п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  талапкер-2011

Өмүрбек Текебаевдин
он эки апостолу
Азыркы кыргыз саясатчыларынын Корифейи Өмүрбек Текебаев.Ал жаш кезинен эле президенттикке талапкер болуп келет. Бийликке каршы жыйырма жылдан ашык күрөшүндө үч ирет бийликтин "акырынан" "жем" жегени белгилүү. Эң алгач "опальный" губернатор Бекмамат Осмоновко орунбасар болуп бир жылга жетпеген убакыт иштеп келди. Акаевдик бийлик жыгылган соң бир жылга чукул спикер болду. Бакиевдик бийлик жыгылган соң УӨ төрайымынын орунбасары катары үч ай бийликте турду. Бүгүнкү күндө кечээ эле Бакиевдик заманда Текебаевке апостол болууга даай албай жүргөндөр, акырындык менен анын партиясын бийликтен сүрүп баратышат. Кубат Байболовдун Башкы прокурордон кетиши менен "Ата-Мекен" партиясы дээрлик бийликтен четтетилди десек болот. Арийне, "Ата-Мекен" партиясы уктап жаткан арстанга окшошуп кетет. "Уктап жаткан арстанды" ойготкону жатышат…


1. Ыйык Петр
Болот Шер
Апрель революциясы Шерлердин революциясы болду. Эч ким Бакиевдик бийликке батына албай турганда, Болот Шер Таласта элди көтөрүп, Бакиевке каршы күрөштү баштап берди.Оппозиция лидерлери бардыгы камалып, "Форумдун" алдына чогулган эл мүңкүрөп турганда Шери Кайып кыргыздын Туусун бийик көтөрүп чогулган элди Ак үйдөгү Бакиевдик бийликке каршы баштап берди. Болот Эсентаевич Бакиевдик бийлик менен кармашып жүрүп, эң кымбат нерсесин жүрөгүн илдетке чалдыктырып алат.Горькийдин Данко деген каарманы бар, караңгы токойдо,эл адашып калганда жүрөгүн сууруп алып,элге жарык чачып, караңгылыктан сууруп чыгат.Ошол сыңары жүрөгүнүн ооруганына карабай, Бакиевдик баш кесер бийликтен тайманбай Болот Шер революцияны баштап берген.


2. Иоаков
Кубат Байболов
Учурунда Кубат Байболов деле башка бай олигархтар сыяктуу Бакиевдин таманына жыгылбай, ага каршы чыккан оппозицияда, акыйкаттыкты айтып жүрдү. Ал "Ак шумкар" партиясын түптөөгө зор салым кошту. Чындыкты бетке айткан "Де-факто" гезитин каржылады. 2007-жылкы парламенттик шайлоодо "Ак шумкар" партиясы "Ата-Мекен" партиясы менен биригип, легитимсиз өткөн шайлоодо жеңилип калган. Мамлекеттик режим баскан изин аңдып Байболовдун артынан түшүп алды. Медет Садыркулов сыяктуу кечээки "акырлаштарын" сындырышкан бийликтен эмнени күтсө болмок эле.Кубат Байболов саясаттан четтеп, акыры чет мамлекеттен баш паанек издеп кеткен. Апрель Революциясы анын кайтып келишине шарт түзүп берди. Башкы прокурор катары кубаттанып бараткан Кубат мырзаны, чукулап,чубап отуруп кызматынан четтетишти.Бирок,кубаттанып калган Кубат мырзаны саясаттан четтете алышаар бекен?


3.Симон Зилот
Султан Раев
Султан Акимович аким, министр, султан болуш үчүн төрөлгөн.Ал "Алга,Кыргызстан" партиясына кирбесе да Акаевдин заманында дээрлик маданият министрине чейин жеткен. Ал эми Бакиев акесинин заманында "Ак жолдо" тойлоп, беш жыл боюу "түшпөс хан" маданият министри болуп, доңуздай далысы менен сезди окшойт, апрель революциясына чукулдап калганда Ибрагим Жунусовко өткөрө койду. Анысы да шер экен министр эле боло калбай , вице-премьер-министрге чейин сызып кетти. Раев деле жаңылат экен тизмедеги №41-чи орун менен депутатка жетем десе керек, жетпей калды. "Көрүнгөн тоонун алысы жок".


4.Филипп
Дүйшөн Чотонов
2005-жылдын Март революциясынын кыймылдаткыч күчү Дүйшөн Чотонов жалындуу революционер экендигин эбакта эле элге маалымдап койгон.Ал Жалал-Абадда тутана албай турган отту тутандырып, 2005-жылкы революциянын башкы каарманы болгон.Бирок арамза, интриган адамдар ал революциянын жеңишин "өз көмөчүнө күл тартышып" өздөрү менчиктеп алышканы менен, Дүйшөн Чотоновдун атын угушса дене боюу дүркүрөшүп, аны сатып алуу үчүн жан алакетке түшүшкөн. Арийне, Дүйшөн Чотонов сатылмак түгүл, аларга каршы беш жыл бою күрөшүп келди.


5.Иуда
Карганбек Самаков
Иудалар бардык заманда болушат экен. "Самопал" сатып бутунан турган "самопалчы Самаков" Акаев дегенде эт-бетинен кетип,элин аракка тойгузуп жүрүп ЖКга келген. Үзөңгү-Куушту сатабыз дешсе эки колун тең көтөрчү.Экинчи ирет депутатка келгенде Акаев байкесин кубалап жиберип, эптеп "Ата-Мекенге" кирип баш калкалаган. Спикер Текебаевдин көмөгү менен шейхтерге чейин барып жүрдү.Шейхтерге барып келип, кээде сейфим жоголду деп жар салып калчу. Көрсө ал сейфин Нарынына ала барыптыр. Максим деген дээлигип чыга калганда Карганбек С.С. ошол сейфине кирип, ичинен бекинип алып жатты. Каркыра сатылды кубаттап турду, кытайлар Нарынга чейин кирип келишти үн каткан жок.Качан Максимдерди кубалап ийген соң сейфинен чыгып, патриот болуп чыга келди. Мына ушуга окшогон Иудалардан улам шайлоодо "Ата-Мекен" партиясынын рейтинги түшүп калды. Кыргызстанда сот реформасы болгонбу,болбогонбу билбегендер ЖКнын ушул жакты тейлеген комитеттеринде отурганда, "Эх,ты Иуда сукин сын" дегенден башка айла жок экен.


6.Андрей
Эркинбек Алымбеков
Эркинбек мырза "Ата-Мекен" партиясынын активдүү жана ишенимдүү мүчөлөрүнүн бири. Ал экономиканын түшүн жоруйт. Мындайча айтканда "Ата-Мекен" партиясынын "Бухарини". Эмнегедир шайлоо алдында Акаевдин кол баласы, экономист Жоомарт Оторбаев партиялык тизме аркылуу кошулган. Бирок, дайыма бийликтин "токочун" жеп көнүп калган Жокебизге "Ата-Мекенге" окшогон, оомалуу-төкмөлүү партия жакпай калды окшойт. Ал эми Эркинбек мырза болсо көнгөн, катуу режимдеги бийликтин учурунда да ал жашынып калган жок.Экономикалык теориялары менен, шиш менен көзгө сайгандай сайып турду.


7.Варфоломей
Кубан Мамбеталиев
Кубан мырзанын өткүрлүгү Акаев заманында билинген.Журналист катары жалпы журтка таанымал болгон. Бийлик алмашкан соң Бакиевдик бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп, Альбиондор өлкөсүнө кеткен. Аякка кетип "Атасы кетип бирөөнүн, айылына кайра кайткан жок" болду. Бакиевдик бийлик не деген мыйзамсыз иштерди жасаса да Кубан мырза "оозуна талкан сугунуп алгансып" тултуюп отурду. Дагы жакшы "Адашкандын айыбы жок,кайтып үйүрүн тапкан соң" дегендей , "Ата-Мекен" партиясынын тизмесине кайтып келсе да, үнү ММКда катуу чыга элек.


8.Матвей
Өмүрбек Абдырахманов
"Депутаттык азилдер" менен Акаевдин көңүлүнө жагып, бизнесин гүлдөтүп алган Өмүрбек мырза баш-оту менен бизнеске кирип кеткен жок. Саясат майданында анын үнү дайыма угулуп турду.Бакиевдик бийлик көрөр көзүнүн колун толгоп, күч органдарына алып барган соң Өмүрбек мырза үй бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн, чет мамлекетке баш калкалоого аргасыз болду.Азыр саясат жагынан да, экономика жагынан да пир тутуп, ишеним арта турган даражага бышып жетилди.


9.Фаина
Гүлниза Бейшенбаева
"Ата-Мекен" партиясына терең берилген жарандардын бири Гүлниза Бейшенбаева. Гүлниза жаш, жогорку билимдүү, ал жаштыгына карабай "Ата-Мекен" партиясы үчүн тикесинен-тик туруп, жан-дили менен берилип иштеп келе жатат. Ушундай кызды тарбиялап өстүргөн ата-энесине да тан берип коюш керек.Болбосо "Ата-Мекен" эң оор учурду өткөрүп жаткан учурда да, активдүүлүк менен иштеп жаткан кызын, башка ата-эне болсо "көлөкөгө багып" , өстүрмөк да. Ушундай кыздар турганда сейфтин ичине жашынып алган, чет мамлекетке кире качкан эркектерге эмне дейбиз. Албетте, Гүлнизадай кыздар турганда "Чептен эрдин күчү бек" деп "Ата-Мекен" партиясы эч качан элдин көңүлүнүн сыртында калбайт демекчибиз.


10.Иаков
Райкан Төлөгөнов
"Ата-Мекенди" жан дили менен сүйгөн адамдар да бар. Бишкек шаардык "Ата-Мекен" уюмун жетектеп келген Райкан мырзалар кыштын ызгаарында дагы, жайдын аптабында дагы белин чечпей күрөштүн үстүндө келатат. Кечээки чыккан балдар эле интригалары ичине батпай, мансап үчүн абийирлерин сатып жаткан учурларда , нечен жылдардан бери "Ата-Мекен" менен саясий майданда жүрүшсө дагы интригаларга аралашпай, саясий иштердин "ичеги-карынындан өйдө артып" жүргөн адамдар бар экенине азыркы күндө таң калса болот.


11.Фаддей
Абдувахаб Мониев
Генерал Мониевдин талантуу тукумдарынын бири, "журналисттердин генералы" Абдувахаб Мониев. Акаевдик бийлик да, Бакиевдик бийлик да Мониевке окшоп акыйкатты бетке айткан журналисттерди жакын жолотчу эмес.Бирок, ошол эки бийликтин тең, "кендирлерин" кырча тиштеген Абдувахаб үкабыз "сыйлыктын эң даамдуусуна" гана ээ болот. Башкалар бийликтен наам, турак-жай жана башка материалдык кызыктырган сыйга ээ болсо, Мониев болсо "жашыруун жандармдардан" тумшукка бирди жеп, ооруканага барып "сый" көрүп жүрөт. "Элге берген куруттан, мени неге куруткан" дедирбей Абдувахаб мырзаны сыйлай турган убак небак жеткен, ал эмес өтүп да кеткен. Кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон Вахаб мырзага, аты менен фамилиясы өзгөчө экен деп көңүл бурулбай жатса керек.


12.Иоанн
Равшан Жээнбеков
Улуу Октябрь социалисттик революциясынан соң өз аталарына каршы чыгышкан Павлик Морозовдор пайда болушкан. Бизде деле ата менен бала, ага менен ини эки башка тарапта жүрүшөт. Бек Борбиев менен министрликке жеткен агасы экөө эки партияда жүрүшсө, Равшан мырза менен биз сыйлаган атасы Бабырбек мырза да эки башка партияда жүрүшкөндөй сезилет. Бабырбек мырза "Ата-Мекен" үчүн ДЗОТко төшүн тосуп берип жүрүп, "Ак Шумкарга" ооп кеткен, ал эми Равшан мырза "Ата-Мекенден" алыстап кеткен жок. Ал эмес ушул партиянын "акылы, абийири жана ар-намысына" айланып баратат.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??