, 11.03.11 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  мезгил

Сөз эркиндиги деп баарын жазууга болобу
же, ММКнын азыркы маселелери
Дүйнөлөшүү жүрүп жаткан учурда массалык маалымат каражаттарынын ролу чоң. Мурдагыдай маалыматтар күн санап күттүрбөстөн азыр дүйнөнүн башка бурчунда болуп жаткан окуя жер шарынын башка бир бөлүгүнө ошол замат түз алып берип көрсөтүлүп жатат. Албетте, технологиянын өнүгүшү менен ушундай деңгээлге өсүп жетишип отурабыз. Ал эми бул жагдай Кыргызстандын аймагында канчалык деңгээлде өнүккөн?


Кыргызстандын массалык маалымат каражаттырынын өнүгүшүндө бир топ маселелер бар. Массалык маалымат каражаттары кандай болгондо өнүгөт, аларды өнүктүрүүнүн жолдору жана жаш кадрларды даярдоодого университеттердеги журналистика факультеттеринин орду жана ролу Кыргыз-Түрк Манас университетинде өткөн 2-республикалык медиа симпозиумунда кеңири талкууга алынды.
Бул симпозиумга региондордогу телевидение, радио жана гезиттин өкүлдөрү да чакырылган. Аймактардан келген өкүлдөр өздөрүнүн жергиликтүү телевидениенин, гезиттердин ал абалы тууралуу айтып беришти.
Симпозиумда сөз сүйлөгөн маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев Кыргызстандагы сөз эркиндиги, Борбор Азия, КМШ мамлекеттерине караганда алдыда турат десем жаңылышпайм. Муну менен катар сөз эркиндигине болгон жоопкерчиликсиз мамилебиз да тилекке каршы биринчи орунда турат дейт. "Азыр бизде маалымат коопсуздууг кооптуу бойдон калууда. Айрыкча чет мамлекеттин телевидениеси таасири жагынан дагы ал күчтүү болуп жатат. Маалымат саясатыбыз өзгөрүшү керек. Багытыбыз жергиликтүү телеберүүлөрдү өнүктүрүү. Мамлекет жыштык маселесин караганда жергиликтүү каналдарга артыкчылык берилиши керек" деди Н.Шакиев.
Коомдук каналдын директору Кубат Оторбаев телеканалдын ичинен дагы башка тармактык каналдарды ачуу тууралуу иштер жасалып жактандыгын айтты. "Биз азыр спорт, маданий мурас, улуттук дөөлөттөрдү коомчулукка кеңири жайылтуу үчүн атайын каналдарды ачуунун үстүндө иштеп жатабыз" деди ал.
"Кыргыз Туусу" гезитинин жетекчиси Бакыт Орунбеков азыр гезиттер экиге бөлүнүп алганына токтолду. "Гезиттер өкмөттүк жана оппозициялык болуп бөлүнүп алышкан. Ошол оппозицияда жүргөн адамдар бийликке келип калса, алар кандай гезит болот, оппозициялык эмес деп айтууга болобу? Журналистикалык стандарттары деген бар. Муну кыргыз гезиттер такыр сактабайт. Ал жерде айтылып жатат, калп айтпа, туура бурмалабай жаз деп, бирок тилекке каршы кыргыз гезиттерде ушактын деңгээлиндеги кабарлар көп болуп жатат. Азыр гезиттерди ачып карасаңыздар "такталбаган маалыматтарга караганда, бизге келген такталбаган маалыматтар боюнча" деген кабар, жаңылыктарга толтура. Мына ушундай калп, ушактардан улам, коомдук пикир түзүлүп, окурмандар чындык кайда экенин таппай адашып жатат" деген пикирин билдирди.
Муну менен катар "Кыргыз Туусу" гезитинин этикалык кодекси кабыл алынганын. Ага ылайык редакцияда иштеп жаткан журналисттер эч бир партияга мүчө боло албайт.
Ал эми "Ош шамы" гезитинин редактору Тургунбай Алдакулов аймактагы маалымат каражаттарынын кирешеси төмөн экендигин айтты. "Аймакта жайгашкан маалымат каражаттары борбор калаадагыдай артыкчылыктарга ээ эмес. Аймактарда реклама менен киреше табуу кыйынчылыкка турат. Ушундай каржы маселесинин айынан жакшы ниет менен түзүлгөн гезиттер жабылып калып жатат" деген пикирде.
Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халилов бүгүнкү күнү 12 жогорку окуу жайында журналистика факультеттери менен бөлүмдөр бар экенин айтты. Учурда үчүнчү муундагы мамлекеттик программа, окуу стандарты даярдалып жаткандыгын айтты. "Ага ылайык студенттер мурда 60 пайыз теориялык, 40 пайыз практикалык негизде билим алып келген болсо, жаңы программага ылайык бул көрсөткүчтөр тескерисинче болот. Бул студенттердин аудиторияда алган билимин, практика жүзүндө айкалыштурууга болот деп айтсак болот. Техниканын өнүгүшү менен блокнот менен ручка белгилүү бир деңгээлде иштен чыкты. Азыр жаңы чыгып жаткан техниканы өздөштүрбөй туруп ыкчам кабар берүү мүмкүн эмес. Жаңы технологияны өздөштүрүү да журналисттер үчүн өзүнчө шарт болуп бара жатат" деди ал.
Ал эми Манас университетинин коммуникация факультетинин деканы Байрам Кая Түркиядагы университеттерде 56 журналистика факультети бар экенин айтып, алардын билим берүү ыкмалары бир-биринен айырмаланып тураарын айтты. Мына ушундай ыкма Кыргызстанда журналисттерди даярдап жаткан университеттерде да болушу керек экендигин баса белгиледи. "Университеттердин билим берүү системасы бир-биринен айырмаланып турушу керек. Анткени, ошол айырмачылыктар университеттерди бир-биринен айырмалайт. Университеттерде окутуунун стандарты болбого тийиш, анткени стандартка салганда алар өспөйт", деди ал. Ошондой эле адистерди даярдай турган адистерге дагы муктаждык бар экенин белгиледи.
Расул Үсөналиев



Азык-түлүктүн кымбатташын коомчулук кандай кабыл алды?
Жылдыз, 4 баланын энеси
- Албетте, кымбаттаган эле азык азыр нан болбодубу. Мен күнүнө 5 нан сатып алам. Эртеден кечке жумушта болгондуктан үйдө нан жасоого убактым болбойт. Балдарым болсо азыр нан жей турчу маалы. Мурда московский деген бөлкөнү 13 сомдон сатып алсак, азыр аны 14, кээбир жерлерде 15 сомдон сатып жатат. Мурда каймак, таттуу-паттуу дегенди сатып алсак, азыр аны алууну бир аз азайтым. Антпесем, алган акчам айдын аягына чейин балдарымдын нанына жетпей калчудай. Мындан башка эт дагы кымбат, мурда жумасына болбосо дагы бир айда эки, үч жолу эт сатып келип тамак жасачу элем. Азыр аны унутуп деле калдык. Дагы жакшы жанагы "ролтон" деген чыгып, балдарымды эптеп алдап жатам. Эми азык-түлүк дагы кымбаттаса эмне кылам деп ойлонуп жатам. Азыркы жумушума кошумча дагы жумуш табууга туура келет окшойт.

Нурлан, таксист
- Өтө деле чектеп салды деп айтууга болбойт. Бирок, бир аз да болсо чөнтөккө күч келгени байкалып жатат. Мен күнүгө такси айдап, кечинде үйгө 1500-2000 сомго чейин таап барчумун, эми мындай акча ар күнү эле боло бербейт да. Бала бакыраны багыш үчүн тапкан акчам жетип жатат. Азык-түлүктү дагы кымбаттайт деп жатат. Мына ундун баасы эле 400 сомго кымбаттады. Өсүмдүк майы да кымбаттаптыр, аны өткөндө базарга азык-түлүк алайын деп барганда араң көрдүм. Шекердин баасы да асмандаган турбайбы, ушуларды өткөндө базарга барганда билдим. Карапайым элдин курсагын ойлош керек. Мына жаңы бийлик деп эле баарыбыз кош колдоп жаттык эле, азыр аларга болгон да ишеним азайып баратат. Мына азыр эл айта баштады, бакиев заманында баа мынчалык көтөрүлгөн эмес. Бакиевдер бийлик бутактарын бөлүштүрүп алышса, булар өндүрүш тармактарын бүт баары бөлүп алды деген нааразычылыктар болуп жатат. Мен таксист болгондуктан мындай пикирлерди көпчүлүк тургундардан угуп жүрөм.

Бектур, шаар тургуну
- Баалардын кымбаттаганын мен жонтерим менен эле сезип жатам. Анткени мен пенсиядагы адаммын. Алган пенсияма бир мүшөк ун, кумшекер, чай-май алып коёбуз. Эми ун кымбаттады, шекер кымбаттады буларды да сатып ала албай калат окшойбуз. Кары картың адамдар эт жеп, кичине күчтүү тамак ичиш керек, алган пенсиябыз этке түгүл, эми ун менен кумшекерге жетпей калганы калды. Мына азыр кыргызстандын канчалаган жери какырап бош жатат. Ошол жерди иштетип, ага эгин эгип, элдин камын ойлош керек да. Мына казактарын деле какыраган чөлүн өздөштүрүп буудай айдап, элин жакшынакай эле багып жатпайбы. Биздин жетекчилер дагы ошол жагын ойлонуп иш кылышса дейм. Калктын курсагы ток болсо эле, пейили да ток болот. Ачка эл көчөгө чыгып митинг-пикет өткөрөт да.
Перизат, мугалим
- Азык-түлүк буга чейин деле кымбаттаган да. Бирок, мынчалык баалары көтөрүлүп кетпесе керек. Кымбаттаган бааларды кайрадан түшүрүп, бир эки айдын ичинде эле кайра арзандап калчу. Азыр жыл жаңыргандан бери эле өзгөчө ун, кант майдын баасы такыр эле ылдыйлабай койду. Кымбатчылык албетте, айлыктын эсебинен жашагандарга бир топ эле таасир этип жатат. Айдан айга айлыктын көзүн карап жашачу элек. Эми кымбаттагандан бери акчабыз да жетпей калып жатат. Шаар жери болгондон кийин тапкан акчаңдын жарымы жолго кетет. Мына 1-майдан баштап мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт деп жатат. Бирок, азык-түлүктүн баасы кымбаттагандыктан, ал кошула турчу акчасынын деле таасири сезилбей калат го деп ойлоп жатам. Бир жагынан жөлөсө, башка жагынан кайра берген акчасын алып коюп жатпайбы. Андыктан мугалимдердин алган айлыгы кайра эле көр тириликке жетпей калат көрүнөт.
Мирлан, жеке ишкер
- Азык-түлүктүн баасы жылдын башынан бери эле кымбаттап жатпайбы. Азырынча менин кандайдыр бир азык-түлүктөрдү сатып алуума жолтоо боло элек. Бирок, акчамды азыр үнөмдөп калдым. Керектүү гана нерселерди сатып алууга аракет жасайм. Анан менин байкаганым, эт азыктары да кымбаттады. Өзгөчө койдун эти. Мындай карасаң Кыргызстанда мал көп эле, бирок эмнегедир эттин баасы базарларда кымбат. Өзүбүздөн чыккан товарлардын баасы арзан болсо жакшы болмок да. Кымбаттаган азык-түлүктүн баасы аз да болсо түшмөк.
Сезим, студент
- Студент болгондон кийин биздин биринчи эле түйшөлгөн маселебиз ушул курсак маселеси да. Азык-түлүктүн кымбатташы ушул студенттерге биринчи сезилет. Нан менен шекердин баасы кымбаттаганы биз үчүн жакшы болгон жок. Биздин күнүмдүк тамагыбыз ушул шекер менен нан да. Айылдан келген азык-түлүк менен азыр жашап жатабыз. Баалар дагы канчага чейин көтөрүлөт, аны күтүп туралы. Жок дегенде ушул нан менен шекерге болгон баа турукташып, арзандаса жакшы болмок. Азырынча айылдан келген азык-түлүк менен жашап жатабыз. Алар түгөнгөндөн кийин кайсыл продуктыларды сатып албайбыз, ошондо көрөбүзгө. Азырынча нан менен шекердин кымбаттаганы бизге сезилип жатат.