, 08.04.11 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кыргыздын рухий байлыгы

(Комузчу, күүчү Кенжебек Алдаяр жөнүндө)
Кыргыз элинин сыймыктана турган көөнөрбөс байлыктары, кооздуктары көп. Кудайга шүгүрчүлүк кылып келебиз. Көз кубанткан кооз тоолору, ал тоолордон келген таза аба, мөлтүр булактары, шаркырап тоо ылдый агылган суулары, жашыл жайлоолору, каада-салттары, элдик ырлары жана оозеки чыгармачылыгы, элдик аспаптары (чопо чоор, сыбызгы, кыл кыяк), алп "Манас" эпосу ж.б.
Билесиздер, төмөндөгү улуттук сыймыктарыбыздын башында турган улуттук рухубуз - үч кыл-Комузубуз.
Ушул үч кыл Комузубузга тилин төшөп, жанын аябаган уулдарыбыз, кыздарыбыздын бар экенине кантип сүйүнбөй коёбуз. Комузубузду сактап, канчалаган азап-тозок, басып алууларга, кыйноолорго карабай муундардан муундарга өткөрүп келген бабаларыбызга ыраазыбыз!
Улуу Жараткан - Комузду да комуздай сырдуу, кылдарынан чыккан бийик, таза, назик үнүндөй гана адамдарына карматат окшойт. Ар бир кыргыз комуз чертип калса, анда комуздун баркы жок болуп калат беле деп да ойлоп калам. Анткени, элин, тилин, дилин саткандарга комузубуз кор болуп калмак экен... Ошон үчүн, ар бир кыргыз аттуунун баарынын эле колуна комузду карматпагандыр...
Жамандыкты дайыма жакшылык жеңип келген! Эмнеси болсо да, комузду баалаган, кызыккан, сыйлагандар арабыздан түгөнбөй уланып турганын эле тилейличи.
Комуздун да колдоочусу бар экенине ишенели. Комуз черткен, күү чыгарган Карамолдо, Атай, Муса, Эшманбет, Токтогул, Ниязаалы, Коргоол, Ыбрай аталарыбыздын асыл күүлөрүн улантуучулардын аягы үзүлбөсө эле болду! Мына, ага мисал деп Кенжебекти айтсак жарашат.

Намыска бек - Кенжебек
Кенжебектей уулдарды мен-кыргыздын намысы үчүн төрөлгөн уулдар деп билем. Кыргыз эли ушундай уулдары бар үчүн бактылуу эл, барктуу эл. Намыска, достукка, ишеничке бек болсун үчүн аталар менен апаларыбыз уулдарына ысым коюп аягына "бек" деген сөздү бекеринен улашпаса керек. Кенжебектин ысымында да "бек" деген сөз бар.
Кенжебек черткен залкар күүлөрү менен бирге эле өзү чыгарган не бир сонун жаңы күүлөрүн угуп жүрөбүз. Алар: "Алманбет", "Сыргак", "Култегин", "Ботом, "Сүйүү -Ибарат" ж.б. бул күүлөрдү уккандар да бар, уга электер да бар. Кенжебектин күүлөрүн угуп отурганда да дагы бир жолу кыргыз болуп жаралганыңа кубанасың. Көз алдыга ата-бабаларыбыздын көчмөн турмушу, шаан-шөкөттөрү, кайгы-муңу тартыла түшөт. Күүлөрүн угуп олтуруп -- агарган аппак таңга, карайган кечке, айлуу түнгө, булуттуу асманга туш келесиң. Кете бересиң, кете бересиң... Көөдөнүңдө ошол таңдарды, күүгүмдөрдү көрүп келе жаткан элиң турат...
"Кош бол ойдуң, кош бол суулар, күүлөр чертип агылган"
СССР өлкөсүнүн бир өлкөсү болуп турганыбызда ошол СССР деген чоң өлкөнүн атынан чет элдерге элчи болуп иштеген кыргыздын саналуу эле уулдары болгон. Аларды беш эле манжа менен санасак болот. Ошолордун бири - бир кезде Нигерияда, Калькуттада элчи, консул болуп иштеген Нургазы Кемелбаев агабыз. Ал убакта элчилерге чыгармачылык менен алектенгенге тыюу салынчу тура. Ага карабай, Нургазы агабыз шотландиялык акын Роберт Бёрнстын ырын англис тилинен түз эле кыргыз тилине которгон ыры мага абдан жагат. Бул ыр Кенжебек мырзага да жагат деген ойдомун. Нургазы агабыз Роберт Бёрнстын ырын - алыска кетип жатып, элин-жерин сагынаарын, утурумдук эли-жери менен коштошуусун кошо "жууруп" туруп, комуз күүлөрүнүн деми менен которгонун айткан эле. Ошон үчүн, керемет комузубуздун күүлөрү жөнүндө саптар жүрөт да, сууларыбыздын акканын күүлөрүбүздүн чертилгенине салыштырган!

Кош бол аска, кош бол чоку,
Кардан чапан жамынган.
Кош бол ойдуң, кош бол суулар,
Күүлөр чертип агылган!

Кош бол тоолор, кош бол түндүк,
Тентип кетип барамын.
Кайда болсо элесиңди
Так жүрөктөн табамын,
Кечирип кой, кетип барам
Мен түбөлүк балаңмын...
Мындан аркы саптары да Нургазы агабыздын алыста жүргөнүнө куп жарашып калат экен:
Жүрөгүмдү таштап келдим,
Бийик-бийик тоолорго,
Кайберенге аралашып,
Кала берди зоолордо.
Калды жүрөк бийик тоодо
Эчки үркүтүп, бугу кууп,
Мен сенделип мында жүрөм,
Аккан жашка бетти жууп...
Комуздун күүлөрүндө жогорудагыдай поэзия да жатат. Жазылбаган поэзия... Жазылбаган поэзия көкүрөктө болуп табышмактуу, катылуу болот. Аны кулак аркылуу, кыргыз комузунун күүсүн көкүрөк көөдөнгө киргизе угуш керек эмеспи.
"Өз ордуңду таба бил"
Япон туугандар ушинтип айтышат экен. Өз ордуң дегени - өз каада-салтың, өз элиң-жериң дегени да. Биз да "Өз - Комузубузду" көкөлөтүп көккө жеткире көтөрүп жүрөлү.
Өз элинин асылдыктарын сүйгөн гана башка элдин асылдыктарын баалай, түшүнө билет.
Комуз жөнүндө, комузду черткендер жөнүндө көп-көп эле сүйлөгүм келет... Тынбай, талбай сүйлөй берсем дейм. Сөз гүлдөрүн терип комузга, комуз черткен мекендештериме арнагым келет...
Таалай БөрҮбаев




Кыргызстанга мекенчил башчылар гана керек
Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери бийлик башындагы жегич-ичкич жетекчилер (Президенттер) келгендиктен элдин эси ооп калды. Азыркы тапта кыргыздардын жашоосу эң оор акыбалда турат. Бийликтегилердин түңүлгөн мекендештерибиз өз жерин таштап, кул сыяктуу чет жактарда иштеп жүрүшөт. Негедир биз аларга жардам бере албай келебиз. Кыргыздардын кетип аткандарын пайдаланып башка улуттар жерлерибизди сатып алып атышат. Тилекке каршы жаңы келген бийлик муну ойлоп дагы койгон жок ушул маселе тууралу берилген сунуштарды албай Конституцияга да киргизбей койушту. Менимче, биринчи элибизди, жерибизди, тилибизди жана үрп-адатыбызды кылымдарды карыткан каада-салтыбызды көздүн карегиндей сактабасак бат эле мамлекетибизди жоготуп алыш коркунучу талашсыз. Азыркы тапта жаңы өсүп келе жаткан жаштарыбыз жана башчыларыбыз баш болуп башка тилди элибизге айтылган фразалар көп эмеспи акын атабыз Байдылда Сарногоевге таандык:


"Эне тилин билбеген, эки жогун аныктайт
Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт". Бул менимче калетсиз чындык, ошондуктан элин-жерин сүйгөн мекенчил адамарга бут тоспостон жардам беришсе жакшы болмок. Тилекке каршы андай эмес, Кыргызстанды Акаев, Бакиев сормо сазга тыгып кетти. Кудайым буйурса, мекенчил кыргыздар бириксе ал саздан бат эле чыксак болот. Биздин өлкөбүзгө саякаттап келген араб өлкөсүнүн өкүлдөрү келип абдан таң калышыптыр, кыргыз жери бейиштин төрүндөй болгон жер турбайбы. Бүт мүмкүнчүлүктүн баары бар экен, эмнеге мындай жетишпеген өлкө наразы болушту деп. Алтын десе алтыныбыз бар, суу десе суубуз бар, көлүбүз десе көлүбүз бар ажайып, кооз тоолорубузчу, башка улуттарды суктанкан байлыктарыбызды туура жана так пайдалансак бат эле башка өлкөлөрдүн катарына кошулабыз, эгер бийлик башындагылар саткындыгын токтотсо. Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевди карап көрсөк казактарды кандай гана даражага жеткирди, аңгыраган талаага чоң шаар курдуруп салды. Эмнеге биздин шаарларыбыз андай эмес деп ичиң ачышат. Биздин борбор шаарыбыз менен салыштырып көрөлүчү, алардын бир районундай болуп калат. Биздин борбор Астананын биздин чиновниктер баары биригип Назарбаевче жокпу? Кыргыздын бийлик башчылары тескеринче сатканга маш келишет, сатканга жакында эчтеке жок калса, айлалары кеткенде суубузду кошуп сатып атышат. Суу -бул Кыргызстандын башкы өзөк күчү. Өлкөбүздүн гүлдөп өсүп- өнүгүшү туура жана сабаттуу пайдаланыш керек деп түшүнөмүн. Тилекке каршы андай эмес болуп атпайбы. Жакында Кыргызстандын жететкчисин шайлоо болот. Шайлоодо, кудайым буйурса, Кыргызстандын келечегин ойлогон, мүмкүнчүлүктөрүбүздү байлыктарыбызды туура жана так пайдалана билген, ыймандуу, кыргыз элин, жерин, тилин көздүн карегиндей сактаган, мекенчил башчы келсе экен деген тилекке кошулам.
Жаңы бийликтин келгенине 7-апрелде бир жылдын жүзү болот, дегеле мекен үчүн деп өз өмүрлөрүн кыйган баатырларыбыздын арбактарына куран окутуп, таазим кылып, жакшыраак эскеришсе экен. Бул баатырлардын кылган эрдиги кыргыз элине жакшы жашоо келсин, элдик бийлик орнотулсун деген тилектери менен жанын мансапкор, канкор Бакиевдин айынан жан беришти. 7-апрелде революцияга катышкан жаштарга жана мекенчил адамдар биригип түзүлгөн кыймылдарга берген адамдар да жок эмес. Атап айта кетсек "Дордой" ассоциациясынын төрагасы Аскар Салымбеков деген ишмер агабыздын салымы чоң. Ал акылман агабыздын адамкерчилиги жана боорукердиги мекенчил нукура кыргыз баласы экенине баа бердим.
"Дордой" ассоциациясында 40 миңдей адам эмгектенип, айлыктарын өз убагында алып, үй-бүлөсүн багышат. Мамлекетибизге дагы ийри көлөмдөгү салыктардын көбүн ушул агабыз төлөп берип турат. Менин баа бергеним жаштардын спорттун ар кандай түрлөрү менен машыкканга шарт түзүп берди жана спорт комплекс курдуруп койду эле, өсүп келе жаткан жаштар ден соолугун чыңдашып, жакшы жаштарды көздөп, Кыргызстандын атын чыгарып чет жактарда жакшы ийгиликтерге жетишип келип атканы кубандырбай койбойт. Агабыздын өз күчү менен ушул даражага жетип, жана кыргыздарды жумуш менен камсыз кылып, азыр 40 миңдей кыргызды жумуш менен камсыз кылып келе жатса, келечекте андан дагы көп кыргыздарды жумуш менен камсыз кылып жаңылануу жаратмандык мене иш жасаарына ишенемин жана тилектешмин. Аскар Салымбековдой мекенчил агаларыбыз Кыргызстанды башкарса мамлекетибизди бат эле башка өлкөлөрдүн катарына кошуларына менимче шексиз деп ойлойм. Бизнести жакшы өздөштүргөн агабыз мамлекеттин экономикасына жардамы жакшы эле тийип турат. Башка чиновникт ер Аскар байкебиздин кылган эмгегинин 50% гана кылышса, ошондо бир алдыга жылат элек деп түшүнөм. Аскар Салымбековду мекенчил адам катары кыргыздын жаштары сыйлайт жана баалайт. Келечекте көптөгөн иштерди жаратмандык менен жасайт деп үмүттөнөбүз, ишенебиз.
Бакыт Исакеев