, 11.03.11 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Бабанов: "Мегакомго" байланышым жок
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго кат жолдоп, "Альфателекомго" байланыштуу имиштерди тактоо боюнча депутаттык комиссия түзүү өтүнүчүн билдирди. Ал "Бабанов "Мегакомго" байланыштуу маселелерди чечүү үчүн орус тараптан 50 миллион доллар сураган" деген кептерди тактоого чакырды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүнүн катында Бабанов, "Мегакомго" байланыштуу эч кимге жолукпаганын, айтылган кептер негизсиз экендигин белгилеген. "Мен комиссиянын бардык суроолоруна жооп берүүгө даярмын. Жашыра турган эч нерсе жок", - деп билдирген Бабанов.
9-мартта Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Алексей Островский жана депутат Семен Багдасаров Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында маалымат жыйынын өткөргөн. Алар Өмүрбек Бабанов "Мегаком" компаниясын иштетип келатышкан орусиялык ишкерлерди рыноктон сүрүп чыгуу, компанияны алардан тартып алуу аракеттерине аралашып, кыргыз-орус мамилесине залакасын тийгизди деп айтышкан.
Апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда "Альфа телеком" ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөн. Ал эми негизги көзөмөл акциясына Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы ээлик кылат.

УКМК кызматкерлери көлдүк криминал өкүлдөрүн кармашты

Улуттук коопсуздук кызматкерлери февраль айында Ысык-Көл облусунан А.А. жана Н.Б. деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жогоруда кармалгандар жасалма ишеним кагаз аркылуу Чолпон-Ата шаарынын тургунунун 1,5 га жерин мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.


И.Пирматов: Ө.Текебаев "кылмыштуу келишимге кол койгон" деп негизсиз айыптап жатат
Эгерде Өмүрбек Текебаев мага айтылгандарды далидеп бере албаса, анын кол тийбестигин жана мандатын чакыруу боюнча демилге көтөрөм, деп билдирди Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов 10-мартта парламенттин пленардык жыйынында.
"КТРКнын эфиринде Өмүрбек Текебаев менин ар-намысыма доо келтирип "кылмыштуу келишимге кол койгон" деген күнөө койду. Эгерде Текебаев муну далилидеп берсе, өзүмдүн мандатымды тапшырып берүүгө даярмын. Эгерде далидеп бере албаса, Текебаевди кол тийбестигин жана мандатын чакыруу боюнча демилге көтөрөм. Ал киши маалыматын тактап алып, анан көтөрүп чыкса болмок", - деди депутат.
Эскерте кетсек, буга чейин И.Пирматов "Кыргызнефтегаздан" миллиондорду өз чөнтөгүнө алган деген сөздөр айтылып келген.
"Кыргызнефтегаз" боюнча жетекчиси катары жабдыктардын келиши кызыктырган эмес. Кандай жабдууларды алууну инвестор өзү тандайт, ага жетекчилик кызыкдар эмес", - деди ал.

Тажикстандан келаткан 5 тонна техникалык спирт кармалды
Бажы кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Кадамжай бажы постунда Тажикстандан көмүр тартып келаткан оор жүк ташуучу унааны кармашты. Бажычылар көмүрдүн астын текшере келгенде желим бөтөлкөлөргө куюлган 5 тонна техникалык спирт табылган. Ушул тапта бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Абдылда Малдыбаев билдирди.


Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк оорусу менен катталгандардын саны өсүүдө
Учурда өлкөдө өнөкөт бөйрөк оорусу менен катталгандардын саны өсүүдө. Бул дартка мурда 6-7 жаштагы балдар кабылса, учурда 1 жашка чейинки наристелер дагы чалдыгып жатат. Дарыгерлердин айтымында, оорулуулардын көпчүлүгү врачтарга дарт өнөкөт болуп кеткенден кийин гана кайрылышат. Бул тууралуу Коомдук телерадиокорпорациясынын сайтында маалымдалды. 2005-жылдан бери бөйрөк оорусунун алдын алуу боюнча бүткүл дүйнөлүк күн белгиленип, март айынын экинчи жумасында жана адистердин катышуусу менен эл арасында түшүндүрүү акциясы өткөрүлөт. "Бөйрөк ооруларынын ичинен пиелонефрит өтө кеңири тараган дарт, ага ар башка курактагы адамдар кабылат" - дейт адистер. Бөйрөк ооруларынын туубаса, бактериалдык жана иммундук түрү менен ооруканага кайрылгандар көп. "Негизги биздин максатыбыз - өнөкөт бөйрөк ооруларынын алдын алышыбыз керек. Бул боюнча учурда коңшулаш мамлекеттер менен аппараттарды алып келүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Жакын арада кан тазалоочу аппараттарды республиканын бардык аймактарына орнотуу жолунда турабыз", - дейт саламаттык сактоо министринин орун басары Оморбай Нарбеков.

Баңгизаттарды ташуу иштерине Кыргызстандагы аба майдандары да колдонулуп жатат
Өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн баңги заттардын 15-20 пайызы гана колго түшүүдө.
Бул тууралуу өкмөттүн Коопсуздук, укук жана тартип бөлүмүнүн жетекчи орун басары Замир Молдошев "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан дале болсо баңги заттар өтө турган транзиттик өлкө катары кала берүүдө. Мындан сырткары баңгизаттарды ташуу иштерине Кыргызстандагы аба майдандары, анын ичиндеги Ош жана Бишкектеги аэропорттор да колдонулуп жатканын тууралуу кабарлар бар. "Мындан улам бул маалыматтарды тактап, аэропортторду текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.", - деди Модошев.





Кыргызстанда 3385 адам ВИЧ/СПИД менен катталды

2011-жылдын 1-мартына карата Кыргызстанда 3 миң 385 адам ВИЧСПИД оорусу менен катталды. Бул тууралуу республикалык "СПИД" бирикмесинин маалыматтык эпидемиологиялык бөлүмүнөн билдирди. Маалыматка ылайык 97 адамда ВИЧ/СПИД илдети быйыл аныкталган. Бул инфекцияны жугузуп алгандардын 3 миң 212 Кыргызстан жарандары, 2 миң 364ү эркектер, 848и аялдар. Алардын 2 миң 92си баңги затын сайынуу аркылуу жуктурушкан. Республика боюнча бул оорудан 161 адам каза болгон.