, 25.03.11 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

сурамжылоо
Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон иш-сапары маалында "Кыргызгаздын" 75 пайызы Орусиялык "Газпромго" бериле тургандыгына макул экендигин билдирди. Кыргызстан көгүлтүр отунду Өзбекстандан сатып алаары белгилүү. Быйыл 200 млн. куб метр газдын миң куб метрин 223 доллардан сатып алгыныбыз белгилүү. Кыргыз бийлиги бул баадан төмөн болот деп айтканы менен акыры келип ушул баага токтогон элек. Өзбек тарап кыштын кычыраган суугунда газды бууп коюп, Бишкекке өзүнүн кызыкчылыгын таңуулап келген учурлар бир топ эле кездешет. Өзбекстан бизге жакын болгондуктан алардан газды алуу бизге мурдагы СССР учурунда түзүлүп калган стереотип катары жакындай саналып келген.
Парламенттик башкаруу системасына өткөндөн бери өкмөт жетекчилери Орусияга ыктап, алар менен мурдагы Бакиевдик бийлик тушунда түзүлүп бирок, ишке ашпай калган келишимдерди жандандырып иштей баштады. Мисалга, алсак Орусиядан келүүчү күйүүчү майга болгон кошумча төлөм кайра алынып салынды. Бакиевдик бийлик тушунда Орусиядан келүүчү күйүүчү майга кошумча салык киргизилип калган эле. Анын бирден бир себеби, ал убактагы жетекчилер аны жогору баада башка жактарга сатканы Кремлге жакпай калгандыктан кошумча нарк салыгын киргизип койгон.
Кыргызстанга күйүүчү майдын дээрлик 90 пайызга жакыны Орусиядан келет. Ансыз да Кыргызстан күйүүчү майдан Орусиядан көз каранды, эгер биз газ тармагын дагы Орусиянын колуна кармата салсак, толугу менен алардан көз каранды болуп калбайбызбы деген суроолор дагы жок эмес. "Кыргызгаздын" 75 пайызы Орусиялык "Газпром" компаниясына бериле тургандыгы Кыргызстанда энергетикалык кооптонууга алып келбейби деген суроо менен саясый серепчилер менен коомдук ишмерлерге кайрылып, алардын пикирин да угуп көрдүк.


Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер
"Тең ата сүйлөшкөнгө мүмкүн болот эле, эгер…"
- "Кыргызгаздын" 75 пайыз акциясы "Газпром" ишканасына бериле турган болсо, Кыргызстан газ менен камсыз болууда бир мамлекеттин көз карандылыгында калбайбы?
- Эми биз мурда газ жагынан бир гана Өзбекстанга көз каранды болуп келген болсок, эгер жогоруда айтылып жаткан чечим кабыл алынып калса Россияга да көз каранды болуп калабыз. Анткени транспортировкага дагы төлөшүбүз керек. Газды сатып алганыбыз үчүн да төлөшүбүз керек. Бул эки тараптуу нерсе, орустар айткандай "палка двух концов". Эгер орустардын бизге мамилеси жакшы болсо, албетте көз кырын салып коет, тууган катары, дос катары. А эгер биздин бийлик менен келише албай калса эле бүттү, анда биз үчүнчү мамлекет катары жабыр тартып калабыз. Кыскасы эртеңки күнүбүз күңүрт болуп жатат да.
- Биз дагы башка мамлекеттер сыяктуу газ сатып жаткан тараптар менен тең ата сүйлөшүп, аларга өзүбүздүн талаптарды койгонго мүмкүнчүлүгүбүз барбы?
- Андай мүмкүнчүлүк болот эле, эгер биз ошол мамлекеттер менен саясый, экономикалык бир деңгээлде өзүбүздү кармай алсак, биз ошону кармай албай жатабыз. Биз канчалык ЕврАзЭСке, ЖККУга (Жамааттык коопсуздук келишими уюму), ШКУга (Шанхай кызматтыштык уюму) мүчө болгонубузга карабастан, алар менен жеке жакшы мамилебиз болбогондуктан үчүнчү мамлекет катары каралып жатабыз, ошонун азабын азыр тартып жатпайбызбы. Газды башка мамлекеттин колуна берип койсок, газдан бизде кыйынчылык болбойт деген гарантияны эч ким бере албай турат.

Жумакадыр Акенеев, саясый серепчи
"Кыргызгаз" эмес, "Кыргызнефтегаз" тууралуу сөз болуп жатат"
- "Кыргызгаздын" 75 пайызы Орусиялык "Газпромго" бериле турган болсо биз энергетикалык коопсуздук жагынан орустардын көзүн карап калабыз деген пикирлер айтылып жатат?
- Кичине туура эмес түшүнүк болуп атат. Биз "Кыргызгаз" деген коомду берген жокпуз, башында Кулмурзаев Тургунбек турган. Биз "Кыргызнефтегаз" деген мамлекеттик мекеме бар, сөз ошол тууралуу болуп атат. Бул Кочкор-Ата шаарында жайгашкан. Алардын милдети ошол жерден нефти, газды чыгаруу. Биз ошолордун акциясын берип жатабыз. Россия 300 млн. доллар колдонуп Кыргызстан боюнча чалгындоо иштерин жүргүзө баштайт, түндүк түштүк аймактарды бүт. Эгер табылса жанагы нефти иштетүүчү завод куруп, газды чыгаруучу завод куруп туруп, тиешелүү деңгээлде бизди камсыз кылат Кыргызстанды, андан көп болсо сатат. Бүгүнкү күнү бизде 300 млн.доллар каражатты таап, аны чалгындоо иштерине жолдой турчу чамабыз жок. Карызга алганга да мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан бул абдан туура чечим болду.
Булар "Кыргызнефтегаздын" башында тургандан кийин аларга мындай талап койсок болот. Газпром азыр Өзбекстандан газды 90 доллардан алып жатат. 90 доллардан алган газдан бизге дагы бергиле десек болот. Ал газды "Кыргызгазга" ошол баада берип, алар элге арзан баада сатса болот. Бул Кыргызстанда иштеп жаткан ишкана болуп калат да.


Марс Сариев, саясат таануучу
"20 жылдын ичиндеги аракеттер ушул акыбалга алып келди"
- "Кыргызгазды" Орусиялык "Газпромго" берип коюу менен бир мамлекетке көз каранды болуп калбайбызбы?
- Азыр биз Өзбекстандан көз каранды болуп жатабызда. Анын үстүнө "Кыргызгаздын" абалы да баарына маалым. Анын баасын адистер айтып жатышат 15-20 млн.дун тегерегинде эле болуп калды деп. Эгер "Газпромго" бериле турган болсо, алар геологиялык чалгындоо иштерин жасашат. Бул жагынан алып караганда алардын бизге бере турган таасири, жардамы чоң болот. Өзбекстандан сатып алып жаткан газдын баасына салыштырмалуу Орусия бизге газды андан арзан баада сатышы мүмкүн. Чалгындоо иштери ийгиликтүү болуп, биздин аймактан нефтинин, газдын булактарын тапса аны кайра иштетип, бизге эле пайда алып келет. Мындай иш аракеттер Орусиянын колунан келет. Ага көп каражат керек да. Совет маалында кыргызстандын аймагында чалгынданып, аныкталган нефтинин, газ кендеринин карталары Россияда. Жалпы карап көргөндө бул туура эле иш болду.
- Кыргызстан күйүүчү майдын дээрлик 90 пайызга жакынын Орусиядан алат. Эгер газды дагы орустарга берип койсок, биздин энергетикалык коопсуздугубуз бир гана Россиядан көз каранды болуп калат деген пикирлер да жок эмес?
- Биз чакан, кичинекей мамлекет болгондуктан башка мамлекеттердин таасири албетте болуп турат. Биз Казакстан сыяктуу экономикалык жактан күчтүү болбогондуктан, Өзбекстан сыяктуу газ болбогондон кийин таасир болот. Чакан мамлекет болгондон кийин бизге стратегиялык партнер керек. Экономикалык жактан биз Россияга байланыштуубуз. Мына канчалаган эмгек мигранттары ал жакта жүрөт. Саясый жагынан алып карап көргөндө көз карандылык болот. Бизде азыр бергенге макул болгондон башка айла жок. Мына жыйырма жыл ичинде болгон ар түрдүү аракеттердин, натыйжасыз аракеттердин арты менен бул тармак бүгүнкү акыбалга келди.
- Демек, премьер-министрдин Москвага жасаган кадамы бүгүнкү шартта айласыздан керектүү кадам болгон экен да?
- Туп-туура. Бүгүнкү шартта башка жол жок. Себеби, үчүнчү революцияны Кыргызстан көтөрө албайт.


Марат Казакбаев, саясый серепчи
"50 пайызын беребиз десе туура болмок"
- Кыргызстанда монополист болгон "Кыргызгаз" ишканасынын 75 пайызы Россияга бериле турган болсо анын Кыргызстан үчүн кандайдыр бир терс таасири тийбейби?
- Ооба, бул негизинен туура эмес келишим менин оюмча. Мына практиканы карап көрсөк бир мамлекет стратегиялык деп саналган ишкана, мекемени башкаларга берип жатканда 50 пайыздан ашпашы керек анын акциясы. 50 пайызын беребиз десе туура болмок. Кыргызгазды орустарга берсек, ал деген Газпром дегенди эле түшүндүрүп калат.

Кубанычбек Идинов, экономика илимдеринин доктору

"Бул ишкана Өзбекстандан келген газды гана бөлүштүргөндөн башка деле иш кылбайт да"

- Атамбаевдин Москвага жасаган иш сапары учурунда бизде стратегиялык деп саналып жүргөн газ тармагын тейлеп келе жаткан монополист компания "Кыргызгаз" ишканасынын 75 пайызын берүүгө даяр экендигин билдирген эле. Бул макулдашуу Кыргызстанга өзүнүн терс таасирин тийгизбейби?
- Илгери советтер союзунун убагында Тюменден бери карай газ кууру курулуп келе жаткан. Советтер союзу таркап кеткенден кийин ал курулуп келе жаткан газ кууру Казакстандын территориясына келип токтоп калган. Эми ошону эгер берилип кала турган болсо бизге бери карай улантып курушат. Биздин газ тутуктөрүнө түз туташтырат. Анан биз кээде өзбектерге качан бересиң, канчадан бересиң деп жалдырап отуруп калып жатпайбызбы. Эгер ал газ кууру курулуп кала турган болсо, биз Россиядан Өзбекстанга салыштырмалуу арзан газды алып калабыз. Себеби, 75 пайыз орустарга бериле турган болсо, "Кыргызгаз" алардын территориясындагыдай болуп калат. Муну менен катар эле алар биздин аймактан нефтинин, газдын жаңы булактарын чалгындап, аны таап чыгууга аракет кылат. Үчүнчүдөн бизден чыга турчу газдарды өндүрүп туруп, баягы советтер союзунун учурунда токтоп калган газ куурун кайрадан жандандырып, биздин аймак аркылуу Кытайга, андан ары карай Пакистанга, Афганистанга, Индияга алып кеткенге алар дагы план түзүп жатат. Ушул жагынан алып караганда биз тескерисинче утабыз. Биз транзиттик өлкө катары калып кала беребиз. Жанагы транзиттик багыт боюнча жалпы кирешенин өсүшү менен бизге дагы түшө турчу акчанын көлөмү да көбөйот. Анткени биздин 25 пайызыбыз өзүбүздө калып жатпайбы.
Мисалы, биз бүгүнкү күнгө чейин алтындан уттуруп жибердик деп атабыз, бирок жылдан жылга алтындын баасы өскөндүктөн биздин үлүш 30 пайыз болуп калса да канчалаган киреше алып жатабыз андан. Ошол эле газ тууралуу да ушундай болот. Алардын баасы канчалык өскөн сайын биздин киреше да ошончо өсүп жүрүп отурат. Ошондуктан газдын ал жакка бериле тургандыгы боюнча бизде эч кандай уттуруу болбойт.
- Күйүүчү май менен Россия бизди дээрлик 90 пайызга чейин камсыздап келет. Анан Кыргызгазды да алардын колуна кармата салсак, бизге бир топ тоскоолдуктар пайда болот дегендер да чыгып атпайбы?
- Кыргызгаздын 75 пайызы кетпейт. Кыргызгаз эч нерсе чыгарбайт да. Кочкор-Атадан чыккан газ ал Өзбекстанга кирип кетет. Андан тышкары аны өзүнчө жеке менчик компанияга берип койгон. Алар өздөрү казып чыгабыз деп атышат. "Кыргызгаз" монополист болгону менен анын чыгарып жаткан эч нерсеси жок. Бул ишкана Өзбекстандан келген газды гана бөлүштүргөндөн башка деле иш кылбайт да. Ошондуктан гана аны монополист деп атышат.
Россияга бериле турган болсо кепилдиги да болуп калат. Кааласак өзбектин газын түштүккө алабыз, жайгашкандыгы боюнча түштүккө жакын да. Ал эми түндүк тарапты Россиядан түз ала турчу газ менен камсыздап койсок болот. Мурда газ кууру муздап калды деген шылтоо менен газды бууп коюп жүрүшпөдүбү. Эгер Россияга бериле турган болсо андай да маселеге да чекит коюлат.
Расул ҮСӨНАЛИЕВ