п»ї
  Адабият

Таланттуулар

Намыстуу, мансаптууга жүгүнбөгөн,
Байкап бир карап көрчү таланттууга.
Максаттуу иштеп, жашап күнүн көргөн,
Окшошот сырттагы эркин канаттууга.

Дурус чыкса чыгарма калат байып,
Ага дем, ошол кубат, ошол бакыт.
Көшөкөр кызматтууга жагалданып,
Жасабай жагынуу үчүн кошоматты.

Өңү ойлуу, кабагы пас алганынын,
Түйшөлтөт үкөктөгү каткан наны.
Жупуну кийингени балдарынын,
Кенен жетпейт оокатка тапкандары.

Жамандап, басуу үчүн уюшса да,
Өзүнүн агын билип багынбаган.
Мындай кыл, муну алгын деп турушса да,
Абийрин таза сактап сатылбаган.

Байкачы кандай бийик канаттуулар,
Өз беткей жашап, күнүн көрүп жүргөн.
Ошондой из калтырчу таланттуулар,
Эл, жерин сүйүп, иштеп өмүр сүргөн.
Абышка жана бала

Абышка да, бала да азып арык,
Бата тилей ар кимге кол сунушат.
Базар алды тепкичке чачык жайып,
Кайыр сурап кейиштүү олтурушат.

Кол буту калчылдап, эти качкан,
Би р нерсе айтып балага түшүндүрөт.
Үйү алыс… ээн жерде кечи жатктан,
Байкуш чал небереси үчүн күйөт.

Суроо берип бул болду туюнганым,
- Берегим аман өссө болду мага.
Мен эми бүттүм… жедим буюрганын,
Жараткан каарына алып койду кара.

Колдой көр кагылайын парпадигер,
Жалгыз уулум бар эле буюрбады.
Таянчым, ишеничим мага медер,
Тукум улар саксагым ушул калды.

Зээним кейип дедим да: "кийим алсын",
Акча узатып тиледим: "кудай берсин"…
Интернатка бериңиз, билим алсын,
Деп тиштене жаш чайып узай бердим.
Касиет бар

Ата бабам айласыз тээ илгери,
Эл, журтту коргойлу, деп коргон курган.
Касиет бар урпактар сыйынганда,
Улуу арбактар муундарын коргоп турган.

Сайга агылган суу сымал булактагы,
Чөбөрөлөр ар кайсы курактагы.
Ушул салтты бата алчу аталардан,
Келечекте балдарда уланталы.

Адам кыла өстүрүп өлбөс санат,
Салтка айлана дем болуп өнөт канат.
Куран окуп, сыйынсак арбактарга,
Алар бизди колдошот жөлөп таяп.
Өкүнүч

Малына сырта жем, чөп салдырбады,
Көзү өткөн агамды эстеп кайгырдыбы?
Оорулуу эжем колунда мешти жагып,
Апам кечте чырактан жандырдыбы?

Экөө тилеп эл, жердин эсендигин,
Текшерип сырткы эшиктин бекемдигин.
Түшүндө үйгө келген мени көрүп,
Жалбырап тиледиби эсендигим?

Айлам жок бөксөм толбос арманыма,
Өкүнөм бул жашоонун жалганына.
Өксүп эңсейм колунан өөп убагында,
Өз маалында жете албай калганыма.
Дагы эле

Ата Журт ар колотуң ыйык мага,
Жүктүн орун көтөргөн кыйын сага.
Ичим жылыйт берешен пейилиңе,
Караан тутуп кутуңа сыймыктана.

Кагылайын тууган жер бекемдигиң,
Алгач керек ар дайым эсендигиң.
Булгап, бузуп жүрсөк да бүркөлбөгөн,
Баш ийдирет кечирген кенендигиң.

Канга сиңген кадырың кайдан табам,
Түбөлүккө чыга бер айдан аман.
Мүдүрүлсөм азыр да илгеркидей,
Этегиңди жөлөөчү кармай калам.
Ата журтум ыйыгым…

Билбеймин кимдин кандай түнөгүндө,
Алыстан кайтканымда көксөөмө арзып.
Кубат сунган мен үчүн жүрөгүмдө,
Мекендин атыр жели, көркөмү артык.

Кабар жетсе мыжыгып жүрөк кабы,
Тээ алыста жүргөндө сунат белек.
Мекен бурчу тартылган сүрөт дагы,
Сагынтып, толкундатып кубат берет.

Тууган жер ыйык жериң, абаң даамы,
Рахмат сени жазып койгонуна.
Тоболойм тоодой бакыт мага дагы,
Энемдин энеси өзүң болгонуңа.

Ата Журтум эзилүүдөн бошонгон,
Өсүү үчүн жасоочу иштер үйүлүп.
Жоопкерчилик артмак дилде ошондон,
Арзыр жумуш аткара алсак түшүнүп.

Ата Журт деп ар жараның толгонуп,
Бириге алсак албан күчтү топтойбуз.
Арттыра алсак сактап кутуңду ойлонуп,
Биз да буйруп тукум улайт окшойбуз.

Ата Журтум, эң сүйүктүү мекенсиң,
Кээ уул, кызың баркын сезбей эсирген.
Кан улаган түпкү атабыз экенсиң,
Кечиримсиз күнөөнү да кечирген.

Жалт-жалт карап сыртка чыксам кол булгап,
Ата Журтум тазалыкка үндөгөн.
Кутуң жаза албачудай толкундап,
Ичтен чочуп түйшөлүүдө сүрдөнөм.
Кубанычбек Адамалиев




  Устаттарга шакирттен

Геологторго ырахмат

Тоо таштын баарын карайбы?
Толуктап бирден санайбы?
Тоо боорлорун аңтарып,
Толгон байлык табабы?

Ар убак суукка күйүгөт,
Ар дайым Жер Эне менен бирге жүрүшөт.
Асыл заттын баарын изилдеп,
Геолог адистери дайым жүрүшөт.

Пароданын көбүн карачы,
Минералдын көбүн саначы.
Кең талаадан кен-байлыкты изилдеп,
Эмгегин геологдун сен баалачы.

Таазим кылып салам айтам сиздерге,
Талыкпай дайым берген билимиңерге.
Талпынтып учурдуңар уядан,
Башымды ийип рахмат айтам сиздерге

Алтындан ардактуу
Күмүштөн салмактуу
Биздин сүйүктүү Ү.Асанаиев атындагы Тоо-кен институтунун мугалимдери
А.Бакиров, К.Осмонбеков, О.Шамшиев, Р.Туляев, А.маралбаев, П.Туркбаев, И Байтукенова, О.Кабаев, Д.Сатыкеев, А.Мамбетов, С.Аккабакова, А.Алияскарова аттуу эже-агайларыма жана геология кафедрасынын жалпы жамаатынын, ошондой эле геология илиминин жалпы адистерин Геологдор күнү менен куттуктайм.
Ден соолугуңуздар чың болсун,
Өмүрүңүздөр узун болсун!
Жыттаганыңыздар арча болсун,
Тапканыңыздар алтын болсун! - деп
2010-жылдын аспиранты
Айжан Бейшембиева




Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн

"АТА ЖУРТ" ДЕП ЖАР САЛГАН ЫР ЖЫЙНАГЫ..."

Орто муундагы акындардын ичинен өзүнүн табияты жупуну, улунуп-жулуна бербеген, ыйманы ичинен сыртына көрүнүп турган акын Манап Алиевдин "Жан күйөөр..." аттуу ырлар жыйнагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүп атышына карата ой-пикирди жазууну туура көрдүк.
Анткени, азыр сыйлыкка үмүткөр болуп аткан чыгармалар бир топ, бирок, акын Манап Алиевдин бул жыйнагы көптөрүнөн айырмаланып, адамдык аруулукка, биримдикке, ырыс-ынтымакка, ар намыска чакырып, Ата Мекендин ыйыктыгын жана бийиктигин даңазалоого үндөөсү менен өзгөчөлөнүп турат. Автордун "Ата Журтуң жаныңдай" деген ырын алып көрсөк;
"...Денең жылып, жүрүп турган каныңдай
Ыйык туткан Ата Журтуң жаныңдай
Кеч бар бекен Ата Журттун кечиндей
Таң бар бекен, Ата Журттун таңындай?!
Же болбосо
"...Ата Журтум намыс күчөп ар деген,
Кандай жакшы " Жан күйөөрү бар!" деген
Атың чыгып, атың турсун айтылып,
"аталардын пейлин күтүп-шар" деген. Бул шилтемелерге түшүндүрмө берүүнүн кажети жок. Мында куплеттер акындын ата Журт үчүн күйүп-жанган жүрөгүнүн ыры, айтылбаган сыры жатат...
"Эли бардын куту бар" деген ырынан шилтеме келтирсек;
"... Жүрүп өздөн жат чыккан,
жашып көздөн жаш чыккан,
сагынгандан атасын,
сакыр ыйлап жаш сыккан.

- Ыйман кайда? Эл кайда?
- Таш төгүлүп сай-сайда
- Намыс кайда? Эр кайда?
- Эр бөлүнүп ар жайда
же
Күнгө күндүн кереги
эч болбогон - күн үчүн,
Элиң керек береги.
Эч болбосо сен үчүн"
" Жан күйөөр..." жыйнагындагы "Эл ушул" ырынан үзүндү келтирсек;
"Жазымыш -жайык "кайырба?!
Жараткан элден айырба?!
Бир болуп жакшы, жаманы
Болгону кадам, айырма"
Же
"...Болбосун, менде болбосун...
Журтумду Кудай колдосун.
Комузун, кыргыз, колго алып,
Комузун кыргыз толгосун."
Акындын бул китебинде кыргыздын байыркысынын тарыхы, санжырасы, каада салты, үрп адаты, жашоо-турмушка болгон көз карашы, дүйнө таанымы чагылдырылып, өзүнчө эле бир тарбия таалим берүүчү окуу куралына окшошкондугу менен баалуу. Ал ушулардын баарын поэзиянын жетиктиги менен баяндап, ыр дүйнөсүнүн асыл берметтери менен жууруган.
Табият берген талант менен эмгектин айкалышы, дүйнөлүк адабияттын сабактары менен кыргыз дүйнөсүнүн тең ата турушу анын көп окуп, көп изденгенинен кабар берет.
Бул чакан колдоо пикирде Манап Алиевдин "Жан күйөөр..." жыйнагынын жүзүн толук ачып берүүгө мүмкүн болгондуктан мен сөзүмдү кыскартып, бул жыйнак Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу экендигин белгилей кетким келет.
Нурлан КАЛЫБЕКОВ, акын





"Жеримди алтын уя, түнөк деймим, Элимди арка, жөлөк тирек деймин"

М
ына ушундай улуу сезимдерге бышкан, Ата Журт дегенде жүрөгү делбирге айланган жана ата-эне алдындагы аруу милдетин моюндаган Таабалды кызы Жаннаттын ырлары алгач окуганда эле өзүнө тартып алды. 9-класстын окуучусунун омоктуу ойлорго баткан ушул тунгуч түрмөктөрү кийинки, келечекки чыгармачыл чыйырына чыктуу уютку болуп берсе деген тилек менен "Кыргыз Рухунун" окурмандарынын сыноосуна коюшту эп көрдүм.
Автор алыскы Чоң-Алайдын Кара - Мык айылындагы Ленин орто мектебинин Алыкул атындагы адабий ийриминин мүчөсү. Ийримди "Эл агартуунун отличниги", "Кыргыз акыны" ырлар жыйнагынын жана адабияттын ар кандай маселелерин камтыган мазмундуу макалалардын автору Низамидин Мурзаев агай жетектейт.
Устаты менен шакиртине ийгилик каалоо менен Казыбаев Памирбек. "Алыкул үйү -борбору" коомдук бирикмеси
Биздин айыл
Биздин айыл Чоң -Алайдын алкымында,
Атыр жели аңкыган салкынында.
Суусу мөлтүр, жыпар жыт, мөмө жемиш,
Жашайт калкым мында деп бейиш.

Кут жатат өзөнүндө,
Татып келем туз даамын өмүрүмдө.
Эртели кеч эңсеген мени күтөт,
Эне ордуна эне ошо жүрөгүмдө.

Сагынычым нык толо ыраак жүрөм,
Кусалыкты жүрөккө кынап жүрөм.
Айыл аман, Ата Журт тынч болсо деп,
Жараткандан жакшылык күндө күтөм.

Биздин айыл чоң ааламдын алкагында,
Атыр жели аңкыган салкынында.
Андан артык жыргалды көргөнүм жок,
Эл, жеримдин бактысы дал ушунда.
Кыргызым
Мөмөңдү үзүп жебей, күрөп жеймин,
Шаркырап аккан сууну өмүр деймин.
Береке ушунчалык кең дасторкондо,
Жыл бою жесем да түгөтпөймүн.

Тоолоруң алтынга бай, көмүр, нефти.
Ойлоруң түгөнбөгөн пахта кенчи.
Ош шаарым ортосунда мол байлыктын,
Улгайбай миң жашарып гүлдөп өстү.

Байлыгы кыргызымдын анан дагы,
Баа жеткис ак пейилдүү адамдары.
Эмгектен бак жаратып алгаласа,
Күркүрөп сүрөп турат заман, шары.

Жеримди алтын уя түнөк деймин,
Элимди арка, жөлөк тирек деймин.
Бириккен улуттардын чын достугун,
Ширетип согуп турган жүрөк деймин.
Мөлтүрөгөн четин
Сени унутпайм, унутсам да сөзүмдү,
Сугум артып, келе берем көргөнү.
Суу боюнда сен күтөсүң мөлтүрөп,
Сулуулардын кызыл мончок мөлмөлү.

Араң турат шуруларың үзүлбөй,
Кандай чебер аземдеген эринбей.
Жашыл кийип, кызыл сөйкө тагынып,
Жарашыгың жаңы келген келиндей.

Кайра келем, сен өсө бер көкөлөп,
Көрсө экен деп курдаштарым жетелеп.
Келбей калсам айла канча өкүнбө,
Катып жүрөм элесиңди бөпөлөп.

Сулуу четин, суйкая бер мөмөлө,
Кайра кайра гүлүң төгүп көкөлө.
Сен жыгылсаң, мен да кетсем көз жумуп,
Бирдей тосот кучагына Жер Эне.
Таабалды кызы Жаннат




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??