, 25.03.11 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ууруну ууру кармай алабы?
Урматтуу коалициялык өкмөт!
Бүгүн сиздер мамлекетибиздеги туруктуулукту жана ынтымакта сактоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүңүздөрдү жумшап жатасыздар. Албетте ал казынаны толтуруу менен элге кызмат көргөзүүчүлөргө татыктуу маяна төлөө. Бул аябагандай жакшы бирок, Сиздер дагы бир өзгөчө орчундуу маселеге реалдуу шарттардын негизинде көңүл буруп койсоңуздар экен. Эмесе бул "реалдуу шарттагы көрүнүш" сиздердин кашык менен чогултканыңыздарды чөмүч менен чачып коюусу өтө кооптуу нерсе. Бул төмөнкүлөр:


- Өндүрүш жеке менчикке өтүп кеткендигине карабастан ага таптакыр ылайык келбеген, тескерисинче тормоздоочу мүнөзгө ээ болучу өндүрүш мамилелеринин жашап турушу. Дал ушул жерде азык-түлүк коопсуздугунун негиздери жатат.
- Мамлекеттик бюджети бөлүштүрүүнүн заман талабына ылайыктуу келген так, жаңы механизмдерди иштеп чыксаңыздар экен. Эмесе социалдык маанайдагы бөлүштүрүүнүн 20 жылдык тарыхы эмнеге алып келди баарыбызга эле маалым болгондой болду. Эгерде элге деп бөлүнгөн милииондордун убайын эл көрбөсө анын жолдогу бөрүлөргө таланышынан кимге пайда? Жана бул уурулукту эч кандай токтотууга мүмкүн эмес деп ойлоймун. Себеби: уурулук сыртан эмес ичтен- системанын өзүнөн болуп жатат. Ошондуктан ага каршы күрөшүүдө "ууруну ууру кармай алабы?" анын бир гана критерийи элдин жакырданышы жана мамлекетине болгон ишениминин кетиши.
- Бүгүнкү капитал дооруна дал өзүндөй мамиле жасоо керек деп ойлоймун. Антпесе мамлекетибизди канчалаган акылдуу адамдар башкарбасын сыртынан жылтыраганы менен ичтен сүлүктөй соргон система кризистерди гана алып келсе керек. Сиздер өнүккөн мамлекеттердин "саясий бийликти бөлүштүрүүнүн демократиясына" өзгөчө көңүл буруп жатасыздар. Эми алардын саясий структурасына да дал ошол өзүңүздөргө көңүл бургандай көңүл буруп, изилдөө менен карапайым элдин эмгегин эзүүдөн бошотсоңуздар экен.
Менимче өнүккөн демократиялуу мамлекеттерде биздикиндей элдин эсебинен жашаган олчойгон өндүрүш мамилелери жок деп ойлоймун. Себеби:алар биздикиндей социалисттик башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн ыкмасын басып өткөн жок. Демек, биз кааласак каалабасак да алардын демократиясы менен саясий башкаруу ыкмасын алгандан кийин элдин маңдай терин (өндүрүштү) жалган ураандар менен отчетторго жем кылбай алардыкындай кылып жаңы доорго ылайыкташтырып реформалообуз зарыл. Ооба, бул элге жеңилдик алып келгени менен өндүрүштү токтотуудан башка пайдасы жок саясий структурага даяр оокаттан эмес иштеген эмгеги менен гана жашоосуна алып келет. Президенттик бийликке таянычтай көрүнүп келген саясий структура 20 жылдын ичинде өзүнүн жүзүн көргөзө алды. Алар таяныч болмок турсун тескерисинче өздөрүнүн уурулугу жана коррупциясы менен жогорку бийликтин батыраак кулашына шарт түзүп берди. Бүгүнкү сиздерге атаандаштык кылып жаткан саясий күчтөрдүн: көмүскө өкмөт, парламент, элдик курултайлардын да материалдык негиздеги чындыгы бар. Себеби, сиздер 2 бийликтин түбүнө жетип эми үчүнчү бийликке иштеп жаткан саясий структураны өндүрүшкө ылайыкташтырып реформа жүргүзө элексиздер. Эгерде тарыха кайрылсак революцияны муунуп, өлүп бара жаткан өндүргүч күчтөр өзүнүн өндүрүш мамилелерин жаңы шартка ылайкташылып реформаланышы үчүн жасайт. Бүгүнкү биздин өндүрүш мамилелерибиз реформаланмак турсун күндөн-күнгө салмактанып бара жаткандай. Азыркы биздин конкреттүү шартыбызда; бир өндүрүүчүнүн мойнуна канча "өндүрүп жатабыз" олтурганы баарыбызга эле маалым. Албетте, элдин мамлекетине болгон ишеними артыш үчүн, өз эмгегинин үзүрүн ортолгулары жок өздөрү гана көрүшү керек.
Революцияларды башынан өткөрүп жаткан коом үчүн, саясий структурасынын реформаланышынан маанилүүү эч нерсе жок -деп ойлоймун.
Сиздерден өтө чоң сураныч, саясий структураны реформалоону негизги маселеге айлантсаңыздар экен.
Осмонбек Көчөралиев





Ээн ооздор элдин ынтымагына
доо кетирет

К
ыргыз эли байыртадан сөздүн баркына наркына өтө астейдил мамиле кылган эл. "сөзүнө карап өзүң тааны" деген макал бекеринен айтылган эместир.
Бирок кийинки убакта телерадио, басма сөздү айрыкча парламенттин депутаттарынын арасында бирөөнүн абройуна шек келтирип суйлөө, кагып силкип өздөрүн өйдө көтөрүүдө. Ошондой ойлонулбай сүйлөгөн сөз берилген кур убадалар айрым пикет митиндердин чыгышына түздөн түз себеп экендигин эл таразалап жатат. Таң калыштуусу алардын айрымдары Акаев, Бакиевдин убагында жогорку кызмат орундарын ээлеп анда кыңк эткиз эргулдар бүгүн акылдууснуп, ээ жа бербей сынтагып сүйлөгөнүнө ал үчүн биз уялып жатабыз.
Мисалы: Кыргыздын эр азаматтарынын бири, азыр "Бутун Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров экөөнүн тушунда депутаттыктын, бийликтин убайын жакшы эле көрүп 2007-жылы Бакиевди Үсөнов экөө чуркап жүрүп бийликке калуусуна чоң кызматты кылганын маммлекеттик катчы, вице премьер министр, спикер, улуттук коопсуздук кызматтын жетектеп турганда элге эмне иш кылганын өзү билбесе, эл билет.
Ошол Мадумаровдун партиясы шайлоого өтпөй калгандан бери элди пикетке алып чыгып, андан жыйынтык чыкпай калгандан бери бирде өкмөткө, бирде президентке асылык акарат сөздөрдү айткандан тажабай келет.
Отунбаева өзүн өзү президент кылып көрсөткөн президент катарында тарыхта калат деп, жалпы элдик референдум парламент жасалма өттү деп жалоокерленгени эр жигит айта турган сөз эмес эле. Депутат Ташиевдин, О. Абдрахманов, Ф. Кулов, А. Жапоровдор элдин таламын талашса, элдин атынан сүйлөбөй өз пикирлерин далилдүү редакцияга жеңдирбей сүйлөсө эл да кубаттамак.
Мына ушундай көрүнүктөрдү байкаган Азаттыктын кабарчысы А. Касмалиева "Ынгайсыз суроолор" берүүсүндө парламенттин этика боюнча комиссиясынын төрагасы К. Абдиевке суроо берсе, ар ким өз оюн айтууга акылдуу десе аларга чаң жугузбай берген жобуна күлкү келет. Же парламент илгерки жоро ичкендердин жайытыбы, бозого тойгондор оозуна эмне келсе сүйлүп койсо болчудай. Анан калса Азаттык берүүлөрүнөн эл тажат буту. Себеби бугун баланча жерде мугалимдер, врачтар кызматка нааразы болду деген кабарлар койго тийип бүттү. "Би-Би-Си" радиосунун ушундай берүүлөргө оюңуз кандай билдириңиз десе кээ бирөө ак сөзүн айтпай, бирөөлөргө асылып эл эмне болуп бара жатабыз деп кары картандар нааразы.
Ошол эле мугалимдер Бакиевдин убагында электрге, кол телефонго, азык-түлүккө бааны көтөргөндө унчукпай, Ош Жалал-Абадта кыроолор болуп, шылуундар байлыгыбызды ташып кетип, эптеп өкмөт элдин камын көрүп жатканда пикетке чыкканы таң калтырат. Бул кээ бир азаматтардын бузуп жарууга эле аракети.
Бул жерде ээн ооздук ээнбаштыка ата-бабабыз өтө катуу чара көрүп, эч кандай сот прокурору жок эле топто аксакалдар чечим кылып айып салып, ошол элдин , башчысынан баштап, элин айыпка жыккан.
Ошентип элден чыккан ээнбаштарды тыйган калыс чечим менен элди ынтымакка келтирген. Ээн ооздук жөнүндө пайгамбарыбыз Мухаммед алейхисалам "бул дүйнөдө маанисиз сөз" 1)орду тантырап көп сүйлөгөн адамдын күнөөсү акыр кыяматта азаптуу кыйноолорго туш болот же бирөөлөр бузулду деген сөздү эшитсеңиз, анда ошол адамдын өңүн бузулган деп сезиңиз деп эскерткен.
Акырында айтаарыбыз Элди ынтымакка чакырыш үчүн Элдик курултай өстүн дегендерге кошулабыз, бирок элди ынтымакка элдик курултай эмес, ошол эл башында жүргөн эр азаматтарыбыздын сөзү жүрүм туруму элди бириктирет. Болбосо кыргыз элинин наамына шек келтирип, кошуна элдерге таба болобуз.

Арзыбеков Токон,

милициянын ардагери
Абдыжапаров Асыралы,

ажы эмгек ардагери
Акматов Сабырбек,

эмгек ардагери





Кыргыз Республикасынын Президенти Отунбаева Р.И.
Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Атамбаев А.Ш.
Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин төрагасы Келдибеков А.К.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Казакбаев Р.А.

Урматту Роза Исаковна, Урматту Алмазбек Шаршенович, Урматту Акматбек Келдибекович, Урматту Руслан Айтбаевич,


Египет Араб Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын атынан кайрылуу

Биз Египеттеги Кыргыз Республикасынын жарандары бул жердеги январь-февраль айларындагы болуп өткөн белгилүү окуяларда Өлкө башчыларына өз атуулдарынын камкордугун көрүүдөгү кылган эбегейсиз аракети жан дүйнөбүздү козгогондуктан чексиз ыраазылыгыбызды билдиребиз. Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык орду дагы бир ирет ташка баскандай өчүрүлгүс из калтырды, буга күбө бүгүнкү дүйнө жүзүндөгү өзгөрүүлөрдүн учкуну Кыргыз Элинин Ордолуу очогунан башталганы. Айрыкча өз көзүбүз менен күбө болуп турган Египеттеги акыркы окуялар. Элибиздин дүйнөгө болгон бул өрнөгү жердин кай бурчунда болбойлу, сыймыктануу менен баш көтөрүп өлкөбүздүн атын даңазалоого, өнүктүрүүгө өз салымыбызды аябастан кошууга даярбыз.
Бөлөк эл, бөтөн жер өз элиңдин кадырын көздөн учурат. Жакын арадагы биздин эки атуулдун авто кырсыктагы болгон окуясы буга чоң күбө.
Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Мамлекетиндеги элчилиги менен туруктуу байланышыбыз болгону менен анын алыстыгы, убагында жетип келүүсүнүн оорлугу, башка элчиликтерге кайрылуудагы биздин иштердин созулуп кечендеши жана атуулдардын укугу, документ иштери, студенттердин чамасына дал келбеген чоң суммадагы төлөмдөргө дуушар болуу, Орто Азия мамлекеттеринин арасынан Египетте бир гана Кыргыз Элчилигинин жоктугу, бул өлкөдөгү Кыргыз жарандарынын көптүгү, Каир, Александрия жана Хургада шаарларында жайгашкандыгы, бул шаарлардын бири биринен алыстыгы жарандардын топтолуусуна кыйынчылыкты туудуруусу, ж.б. себептерден улам жогоруда белгиленип кеткен кырдаалдарда оор акыбалга дуушар болуп, бул катты бир добуштан жазып өлкө башчыларына даректеп, Египеттин Жакынкы Чыгыштагы ордун эске алып, келечектеги Кыргыз Республикасынын ар тараптуу мамилесине болгон салымын күтүп, өтүнүч иретинде Кыргыз Республикасынын жарандары ишенич менен Силерге кайрылуу жолдоону туура тапты.
Кайрылуубуздун максаты, жогорку айтылган себептерди эске алып, болгон мүмкүнчүлүгүңүздөрдү жумшап жакынкы арада Египет Араб Республикасына Кыргызстандын Элчилигин ачып берүүңүздөрдү өтүнөбуз.
Өзүбүз тараптан колубуздан келишинче бул ишке салым кошууга даярбыз.
Терең урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Египетте окуп, жашап жаткан атуулдары.
Египеттеги кыргыз жарандарынын тизмеси тиркелет.

Байланыш үчүн дарек
Абжалбеков Тариэл
Тел.+20119090698
Электрондук дареги: tiib-siddik@mail.ru