, 01.04.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Бетиңиздин түзүлүшү мүнөзүңүздөн кабар берет
Физиогномика - бул беттин жана дененин түзүлүшү жөнүндөгү окуу. Ал байыркы убакта эле пайда болгон. Чыгыш физиогномикасынын мекени болуп - байыркы Кытай эсептелинет. Физиогномика боюнча Кытайдын тарыхый булактарында көптөгөн императорлордун, башкаруучулардын, акылмандардын өмүр баяны, башынан өткөргөн окуялары, таржымалдары баяндалган.
Физиогномисттер беттин түзүлүшүн төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүшөт тик бурчтуу, үч бурчтуу, трапеция, төрт бурчтуу жана тоголок формадагы бет түзүлүштөрү.
Тик бурчтук бет - чекесинин туурасы менен ээгинин туурасы бирдей. Япониялык физиогномисттердин айтымына караганда, көптөгөн Япониялык башкаруучулардын бетинин түзүлүшү дал ушундай формада болгон. Дал ушундан улам, булардын интелектуалдуулугун, сезимталдуулугун жана оор басырыктуулугун баамдаса болот. Мындан тышкары, ал адамдын эсепчил жана эстүү, алдына койгон максатына жете билген адам экенин билебиз.
Үч бурчтук беттер - чекеси бийик жана кенен, жаагы чыгып турган, анча чоң эмес формадагы мурундуу, ээги кичинекей, бирок, алдыга чыгып турган адамдар. Мындай адамдар эң эле сезимтал жана таланттуу келишет. Мындан тышкары, арамзалык сапатка да ээ болуп, ошол эле убакта ишенимдүү келишет. Японияда көпчүлүк тыңчылардын бет түзүлүшү дал ушундай формада.
Трапеция түрүндөгү бетке жазы чеке жана кичине ээк мүнөздүү. Мындай адамдар төмөндөгүдөй сапаттарга ээ: интеллекттүү, сезимтал, роль жаратууга шыгы бар, андан тышкары балбандык сапаты дагы жок эмес. Эгерде аялзаты ушундай касиетке ээ болсо, анда ал оптимисттик көз карашы менен айырмаланып, бактылуу өмүр сүрөт.
Төрт бурчтук формасындагы беттүү адамдар - каардуу, таш боор, орой, айтканынан кайтпаган адамдар. Чечкиндүүлүк да аларга таандык сапат. Сүйлөшүүдө ачык жана бетке айтышат. Ийгилиги көп адамдардын катарын толукташат. Мындай сапатка ээ болгон айымдар алга умтулуусу менен айырмаланышат.
Тегерек беттүү адамдардын жүрөгү таза, мүнөзү жумшак, тынчтыкты сүйгөн, шайыр компанияны жактырган жана атак-даңкка умтулбаган болушат.
Овалдуу формада болсо, анда ал акылдуу, интуициясы күчтүү, бирок, таш боор болот.
Эгерде бети чап жаак болсо, өзүнүн жасаган ишине так, айткан сөзү да өтүмдүү.




Ден соолук-өмүр булагы
Дартка даба азыктар
АКШ Гарвард Университетинин медицина факультетинин окумуштууларынын айтканына караганда, адам баласынын ден соолугу чын болушуна төмөндөгү 6 нерсе зарыл экендигин белгилеген:
Сарымсак (чеснок): холестеринди азайтып, антибактериалдык касиетке ээ. Ичеги жана көкүрөктөн рак болуу коркунучун азайтат. Ошондуктан адам баласы күнүнө 1 тиш сарымсак жеп турушу керек. Бышырбай чийки жесе пайдасы көбүрөөк.
Апельсин: Бул дагы сарымсак сыяктуу холестеринди азайтып, сөөктөрдүн катуу болушун камсыз кылат. Бөйрөктү таш пайда болуу оорусунан жана ичеги рак оорууларынын чыгышын азайтат.
Фасоль: бул типтеги тамак-аштардын эң баалуусу болуп саналат. Анын 2,8 граммында холестеролду түшүрүүчү атайын зат бар. Бул жүрөк ооруларына жана ар түрдүү рактардын чыгышына тоскоол болот. Фасолду эң аз эки күндүн биринде тамак-ашка кошуп жеп туруу абзел.
Балык: балыктын баардык түрү адам баласынын ден соолугуна пайдалуу. Балыктын майы жүрөктүн иштешин жакшыртат. Анда адамга эң керектүү болгон кальций көп болуп, ревматизм оорусунун чыгышын азайтат. Балыкты жумасына бир жолу жеш керек.
Памидор: Ашказан жана ичеги рагына каршы келип, карылыктын келишин кечиктирет. Жана дагы рак илдетин көбөйүшүнө тоскоол берет. Муну жумасына 4-5 жолу чийки колдонуу зарыл.
Сүт: Сөөктөрдү бекемдейт жана составындагы кальций менен Д витамини организмди жаңыртып турат. Көбүнчө кары адамдарда кездешкен давление оорусун жана бөйрөктөгү ташты түшүрөт. Медиктердин айтуусу боюнча сүттү 50 жаштан өткөн эркектер жана 65 жаштан өткөн аялдар күнүнө эң аз 3 стакан ичиши керек.
Рактан коргогон азыктар
Көп -көп жер-жемиш жана мөмө-жемиш жеңиз: Капуста, сабиз, ашкабак, турп, кызылча, алма, өрүк ж.б.
Ар дайым көк чай ичиңиз
Жаныбар протеинин аз жеңиз. Өсүмдүк протеинин көп жеңиз: төө бурчак, нокот, дегеле баардык буурчак өсүмдүктөрү.
Май жешиңизди азайтыңыз. Кайра кайра куурулган майларды эч качан колдонбоңуз.
Ышталып жасалган азык-түлүктөрдүн, жасалма сүт азыктарынан, шашлык жана куурулуп жасалган тамактардан алыс болуңуз.
Кошумча кошулган жасалма таттуу кылуучу, жасалма түс-жыт-өң берүүчү, - (антибиотик кошулган) азыктарды жебеңиз. Табигый жана экологиялык жактан таза түшүмдөргө көңүл буруңуз. Табигый жана таза болгонун тандаңыз.
Айзада КӨЧКӨНБАЕВА





Тамекинин өлүмгө себепчи коркунучтары
Тери - териси бузулганына байланыштуу жашынан картаң көрүнүү (картаюу)
Тиш - тиштердин саргаюсу, тиш бүйлөөсүнүн оорусу.
Ооз жана тамак - тамактын рак оорусу, даам татуу сезиминин алсыроосу.
Кекиртек жана дем алуу органдары - кекиртектин рак оорусу, кекиртек сезгенүүсү, үн түйүмдөрүнүн зыянга учуроосу.
Жүрөк жана кан тамырлар - инфаркт жана өлүмдүн эң башкы себеби: атеросклероз, кан басымынын жогорулашы.
Жатын жана жумурткалар- тукумсуздук, бойдон түшүү, майып жана чала төрөт. Менопаузанын эрте келиши жана жатындын рак оорусу.
Колдор - бармактардын саргаруусу, тырмактардын алсыз болуп сынуусу.
Кол жана буттун кан тамырлары-бул кан тамырлардагы оорулар.
Денеге башка таасирлери - чарчоо, уйкусуздук, депрессия, стресc, иште ийгиликтүү боло албоо, рефлекстердин начарлашы.
Мээ - шал болуу (паралич), карыганда алжып калуусу (Альцгеймер оорусу), ар бир тартым элүү миң клетка өлтүрөт.
Көз - катарака, карыганда сокур болуу.
Жалпысынан алганда жаман жана сасык жыт.
Мурун - жыт сезүү органынын алсыроосу.
Өпкөлөр - өпкөнүн рак оорусу, бронхит.
Карын жана кызыл өңгөч - рак, карын жарасы жана кансыроо.
Эркектин жыныстык клетка бөлүп чыгарчу бези - импотенция, эрекциянын начарлашы, тукум куучу оорулардын пайда болушу.