, 25.03.11 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Руху, намысы түптүү эл-күчтүү

Бугүнкү кыргыздар кимбиз? Дилибиз, ниетибиз, пейилибиз, ой жүгүртүүбүз,сөз дараметибиз кандай болсо ошондойбуз. Кандай гана көйгөйлөр болбосун, алардын баары-ириалдыда өзүбүзбүз. Өзгөрөбүзбү, өнүгөбүзбү, баары баары өзүбүзгө жараша.
Бир айдан ашып калды, "Улутман" телеберүүсүнөн жаш жигит сүйлөдү, бир катар маселелерди таамай, жөп-жөнөкөй чечмелеп, саясаты жок эле турмуштун, адам табыятынын өзүндөй кылып(аты-жөнүн жаза салбапмын, азыр эстей албай койдум).
Идеология керек деп тушкелди сөздөр көп. Баары көнүмүш түшүнүктөрдүн негизинде айтылууда. Идеология маселесин өзүбүздүн кыргыз уулдарыбыздын бири буга чейинкилердин баарына окшобогон жаңыча, адамдын өзүнүн табигий негизине таяп, иштеп чыгууда.
Идеология деген эмне? Идея-адамдын акыл-ой түшүнүктөрүнөн келип чыккан ынаным маанисинде дүйнө элине таралган грек сөзү. Логия-бул дагы ошол элдин сөзү. Окуу, түшүнүк, ынаным.
Улут деген эмне? Тили бир, мекени, турмуш-тиричилиги чогуу, өздөрүнө таандык өзгөчөлүү жактарына ыкташкан маданият жана кулк-мүнөз негизде калыптанган элдин, адамдардын тарыхий жалпылыгы. Демек тилин, маданиятын өнүктүрүү, ошол негиздеги жалпылыгын сактоо, мекенин коргоо, биргелешип жашоосун жакшыртуу, мамлекетин өнүктүрүү аркылуу гана улут улут бойдон сакталып, өзгөлөргө жем болбой өз өзөгүндө өнүгө алат.
Ал эми идеология болсо-улуттун улут катары өнүгүшүнө руханий өзөк. Көрөңгөсү каякта?- Элибиздин өзүндө, каада салт нарк дөөлөттөрүбүздө, касиеттүү Манас дүйнөсүндө, коңур добуш комуз күүлөрдө, ташка тамга баскандай макал-лакаптарыбызда, уюткулуу улама сөздөрүбүздө, эл жакшыларынын, эл керегине жарачу эр-азаматтардын кадырына жетип, бийликке татыктууларды тандап, билимибизди, маданиятыбызды, эне тилибизди, сөз дараметибизди өнүктүрө билүүбүздө.
Тил илими институтубуз, илимдер академиябыз, азыркыдай ондогон адистик окуу жайларыбыз жок эле бабалар заманында оозеки эленип өнүккөн эне тилибиз азыркы XXI кылымда, маалымат технологиясы заманында эмнеликтен улуттук көйгөй абалында жана жыл өткөн сайын татаалдашууда. Көңүлдөгү ойду, турмуштук миң түркүн маселелерди айтууда сөз байлыктар канчалык мол жана таамай болсо элибиздин өнүгүү өзөгү көп жагынан ошого жараша экендиги талашсыз да.
Адам дем алып жүрөк канын кислород менен каныктырганы сыяктуу эле, сөз-тирүүлүктөгү эң улуу күч. Ар бир адам сөз жөндөмдүүлүгү жагынан өзүнчө инсан. Сөз аркылуу таанылат, таасирленет, таасир берет, куштарланат, өсөт, өнүгөт жана ушунун өзү-кыргыз элинин эл бойдон өнүгүүсүнүн өзөгү. Бул деген - мамлекеттик деңгээлде абдан маани берилчү маселе экендиги эске алынбай, таасирдүү чара көрүлбөй, мамлекеттик жетекчилер, эл башчылары өрнөк боло албай жаткандыгынан улам эл арасында эне тилибизге кайдыгерлик күчөп баратат. Советбек Байгазиевдин:
" Тарыхыңды неге сен эй, унуттуң?
Тегиң кайсы, кайсы сенин улутуң ?
Өзгө тилдин желбиретип байрагын,
Өз жериңде эне тилиң куруттуң.
Амалданып, чоңдор берсе батасын,
Акыйкатты мылтык менен атасың.
Ата журттун тагдырына түкүрүп,
Добушуңдү бир кап унга сатасың",
деген ыр саптарындагы чындыкты жалган деп кантип танабыз?
"Эртеңкисин ойлой албай бүгүнкү күн менен жашаган элдин келечеги жок" ( Ататүрк Мустафа Кемал).
Жандүйнөгө жаназык сөз жетимсиребесе- эл күчүнөн тайыбайт, нарк сакталат. Эл наркын сактоодон, өнүктүрүүдөн ашкан ыйыктык жана элдин элдигине зыян келтирүүдөн ашкан чыккынчылык жок. Руху, деми, намысы канчалык түптүү болсо - ошол эл ошончолук күчтүү.
Адамдык асылдыктын түпкүрү-таза дил. Өсөөр коомдун өзөгү- ыймандуулук. Жашоо кумары- жакшы санаа мамиле. Жалп этип жарык өчсө - үй караңгы. Өмүр өчсө - бүт караңгы.
Рим клубунун президенти Аурелио Печчеинин минтип айтканы бар экен: " Адам сапатын жакшыртуунун чети оюла элек. Мурдагы кездердин бардыгына караганда азыркы мезгилде бул деген-өтө татаал маселе...Өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн, элибиздин жандүйнөсүнө чырмоок чөптөй чырмалып алган зыяндуулуктарды ар кимибиз, арман күн, элес албай жүрүп атабыз"
Кыргыз элиндеги сырдуу касиеттер
Мааниси терең, көлөмү кенен " Манастай" дастанды жаттабай жатка айтуу касиети, дүйнө жүзүндө жалгыз гана кыргыздарда.
Бүбү Мариям Муса кызы аркылуу анын эң алгачкы түп нускасынын Кайып дүйнөдөн кыргыз элине берилип аткандыгы жөндөн-жөн эмес.
Кайдагы бир кока-кола, пепси-кола дегендерди иче берип каныңарды кирдетпегиле дегенсип Баатырбек Исмаилов аркылуу аян түрүндө " Актык" деген ат менен суусундук, дарылык касиеттери күчтүү ырыскы ыйгарылгандыгы да өзүнчө сыр дүйнө.
2009-жылдын 23-декабрында "Кыргыз Руху" гезитинин редакциясы тарабынан Баатырбек Исмаиловго "Жылдын мыкты адамы" наамы бериле турган болгондо ал: " бул эм суусундук кыргыз элинин ден солугуна Улуу Күчтөн берилген береке. Ошондуктан сөз " Актык" жөнүндө болсун, "Жылдын элибизге арналган асыл энчиси" деп аталсын деген жайы бар.
Сот болобу, министр болобу, кимибиз кандай гана кызмат абалда болбойлу акыйкаттан, адилеттиктен тайып, бирөөлөргө кыянатчылык, кара ниетчилик жасоого Кудай алдында акыбыз жок элбиз. Актыктан айнып, ниет бузулса элибизден, коомубуздан, өлкөбүздөн кут качат.
Байыркы бабаларыбыздан бери жадысында жатка сакталып, ар бир учурда өз-өзүнчө арналып алакан жайып айтылып келген алтымыштан ашык Ак баталуу элбиз, турмушубуз Батага толсун, кабыл болсун! Эч кимибиз каргышка калбайлы. Үч каргыш жаза кетпейт, дейт кыргыз. Алар: эне каргышы, мусапырдын каргышы, жаны ачыган адамдын каргышы.
Ырк бузулбасын, сөз бузулбасын, чоңдорубуз көчө сөздөрүнө көнүкпөсүн! Жүйө нарк сакталбаса коомго зыян, элге зыян. Бийликтегилер бийлигине маашаркап мас болбош керек.

Кенжалы Сарымсаков




  Бекен Назаралиев:

"Жаздыгыбыз - Лениндин үч томдугу, жуурканыбыз - куртка, тийишкенибиз - Акүй"
- Гезит кандай кыйынчылыктарга тушукту? Жазылган курч макалалардын кайтарымы катары жабылуу коркунучуна кездешти беле?
- Жабабыз, сотко беребиз дегендер деле болду, бирок окурмандар ойлошу мүмкүн, досу болгон үчүн мактап атат деп, Султанда жакшы касиет бар - дипломаттык. Султанда бир дагы душман жок болсо керек. Башта Турсунбай Бакир уулу экөө келишпей жүрдү эле азыр жарашып алган соң бирөө да калбады. Ал эми бизде толтура болсо керек деп ойлоймун. Гезитти жабылуу коркунучунан, Акүйдүн бийлик камчысынан сүйлөшүүнү жүргүзө билгени үчүн сактап келген. Гезитти кармап турган каражат маселеси эмеспи. Ушул жагынан бир топ аксаганыбыз чын. Кыйналып турган маалда гезиттин азыркы директору Арыстанбек Дүйшөмбиевдин да эмгегин айтпай кетсе болбостур, гезитти китепкананын чаң баскан архивинде калып кетер басма сөздүн кичинекей бир тарыхына айланып калуу коркунучунан куткарып, биз баштаган көчтү улап, "Кыргыз Руху" деген атты окурмандардан ажыратпай келатат. Айзада карындашымдын жигит редакторлордон сөөм карыш жогору деп айта алам.
- Жумуш учурунда ар кандай кырдаал болот эмеспи, кээде башкы редактордон жашырып "кылмыш" жасап алган учурлар да кездешет. Ал "кылмыш" учурунда анык трагедия катары көрүнсө, убакыттын өтүшү менен "комедияга" айланат эмеспи. Сиздин да "кызматтагы кылмыштарга" аралашып калган учуруңуз болгонбу?
- Бир ирет болгон, ал кылганыма кээде Султан досумдун алдында өкүнүп кетем, бирок бир чети туура эле кылгам дейм. Чоң кызматта иштеген адамдын жеп - ичкени боюнча аябай чырлуу макаланы Султан менен кеңешпей туруп, 8 бет боло турган болсо, 9 бет менен ашыкча жасап, ал күнү басмаканада да өзүм күзөттө элем, гезитти чыгарып жибергем. Эртеси күнү эле боло турган тополоң болду. Султанды жаман көрүп, жектешти, бирок ал жетекчинин кимдигин окурмандар билип алышты, кылган иши элге дайын болду.
- Бүгүн сиз өзүңүзгө таандык гезитте башкы редакторсуз. Бир кезде жөнөкөй кабарчы элеңиз. Коллективде "шефке" карата кээде нааразычылык жаралып калат эмеспи, өзүңүз башкы редактор болгондо бир кездеги башкы редакторуңуздун кандай түйшүгүн түшүндүңүз?
- Көркөм тил менен айтканда журналист үйдүн эрке баласы. Каалаганын жазат да үйүнө кетет дегендей. Ал эми ошол гезиттин түйшүгү, телефонунан баштап электр жарыгына, иштегендердин маянасы, аренде акысы, салыкка чейинки каражаты редактордун аталык камкордугу менен болот. Султанга ачык эле айткам: "Султан досум, бир нерсени моюнума алып коёюн, сен редактор болуп турганыңда машинадан машинага түшүп жыргап жүргөнүңдөй эле сезчү элем. Андагы сенин түйшүгүң эми менин өз башыма түштү. Эгерде гезитти алып кете ала турган жигит табылса азыр эле өткөрүп берип коймокмун", десем, "Эми түшүндүңбү? Гезиттин түйшүгү ошондой оор болот", дейт.
- "Кыргыз Рухунун" редакциясында калган көңүлдүү элестерден эстеп бериңизчи?
- Күлкүлүү окуялар абдан көп болгон. Султан досубуздун унутчаактыгы бар. Дайыма чыгармачылык изденүүдө жүргөн адам унутуп калса керек. Мамат Сабыров экөөбүз Ала-Тоо конушунда жашачубуз. Гезит чыгаар күн болчу, Султан айтып калды: "Басмаканага барып гезиттин санын өткөрүп коюп жетилерге келип калгыла, үйүңөргө жеткирип коеюн", деп. Маматтын да, менин да жаныбызда тыйын жок. Таксиге эмес, жөнөкөй маршруттук таксиге да жетерлик акча жок. Жетиде редакцияга келдик, саат сегиз болду, тогуз болду, он, он бир болду. Султаныбыз жок!.. А көрсө ал бизди унутуп Ат - Башыга кайын журтуна кетип калыптыр.Эмне кылабыз, Мамат экөөбүз узун - кыска болуп жөө жөнөдүк. Кар аралаш жамгыр жаап атат. Башыбызга целлофан баштыкты кийип алганбыз. Кар аралашкан жамгыр маңдайды аябай тызылдатып тиет экен. Сокулук менен шаардын ортосунда "Кирпичный" бар го, ошол жерде мурун бизде иштеп кеткен Раимбек деген акенин камогу бар эле, экөөбүздүн тең көзүбүз да, оюбуз ошого эптеп жетсек. Анан жеттик. Биздин суу болуп ээрчишип келгенибизди көрдү, жөн - жайыбызды айттык. "Жүздөн куюп берейин, чарчаптырсыңар", деди. Үшүп тургам мейли дедим. Мамат: "Мага чай эле куюп бериңизчи?", дейт. Ал чай ичти, мен жүздү басып алып, жолубузду ары көздөй улаганбыз.
Гүлмайрам Турусбекова