, 11.03.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргызстандагы орус-америка кызматташтыгы
АКШ менен Орусия өз ара алакаларын "башынан башташкандан" кийин Кыргызстан бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өзгөрүшүнө, алардын келишимдерине жана иш сапарларына күбө болду.

Өзүнүн күчтүү геосаясий позициясына таянып, мурдагыдан алда канча ар тараптуу жана кылдат тышкы саясатын иштеп чыккан Орусия Ооганстандагы АКШ менен НАТОнун аскердик аракеттери боюнча Вашингтон менен кызматташууга ынтызар, ал эми Кыргызстан болсо бул кызматташтыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда Орусиянын АКШ менен өнөктөштүгү анын Кыргызстандагы аскердик жана саясий өз кызыкчылыгы менен туура келет, бул болсо Москвага Кыргызстанда болуп жаткан окуялар боюнча чечүүчү сөз айтууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстан - Москва менен Вашингтон үчүн өтө деле актуалдуу маселе эмес, бирок алардын ортосундагы мамилелердин стратегиялык бөлүгү болуп саналат, анткени Кыргызстанда Борбор Азиядагы бирден бир америкалык аскер базасы - "Манас" Транзиттик жүк ташуу борбору жайгашкан (ТЖБ). ТЖБ Ооганстандагы АКШ менен НАТОнун аскерлери үчүн маанилүү логистика борбору катары кызмат кылат жана учактарга май куят. Кыргызстан ошондой эле Орусия жана башка мурдагы совет республикалары аркылуу аскердик эмес жүк өтө турган Түндүк камсыздоо түйүнүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Мындан тышкары, Түндүк камсыздоо түйүнү Пакистан аркылуу өтө турган камсыздоо багыттарын толуктап турат.
Жакында Кыргызстан тарап катышкан келишимдердин көбөйүшү жана бул өлкөгө америкалык жана орусиялык кызмат адамдарынын ат тезегин кургатпай каттай баштаганы Вашингтон менен Москва Кыргызстандын аймагында өз байланыштарын бекемдеп жатканын айгинелейт. 18-февралда Кыргызстан менен Орусия "Манас" авиабазасына отун жеткире турган ""Газпромнефть"-"Аэро"-Кыргызстан" биргелешкен ишканасын түзүү тууралуу келишимге кол коюшту. Көп өтпөй эле АКШ менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстанга "Манас" авиабазасындагы бензин менен реактивдүү отундун 50% камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бере турган болду, бирок "Stratfor"дун булактарынын айтымында, Орусия отундун 100% өзү эле толук камсыздайт, болгону кыргызстандык ишканалардын арасында анын 50% бөлүштүрүлөт.
Мындан тышкары, АКШ үчүн Орусиянын чийки мунайын жана тазаланган мунай өндүрүмдөрүн Кыргызстан аркылуу ташып өтүп, андан ары Ооганстанга реэкспорт кылуу боюнча келишим түзүлдү. "Stratfor"дун алган маалыматы боюнча, бул орусиялыктардын АКШга берген жардамы болмокчу. Бирок бул келишимден Кыргызстан пайда көрөбү же салык алабы - анысы азырынча белгисиз, анткени бул келишим Кыргызстан анча катышпаган, АКШ менен Орусиянын ортосунда эки тараптуу форматта талкууланган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болчу.
Андан да кызыктуусу - отун менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишкана түзүлгөнгө чейин эки күн калганда Кыргызстандын Кант шаарындагы орусиялык авиабазанын командачысы Олег Молостов "Манас" базасына келип кетти. Эки базанын ортосундагы аралык болжол менен 30 чакырымдай болсо да, бул орусиялык командачынын Канттагы базадан "Манаска" биринчи жолу келиши болду. Америкалык жана орусиялык аскер өкүлдөрү эки тараптын ортосундагы байланыштарды күчөтүп, ушундай иш сапарларын уюштуруп турууга убада беришти. Молостовдун иш сапары алардын аскердик байланыштарын күчөтүп жиберээри күмөн го, бирок анын бул келиши кыйла мааниге ээ болду, анткени орусиялыктар "Манас" базасына далай жолу чакырылган менен ал жакка баруудан дайыма баш тартып келишкен.
Вашингтон менен Москванын ортосунда ушундай жакындашуунун белгилери көзгө урунган менен, Орусия Кыргызстандагы өзүнүн аскердик турумун бир тараптуу кеңейтүү пландарын түзүп жатат. Орусия Кыргызстандагы бардык аскердик объектилерди бириктирип, бирдиктүү, бир борбордон башкарыла турган аскер базасын түзүү ниетин айтып келатат. 2010-жылдын сентябрында Орусия менен Кыргызстандын коргоо министрликтеринин ортосунда ушундай максатты көздөгөн келишимге кол коюлган, бирок анын качан ишке ашып, биргелешкен база өз курамына эмнени камтый тургандыгы азырынча белгисиз. Орусия мындан тышкары Кыргызстандын тынчы кеткен түштүк аймагында аскердик окуу борборун ачууну пландаштырууда. Бирок "Stratfor"дун булактары маалымдагандай, Ош шаарынын сыртында орусиялык аскерлердин тобу буга чейин эле жайгашкан. Түштүк жакта окуу борборун ачууну АКШ тарап да пландаштырган, бирок ал пландар мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган соң унутта калды. Орусия окуу борбору боюнча өз пландарына АКШны камтый кетсе колунан келет. Ошондо Кыргызстандагы орус-америка кызматташтыгынын күчүн текшергенге шарт түзүлөт.
Эң башкысы - Москва менен Вашингтон Кыргызстандагы кыйынчылыктар жүрүп-жүрүп акыры жарылып кетпеши үчүн чогуу иштешкенге ынтызар. Кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы чыңалуу дале болсо сакталып турат, ал эми начар экономикалык шарт, тамак-аштын кымбатташы, азыркы өкмөт менен коопсуздук органдарынын чабалдыгы тополоңдордун жаңы толкунуна себеп болушу мүмкүн. Ооганстандагы зомбулуктун күчөшү Москва таасир эте ала турган кеңири аймактын түштүк ыптасына коркунуч келтиргендиктен, Орусия да АКШнын бул өлкөдөгү ишеничтүү өнөктөшү экендигин көрсөткүсү келет. Чындыгында эле, Ооганстандагы АКШнын "Талибанга" каршы аскердик операцияларынын ийгилиги Борбор Азиядагы туруксуздуктун мизин кайтара алат эле. Орусия Кыргызстандагы өз позициясынын күчүн билет - анын таасири акыркы жыл ичинде аябай күчөгөн, ал эми кыргыз саясатчылары Кремлдин батасын алганы Москвага ат тезегин кургатпай каттап турушкан - демек ал муну далилдеш үчүн Батыш өлкөлөрүнө кысым көрсөтүп деле кереги жок.
Орусия менен АКШ жакынкы айларда Кыргызстандагы өз ара кызматташтыгын күчөтөт деген божомол бар. Ошого карабастан, Кыргызстандагы окуялар - бул Орусиянын Батышка карата тышкы саясий стратегиясынын бир гана багыты, ал багытты эми Москва Америка менен болгон алда канча масштабдуу оюндарында курал катары пайдаланат.
"Stratfor", 26-февраль 2011-жыл
Которгон - "Zpress.kg" агенттиги
Stratfor - бул АКШдагы эн мыкты аналитикалык журналдардын бири




Өкмөт сүйлөйт
Бекер ун берилет
Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгын эске алып, Өкмөт мамматрезервдеги 10 миң тонна буудайдын башын брондон бошотуп, ун тарттырып, тартыш турмушта жашаган үй-бүлөлөргө тарата баштады.
Буйруса эми Кыргызстандагы 124 миңге чукул үй-бүлө 50 килден бекер ун алат.
"Кыргызагропазыккорпорациясы" АК 1156 тонна унду базар баасынан арзан сатты. Мындан тышкары тартыш турмушта жашагандарга аз да болсо колдоо иретинде бардык региондордун борборлорунда жума сайын азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда.Буга болсо дагы топук кылалы.
Казына канчага кампайды?

Жокебиз 2011-жылга республикалык бюджетти кабыл алды. Быйылкы жылдагы казынабыз 98.5 миллиард сомго жетти. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу казнабыздын чыгаша бөлүгү дээрлик 40% көбөйдү. Бул каражаттар мугалимдердин, медиктердин, маданият кызматкерлеринин айлык маянасын жана пенсияны көбөйтүүгө жумшалат.
Мындай милдет Өкмөттүн башын оорутуп, ар кандай коррупциялык схемаларды жоюуга түрткү берүүдө. Ал эми мына ошол эски схемаларда май талканда олтургандарга бул жакпай жатканы жашыруун эмес. Ошол май талканда олтургандар парламенттик коалицияны уратууга далалат жасоодо деген пикирлер айтылууда.

Дыйкандарга 1,5 миллиард сом

Жазды утурлап Өкмөт дыйкандарга жазгы талаа жумуштарын жайгаштырууга жеңилдетилген кредиттерди тарата баштады. Жер иштеткен дыйкандар 200 000 сомго чейин 9%үстөк менен кредит алууга шарт түзүлдү. Кредиттерди той берүүгө эмес, буудай, кант кызылчасы, май чыгаруучу өсүмдүктөрдү эгүүгө жумшаса болот экен.
Айтмакчы, быйыл дыйкандарга 7,5 миң тонна дизел отуну базар баасынан төмөн берилмекчи. Андан тышкары грант катары Россиядан 1 миң тонна арпа уругу келмекчи.

Автоматтарга салык көбөйдү
Өкмөттүн жаңы чечимине ылайык, оюн автоматтары менен шугулданган ишкерлерге ар автомат башына салынчу салыктын көлөмү көбөйтүлдү. Эми ар автомат башына айына 4000 сомдон салык төлөмөй болушту.
Республикабызда оюн автоматтары коюлган 130 залда 2606 автомат орнотулган. Буга чейин алар жалпы салык төлөшчү. Эми жаңы тартиптен улам, буйруса казынага жылына 40 млн.сом кошумча каражат түшөөрү күтүлүүдө.