. Ошол максаты ишке ашты. Жаңы конституция, жаңыча парламент, өкмөт шайланды. Андыктан бүгүнкү күнү бизде парламенттин башкаруу системасы орнотулду. Төрт айдан бери коалициялык өкмөт иштеп жатат мына.
- Бул каргашалуу окуя бизге кандай сабак болду?
- Үй-бүлөлүк башкаруу, жең ичинен сүйлөшүп алууга жол бербеш керектиги азыркы бийликтегилерге сабак болушу керек. Мына ушундай башкаруунун айынан биринчи, экинчи президенттер азыр башка жакта жүрүшөт. 20 жылдан бери коом, турмуш өзү тастыктап койду кыргыз эли зомбулукка, коомго карата жасалган кайдыгерлик мамилени эч качан көтөрө албастыгын көргөздү. Казакстандагыдай Кыргызстанда президент түбөлүккө шайланбайт. Мына ушунун баардыгы чоң сабак болуш керек. Азыр туура жол менен башкаруу керек. Эгер парламенттик башкаруу болуп, бирок туура эмес иштерди жасаса эл ага чыдабайт аны да алмаштырып коюшу мүмкүн.
- Азыр ар түрдүү сөздөр айтылып жатат. Дагы үчүнчү революция болуп кетиши мүмкүн деген. Сиз саясат талдоочу катары үчүнчү революциянын болушуна себептер барбы?
- Азыр чоң революциянын болушуна себеп жок. Себеби, март, апрель революцияларынын алдында себептер бар болчу. Мартта болгон революция туура эмес өткөрүлгөн шайлоо болду. Апрелдеги революцияга өкмөт жактан баалардын кымбатташы шарт түздү. Азыр мындай негиздер жок. Баягы анча-мынча нааразылыктар бар.
Мына май айынан баштап социалдык чөйрөдө иштеген адамдардын айлык-акысы көбөйөт. Муну менен катар пенсионерлердин дагы пенсиясы көбөйөт. Бул да болсо өзүнүн жакшы натыйжаларын бериши мүмкүн. Эми мындай алып караганда азыр мурдагы бийликтин өкүлдөрү кайрадан эле бийликке келип, эч нерсе оңолгон жок деген анча-мынча нааразычылыктар бар. Мурунку бийлик болсо да алар азыр эл үчүн кандай иштеп берет? 7-апрелден кийин көз карашын өзгөртүп, жакшы иштеп берсе анда эч нерсе болбойт. Эгер булар дагы эле мурдагыдай коомго өзүнүн үстөмдүгүн көргөзүп, байлык-бийликти талашып, кайрадан президенттик системага өтөбүз дегендей аракеттерди жасаса эл толкушу мүмкүн. Бирок менин оюмча азыркы бийлик мындай кадамдарга барбайт.

Марат Казакбаев,
саясый серепчи
"Негизги күнөөлүү деген адамдардын сыртта жүрүшү аксаттарып жатат"
- Апрель окуясы боюнча соттук иштин создуктурулушуна эмне тоскоол болуп жатат?
- Соттук иштин создуктурулуп жатышына көп себептер бар. Биринчиден күнөөлү деп жаткандардын баардыгы качып кетпедиби. Буйрук берген жана бул окуянын болушуна түздөн түз тиешеси бар дегендер башка жакта жүрүшөт, бул биринчиден. Экинчиден сот ишинин жүрүшүндө ар кандай орун алган окуялар. Мисалга, соттук иштин жүрүшүнө жолтоо болгондор. Спорт ордосунда болгон соттук угуунун жүрүшүндөгү окуялар. Негизи сот иши атайын сот өткөрүүгө ылайыкташкан жерлерде болушу керек эле. Бирок, ар түрдүү жолтоолорго карабай соттун чечими чыгат.
- 7-апрелдеги окуядан кандай сабактарды алышыбыз керек?
- Эң негизгиси өлкөнү башкарууда коомчулуктун пикирин да эске алуу керектигин, алар менен эсептешиш керектигин азыркы бийлик түшүнүп, мурдагы бийликтин кетирген каталарын кайталабаганга аракет кылуусу керек. Коррупциянын мамлекет бутактарынан тазалаш керек. Ийне жибине чейин коррупциялашкан аракеттер кандай жыйынтыкка алып келээрин баарыбыз көрдүк. Ошого жол бербеш керек.

Токтогул Какчекеев, Саясый серепчи
"Аскердик мыйзам менен жабыр тарткандардын терс карама каршылыгы болуп жатат"
- Бир жылдын жүзү болгонуна карабай кыргыз элин кан жуткузган апрель окуясынын соту бүгүнкү күнгө дейре өзүнүн корутундусун айта элек. Ага эмне тоскоолдук болуп жатат?
- Тоскоолдук аскердик мыйзам менен жабыр тарткандардын терс карама каршылыгы болуп жатат. Анткени жанагы Альфанын куралдары дегендерди экспертизадан өткөргөндө алардан ок атылган эмес деген жыйынтык чыккан, демек алар аткан эмес. Экинчи жагынан Форумдун жанында эле Альфанын куралдарын тартып алган. Аларды сабаган. Бул кылмыш болуп эсептелет. Себеби, кызмат абалында жүргөн адамдарды бейкүнөө тепкилеп, куралдарын алып алган. Кийин бул курал жарактар митингде колдонулуп атылган. Милиция старшинасынын бутун граната жарылганда жулуп кеткен. 14 киши атылган октон жарат алышкан. 89 адамдар ар кандай жарылуулардан жаракаттарды алышкан. Ошолордун баары бүгүнкү күнү баатыр дагы эмес, мамлекеттик кызматта да эмес, өзүнчө революциянын нугу менен киши катарында саналбай калган. Эгерде революцияга катышкан, революционер деген адамдарды алсак алардын баардыгы миллион сомдон алып, квартира да алышты. Үй бүлөсү ай сайын 15 миң сомдон жөлөк пул алып жатышат. Мына ушундай карама каршылык бүгүнкү күндө оркоюп чыгып турат. Булар өзүнүн милдетин аткарып жатат да. Бийлик алмаша берет, президент болобу башкасы болобу. Алар мыйзамда жазылган өздөрүнүн милдетин аткара беришет. Ошону көңүлгө алсак, алар өздөрүнүн милдетин аткарып жатканда.
- 7-апрелден кийин бийлик берген сөздөрүн аткарды, аткарбай жатат деген эки ача пикир айтылып келүүдө. Чынында эле берген сөздөрүн аткара алыштыбы?
- Биринчи жагынан алып караганда бюджет бир аздан болсо да толуп келе жатат. Экинчи жагынан Россияга барып күйүүчү майга коюлуп жаткан кошумча салык алынып салынды. Дыйкандарга арзан кредит беребиз деп көмөк көрсөтүлүп жатат. Арзан күйүүчү май жагынан да жардам берилүүдө. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер жасалып жатат.
Булар мындан да жакшы иштейт эле, эгерде парламентте кызыкдар болгон топтор майлуу-сүттүү жерлерди талашып, ал жерлерге өзүлөрүнүн тааныш-билиш, туугундарын койгондун негизинде өкмөткө карата жанагындай ишенбөөчүлүк, доомат койгондук болуп жатат.
- Жетисинде болгон окуя кандай кадамдарды жасабоо керектигин, же болбосо кайсыларды жасаш керек дегендей бизге сабак боло алчу нерселерди бере алдыбы?
- Биринчиден ар бир тармак жазылган гана уставдын негизинде иштеш керек. Укук коргоочу жана башкалар саясатка кийлигишпесин. Ошол эле маалда аларды каттоодон өткөрүп жатканда алардын багыты, алардын мүмкүнчүлүгү, каражаты, пайдасы, алардын ишин караш керек. Жакупова сыяктуу жакшы иштегендер бар. Бирок, кыргыз эли кыйналып турган учурда, элди азгырып, ээн баштыкка салып коюп жатат. Мына ушуну эстен чыгарбаш керек.

Казат Акматов, легендарлуу парламенттин депутаты
"Мындай кыйын учурда дароо эле натыйжа боло койбойт"
- 7-апрелдеги кандуу окуяга сот эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин чекит кое албай жатат? Жыйынтык чыгарууга эмне тоскоол болуп жатат?
- Биринчиден көп киши соттолуп жатат. Экинчиден соттун ишине жолтоо болгондор көп болуп жатат. Мурдагы бийликтин адамдары соттун ишине абдан жолтоо болуп жатат. Жашыруун дагы, ачык дагы жолтоо кылып жатышпайбы. Анан соттун процесси абдан кыйын акыбалда жүрүп жатат. Ушулар дагы тоскоолдук болуп жатат окшойт. Мен соттун чечими туура, калыс чечим чыгат деп ишенем. Муну күтүш керек, бир аз чыдаш керек.
- 7-апрелден кийин берилген сөздөр канчалык иш жүзүнө ашты?
- Эми бир тобуна аракет кылып жатышат. Аракет кылбай койду деген да туура эмес. Мындай кыйын учурда дароо эле натыйжа боло койбойт. Кыйналып-кысталып да болсо анча-мынча жылыштар болуп жатат өкмөт тарабынан. Убакыт бериш керек. Мисалы мурдагы президенттер беш жылда кыла албай койгон нерсени бир жылда жылдырып кетиш кыйын да. Убакыт керек, сабырдуулук, токтоолук, чыдаш керек. Кыргызда айтып коет эмеспи сабырдын түбү сары алтын,-деп.
- Бул кандуу окуядан кандай сабактарды алышыбыз керек?
- Сабактар абдан көп. Ал узак сөз.
- Мисалы эң негизгилеринен?
- Негизги сабак ушул болду, үй-бүлөлүк башкарууну жойдук го деп ойлойм мен. Бирок дагы деле сак болуш керек. Экинчиден коррупция менен күрөшүүгө аракет кылып жатышат. Мурда куру сөз болуп, аракет жок болчу да. Азыр аракет кылганы байкалып, 30-40 кишини кармадык деп жатпайбы. Аракет, башталыш бар. Ал эми ортосун анан аягын убакыт көргөзөт да.
Расул Үсөналиев








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??