, 25.03.11 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Бекен Назаралиев:
"Жаздыгыбыз - Лениндин үч томдугу, жуурканыбыз - куртка, тийишкенибиз - Акүй"
- Бекен мырза,"Кыргыз Рухунун" катардагы сүрөтчү, кабарчылыктан тартып, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары, анан башкы редактору жоопкерчилигин аркалаганыңыздан кабарыбыз бар. "Рухчулардын" катарына кантип кошулуп калдыңыз эле, сөздү ошондон баштасаңыз?
- Ал да өзүнчө кызык. Ошол кезде мурунку комсомолдордун органы болгон "Ленинчил жаш" деген гезит бар эле. Анын башкы редактору Мелис Эшимканов, орун басары болуп Султан Раев иштечү. Күндөрдүн бир күндөрүндө ошол гезитке сүрөтчү катары жумушка орношмой болуп калдым. Өзүм С.А. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүткөм, биринчи кесибим сүрөтчүлүк. Экинчиси КМУдан журналист кесибин алганмын. Эшимкановго жумушка алуу боюнча арыз жазып, киргизейин дегенимде Султан айтып калды: "Арыз жазбай эле кой, жакында жаңы гезит ачылганы атат, башкы редакторлук орунду мага сунуштап атышат, сен да мени менен чогуу кетесиң. Бирок эч кимге айтпа, азырынча жашыруун сыр бойдон калсын", деп мага айтты. Мен аны мамлекеттик жашыруун сырдай эч кимге айтпайм. Көрсө, мен эч кимге айтпаганым менен шаардын жарымы Султан палвандын жаңы гезитке редактор болуп баратканын билип алышкан экен. Макул болдум да, арызым ошол бойдон калып кетти. Анан коридордон Эшимкановго бет келишип калдым, ал: "Арызыңды бербейсиңби?", дейт. Мен: "Бербей турган болдум", дедим. Мелистин эмнеге деген суроосуна Султандын сөзүн айталбадым. Ошентип Султан менен "Кыргыз Руху" деп аталган жаңы гезитти түптөөгө чогуу кеттим. Мен сыйлап урматтаган Абдыганы Эркебаев ал кезде жаңыдан уюшулган Басма сөз министрлигинин министри болчу, "Кыргыз руху" гезити ал министрликтин органы болуп түзүлдү. Чакан коллектив топтолдук. Бир күнү Мамат Сабыров келиптир "Султан айтты жаңы гезит чыкканы атыптыр, эмне кылалы?" деп. Анан ал да биздин чакан коллективдин курамына кошулду. Султан Раевди башкы редактор катары Абдыганы Эркебаев дайындады. Анда мен Ала - Тоо жаңы конушунан жер алганым менен үйдүн фундаменти да түшө элек кези болчу, короосу гана бар жаңы үйдө жаңы гезиттин өзгөчө паспортун ("Кыргыз руху"деген жазууну) түндөсү чырактын жарыгында жасаганым эсимде. Кийин паспорттун көрүнүшүн алмаштырабыз дешти, бирок окурмандарга сиңип кеткендиктен ушул кезге чейин алгачкы көрүнүшүн жоготпой келатат. Демек мен силер менен азыр чогуу иштешип жатам десем болот. Башталышында кээ бир акын, жазуучулар, интеллигенция "Кыргыз уху" болуп окулуп калат экен, Рух деген сөздөгү "Р" кайда кеткен" дешип жүрүштү.Сүрөт окуу жайында шрифт деген сабактан К.К.Миллер деген немец агайыбыз тамгалар боюнча жакшы окуткан экен. Агайыбыз кийин Германияга көчүп кетти. Ал эми жазуучунун композициялык түзүлүшүн түшүнгөн эмес да аксакалдар.
- "Кыргыз Руху" деген мектептен эмне алдыңыз, эмне таптыңыз?
- Табиятымдан сүрөтчү болсом да "РУХтан" көп нерсени үйрөндүм. Журналисттер арасында "Раевдин кенен шинелинен чыкканбыз", деп сыймыктануу менен көп учурда айтып калабыз. "Кыргыз Рухуна" журналистика эмне экенин деле билбей сүрөтчү болуп жумушка орношком. Бирок сүрөтчүнүн айлыгын алганым менен төрт адамдын жумушун аткарчумун. Бул гезитте иштөө мен үчүн өзүнчө сыйкырдуу дүйнөдөй сезилчү. Маектерди алам, макала жазам, коллаж жасайм, аңгемелерге ылайыктап графикалык сүрөттөрдү да тартам. Кыргыз журналистикасындагы эң сыйлуу аксакалыбыз, "Бакайыбыз" деп коёр элек, кыргыз фото - сүрөт өнөрүндө чоң орду бар, ал жаатта устатым деп да эсептейм, Эрнест Мусаев менен биргелешип коллаж жасайт элек. "Кыргыз Руху" гезити аркылуу кыргыз журналистикасына коллаж деген чоң жаңылык катары киргиздик. Алгачкы баштоочусу катары азыр да сыймыктанабыз. Кийин, бир топ мезгилден кийин башка гезиттер туурап чыгара баштаган. Айтор, кайсы тараптан болбосун мени журналистикага алып келген "Кыргыз Руху" гезити болду.
- Коллаж жанрына алгачкылардан болуп ыктаганыңыздын себеби эмнеде?
- Коллаж бул фотосүрөттөрдүн жардамы менен жасалган макала деп билем. Коллаждын бир жакшы жери Акүй, көкүйдөгү чоңдор болобу, башкалар болобу кемчилигин сүрөт менен чагылдырсаң көп нерсе байкалбай шыдыр кетет, ал эми кара сөздөн кармалып калышың мүмкүн. Ошон үчүн көп учурда айткыбыз келген ойду коллажга чаптай салчубуз. Ага карабай кээде Акүйдөн чалып, тополоң болуп эле жатып калчу. Султан Раев "Акүйдөн чалып атат, эмнени жасап жибердиңер эле", деп териштирген убактар да далай өттү. Азыр ойлосом андагы эң күчтүү коллаждарды "Рухта" жасачу экенбиз. Күчтүү техника, компьютер деген нерсе жок, Эрнест байке фотолорун чыгарып берет, мен композициялык түзүлүшүн бузбай кайчы менен бычмачыдай кыркып, клей менен жармаштырабыз. Ал кезде редакцияда Лениндин томдуктары көп боло турган, аны менен бастырып коебуз. Фото жетпей калган жерге кол менен сүрөт тартып салчумун. Бүгүнкү күндө техника өнүктү, коллаж жасоо да жеңилине тартты, компьютер менен оңой - олтоң жасап коюуга мүмкүнчүлүк бар.
- Өткөн саныбызда Султан Акимович гезиттин "президиумда" калып кеткенин айтты эле, ал жерде көпкө отурганга туура келдиби?
- "Кыргыз Рухунун" азыркы ээлеп турган редакциясына келишибиздин да өзүнчө баяны бар... Редакция болгонубуз менен азыркыдай отуруп иштеген иш бөлмөлөрүбүз жок болчу. "Эркин Тоо" басмаканасынын актовый залында чымчыктардай болуп каз - катар отуруп алып жазаар элек. Анан Касымалы Баялинов атындагы китепканага жанаша жайгашкан азыркы "Сайраке" мейманканасы, бир кезде "Дело№" гезитинин да редакциясы болуп жүрдү, ошол имаратка көчүп келдик. Бир жолу чет өлкөлүк журналист аял келип анын туфлисинин такасы ( полу ДСПдан экен) жыртыгына кирип кетип, чыгара албай убара да тартканбыз. Анда азыркы журналисттердей болуп келээри менен айлыгым канча деп сурабай, фанат болуп иштей берген экенбиз.Кийин силер отурган жакка көчүп келдик. Бул редакцияда жаштыгыбыз өттү. Канча ирет кеч калганда редакциядагы Лениндин үч томдугун койсок жаздык болуп калчу. Курткаларыбызды жамынып алып, далай жолу редакцияга түнөбөдүк дейсиң. Кээде Султан Раевдин үйүнө жатып алчубуз. Өзгөчө Мамат Сабыров экөөбүздүн үйүбүз алыс болгондуктан көп ирет томдуктарды жаздык кылдык окшойт.
- Эркин гезитти эркин чыгарууда каражат маселеси да "эркин" болушу керек эмеспи, ал жагынан канттиңиздер?
- Анан эле Москвада ГКЧП чыгып эсибиз ооп отуруп калганбыз. Кашайып гезиттин 2 - саны чыгаар алдында министерство жоюлуп кетип, тагдырыбыз бүдөмүк болуп калды. Чыгармачылыкка баш - оту менен киришип алган фанаттар ээ берчүбү, өз киндигибизди өзүбүз кесмей болуп, "карышкырды буту багат деп" жер жерлерди кыдыра баштадык. Бизди ал кезде эч ким деле тааныбайт, таянганыбыз, ишенгенибиз Султан Раев болчу. Түштүктү түрө кыдырмакчы болуп жөнөп калдык. Чынында ал кезде Султан палвандын кадыр - баркы жогору болчу, ал кишинин жазган макала, аңгемелерин окуп жүргөн таш-көмүрлүк "Тосой" деген фирманын жетекчиси Сулайман Тургуновго Самат деген досубуз алып барды. Ал киши бир миллион берип турайын дегенде Султан экөөбүздүн оозубузга келме келбей калган.Ошентип каражат жагынан Сулайман аке каралашып, ошону менен гезит сакталып, бутуна туруп калды. Абдыганы Эркебаев да кеп - кеңешин айтып, Ош областына губернатор болуп барганда финансылык жардамын да берип турду. Кийинчерээк губернаторлор Бекмамат Осмонов, Мамат Айбалаев,Курманбек Бакиевдер көмөгүн көрсөтүштү. Ошентип сырткы колдоолордун көмөгүнүн астында биздин ымыркай гезитибиз узун өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк алды.
- Гезиттин азыркы отурган редакциясына келүүсүнүн да өзүнчө баяны бар дедиңиз эле...
- Бул жерде СССР убагында угушума караганда "Коммунист" деген журнал чыкчу экен. СССР урагандан кийин журнал чыкпай калып, анын ордун "Рухка" беришти. Журналга бир кездерде Турдакун Усубалиев редактор болуп турган экен, ал киши ушул кабинетте отурган деп сыймыктануу менен айтып калышчу. Биз үчүн редакция абдан ыйык жерге, экинчи үйүбүзгө айланды.
- Канча жыл "Рухтун" казанында кайнадыңыз?
- Беш- алты жылдай иштедим окшойт. Кийинчерээк "Криминал" деген гезит ачып "рухчулардан" бөлүнүп чыктым. Өзүмдүн гезитимдин алгачкы эле санында баштагыдай ооздуктап турган, курч кеткен жерлеримди жумшартып, чектен чыгып баратсам чийинге тартып турчу Султан Раев жанымда жок, өз билгенимдей жазып, жасап, Акүйдүн жетинчи кабаттагы Аскар Акаев, М.Акаева да бар, Апас Жумагулов,Бекболот Талгарбековду кыскасы бир эле саныбызда бүтүндөй эле талкалап салыптырмын. Биринчи санын чыгардым да Чеченстанга Турсунбек Акун экөөбүз кеттик. Ал кезде үйүмдө телефон жок, сотка да жок. Шамиль Басаевдин орун басарларынын спутник телефондору бар экен, жанымда Мадумаровдун эле телефон номери чыкты, ага чалдым. "Бекен аке, кайда жүрөсүз?" дейт. "Чеченстанда", десем, "Бул жакты Чеченстан кылып коюп, ал жакта эмнеге жүрөсүз? Гезитиңизди жаап жатышат," дейт. Көрсө, гезитти жаап ташташыптыр. Азыр демократ болуп, кадр маселесин тескеп жаткан ат башылык кайнагам Чолпонбек Арабаевдин "Криминал" басмаканадан басылбасын деп "Учкунга" жолдогон каты азыр дале менде сакталуу, ошол адам ишти сотко деле жеткирбей, ак үйгө кошомат кылып гезитти төө бастыга алып типографиядан токтотуп салды. Аны уккандан кийин "Эмне, биринчи эле санында жаап салышат бекен?" деп Мадумаровдон сурагам. Муну айтып атканымдын себеби Акүйдү талкалайм деп оолукканымды ооздуктап турчу Султан досумдун жанымда жоктугу кесепетин берген. Кээде бирөөнү угуп туруш керек. Ал кезде ооздугу жок аттай гана кеткен кезим экен.
- Анан кайра "Кыргыз Рухуна" кайтып келдиңизби?
- Бир күнү "Рухта" иштеп жүргөн мен урматтап сыйлаган Бакпур Аленов деген журналист иним келип калды. "Сиз бул жакта, Султан аке ал жакта жүрбөй кайрадан бирикпейсиңерби?" -деп келиптир. Мен көпкө ойлонуп кийин макул болуп башкы редактор болуп келдим. Анткени, "Кыргыз руху" мага бөтөн жер эмес эле. Мен үчүн университетте журналистиканы окуганым бир тең, "Кыргыз Рухунда" иштеп журналистиканын ички сырын үйрөнгөнүм бир тең болду. Гезит чыгарган күн бизге майрам болчу, чыгармачылык эргүү, берилүү менен чыгарчубуз. Балким, буга андагы эркин гезиттердин аздыгы себеп болсо керек. Тоталитардык мезгилден жаңыдан өтүп, басма сөз эркиндигинин даамын татып турганга эргүү менен иштегендирбиз. Кийин мен редактордун орун басары болуп калдым, Султан досум командировкага кеткенде ал "өтө курч жазылып калган" деп гезит бетине чыгарбай койгон кээ бир макалаларды чыгарып жиберип, ызы - чуу болуп, Султан "эмнеге чыгардың?!" деп чалып эле жатып калчу. Айтор, гезиттин 20 жылдык өмүрүнүн көп нерселерин эскерсе болот, бирок анүчүн гезиттин бир санын бүтүндөй арноо керек болуп калат го.
- Акаевге "арналган" канча коллаж жасагансыз ошол убакта, эсептеп бере аласызбы?
- Акаев жөнүндө көп эле сын - макала жаздым. "Акүйдүн кыялкечи" деген кичинекей макалам менен баштагам. Коллаждар Акаевсиз чыкчу эмес, көп эле жасалган, эстеп отуруш кыйын. Ошонун ичинде "Рухка" жасап бирок чыкпай калгандыктан "Свободные горы" деген гезит болоор эле, ага бергем. Алты жылдыз менен алтын чыры боюнча коллаж жасаган элем. Давиддин алты бурчтуу жылдыздын ар бир учуна "алтын чырына" байланышкан жөөттөрдүн, ортосунда Акаевдин сөөмөйүн чыкыйына кадап турган сүрөтү берилген. Ал коллаждын "кесепетинен" гезит жабылып калган. Дагы бир коллаж бар болчу, орустун улуу сүрөтчүсү Ивановдун "Христостун кайтып келиши" деген картинасынын негизинде жасалган. Акаевге аябай жагыптыр, Султан: "Сүрөттүн оригиналын Акаевге белек кылбайлыбы?" деп айтып калды. "Бербейм!" деп болбой койгом, ал сүрөт дале менде сакталуу турат. Биз дагы аша чаап кеттикпи, Акаевдин да чыдамы калбай калдыбы кийинчерээк кысымга ала баштады. Ал кезде журналистикада ыймандуулук баш принцип болчу. Кылган иши боюнча сындачу элек.Азыр айрым жаш журналисттердин макалаларын окуп калам, каргап - шилеген сөздөр кездешет, аны окуган окурман деле ирээнжийт. "Кыргыз Рухунда" "рух" деген атына татыктуу болгон маданияттуулук бар болчу. "Супер Инфо" гезитинин кожоюну Кылычбек Султанов менен бир жигит жумуш издеп келип калды. "Ыймандуу" жигит экен ушунусун эле алалычы деп Кылычты жумушка алдырганым эсимде. Анан редакцияга кыл мурутчан жаш жигит келип жүрдү. Анын жазган макаласын эжейлерибиз чыгарбай коюптур. Көрсө айыл-чарба окуу жайында окуган азыркы маданият министри Нурлан Шакиев экен. Мен берки эжейлерге "Айыл-чарба окуу жайынан залкар Чыңгыз Айтматов,Жолон Мамытов ж.б. жазуучу, акындар чыккан. Ушул жигит да кийин тың чыкса жер карап уялып калбайлы"-деп айтканым бар.
Гүлмайрам Турусбекова
(Уландысы 11-бетте)