, 08.04.11 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Кызыл шапкечендер"
+ соттор "сокбилеги" = түрмөбү?..
(Башталышы 10-бетте)
Кудайдан башка эч кимге ишенбей калдым
Тилек Мейманбек уулу Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт Академиясынын студенти болчу экен. Болгону азыр 19 жашта. Былтыр "Зордуктоо" статьясы менен 16 жылга соттолуптур. Бирок, муну акыйкатсыздык деп эсептейт. Себебин өзүнөн угалы: - Былтыр 18 жашка жаңы толуп, классташ балдар менен "Берекет гранддын" маңдайындагы "Айас" деген кафеде олтурганбыз. Бизден арыраак столдо бир кыз үч бала менен тамеки чегишип, ичимдик ичишип олтурган болчу. Бир убакта ал балдар ал уруп баштаганда кыз "мени уруп, үчөө талашып жатышат. Ажыратып койгулачы" деп кайрылганда биздин балдар ажыратып коюшат. Ажыраткан соң тиги кыз "мен силердин столуңарга эле олтура турайын, болбосо булар мени талап кетет" дегенинен "олтура бер" деп коюп, биз тура турган болуп калгандыктан сыртка чыгып, үйлөргө тарап кетели деп чачырап бара жатканыбызда ал кыз айтат: "Менин бара турган жерим да, ата-энем да жок, бүгүн силер менен болом, ана-мына" деп туруп алды. Арыраак жерде 7-8дей бала турат: "Бул кыз биздин кыз, таштап кеткиле"- деп. Кыз болсо буларга таштап кетсеңер мен эртеңки күндү көрбөй калам, мени тытып кетишет дегенинен мейли анда деп биздин машинага салып алганбыз. Жолдо группалаш балам экөөбүз түшүп калып, ал эжесинин үйүнө, мен агамдын үйүнө кеттим, эртеси сабакка барыш керек болчу. Ал окуя болгон жерде мен такыр болгон эмес болчумун. Эч бир далилдери да жок, судмедэкспертизадан да өткөрүштү эле жыйынтыгы таза чыккан. Эми ошол кыздын айынан шериктерим болуп 4 бала 15-16-17 жылдан мөөнөт алып олтурабыз. Кийин биздин угушубузча ал ошол кафеге күндө эле келип, ошондой шантаж иштерди жасап жүргөн кыз экен. Анан ушинтип бизди, бизге окшогон кылмышка тиешеси жокторду деле камай берсе, келечегибиз эмне болот? Өзүбүз жаш болсок. Тиги кыз ар соттук отурумдун бир процессинде бир нерсени ойлонуп келип, кайдагы болбогон нерселерди айтса, кийинкисинде башка нерсени айтат. Бир процессте айтканы экинчи процессте башкача болуп, бири-бирине дал келбейт. Эми ошондо эле кандай подстава экени билинип эле турду, бирок, эч ким андан туура жыйынтык чыгарган жок. Свердлов райсоту 16 жылга соттоду, андан соң шаардык сотко жаздым, ал жерден өкүмдү өзгөртүүсүз калтырып койду, эч кандай деле бир нерсесин карап койгон жок. Азыр эми Жогорку Сотко жаздым, билбейм эми, менде чындыкты табууга эч кандай үмүт деле калган жок. Менде бир гана үмүт калды -Кудайдан гана үмүт этем, башка эч кимге үмүт артпай калдым-дейт Тилек. Ал эми Ново-Покровкада жашаган Акбар Авазов ана-мына үйлөнөбүз деп турганда, сүйлөшкөн кызынын апасынын жалган арызынын негизинде милициялар аны ПОМго алып барышып "Сен ал кызды зордуктагансың, телефонун уурдап кеткенсиң, мойнуңа ал" деп башына целлофан кийгизип, тумчуктурушуп сабашыптыр. Андай нерселер болбогонун айткан А.Авазов баары бир эки статья менен 15 жылга кесилип кеткен. Тергөө жүрүп жатканда тергөөчү "алар менен сүйлөштүк, эгер 3 000 доллар берсең бул ишти көтөрбөй, тез эле жаап салабыз" деп кайрылганын да айтат.
Арактан абакты карай
Замирбек Тойготаев 2008-жылы Бишкекте иштеп жүргөн мезгилинде "адам өлтүрүү" боюнча шектүү деп кармалып,15 жылга соттолгон, бирок, ал өзүнө бул айып жалган жалаа деп эсептейт. Борбордук СИЗОдо 9 ай сурак кылып, эч кандай далилдерди коё алышкан эмес. Олег Дояркин бутун сындырып алган досун Фучиктеги ооруканадан гипстетип келип, дүкөнгө тамеки алууга чыккан жеринен участкалык милициянын "машинаны түрт" деген тилин албай койгону үчүн артынан чыккан аялын, карындашын кошо ал милиция шериги экөө Кызыл-Аскердин ПОМуна алып келишет. Ал участкада "адам өлтүрүү боюнча" тополоң чыгып жаткан болот. Оперлер келишип үчөөн ПОМдон ары Биринчи Май РОВДсына алып кетишиптир. О.Дояркиндер ал күнү эмне кылгандыктары боюнча түшүнүк каттарын, жашаган даректерин жазып берген соң коё беришет да, туура 10 күндөн кийин Олег бакчасын сугарып жаткан жеринен аны оперлер кайрадан алып кетип, РОВДда төрт адам уруп-сабашып, баягы "өлтүрүүнү"мойнуна "илип" коюшкан. Биринчи Май райсоту сотто ал өлгөн адамды ким урганын көргөн күбөлөр келишип, "бул эмес, такыр эле башка болчу" деген көрсөтмөлөрдүн негизинде толук актаган. Ал эми шаардык сот болсо 9 тогуз жыл менен эч бир негизсиз кесип жиберген деп эсептейт. Кайрылган жерлеринен жыйынтык чыккан эмес.
Каракол шаарынын тургуну Сергей Певченко достору менен гаражда арак ичип, ошол күнкү болгон "адам өлтүрүүнүн" күнөөкөрү болуп чыга келген. Анткени, аны тааныгандар ошол күнү С.Певченконун арак ичип жатканын ошол жердин айланасынан көргөнбүз деп сүрөттөп беришкен. Үйүнөн алып кеткен оперлер С.Певченкону "мас болуп алып адам өлтүрдүң, мойнуңа ал" дешип сабашкан. Аракты чени менен ичээрин, ичкенде да өзүн толук көзөмөлдөй алаарын, каза болгон ал адамды дегеле тааныбастыгын айткан сөзүн беркилер тыңшап да койбоптур. Бөтөлкөлөш төрт шеригинин ар бири үчүн 3 000 доллардан берсең бошотобуз деген талаптарды коюшканын да эскерет. Жардам берээр эч кимиси жок болгондуктан убагында эч жерге кайрылган эмес, нары Караколдогу СИЗОдо олтурганда Макс аттуу опер келип "эгерде арыздансаң, мындан да жаман болосуң" деп ачык эле коркуткан. Жаза-мөөнөтү-12 жыл.
Сотко алып барган сотка
Жалалабаддык Нуртилек Маматкуловдун түрмөгө алып келген тагдыры кызык. Былтыр февраль айында үйүндө олтурса "Биз МАИден болобуз, 4-шаардык оорукнада 18-19жаштардагы бир кыз жатат, машина сүзүп кетиптир, ахыбалы өтө оор. Сүрөтүн тартып үйүңөргө алып баралы, дарегиңерди айткыла, мүмкүн таанышыңар болуп калаар. Чөнтөгүндөгү кагазда 4-5 телефон номери бар экен, силердин да номериңер жүрөт" деп телефон чалышат экен. "Мейли, келсеңер келгиле, тааныш болсо жардам берип коёлу" деп олтурганда тигилер келип бир кишинин сүрөтүн көрсөтүшөт: -Силер бул өлгөн кишини тааныбайсыңарбы?- деп. Эжеси ошол жерден эле: -Силер ушундай итсиңер, азыр эле телефондон кыз деп айтпадыңар беле, эми өлгөн киши деп жатасыңар?-деп кыйкырып киришкенде наркы-беркини айтышып: -Свердлов РОВДсына жүргүлө, барып "бул кишини тааныбайбыз" деген түшүнүк кат эле жазып берип койгула, кайра жеткирип коёбуз,-дешип Нуртилекти, күйөө баласын, эжесин алып кетишет. Эжеси, күйөө баласы кирип, жазчусун жазып чыккан соң, Нуртилек киргенде эшикти жаап салышып, эч нерсе айтпай эле сабап башташкан. Качан гана таң атып, ур-тепкиден такыр эле болбой калганда "ушул өлгөн кишини мойнуңа аласың" деп жатышып токтотушуптур. Булардын номери тигилердин колуна кандайча түшкөнү да табышмак бойдон калган.
12 мүшөккө 12 жыл
Валерий Соколов Кант шаарында арак ичип турган жеринен милициялар келип аны түрткүлөп олтуруп кандайдыр бир каптардын жанына алып барышкан да, ал 12 мүшөктөн жаңы эле үзүлгөн анашаны таап чыгышып, "Сеники" дешкен. В.Соколов өзү мас болуп, бутунда араң турса, анчалык анашаны чогултуп, көтөрүп ташып сатканга кудурети да жок экендигин эске алышкан эмес. Эч кандай санкциясы жок эле РОВДга алып барып "беспредел" менен төрт күн сабашып, күнөөсүн эч бир далилдебей эле сот 12 мүшөккө 12 жыл берген. Чүйоблсотуна,Жогорку сотко даттануу арызы менен кайрылган. Уга турган киши жок, эми андан ары кайда кайрылышын билбей турат. Кызыгы, В.Соколовду 2009-жылдын 29-июлунда камашса, толтурган документтеринде; чөнтөктөрдү тинтүү, контролдук таразага тартуу сыяктуулар 28-июлда деп жазылыптыр. 59 жаштагы Василий Пряткин облсотко жазган кассациялык арызынын жообун 3 айдан бери күтүп жатат. Эмнеге, кандайча камалганын ушул мезгилге чейин өзү түшүнбөй келет. Сотто анын көрсөтмөлөрүнө такыр эле көңүл бурушбаптыр. Тергөөдө көк-ала кылып сабап, камерага сүйрөп келип, ыргытып кетип калышканда камерада чогуу жаткандар, кошуна камерадагылар камералардын эшиктерин каккылашып "Тез жардам" чакырттырууга аргасыз болушкан экен. -Медсестра денемдеги капкара тактарды көрүп чоочуп кетти да, тигилерге кыргызчалап "Этият болбойсуңарбы, өлөт бул, өлөт" деп кыйкырды, мен кыргызчаны анча-мынча түшүнөт элем. Ал кыз мага таблеткаларды ичирип, камерага чейин жеткирип барды. Кийинки суракта да адвокатым, эч кимим жок эле, дагы сабашты. Аны көргөн СИЗОнун начальниги, Нурдин деген ага лейтенант, мага боору ооруп кетти окшойт: "Эй, чал! Эмне болгонун айтып кагазына кол коюп берип кой, кийин сотто баш тартып коёсуң" деди. Мен макул болдум. Кезектеги суракта"мен сотто баары бир азыркы көрсөтмөмдөн баш тартам, мени ушунчалык деңгээлде уруп-сабашты, дегеле жашагым да келбей калды, мага баары бир" деп ачыгын эле айттым -деп арманын айтат, В.Пряткин. Анын айтымында милициялар куурайды өздөрү ушалатып, жыттатып көрүп, колуна из калтырткан. Буга кошумча болуп кокустуктан каза болгон аялынын өлүмүн да "жүктөп койду" деп эсептейт. Артында чындык издээр эч кимиси жок, туугандарынын баары эчак эле Россияга кетип калышыптыр.
Кой короодон түрмөгө кеткен жол
Александр Черницкий Кара-Балтада баш жазарга бир нерсе издеп жүрсө бир бала алдынан чыгып "Ош базарына" чейин узатып кой, акчасын төлөйм дегенине макул болот. Ал аңгыча "азыр келе калам"деп баштыгын анын жанына таштап кетээри менен милициялар келип, баштыктан кашанын крупасын алып чыгат. "Бул героин" деген алар А.Черницкийди алып барып камашат. Кийин сотто ал героин эмес, кашанын круппасы экенин прокурор өзү да даамын татып көрүп айткан экен. Кийин кошумча экспертизадан "ооба, бул манная крупа экен, бирок, курамында анча-мынча героиндин кошулмасы да бар" деген жыйынтыгына такап 12 жыл бериптир. Өзү тоодо мал кайтарып, Кара-Балтага арак ичкени бир айда бир гана түшчү экен. Мирбек Токтосун уулу деген жапжаш эле баланы Көлдүн Ананьева деген айылында мал кайтарып жүргөн жеринен оперлер келип "сен киши өлтүрүпсүң" деп кармап кетишет. Айтымында алар уят сөздөр менен сөгүшүп, "ошону сен өлтүргөнсүң" дешип, 3 күн сабашкан. Баардык экспертизадан таптаза чыкса да райсот 13жыл, облсот дагы эки жыл кошуп,15 жылга соттоп жиберишиптир. Үйүндө ата-энеси экөө багаар-көрөрү жок, жалгыз калышкан. Өзүнүн башы ооруйт экен.
Үзүлбөгөн үмүт
2008-жылы А ркен Турдиевдин үйүнө(Ново-Покровка) милициялар "адам издеп жатабыз" деген санцкиясын көрсөтүшүп, алгач үйдү бир сыйра карап чыгышкан соң кайра "сенде наркотик бар" дешип киришет да жана эле караган үйдөн ошол замат 300гр. таап чыгышат. Аркен аларды биринчи киргенде өздөрү таштап койгон жана бул кимдир бирөөлөр тарабынан атайын буйрутма болгон деп ишенет. Райсот 14 жыл берет. Чүй облсот бул ишти кайрадан тергөөгө жибергенде, алар буга макул болбой, өкүмдү күчүндө калтырышат. Жогорку сотко кайрылса алар да күчүндө калтырат. Акыры башпрокурор Чүйоблсотко "күнөөсү далилденген эмес, необоснованы" деп көрсөтмө берсе да негедир көңүл бурушбаптыр. Андан кийин Акыйкатчы, прокуратура, кайсы гана жерлерге кайрылса да жыйынтык чыгара алган эмес. "Күнөөсүз экендигимди далилдейм деп, борбордук СИЗОдо 1 жыл 3 ай олтурдум" дейт, А.Турдиев. Кечээки ачкачылык акциясында башкалардын туугандары менен кошо Аркендин да туугандары Акүй алдында турганда кайсы бир депутаттын жардамчысы алардын көйгөйүн угуптур да Акүйгө кирип чыгып, бул боюнча документ топтоп арыз менен кайрылышса жардам берээрин ал депутат убада бергенин, "мурун соттолбогон болсо, 14 жыл бергени- бул өзү мыйзам бузуучулук" деген сөздөрүн да айттырыптыр. Үмүт акырында өлөт эмеспи...
Кылмыш кылдыңбы, муну дагы кошуп ал!
Молдошбек Жолдошев Талас ИВСинде олтурган жеринен былтыркы апрель революциясында ИВС өрттөнүп жатканда аларды эл чыгарып жиберүүгө аргасыз болгонун, андан кийин эч жакка качып кетпесе да оперлер аларды кайра жаап туруп, "качып жүргөн болчубуз деп айткыла" деп сабашканын, натыйжада "Побег" деген дагы бир статья кошуп, 5 жарым жылга соттоп жибергенин айтса, Бишкекте 10 жылдан бери жашап жүргөн казакстандык Шухрат Апизов өзүн УКМК белгисиз себептер менен 4 ай издегенин айтып, кармаган соң өзү макул болгон статьяга дагы 5 статьяны жок эле жерден "илип" койду деп эсептейт.
Генералдар "мекенинен" Исмаил Исаков "жоголду", көргөн жан барбы?
Бул колонияда эки генерал; 1-революцияга чейин Феликс Кулов, 2-революцияга чейин Исмаил Исаков олтуруп, экөө тең революция шарапаты менен боштондук алышкан. Ф.Куловдун түрмөдөгүсү боюнча айтыла берип ашмалтайы чыккан. Ал эми И. Исаков түрмөдөн жаңы чыкканы "бул жердегилердин көбү мыйзамсыз олтургандар экен" деп телевидениеден бир айтып чыккан, ошону менен дайны жок дешет. "Адам өлтүрүү боюнча" делинип жалган жалаа менен жатам деген Мамедризлаев Руслан мындай дейт: - Мен И.Исаков менен СИЗОдон этап менен колонияга чогуу келгем. Ошондо мага тагылган айыптын жасалма экендигин толук түшүнгөндөн кийин "лично мен сага генералдык сөзүмдү берем, сен чыгышың керек, сеники 100% подстава экен" деп сөз берген. Мына, андан бери туура бир өттү, бирок, Исаковдон дайын жок. Менин "ишимде" болсо эч кандай экспертиза, далилдер, башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү деген жок. Шектүү катары кармалып, алгачкы сурактардын жыйынтыктарынан кийин эч бир далил жок коё бермекчи болушканда, ИИМдин ГУУРуна алып барып, бир кишинин видеокамерадан "ушул өлтүргөн" деген көрсөтмөсү менен гана 15 жылга кесип жиберген. -Болбосо, Биринчи Май райсотунан акталып чыккам, бирок, прокурор ачык эле "бул иштин бети алты жылдан бери ачылбай турат, баары бир бирөөгө илип, жабыш керек" деген позицияда туруп алды. Судья менин күнөөлүү эместигимди көрдү, сотто жабырлануучулар, күбөлөр баардыгы "бул эмес" дешип, менин күнөөсүз экендигимди айтып, көрсөтмө беришкен эле. Жогорку Сот негедир бул чечимди өзгөртүүсүз калтырып койду. Ушунун баарын И.Исаков угуп, менин күнөөсүз экендигимди түшүнгөн. Ал түгүл "Бул генералдык сөзүм, кимге жардам берем деген болсом, аларга жардам берем" деп колониядан чыгып баратканда да айткан. Кийин туугандарыма Исаков таштап кеткен телефон номерин берип, "барып көргүлө, ушул киши жардам берем деген" дегем, бирок, ал киши колу бошобой калганбы, же башка себептери барбы, айтор, жолугуша албаптыр- деп сөзүн жыйынтыктады, Р.Мамедризлаев.
Ушундай, кимиси канчалык деңгээлде чын айтканын өздөрүнүн ыймандарында. Бирок, бүгүн бирди айтып, эртең башканы сүйлөгөн саясатчылар менен буларды салыштырып болбойт. Жеке баамымда мында күн кечирип жатышкандар ар бир сөзү үчүн жооп берээрин, бир эле калп сөзү бүт колониянын бетине чиркөө болоорун эң сонун түшүнүшөт. Эркиндикте жазылган мыйзамдарга караганда, ал жердеги жазылбаган мыйзамдар бекем сакталат деп айтышат, жакшы билгендер. Демек, ар бир окурман бул тагдырларды өзүнчө талдап алышаар…
Баса, жогоруда сүйлөгөндөрдүн бүт баары акыркы жылдары камалгандыктан, демек, "укук коргоо, сот системаларындагы "беспредел", айрыкча, Бакиев бийлиги тушунда болуп көрбөгөндөй өөрчүп, азыр да ошол калыптанган нукта бараткан жокпу, ыя?" деген аргасыз суроо туулбай койбойт экен.
Бакыт Молдалиев
Редакциядан: Бул боюнча гезиттин кийинки санында депутат И.Исаковдун жана башка кызыккан тараптардын пикирлерине орун берүүгө даярбыз.