, 18.03.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ден-соолук

Жазда адамдар эмне үчүн авитаминоз болушат?
Жаз келгенде көпчүлүк адамдар өздөрүн жаман сезе башташат, башкача айтканда, такай чарчап, уйкусу келип, ооруксунуп калышат. Мунун себеби болуп авитаминоз эсептелинет. Авитаминоз - бул организмге витаминдердин жетишпестигинен келип чыккан кеңири тараган оору. Авитаминоз бизге жаратылыштын бул сулуу жыл мезгили менен толук кандуу ырахаттанууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Авитаминоздун негизги белгилери:
Күн бою уйкусурап жүрөсүз, ошол эле учурда түндө уйкуңуз качат; эртең менен өтө кыйналып турасыз; такай чарчап, алсырап, жашоонун бардык кызыкчылыктарына кош көңүл болуп каласыз;болбогон нерселер үчүн эле кыжырдана бересиз; депрессия; тез-тез суук тийүү;териңиз ашыкча эле кургап, бопбоз болуп калат; тырмагыңыздын абалы бузулат; чачыңыз кургап, түшө баштайт, башыңызда какач көбөйүп кетет; эриниңиз кесилип, бир дагы помада, мазь жардам бербей калат; тишиңизди чукуганда бүйлөлөрүңүз канайт; өнөкөт оорулар күчөйт.
Оорунун себептери:
Толук кандуу эмес жана туура эмес тамактануу; рациондо жашылча-жемиштердин жок болушу;стресс; оор акыл-эс жумушунан улам мээнин чыңалышы; узак убакытка диета кармоо; кышында күн нурунун жетишсиз болушу; физикалык жактан чарчоо; тамеки чегүү; спирт ичимдиктерин колдонуу.
Авитаминоз менен күрөшүү жолдору
Авитаминоздун алдын алуу үчүн негизинен туура тамактануу керек, башкача айтканда, белок, май, углеводдорду организмдин талабына ылайык кабыл алуу зарыл. Кышында рациондогу негизги орунду жашылчаларга жана жемиштерге берип, ошону менен катар эт, тооктун эти, балыкты да унутпоо керек. Мындан тышкары авитаминоз менен күрөшүүнүн элдик ыкмалары бар:
300 мл кайнатылган сууга эки чоң кашык балды эритип, ага 1 кг сабиздин жана 1 даана лимондун ширесин аралаштырып, бир күндө 3-4 жолу ичүү керек.Күн сайын 1 стакандан апельсиндин табигый ширесин ичүү - авитаминозду дарылоонун эң жакшы элдик ыкмасы.
Витамин коктейли: жарым чыны кайнатылган сууга 2 лимондун жана 1 апельсиндин ширесин сыгыңыз. Ага эки чоң кашык балды аралаштырып, майдаланган бадамдан мол себелеңиз.
Кайың жалбырагынын маңызы же кайнатылганы авитаминозго жакшы жардам берет: 1 чай кашык майдаланган жалбыракты 2 стакан кайнак сууга 6 саат демдеп коюу керек. Андан соң тундуруп алып, татымына жараша бал кошосуз. Жылуу маңызды жарым стакандан күнүнө 4 жолудан тамакка чейин ичесиз.
Календула гүлүнүн маңызы да авитаминозду дарылоочу жакшы каражат. 1 чоң кашык кургатылган гүлдү 1 стакан кайнак сууга 1-2 саат демдеп коюу керек. Андан соң күнүнө 3-5 жолу тамактанууга жарым саат калганда 1-2 чоң кашыктан ичүү сунуш кылынат.
Витаминдер көпкө сакталуу үчүн:
Мөмөлөрдүн катуусун тандаңыз. Бышып өтүп кеткен жана жумшарып калган жашылча менен жемиштерде витамин аз болот.
Жашылча-жемиштерди бир алганда көп кылып алып койбой, аз-аздан күн сайын алып туруңуз. Үзүлгөн жемиште саат сайын витаминдер азая берет.
Жашылча-жемиштерди сууга салып койбоңуз, сууда алар витаминдерин жоготот.
Бууга бышкан же духовкада даярдалган жашылчаларда витаминдер жана минералдык заттар жакшы сакталат.
Фольгага оролгон эт, балык, жашылча жагымдуу жытка ээ болуудан тышкары пайдалуу заттарын жоготпойт.
Жазгы авитаминоз убагында организм А, С, Д, Е жана В тобунун витаминдерине муктаж болот. А витамини - териге байланыштуу маселелерге жооп берет, С - тез-тез суук тийүүдөн сактайт, Д - кальцийдин организмге оңой сиңирилишин камсыздайт (сөөктөрдүн, чачтын жана тырмактын абалын жакшыртат), Е - энергия берет, В тобунун витаминдери - чарчоону жок кылат, ткандарды кислородго каныктырат, клеткалардагы белок алмашууну жакшыртат, нерв системасын бекемдейт. Таблетка түрүндөгү витаминдер менен жашылча-жемиштеги витаминдердин баалуулугу жана пайдалуулугу жагынан эч кандай айырмасы жок.




181 мүчөсү бар үй-бүлө

Дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлө Индиянын Бактванг кыштагында жашайт. Ал ал үй-бүлө 181 мүчөдөн туруп уламдан улам көбөйүп барат. 67 жаштагы Зиона Чананын 39 аялы, 94 баласы, 33 небереси жана 14 келини бар. Чоң үй-бүлө төрт кабаттуу, жүз бөлмөлүү үйдө турушат. Бирок өз-өзүнчө бөлмөдө үй-бүлө башчылары гана болуп калгандары чоң залда аралашып жашашат. Үйдө өзүнүн мектеби, устачылык жайы, чарбачылыгы, күрүч талаасы жана чоң багы бар. Зиона Чана мамлекеттен эч кандай жардам албай ушундай чоң үй-бүлө өз жандарын багып жатканы менен сыймыктанат. Үй-бүлөдөгү баардык эркектер устачылык менен алектенишет, ошондуктан тамак-ашка, кийимге акчалары кенен жетет. Аларда аскердик тартип сакталат. Баардыгын Зионанын биринчи жубайы 69 жаштагы Затианж башкарат, ал үйдөгү аялдарга, кыз-келиндерге жумуш таап берет. Алар күн сайын кечки тамакка 30 тоок союп, 60 килограмм картошка тазалашып, 10 килограмм күрүч кайнатышат. Ашканадагы жумуш бир мүнөт да токтобойт. Аялдарына күйөөсү өз милдетин кезек менен аткарат. Ар бир аялы өзүнүн жашоодогу бактылуулугун баса белгилешет, мисалы 37 жаштагы Нгаузали өзүн күйөөсүнүн сүйүктүү аялы деп эсептейт, анткени ал 18 жылдан бери күнүгө эртең мененкисин күйөөсүнүн чачын тарап берет. Баардык аялдары булар бактылуу, уруш-талашы жок үй-бүлө экендиктерин белгилешет.
Зиона Чана жаш кезинде үйлөнүүнү таптакыр каалаган эмес, анткени атасынын 7 аялды кандай кыйынчылык менен кармаганын көргөн. Эми анын аялдары атасыныкынан беш эсе көп, алдыда эл аралык аренага чыксам деген ою бар, учурда Америкадан жубай издештирүүдө.

Айзада КӨчкӨнбаева