, 18.03.11 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Японияда 5 миңден ашык киши топонсуудан каза тапты
5,2 миңге жакын адам Японияда 11-март күнү болгон жер титирөөдөн улам пайда болгон топон суудан каза тапкандыгы айтылып жатат. Бул тууралуу Франс-пресс маалымат агенттиги кабарлайт. Ал эми кытайлык Синьхуа агенттиги полициянын берген маалыматына таянып тогуз миңге жакын адамдын дайынсыз жоголгондугун маалымдаган. Зилзаланын очогу Токионун түндүк чыгышында 373 километр аралыгында орун алган. Биринчи жердин силкинүүсүнөн көп өтпөй ошол эле аймакта бир нече күчү 6 баллга жеткен жердин силкинүүсү болгон. Эл аралык массалык маалымат каражаттарынын маалымдашына караганда зилзаланын борборунда жердин силкинүүсү 9 баллга жеткен. Зилзаладан улам пайда болгон топонсуунун курмандагы болуп Япониянын көптөгөн аймактары суу алдында калды. Зилзаладан кийин "Фукусима-1" атомдук электро станциясынын муздатуучу системасы жабыркап, биринчи, экинчи жана үчүнчү энергоблокторунда жарылуу болуп, төртүнчү энергоблокто өрттөнүү болуп жаткандыгын жергиликтүү телевидение түз алып көрсөтүп жатты.
Япониядагы атомдук станцияда болгон бул кайгылуу окуядан кийин анын тегерегинде жашаган адамдарды аймактан көчүрүү чарасы көрүлдү. Адистердин айтымында аймактагы радияциянын өлчөмү адамдын ден соолугуна зыян келтире турган деңгээлде. Азыр станциянын аймагына 20 км.лик бөгөт коюлуп, эч кимди андан ары өткөрбөй турат.
Японияда болгон бул зилзала жана топон суу экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Япония үчүн эң оор кырсыктардан болду.
Бул арада башка мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын аймактан алып чыгып кетүү чараларын көрүп жатат. Японияда жашаган кыргызстандыктарды да алып чыгуу үчүн президент Отунбаева атайын чечим кабыл алды. 15-март күнү япониядан 20 кыргызстандык келди. Кыргызстандын жарандарын алып келүүгө Казакстан жардам берди.


Өзбек президенти кайрадан "интернет душманы"
Бүткүл дүйнөлүк кибер-цензурага каршы күнүнүн алдында "Чек арасыз репортерлор" "интернеттин душмандары" тизмесинин жаңыланган тизмесин жарыя кылды. Өзбекстан кайрадан бул тизмеден орун алды. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстандан кийинки "интернет душманы" болуп Түркмөнстан аталды. Ал эми калган "интернеттин үстүнөн көзөмөлдү катуу кармаган" сегиз өлкөнүн катарында араб жана азия мамлекеттери болду. "Чек арасыз репортерлор" белгилегендей желедеги көпчүлүк маалымат булактары дайыма тоскоолдукка учурап, убактылуу ал булактар өлкөдө иштебей калат. Ал эми өзбек бийлиги маал-маалы менен интернет күндөлүк болгон LiveJournal, MySpace, Facebook, Twitter, Blogger сыяктуу сайттарга бут тосуп, аны тоскоолдуктарга учуратат.


Лондондо олимпиадалык саат токтоп калды
Англиянын борбору Лондондо орнотулган олимпиадалык саат мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей калды. Бул саат 2012-жылы боло турган жайкы олимпиадага канча убакыт калганын көргөзүп турмак. Окуя Трафальгар аянтына саат орнотулгандан кийин бир суткадан соң болгон. Сааттагы мүчүлүштүк олимпиадалык оюндарга 500 күн 7 саат 6 мүнөт 56 секундду көргөзгөн бойдон токтоп калды. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн бул сааттын иштешине жооптуу болгон Omega компаниясы оңдоп түзөө иштерин жүргүздү.
Бул сааттын салмагы 5 миң тонна. Ал салтанаттуу түрдө британиялык спортсмендердин, 2012-жылы боло турчу оюндун уюштуруу комитетинин башчысы лорд Себастьян Коэ жана шаар мэри Борис Жонсондун катышуусу менен 14-март күнү аянтка орнотулган.


Эң кымбат итти кытайлык миллионер сатып алды
Кытайлык миллионер тибет мастифф пародасындагы күчүктү 10 миллион юанга сатып алды. Бул тууралуу The Daily Mail гезитинде жарыяланды. 11 айлык бул күчүк ошентип дүйнөдөгү эң кымбат ит болуп калды. Тибет мастифи пародасындагы иттерди өстүргөн ээсинин айтуусунда күчүк өзүнө кеткен чыгымды актады. Аны чоңойтуш үчүн бир далай акча каражаты кеткен. Күчүккө Хун Дун деп ат беришкен. Аны которгонда Чоң жаркыроо дегенди түшүндүрөт. Хун Дун өзүнүн жаңы үйүндө уй эти, сууга бышкан балык менен тамактанат. Муну менен катар ал атайын иттердин тишин тазалай турган сөөктү да кээде кемирип турат. 2009-жылы тибет мастифи пародасындагы ит рекорд менен 600 миң долларга сатылган.
Тибет мастифи чыныгы кытайга гана тиешелүү парода болуп эсептелет. Кээ бир легендаларга караганда бул пародадагы ит Будданын өзүндө да болгон. Мастифтер - бул чоң дөбөт иттерге кирет. Анын салмагы 100 кг.га чейин жетет. Иттин жүнү ушунчалык калың болгондуктан аны жылдын төрт мезгилинде тең эшикте кармоого болот. Бул иттерди үйрөткөнгө жеңил, чыныгы коргоочу да болуп тим болбостон, ээсине берилгендик менен ага кызмат кылат. Аны ушул сапаттары үчүн Будда да өзү бакса керек.


Бахрейнде абал тынч эмес
Бахрейндин падышасы өлкөдө тынчыбаган толкундоолордон улам 3 айга чукул кырдаал киргизди. Мамлекеттик сыналгыдан падыша Хамад 15-мартта өкмөттүк куралдуу күчтөрдү аскердик даярдыкта турууга буйрук чыгарганын жарыялады. Чукул кырдаал киргизүү чечими дүйшөмбүдө миңден ашуун сауд аравиялык аскерлер башкаруучу суннилердин өтүнүчү боюнча Бахрейинге киргизилгенден кийин кабыл алынды.
Бахрейнден келген маалыматтарда Манамада демонстрация маалында 1 сауд аравиялык аскердин атып өлтүрүлгөндүгү айтылууда.
Бахрейнде АКШнын аскердик деңиз күчтөрүнүн чоң базасы жайгашкан. Өлкөдөгү башкаруучу суннилерге каршы нааразылык толкундоолор башталганына 2 айга чукулдады.

Бизге 8,500 ветеринар жетишпейт
2010-жылы 3977 адам бруцеллез менен ооруган Бул келтирилген маалыматтар 2009-жылкыга салыштырмалуу көптүк кылат. Мамлекеттик ветеринария бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошбек Осмоналиевдун айтымында эң көп катталган аймак болуп Жалал-Абад жана Бишкек шаарлары. "Республика боюнча 2010-жылы 3977 адам катталган болсо, 2009-жылы 3619 адам катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылкыга салыштырмалуу 358 адамга көп". Анын айтымында борбордо оорулуулардын санынын өсүп жатышы региондордон борбор калаага болуп жаткан миграция менен байлыныштуу. Ошондой эле алар дарылануу үчүн кеткен чыгымдарды өздөрү төлөйт.
Департаменттин директору Кудайберди Мамыралиевдин айтуусуна караганда ушул тапта өлкө боюнча 2000 ветеринар бар. Алардын 694ү мамлекеттик, 1070и болсо жеке менчик. Бул жалпы керек болгон ветеринарлардын болгону 36 пайызын гана түзөт. Дагы 8, 500 ветеринар бизге жетишпейт.


Бишкекте 91 май куйуучу станция, 143 млн. унаа бар
Бишкек шаары эң кир шаарлардын катарында, бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко маалымдады. Негизинен шаарды булгоочулар болуп автоунаалар, өндүрүш мекемелери жана май куйуучу станциялар эсептелет. Вице-мэрдин айтымына караганда шаарда 143,000 жеңил машина бар. Муну менен катар маселе жаратып жаткандарга битум, асфальт чыгарган ишканалар, шаардык ТЭЦ абага бир топ кирдетүүчү заттарды чыгарат. Красиенконун айтымында мэрия абаны булгагычтарга чара көрүүгө аракет кылып жатат, бирок мыйзамды бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүү керектигин айтты.
"2010-жылы "Атмосфералык абаны коргоо тууралуу" мыйзамды бузгандыгы үчүн 177 протокол түзүлгөн. 8 иш боюнча сотко доо арыз жазылган. Муну менен катар төлөнүүчү айып пулдун өлчөмүн дагы көбөйтүү керек. Бүгүнкү күнкү 500 сом айыппул эч кандай таасир бербей жатат", дейт ал. Абаны кирдетүүчү булак болуп шаардын сыртында жайгашкан таштанды төгө турчу полигон да эсептелет. Бул полигон 1970-жылдардын аягында 6 гектар аянтка деп пландалган, бирок бүгүнкү күнү анын аймагы 29 гектарга жеткен.
Красионконун айтымында шаардык муниципалитет абаны жаңы бак-дарактар, өсүмдүктөрдү отургузуу менен тазалоону пландап жатат. Жыл башынан бери 500,000 жаңы көчөт отургузулду. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Дениз Сулайманов Бишкектеги май куйуучу станциялар абаны булгап гана тим болбостон шаар тургундарынын ден соолугуна да терс таасир тийгизип жаткандыгын айтат. "Бул эпидемиялык ооруларга алып келе турчу шаардын эң башкы маселеси болот. Май куйуучу станциядан 20-30 метр жакындыкта жашаган адамдар көчүп кетүүгө мажбур болуп турушат. Анткени ал жерде жашоо мүмкүн эмес. Мисалы катары Жал кичи районунда, Токтогул-Исанов көчөлөрүндө жашагандарга бул абдан сезилет", дейт министрдин орун басары. Анын айтымында, бул маселини чечсе болот. Болгону шаар ичине мындан ары жаңы май куйуучу станцияларды курбоо керек. Шаар ичине май куйуучу станциялар жетиштүү. Жаңы станцияларды шаардын тышына курууга болот.
Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков шаар ичинде азыркы тапта 91 май куйуучу станция бар экенин айтты. Ал эми айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы комитетинин башчысы Биймырза Токторалиев Ленин жана Октябрь райондорунда 27-28 станция орун алганын баса белгиледи. Бул башка райондорго салыштырмалуу көп.