, 25.03.11 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  азил

Жунглинин калкы жоош калк. Бирок "жооштон жоон чыгат" дегендей, жон терисинен жоргологондорду жоболоң жасап кууп чыгат. Буга чейин Жунглиде кожоюндук кылган Кашкулак менен Кур Баканы кууп чыгышкан.Жунглиден куулгандар Жунглиге жолой албай алыскы тайгада жолугуп калышат.

Катышуучулар:
Кашкулак, Кур Бака.
Кашкулак:
- Саламатсыз, урматтуу Кур Бакаевич.Сиз мени эмне тааныбай калдыңызбы?
Кур Бака:
- Саламатсыз, урматтуу Кашкулак Кайфич,сизди мен эмес бүткүл дүйнө таанып калбадыбы.
Кашкулак:
- "Устатынан шакирти өтүптүр"дегендей. Сиз деле менден бул жагынан кем калган жок окшойсуз.
Кур Бака:
- Сизге кантип тең келейин, сиз деген Жунглини 2 миллиардка чукул карызка батырып кетпедиңизби.
Кашкулак:
- Эй, айланайын Куке, мен го 2 миллиардка батырсам он төрт жылда батыргандырмын. Сиз беш жылда эле жарым миллиард карызка батырган экенсиз го.
Кур Бака:
- "Улуу көч кайда барса, кичи көч ошол жакка барат да".
Кашкулак:
- Мен сизди жердин жети катар түбүнөн мурдуңуздан жетелеп чыгып адам кылганымды билесизби. А сиз болсо жакшылыгыма жаба түкүрдүңүз, урматтуу Кур Бакаевич.
Кур Бака:
- Сизди мен эмес Жунгли эли кубалап чыкпадыбы,урматтуу Кашкулак Кайфич.
Кашкулак :
- Эгерде сиз мени кубалабаганда өзүңүз да кубаланмак эмессиз, экөөбүз минтип талаада калмак эмеспиз.Жунгли эли менен аралашып эптеп оокатыбызды кылып жүрө бермекпиз.Эми бизди Жунгли жакын да жолотпойт.
Кур Бака:
- Сиздики да эч нерсе эмес мына меники чатак болуп атпайбы.
Кашкулак:
- Чатакты өзүңүз баштадыңыз, мен сыяктуу эле куйрукту түйгөн боюнча безип кетсеңиз болмок. Мен бийликти курал менен коргойм деп бир топ жунгличилердин убалына калдыңыз.
Кур Бака:
- Бирок сизди эл абдан жек көргөнбү деп ойлоп калдым. Сиз кубаланган күн Жунглиде майрам болуп калды.Мен кубаланган аза күтүү күнү. Менин кеткениме аза күтүп атат болуш керек.
Кашкулак:
- Ай, маңыроом, ай, сиздин мындай маңыроо экениңизди билгенимде бийликтин четине да жолотмок эмесмин. Жунгли сиздин кеткениңизге аза күтүп атат деп ойлоп атасызбы. Ал сиз уу чачып курмандыкка чалып кеткен жунгличилер үчүн аза күтүп атпайбы. Мен кубаланган күндү өзүңүз кожоюндук кылганда майрам кылган боюнча калды. Эми аны өзгөртүүгө Жунглинин парламентинин башы жетмек беле. Ансыз деле жүз күнгө жетпей бири-бири менен бийлик талашып кырылыша башташты.
Кур Бака:
- Мен түзгөн парламент абдан мыкты парламент болчу. Мен жөтөлүп эле койсом бардыгы чалкасынан жатып калчу. Мен дегенде ичкен ашын таштап чуркагандар менен эптештирип, Жунглини четинен кыркып кошуна-колоңдорго сатып, чардай баштагам да. Көнөк башым да баш көтөрүп, менин ордума кожоюндук кылууга камданып калган. Аттиң, былтыр аны бекер алыска жөнөтүп жибериптирмин. Так ал кеткен күнү ызы-чуунун бары башталбадыбы.
Кашкулак:
- Ошол сиз түзгөн парламентке мен негиз салып кеткем. Деги эле сиз менин "ксерокопиямдай" болуп эле иштедиңиз.Мен Башмыйзамды өзүмө ылайыктап түздүм эле,сиз дагы мени туурап Башмыйзамды оңдодуңуз. Мен бийликке келгенден беш жыл өткөн соң алкымымды агыттым эле, сиз бийликке келгенден беш айдан соң алкымды агыттыңыз.
Кур Бака:
- Эмкилер бийликке келгенине беш күн боло элек жатып алкымдарын агытып жатышпайбы.
Кашкулак:
- Аларды тарбиялап өстүргөн сиз экөөбүз болсок, анан "устатынан шакирти өтүптүр"деген кеп бар эмеспи.Анан кантип алар алкымдарын агытпасын?
Кур Бака:
- Кашкулак Кайфич, чыныңызды айтыңызчы ушул шайлоодо, кимдерге колдоо көрсөттүңүз?
Кашкулак:
- Жанагы жеңең бар эмеспи,тилин албай койсок да койбойт.Ошол байбичем жакынсынып Кашкулачок аркылуу бир топ партияны колдодук деп жүрүшөт.
Кур Бака:
- Менин да Көнөк башым жердин түбүнө жатып алып, далайларды колдодум деп сотка менен чалды.Сиз экөөбүз ишибиз бүтүп чал болуп калган экенбиз да Кашкулак Кайфич.
Кашкулак:
- Эй, нени айтасыз Кур Бакаевич, мен чындыгында бийликте турганда эле чал болуп калгам, өзүмдү-өзүм маскировкалап жүрбөдүмбү. Жанагы көл аймагынын башкаруучусу мөлтүрөгөндөрдөн алып келип атпадыбы.Эми чал болуп жарабай калсам эмне кылам, чекесинен сылап коюп, сүйлөшүп коюп таң атырчумун.
Кур Бака:
- Ал жагынан мага эч ким жетпейт го.Көзүм түшкөн мөлтүрөгөндөрдү соо койгон жокмун .Тиягын да кайсадым,быягын да кайсадым, көнөк баштар жайнап кетти.Эми минтип көнөк баштарыма жолой албай алыста жүрбөймбү.Эми мен деле чал болуп баратам, негизи виагра деген кымбат турбайбы.Бийликте турганда мага бекер эле алып келишчү да.
Кашкулак:
- Ал эмне деген ботом?
Кур Бака:
- Бизге окшогон чалдар илгери аркар жалаган туздарды жалачу экен да. Эми ушул виагра деген чыккан, жеңем айткан жок беле?
Кашкулак:
- "Укмуштуунун төөсү жорго" биринчи жолу угуп атам.
Кур Бака:
- Эми ал сиз экөөбүзгө өткөн чак болуп калды Кашкулак Кайфич.Жанагы сөзүңүздүн аягына чыкпай калдыңыз.Кайсы партияларга Кашкулачок колдоо көрсөттү?
Кашкулак:
- Сиз мени алдап туруп барын сурап алган атат окшойсуз.биринчи сиз айтыңыз Кур Бакаевич.
Кур Бака:
- Алтышканын партиясынын 49 пайыз каржысын өзүм көтөрдүм деп Көнөк башым айтты го.
Кашкулак:
- Биринчиден ал Алтышканын партиясы эмес,менин кайнимдин партиясы.Экинчиден Көнөк башыңыз 49 пайыз каржысын көтөрсө, менин Кашкулачогум 51 пайыз каржысын көтөрүптүр.
Кур Бака:
- Анда сиз биз колдогондон көбүрөөк колдогон экенсиз да.
Кашкулак:
- Мен колдогон жокмун.Жеңең менен Кашкулачок колдоду да. "Журтта калгандардын" 33 пайызын көтөрдүк дешти го. Ал жерде менин бажам бар эмеспи, анан Бдылда шакиртим бар.
Кур Бака:
- Бдылда үкалары менен мага деле шакирт болуп жүрдү го? Менин Көнөк башымдын айтуусунда Эр Ташытюк менен А.Келанын 33 пайызын көтөрүптүр.
Кашкулак:
- Калганы ким көтөрдү? Неужели өздөрү чөнтөктөрүнөн акча чыгардыбы.Йей тобо, жакаңды карманасыз.
Кур Бака:
- Өздөрү чычкак улак чыгарабы. Сахарада тентип күн көргөн ач кҮСӨН деген менин бир шакиртим бар. Баягы сиздин акча эсебиңизди табам деп чөнтөгүнөн жарым миллион чачкан, чоң кызматка орношом деп 300 миң жашыл чачкан азамат. Мен аны эр кылдым мэр кылдым, премьер кылдым. Менин Көнөк башым аны музоо кезинде эле тарс сүзүп койгон. Ошол дагы көрөр көзүн ушул партия аркылуу парламентке өткөзөм деп 33 пайызын көтөрдү дешет.
Кашкулак:
- Калган 1 пайызын ким көтөрүптүр.
Кур Бака:
- Бокбасар деген Бдылдага куда-сөөк болгон турбайбы. Мени кубалаган соң Бокбасар ай-да кутуруп, акчага оонабадыбы, ошол кудасы үчүн 1 пайызын көтөрүп берди дешет.
Кашкулак:
- Андан башка кимдерге колдоо көрсөттүңүздөр?
Кур Бака:
- "Бүтүн Жунглиге" толук колдоо көрсөттүк эле,элдин көңүлүнө толбой калды. Ошол жигит сизди коколоп Жунгли үчүн араба тарткан ат болууга даярмын дечү эмес беле.Беш жыл боюу эрди токудум да эшек кылып минип алдым. Кыдыңдап мыкты эле эшек болду,аягында ишке жарабай баратканда айдап ийгем. Шайлоо учурунда дардаң-дардаң этип чыга калыптыр. Ошого көңүлүм аябай түштү.Үкаларыма да айттым колдоо көрсөтүп койгула деп.
Кашкулак :
- Азыр ал жакта эмне ит жыгылыш болуп атат?
Кур Бака:
- Башка жагын үйрөтпөсөк да сиз экөөбүз кекиртектен кантип өткөзүү жагын куп үйрөтүпбүз го Кашкулак Кайфич. Баягы эле сук көздөрүн тойгуза албай жатышат да.
Кашкулак:
- Экөөбүз барып айтып койбойлубу көз деген тойбойт экен, бизге окшоп талаада калбагыла деп.
Кур Бака:
- Сиз экөөбүздү уга турган күн кайда,бирок антип айтпайбыз да.Сиз экөөбүзгө Жунглиде чыр-чатак болуп турганы кызык.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ