п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Тилди билбеген, дилди билбейт
"Кыргыздын чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев менен "Жаш саясатчылар мектеби" уюмунун өкүлү Элдар Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Мамалекеттик тил мыйзамынын аткарылбай жаткандыгы тууралуу Президентке, Жогорку Кеңештин Спикерине, Премьер-министргеЖогорку соттун Төрагасына - бийлик Мамлекеттик тил мыйзамын аткарууга милдеттүү деген өз талаптары менен чыгышты.
Кыргыз тили, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп 1989-жылы кабыл алынган. Жыйырма эки жыл убакыт өтсө да мамлекеттик тил өз бийиктигин көрсөтө алган жок. Буга эмне себеп? Албетте, мамлекеттик тил мыйзамына жогорку бийлик тарабынан анчейин маани берилбегендигинде. 70 жыл көлөкөдө багылып, жаңыдан телчигип келе жаткан тилибизди көтөрүүнүн ордуна, бут тосуу менен мамлекеттик тил мыйзамын көзгө илбей, өз билгендерин жасап жаткан бийлик, акыры тилибиздин бардык укуктарын тебелеп келишкен дешет. Мамлекеттик тил мыйзамын аткаруу үчүн бардык мамлекеттик кызматкерлер Мамлекеттик тил боюнча "сынактан" өтүшүн Кыргыз Республикасынын Президентинен, Жогорку Кеңештин төрагасынан, Кыргыз-Республикасынын Премьер-министринен, Жогорку соттун төрагасынан Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын талап кылышты.

"Ата Журттун" депутаты партиялаштарынан токмок жегенин ырастады
Борбордук шайлоо комиссиясынан депутаттык мандатты 25-мартта алган, улуту боюнча дунган Бахадыр Сулеймановдун бүгүн "Аки-пресс" агенттигине билдиргенине караганда, ал азыр мээси чайкалып, шаардык ооруканалардын биринде жатат.
Депутаттын айтымында, анын ооруканага түшүшүнө негиз берген окуя 31-мартта парламент төрагасы Акматбек Келдибековдун иш бөлмөсүндө болгон.
Бахадыр Сулеймановдун ырастоосунда, ал "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин депутаттык мандатты өткөрүп берүү талабын орундатуудан баш тарткандан кийин токмок жеген. Сулеймановдун сөздөрүнө караганда, ага "Ата Журттун" фракция башысы Камчыбек Ташиев менен бул фракциянын дагы бир депутаты Талант Мамытовдун колу тийгендей. Ал "Аки-пресстин" кабарчысы менен маегинде бул факт боюнча Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылганын жана коопсуздугун камсыздап берүүнү өтүнгөнүн кошумчалады.
Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибековдун басма сөз катчысы Асел Алиева 24.kg кабар агенттигине төраганын иш бөлмөсүндө жаңжал болгонун ырастаган, бирок төраганын ага эч тиешеси жоктугун жана Бахадыр Сулеймановду эч ким токмоктобогондугун билдирген

Бишкекте бир ай ичинде 14 миңдей көчөт отургузулат
Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2-апрелден 7-майга чейинки убакыт шаарды тазалоо жана жашылдандыруу айлыгы катары жарыяланган. Натыйжада бул мөөнөт ичинде ар бир ишемби сайын шаар боюнча санитардык тазалоо иштери, ишембиликтер өткөрүлөт. Анын алкагында 14 миңдей бак-дарактардын көчөттөрү шаардын бир топ аймактарда отургузулат. Бир айлыкка дээрлик бардык мекемелер, жогорку окуу жайлар, уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.




Каптагаев Байболовдун айткандарын четке какты
"Президент саясий оюндарга, коррупциялык иштерге аралашкан жок". Мындай пикирин президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев "7-апрель - бир жылдан кийин" аттуу жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө башчысы бүгүн Конституциянын гаранты катары өлкөдөгү саясий оюндардан жогору эле турат. "Ал эми мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун президент жана башка өлкө жетекчилери тууралуу айткандарын талдап, иликтеп чыгыш керек",-деди Каптагаев.
"Ал жерде негизинен баш прокурордун милдетин жарым жыл аткарган кишинин эмес, базардын эле сөзү айтылды. Акыл эстүү кишилер көрүп эле турат, анын эмнеден улам, эмнеге айтып атканын",- деди Э.Каптагаев.
К.Байболов 1-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, өз сөзүндө ал президент баштаган бийлик өкүлдөрү ага каршы юридикалык илинчээк таппай коюшканын, акырында моралдык-этикалык нормаларга таянып кызматтан алууга аргасыз болушканын, президент андан бийик моралдык-этикалык нормаларды талап кылып, бирок өзү тескерисинче иштеп келатканын, маселен кыргыз-түрк "Манас" университетинин имаратынын бир бөлүгү сот аркылуу президенттин жакын тууганына өтүп кеткенин билдирген.

"Ак шумкар" Байболовдун айткандарын ачык иликтөөнү талап кылууда
"Ак шумкар" партиясы ачык кайрылуу таратып, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун 1-апрелде парламентте айткандары боюнча депутаттык териштирүүнү баштоону талап кылды. Кайрылууга ылайык, К.Байболов парламентте өлкөнүн биринчи жетекчилеринин ысымын атап, аларга өтө олуттуу айыптоолорду такты. "Андыктан парламент ар бир айтылгандарды териштирип, эгер айтылгандар далилдене турган болсо жогорку жетекчиликти да сот жообуна тартуу керек" деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле билдирүүдө депутаттык иликтөө процессине басым-кысым болбоосу үчүн депутаттык териштирүү парламенттеги бардык фракциялардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз укук коргоочулардан, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн түзүлүп, иликтөө ачык жүрүшү керектиги айтылат.

Кыргызстанда буудай, ун жана нандын баасы арзандады
Кыргызстанда бир апта ичинде буудай, ун жана нандын баасы арзандады, деп билдирет өкмөткө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
Маалыматка ылайык, 30-марттан 6-апрелге чейинки убакыт аралыгында республикада буудай баасы 3,6 пайызга арзандап, килограммы 16,10 сомдон сатылууда. Жогорку сорттогу ундун баасы өзгөрүүсүз калып, 35 сомду, ал эми биринчи сорттогу ун 0,7 пайызга арзандап, 29,20 сомду түзүүдө. Нандын баасы да 1,5 пайызга төмөндөп, килограммы 29,20 сомдон сатылууда. Мындан тышкары бир апта ичинде Кыргызстанда сүттүн (1,7%), эттин (0,1%) баасынын арзандагандыгы белгиленди. Ал эми кумшекер 0,3 пайызга кымбаттап, килограммы 61,90 сомго жетти. Пахта майы 0,2 пайызга кымбаттаса, күнкарама майы 0,7 пайызга арзандады.
Кыргызстанда 3444 адам ВИЧ инфекциясы менен катталды
Соңку эсептөөлөр боюнча Кыргызстанда 3444 адам ВИЧ инфекциясын жугузуп алып, каттоого алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, алардын 3271и кыргыз жараны. Булардын 2904у эркектер, 862си аялдар. Жогорудагы ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын 362синде коркунучтуу СПИД оорусу бар экени тастыкталган. ВИЧ менен каттоодо тургандардын 2132си ийне сайынган баңгилер. ВИЧ оорусу менен эң эле көп катталгандар Ош жана Чүй облустарында.

Жазгы талаа жумуштарын күйүүчү май менен камсыздоо 46% түзөт
Бул тууралуу Айыл чарба министри Төрөгул Беков парламенттеги Агрардык, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, жазгы талаа жумуштары үчүн күйүүчү май 15 күнгө жетет жана жакынкы күндөрү Орусиядан дагы 20 тонна күйүүчү май тартылып келинет. Т.Беков билдиргендей, ушул тапта 7,5 миң тонна күйүүчү май 25 сомдон дыйкандарга таратылды. Айрым райондордо күйүүчү май 26 сомго сатылды.
Буга чейин айыл чарба адиси Манас Саматов "Азаттыкка" маек куруп, күйүүчү майларды дыйкандарга арзан сатымыш болуп, чиновниктердин чакан тобу пайда көрүп келатышканын, дегеле талкаланып бүткөн айыл чарба тармагын оңдоо үчүн Айыл чарба министрлигин түп тамырынан реформалоо зарыл болуп турганын билдирген.




  Өкмөт сүйлөйт

Майып балдардын жөлөк пулу эки эсе көбөйдү
Өкмөт атайын токтом токуп, 1-майдан тартып майып балдардын жөлөкпулун эки эсе көбөйтүүнү чечти. Ага ылайык, эми майып балдар айына мамлекет тарабынан 3000 сомдон жөлөкпул алып турушат. Азыркыга чейин кыймылы чектелүү балдар айына 1500-2000 сомдон жөлөкпул алып турушкан.
Кыргызстанда ай сайын жөлөкпул алган 22,5 миң майып балдар бар. Аларга 1-июлдан тартып гарантияланган минималдуу кирешенин өлчөмү 370 сом деп чектелди. Бул нерсе балалуу аз камсыздалган үй-бүлөлөргө тамак-ашка ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул чектөө үчүн зарыл.

Пенсия көбөйөт
Май айынан тартып ардагерлерибиздин пенсиялары сезилээрлик көбөймөй болду. Буга чейин 1000сом алгандарга 600сомдон, 2000 сом алгандарга 400сомдон, 4000сом алгандар 250 сомдон, 10000сом алгандарга 150 сомдон айына кошумча кошулат.
Мындан тышкары болжол менен алганда 120 миң пенсионер кошумча акча алышат. Алардын эсептөөчү босогосу 5000сомго чейин жогорулатылды.
Песионерлерди колдоо үчүн казнадан баш-аягы 1млрд.523,7млн.сом талап кылынат экен.

Кирешең канча, бурадар?
Жакын арада жакыр үй-бүлөлөрдүн жалпы кирешесин аныктоонун жаңы ыкмасы пайдаланыла баштайт. Айталы буга чейин арабасы, түстүү телевизору, кир жуугуч машинеси, муздаткычы бар болсо аз камсыз үй-бүлөнүн катарына кошулчу эмес. Эми ал эски ыкма четке кагылды.
Жаңы эсептөө ыкмасы үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо жогоруда аталган тиричилик буюмдарын эске албайт. Жер үлүшүнүн түшүмү, дыйкан чарбасынын, көмөкчү чарбасынын кирешелери эске алынат.

Дыйкандар 290 млн сом алды
Жазгы талаа жумуштарына дыйкандарга банктар аркылуу 290 млн сом берилди. Кредит берген банктар -"Айылбанк" менен "РСК банк". Айтмакчы, кредит жалаң жашылча-жемиш, техникалык өсүмдүк өстүрүүчү дыйкандарга гана берилээри маалым.

Үрөнгө - 8млн доллар
Быйылкы жылдагы себүү иштеринде дыйкандарга жардам иретинде 7-8млн долларга үрөн бөлүнмөкчү. Россия 1,5 миң тонна жогорку сапаттагы жаздык арпа үрөнүн берди. Казакстан 500 тонна жүгөрү үрөнүн берет.Баш-аягы кыргызстанда 1млн.168миң гектар айдоо аянтынын 655 миң тоннасына дан эгиндери себилмекчи.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??