, 11.03.11 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Атың чыкпаса жер өрттө

Отунбаевага теңелбейм деп теңелгиси келүүдө
2007- жылдан бери АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулуп, жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн адам укугун коргоодо, социалдык турмушту өнүтүрүүгө салымын кошуп келаткан аялзаттарына тапшырылып келаткан "Каарман аял" сыйлыгы бул жылы Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын да шыбагасына буйруду. Буга дейре дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн 38 аял татыктуу болгон. Президенттин мындай эл аралык сыйлыкка ээ болушу кыргыздар арасында да бир беткей эмес кайчы пикирлерди жаратып баштаган учурда сырттан да коңгуроо келди. Өзбекстандын бир кездеги укук коргоочусу, учурда өз мекенинен чыгып кетип Европада баш калкалап жүргөн Мутабар Тажибаева да 2009 - жылы ушул эле сыйлыкка татыган экен.

Эки жылдан бери "Каарман аял" экенине сыймыктанып келген айым кыргыз президентинин да бул сыйлыкка татып калганы менен келише албай атат. 2010 - жылдагы июнь окуясынын алдын алалбай жүздөгөн өзбек жарандарынын өмүрүнүн кесилишине себепкер болгон бийлик ээси менен бир катарда тургусу келбейт экен. Улут арасындагы коогалаң башталаар замат кыргызды наалат айтып ыры менен "ыйлап" чыккан өзбек ырчысынын дагы бир көчүрмөсү пайда болду окшойт. Тажибаева Роза Отунбаевага аял катары эч кандай тирешүүсү жоктугун, ал болгону Кыргызстандын президентине каршы экендигин айтат. Отунбаева бийлик башына келгенге чейин өзбек укук коргоочусунун жылуу сыйына арзып жүргөн экен эле.
Июнь коогалаңы эки улутка бирдей келген алаамат. Анда бир гана өзбек жарандары эмес, кыргыз да жабыр тартты. Кордолгондор, шейит кеткендер, дайынсыз жоголгондор бир гана өзбектер эмес, кыргыздар дагы тууганынан, энесинен, атасынан, баласынан ажырап кан жутту. Ким кимди тукум курут кылууну көксөдү, ким кимге биринчи тиш кайрады аны биз, адамдар абийир сотуна эмес, улутубузга тартып каалашыбызча бүтүм чыгарганыбыз менен ал жогорку Кудайга белгилүү. Кыргыз канча деген азаматтарынан айрылып, чыныгы бийлик жок, утурумдук бийлик күчүн чыңдай электе капталдан кол салган боордо өскөн жыландын күнөөсү канчалык болушу керек эле.
Мутабар Тажибаеванын арызы дүйнөлүк коомчулукта кандай кабыл алынары азырынча белгисиз, бирок атың чыкпаса жер өрттө дегендей, Кыргызстанга бул бир заматта таанымал болуп чыга келди. Буга чейин +збекстандын ичинде ишкердүүлүк жигерин көрсөткөндүр, укук коргосо +збекстандын ичинде коргогондур, эл сыйына арзыса өз элинин сыйына арзыгандыр. А бизге анын ысык - суугу жок болчу. Бирок кыргыз президентине каршы жасаган аракети аты чыкпагырдын атын таанып - билүүгө аргасыз кылды. Кайрылып көрөлү.
Мутабар Тажибаева Ферганадагы "Жалындуу жүрөк" укук коргоо клубун түптөөчүлөрдүн бири. Ислам Каримовдун диктатурасынын курмандыгына айланган, укугун жоготкон адамдардын таламын талашып, өзбек президентинин номер биринчи душманына айланууга чейин жеткен. Укук коргоо ишмердигинин айынан эки жылдан ашык абакта жатып чыккандан кийин мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгон. Болгон таржымалы ушул. Чындыкты жактай коем дегендер бүгүнкү замандын караңгы тарабына өтө качаары турган иш. Дүйнөдө укугу тепселенген жарандын укугун талаша коем деп өз укугунан ажырап кала жаздаган укук коргоочулардын мисалы толтура. Андыктан мекенинен качып Европада саясий качкын эсебинде күн көрүп аткан укук коргоочу айымдын өткөнүнөн өзгөчө баян жаратуунун деле кереги жок.
Албетте, өлкөдөгү абал бийлик ээсинин кейпин чагылдырган күзгү экени талашсыз. Бирок, илгерки жоокерчилик заманда дагы азалуу элге капыстан кол салуу жоокердик замандын эч бир эрежесине шайкеш келген эмес. Апрлеь окуясынан мертинген кыргыз белин түзөй электе капталдан чуу чыгарган өз элинин тентектигин, ар кандай алааатта бир гана тарап жабыр тартпашын Европада жашаган укук коргоочу түшүнбөгөндөн кийин ыр ырдаган ырчыга кайгырыштын деле кереги жок. Хиллари Клинтон өз сөзүндө: "Буга чейин бир да мамлекет башчыга мындай сыйлык берилген эмес, бирок Борбор Азиядагы алгачкы аял президент, Кыргызстандын лидери Роза Отунбаеванын эбегейсиз эрдигине, башкаруучулук жөндөмөнү, өжөрлөгөнүтан бердик", деп белгилеген. Ал эми Мутабар Тажибаева "Орто Азиядагы биринчи аял президент деп эле каармандыкты арнай берсе болобу? Анда эртең Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова президент болуп калса же, Казакстандын бийлигинин мураскери катары Дарига Назарбаеванын башына таажы тагылса, анда аларга деле бул сыйлыктан бериш керекпи?" деген түйшөлүүнүн түбүнө камалып алды. Роза Отунбаеванын Орто Азиядагы биринчи аял президент экендиги бул жөн гана сырткы көрүнүш, а чыныгы ички көрүнүшү - өткөөл курактагы мамлекеттин бар салмагын аял моюнуна артып, кыйын кырдаалда журт башында туруп бергендеги азабы бизден, кыргыздардан башка кимге дайын.
Буга башкалардын башы ооруйбу, кароосуз калган өлкөнүн курмандыгы кыргыздар гана болот. Башыңа күн тийгенде бардыгы дос, түн түшкөндө түндөн карайлаган кыргыздар гана бири бирине арка жөлөк боло ала турганын башыбыздан өткөн убакыттар деле далилдебедиби. Аны көрүп, билип жон терибиз менен сезип турсак да башка эмес өзүбүз кыргыздар деле кайчы пикирди айтып каармандыкты өзүбүздүн президентибизге ыраа көрбөй кетип атабыз.
Дубана таарынса куржунуна зыян, абийири ушунчалык адал болсо, улут аралык жаңжал чыккан учурда бийлик башында турган адам менен бир сыйлыктын ээси катары бир катарда турууга абийири жол бербесе, мейли.
Укук коргоочу арызында "2009 - жылы Хиллари Клинтон менен Мишель Обаманын колунан АКШнын мамлекеттик департаментинин "Каарман аял" сыйлыгын алганымда менин элим, жакын досторум, кесиптештерим кубанычымды чогуу бөлүшкөн эле. Бул сыйлык адамзаттын укугу геосаясий кызыкчылыктарга үстөмдүк кыла баштаганына ишендирип, биздеги үмүттү ойготкон эле. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашап жатышкан менин улутташтарым сыйлык алганымды диктатура менен болгон күрөштүн жеңишиндей кабыл алышып, майрамдап жатышканда Өзбекстандагы Каримов жана анын жандоочулары туталанышкан. Анткени бул сыйлык Ислам Каримов сыяктуу дүйнөнүн бир диктаторуна чоң сокку болгон эле.
Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинин лидери болуу үчүн өтө эрктүүлүк талап кылынары айкын. Бирок, эрктүүлүк жана каармандык Роза Отунбаевада жетиштүү деңгээлде жоктугун айтышкан адамдар да бар. +лкөдөгү абал тууралуу ачуу чындыкты моюнга алуу жана аны эл алдында жарыялоодогу кайраттуулук тууралуу айтып атам. Жүздөгөн өзбек калкынын өмүрү кыйылган июнь окуяларында жана азыр да өзбек калкы улутчулдардын курмандыгына айлануу коркунучуна жашап атышканда өлкөнүн бийлигинде турган Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага бул абройлуу сыйлыктын тапшырылышы сыйлыктын кадыр - баркына доо кетиргендик.
Аялдарга жана карыларга карата атылган окту, тирүүлөй өрттөөлөрдү, акыл - эстен кете түшкөн чогулгандардын жаш кыздарды зордуктоосун жабыр тарткан тарап өзбек улутуна таандык болгону үчүн алдын ала токтотуп кое албаган аялды кантип "эрктүү" деп атай аласың? Июнь окуясынан жашап өткөн, дале өздөрүнө келе элек, "өзбек махала" деп каршылаш - зордукчулдардын алыдында айтууга даай албай калган өзбектердин абалын бир ирет барып сурабаган аял кантип каарман катары каралат?
Роза Отунбаева менен катар бир сыйлыктын ээси болуш мен үчүн элимди, улутумду кордогондой сезилет. Ошондуктан жүрөгүмдүн оор онтоосу, көзүмдүн кылгырган жашы менен 2009 - жылы АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан тапшырылган "Каарман аял" сыйлыгынан баш тартам".
Арыздагы кыргыздарды тынч жаткан элге кол салган мыкаачы катары көрсөткөн жазууларга көңүл буруунун деле зарылчылыгы жок. Анткени кол салган тарап өзүн жабыр тарткан тарап көрсөтүп, актанганда бийигирээк кыйкыраарын адамзаттын тарыхындагы мисалдар далай ирет далилдеп берген. Балким, укук коргооочу айымга кыргыз президентинин апрель айын этектей биринен сала бири келип, мамлекеттин башына үйүлгөн кыйын кырдаалдан жол таап чыгып кетип, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калганы жакпай тургандыр.
Думана таарынса куржунуна зыян дейт, жүрөгүн оорутуп, көзүнүн жашын агызып сыйлыктан баш тартууну каалагандардын өз эрки, а биз сыйлыгыңыз кут болсун, Роза Исаковна, деген сыймык менен бирге калабыз.

Үмүт Баян





Саясий партиялар
Партиялар жана жарандык укук
Азыр ар бир саясий партиянын жүзү, ошол партиянын лидеринин саясий көз-карашын чагылдырып турганы кыргыз журтчулугуна жашыруун эмес. Илгери Компартиянын учурунда "Ленин десе Компартияны, Компартия десе Ленинди билебиз"-деген канатуу сөз бар эле. Азыр деле так ошондой. Болгону ал кездегидей парт босстордун туруктуулугу гана жетишпейт. Маселен кечээ эле А. Акаевдин учурунда "Алга Кыргызстан" саясий партиясында "алгалап" жүргөндөр 2005-жылы 25-марттагы тоңкөрүштөн кийин К. Бакиев күчтөп түзгөн "Ак жол" саясий партиясынын катарын толуктап "Ак жол"-деп ураан чакырып келгени баарыга маалым. Бүгүн ошол "Алга Кыргызстан", "Ак жол" саясий партияларынын мүчөлөрү КСДП, "Ата-Журт", "Республика", "Ата-Мекен", "Ар-Намыс" жана башка саясий партияларына кумга сиңген суудай сиңип кеткенин көрүп, эки жүздүүлүктүн курмандыгы болгон кыргыздын карапайым букараларын аяп кетесиң.
Балталап да оңдой албай койгон Баш мыйзамды окусаң: эгер бир партиянын мүчөсү болбосоң ЖоКеге депутат боло албайт экенсиң. Болгон жетишкендигиң саясий партиялардын мүчөлөрүн депутаттыкка татыктуу шайлоого гана укугуң бар. Бул деген карапайым катардагы кыргыз жарандарын келекелөө, кемсинтүү эмеспи? Ал эми партбосстор менен анын мүчөлөрү жыйырма жылдан бери элди эзип, чоң акырдан азыктанып келген акчалуулар. Жонөкөй элге партияларда орун жок. Болсо да бир нече миңинчи катарда. Анын кезеги келгенче нээ замандар өтүп кетери бышык.

Кумдан жасалган сепил
Турсунбай Бакир уулу, Топчубек Тургуналиев сыяктуу кээ бир партбосстор, өз кызыкчылыгы үчүн партиялаштарын жээрип, башка партияларга өтө качып жатса, кээбир партиялар лидерлерин жээрип жаткан учурларына күбө болосуң. Тулпар тушунда демекчи, бир кезде "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү, жетекчиси Үсөн Сыдыковдун кареги менен тең айланып жүргөн болсо, азыр андан жаа бою качып турушат. Дос болбой калганбы ким билсин Досбол Нур уулу баш болгон париянын бир да мүчөсү коомчулука Үсөн Сыдыков боюнча ак же көк деп пикир билдиргенге жараган жок. Мындан саясий партиялардын жеке адамга гана кызмат өтөп жатканын түшүнүүгө болот. Ошол эле көрүнүш "Компартия" мүчөлөрүнөн да кездешүүдө.
Демек, бүгүнкү оомал-төкмөөл заманда КСДП, "Ата-Журт", "Республика", "Ата-Мекен", "Ар-Намыс" жана башка саясий партиялары мына ушундай тагдырга тушукпайт деп айтуу да кыйынга турат. Анткени Кыргызстанда бир да саясий партиянын карапайым элге жугумдуу программасы жок. КСДП-десе А. Атамбаевди, "Ата-Журт"-десе К. Ташиевди, "Республика"-десе Ө. Бабановду, "Ата-Мекен"-десе Ө. Текебаевди, "Ар-Намыс"-десе Ф. Куловду түшүнөбүз. Ал партиялардын калган мүчөлорү эч кимди кызыктырбайт. Партиялар жалпы элдин жашоо-турмушун жакшыртууга эмес, жеке бир пенденин арзан баа абройун арттыруу үчүн кумдан сепил жасап келгенин тарых далилдеп келет. Ошондуктан "...Аргымак минген Катталар менен Алтын кемер Даткалар..." карапайым элдин пикирин да кеч боло электе эске алганды үйрөнсө жакшы болмок...

Б. Тасмаев