, 18.03.11 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ильич Кулназаров:
"Бир топ чиновниктер менен "эркекче" мушташкам"
Коомдук биринчи каналда жигердүү иш алып барган жаштар саналуу гана десек алардын бири бүгүнкү маектешибиз Ильич Кулназаров. Ильич көгүлтүр экрандын көрүүчүлөрүн алгач маалымат менен тааныштырса кийинчерээк "Ильич иликтейт" аттуу берүүсү менен өлкөбүздүн ичинде катылган бир топ көйгөйлөрдү козгоп чыккан. Учурда аталган телеканалдын Социалдык Экономикалык жана инновациялык бөлүмдүн башкы редактору болуп эмгектенүүдө.

- Ильич, сиз жетектеген бөлүмдө негизинен кандай иштер аткарылат, кайсы багытта иш алып барасыздар, бул бөлүм мурда эле бар беле?
- Бул бөлүм мурун эле түзүлгөн, биздин бөлүмдү Коомдук телеканалдын жүрөгү десе да болот, анткени бул редакцияда ар түркүн көрсөтүүлөр чыгарылат. Автордук, саясий-социалдык көрсөтүүлөр, мамлекеттик деңгээлдеги Ала-Тоо аянтынан түз алып көрсөтүүлөр, президент, депутаттардын ант берүүлөрү, спорттук көрсөтүүлөр , медицина тармагы, айтор кызыктуу иштер менен камсыздалган. Бул жерде иштөө абдан кызыктуу десем жаңылышпайм.
- Демек чоң жоопкерчилик мойнуңузга артылган экен, негизи эле сиздин журналистикага, анын ичинен телевидениеге болгон кызыгууңуз кандайча ойгонгон?
- Мойнума чынында чоң жоопкерчилик артылган, телеге келишиме кызыгуумдун эң биринчи себеби менин бул кесипти абдан сүйгөндүгүмдө. Ошол кызыгуум ушул күнгө чейин артып улам жаңы идеяларды ишке ашырып берилүү менен эмгектенип жатам десем болот.
- Жеке сиз чыгарган продукция катары кайсы көрсөтүүлөрдү баса белгилеп кетсе болот?
- Эми жеке гана өзүм дегенден алысмын, жаңы, жаш кадрларды даярдап, алар менен акылдашып, баарыбыз биргелешип жаңы долбоорлорду чыгарып жатабыз. Атай турган болсом: "Чындык сааты" "МВД наказание не отвратимо" берүүсү кыргызчасы менен, "Инсан" жана башкалар. Булар КТРдеги жаңы, мыкты долбоорлор десем болот. Дагы башка жаңы долбоорлорду даярдап жатабыз.
- Ар бир таңды кандай тосуп, иш күнүңүздү эмне менен баштайсыз?
- Ар бир таңды балдарым менен тосом. Жумушка кетип жатканда алардын таттуу уктап жатканын көрүп ичим ысып, баарын бирден жыттап анан жумушка кетем. Алар мага заряд бергендей эле болот. Иш күнүм ар кандай кырдаалга жараша башталат, кофени жактыра бербегендиктен башкалардан айырмаланып кофе ичүү менен баштабайм.
- Мындан бир канча жыл мурдагы телевидениенин алып барган иши менен учурдагы абалдын айырмасы барбы?
- Албетте, мындан бир канча жыл мурдагы телевидениенин алып барган иши менен учурдагы иштин айырмасы абдан чоң десем жаңылышпайм. Мурда кинопленка менен иштешсе азыр кассета менен иштейбиз. Жакында санариптик системага өтсөк иштөө сапаты дагы жакшырат. Күжүрмөн чыгармачыл топ изденүү менен улам жаңы долбоорлорду көрүүчүлөргө сунуштап жатышат.
- "Ильич иликтейт" аттуу көрсөтүүңүз менен элдин катмарына сиңип, ар бир чыгарылышын күтүп көрүшчү эле, акыркы учурда ал программа жарыкка чыкпай калгандай, себеби барбы?
- "Ильич иликтейт" аттуу көрсөтүүмдү болсо башкы редактор болгону токтотуп койгом, анын үстүнө өлкөдөгү туруксуз абал ага көп тоскоолдукту жаратты. Элдин баары эле өзүнүкүн туура деп санай бергендиктен ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр абдан көп болду.
- Кайсы жердин кулуну болосуз, атыңызды эмне үчүн Ильич деп коюшканына кызыгып көрдүңүз беле?
- Өзүм Нарын областынын Жумгал районунун Лама деген айылында төрөлүп өскөм. Туулган күнүм 22-апрель болгондуктан атам Ильич деп атаган экен.
- Демек Лениндин атынан коюлган тура.
- Ооба.
- Аялзаты карьеранын артынан түшсө жеке жашоосуна убакыт бөлбөй калат дешет, мырзалар бул абалда кандай болушат. Сиз карьерист адамдардын катарына киресизби?
- Аялзаты жөнүндө эми эч нерсе деле айта албайм, анткени менин жубайым карьерист эмес. Ал эми мен карьерист болсом эбак болмокмун, аны эл таразалайт да. Мен үчүн сүйгөн кесибиңди аркалоо, үй-бүлөңдү эл катары багып, балдарымдын сүйүктүү атасы болуу баарынан жогору турат.
- Күн-түн дебей иштегендиктен үйгө көңүл буруу аз болуп калат эмеспи, бул багытта жубайыңыз ишиңизди кандай түшүнөт, колдойбу?
- Туура айтасыз, жумушум абдан көп, балдарыма кээде өзүм каалагандай көңүл бура албай калам. Бул багытта жубайым абдан түшүнүү менен жардамын берет. Албетте, кээ бир учурда таарынып да калат.
- Сүйүүдө туруктуусузбу?
- Сүйүүдө туруктуумун, сүйөөнчөөк адамдардын катарына кирбейм.
- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дейт, кандай өнөрлөрдүн ээсисиз?
- Гитарада ойнойм, анда-санда ырдап коем, анан биллярд ойнойм.
- Саясат жаатына кандай көз караштасыз?
- Саясат жаатына болсо өтө олуттуу карайм, анткени ар бир окуя менин редакциям анан жүрөгүм аркылуу өтүп турат. Эл алдында кандайдыр бир комментарий берүүдөн алыс эле болгонум оң го.
- Сүрөттөрүңүздү карап отурсам жаратылышка, аңчылыкка чыкканды жактыргандайсыз, дайыма тоо аралайсызбы?
- Жылына эки жолу жайында анан кышында тоого чыгып алып кенен ой жүгүртүүнү, жакын адамдарым менен сыр чечише сүйлөшүүнү, тоо жытын искегенди абдан жакшы көрөм. Аңчылык менин хоббим.
- Жүрөк өйүгөн көйгөйлөргө туш болгондо журналист катары гана анын көйгөйүн гана элге жеткирип койбостон көп убакыт бою ошол окуя жадыңызда жашап калган учурлар болду беле?
- Абдан көп болгон.Негизи ар бир чыгарган көрсөтүү алгач өзүңдүн жүрөгүң аркылуу өтпөсө көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жеткире албайсың.
- Бой көтөрөсүзбү?
- Эч качан көтөргөн эмесмин, көтөрбөйм дагы. Жөнөкөйлүктү баалайм.
- Мырза катары машина айдоого да кызыксаңыз керек?
- Абдан кызыгам.
- Сизге бир эле учурда көп суроону катары меенен узаткым келип турат, эмнеден коркосуз, эң жаман көргөн адатыңыз, эгер сиз миллиардер болсоңуз эл үчүн эмне кылат элеңиз, улутчулсузбу, тил маселесине көз карашыңыз кандай?
- Кудайдан корком, эң жаман көргөн адатым-ак көңүлдүүлүгүм. Миллиардер болсом өзүм туулуп өскөн айылымдын жолун оңдотуп, жапжашыл айылга айлантып, көп ишканаларды ошол Лама айылына курмакмын. Улутчулмун, тил боюнча кыргыз тили кайрадан жанданып жаштарыбыз кыргыз тилинде сүйлөшүп бара жатышат, бул мени кубантат.
- Кыргыз элинин трагедиясы эмнеде дагы бактысы эмнеде деп ойлойсуз?
- Кыргыз элинин трагедиясы- жалкоолугу, бактысы- Кудай жер, суу, жаратылыш байлыктарын мол бергендигинде.
- Лидер эркексизби, үйдөгү бийлик кимдин колунда?
- Лидер болууга эми жаш курагым келип калды аны дагы көрө жатабыз, ал эми үйдөгү бийлик өзүмдүн колумда.
- Жок дегенде жылына бир күн жубайыңызга өз колуңуз менен тамак жасап бере аласызбы?
- Бир жылда бир-эки жолу андай учур болот, өзүмдүн маанайыма жараша, балдарыма жубайыма өз колум менен тамак жасап берем.
- Эсте калган кубанычтуу күнүңүз?
- Балалуу болгон учурум эсте калган кубанычтуу күнүм. Жашоодо жарык дүйнөгө келиши ар бир адам үчүн кайталангыс бакыт болсо керек.
- Акыркы жолу ким менен "эркекче" мушташкансыз?
- Акыркы жолу бир топ чиновниктер менен мушташкам, аным сыр бойдон калсын.
- Алдыдагы тоскоолдуктарды жеңип өтүүнүн сыры барбы сизде?
- Алдыдагы тоскоолдуктарды жеңүүмдүн сыры эң жөнөкөй, ал тоскоолдуктардан өтүүнүн гана жолун ойлонуп ошону менен гана жашай берем. Проблема менен ойлонуп жүрө берсең эч качан андан чыга албайсың.
Айзада КӨЧКӨНБАЕВА