, 11.03.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Айпери Сыдыкова:
"Генералдын жары болуп калышым мүмкүн"
- Айпери, чыгармачылык жаатындагы иштериң кандай болуп жатат?
- Учурда кош бойлуу болгонума байланыштуу катуу таксикоз болуп кыйналып чыгармачылыкка катуу кирише албай турам, бирок анткен менен чакырган жерлерге, телевидениеге тартылууга убакыт бөлүп баруудамын.
- Турмушка чыкканыңа канча убакыт болуп калды, кайсы жерге келин болдуң?
- Жолдошум Жалал-Абаддын Каракөл шаарынан болот. Өткөн жылдын 26-февралында таанышып 9-октябрда турмуш жолуна аттандык. Экөөбүз ортодогу убакытта жакшы мамиледе болдук.
- Анын сага кайсы сапаттары көбүрөөк жагат?
- Жолдошум абдан кичипейил, адамдардын баарына бирдей мамиле жасайт, ак көңүл, анан дагы чектен ашкан чынчылдыгы бар. Мага анын баардык сапаты жагат, азырынча начар сапатын көрө элекмин, көрбөй эле коеюн.
- Жаңы келин болуп барганда ырчы кыз Айпери тура деп атайын кызыгып келгендер да болгондур?
- Мүмкүн ошентишкендир, бирок мен той күндү кошкондо эки сутка уктабаганым үчүн көшөгөдө отурган учурум кантип өтүп кеткенин да байкабай калдым. Келип-кеткендердин ар бири эсимде сакталып калды десем жалган болуп калат го.
- Кайын журтка келиндик кызматыңды кандай аткарып жатасың?
- Биз азыр жолдошумдун ишине байланыштуу Ош шаарында жашайбыз, кайындарым Каракөлдө. Ал жакта аз гана убакытка болгондуктан жакшы деле кызмат кыла алган жокмун, буйруса алдыда кызмат кыла турган убакыт көп.Турмуш жолун аттап ушул үй-бүлөгө келин болуп түшкөн соң өмүр бою кызмат кылып өтөм да.
- Негизи аялзаты кош бойлуу мезгилинде абдан чыргоо тартып көп нерсени жактырбай калат эмеспи, сен да ошондой абалда болуп жатасыңбы?
- Билбейм, аябай кыйналып жатып үч ай мен үчүн көпкө созулуп кеткендей болду. Сөз көтөрө албай калдым окшойт…
- Жолдошуң жумуш жасаганыңа жардам берип жатабы?
- Ал таңда туруп кечке чейин жумушта, ал келгиче үйдөгү иштерди жасап, тамагын даярдап коем. Азырынча бизде анчалык деле оор жумуш жок.
- Кесиби чыгармачылыкка жакын эмес го?
- Жок, чек арачы, бирок менин чыгармачылыгымды, ишимди жакшы түшүнүп ар дайым колдоп турат. Ырда, эл алдына чыгып тур дейт. Мен учурда жолдошумдун карьерасын абдан колдоп, өз ишимен да жогору коем. Келечекте аны бийик деңгээлге көтөрүлгөн адам катары карап, өзүм анын жанындагы колдоп турган жары катары элестетем. Кудай буйруп генералдын жары болуп калышым да толук мүмкүн.
- Таарынчаак адамдардын катарына киресиңби?
- Мен бат таарынам да кайра ошончо бат жазылам. Эми эле таарынганымды унутуп коюп эч нерсе болбогондой аралашып кете берем.
- Курсактагы наристеңе ырдап берип жатасыңбы?
- Таксикоздун айынан башында кыйналгандан башка эч нерсени билбей калгам, азыр гана аздап өзүмө келип ырдап, эркелетип жатам.
- Жаныңда жан шеригиңдин болушу жакшы бекен?
- Албетте, таянаар адамың болот. Болгон тагдырыңды ал адамга байлап коюп келечекте балдардын ата-энеси болуп эң жакын адамың болуп калат. Үйүңдү ирээттүү жыйнап, тамакты даамдап жасап алып өмүр шеригиңди күтүү бакыт экенин жашыра албайм.





Бет түзүлүшүнө жараша мүнөз

Адамдын бет түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, анын мүнөзүн, кандай адам экенин ошого жараша аныктап билсе болот.
Кулак
Кулактын учу каштан бийик болсо - жогорку интеллектуалдуулуктун белгиси.
Кулактын учу көздүн тушунда болсо - орто интеллектуалдуу, ал эми көздөн ылдый болсо - орто интеллектуалдуулуктан да ылдый даражада.
Кичинекей кулак (6см. чейин) жеңил ойлуулукту билдирет, бирок, өтө акылдуу боло беришет.
Чоң кулак (7см.ден жогору) ээсинин өзүнө ишенген жана күчтүү экенин далилдейт.
Делдең кулак - тыкандыктын белгиси.
Кенен, чоң кулак - акылдуулук, күчтүүлүк.
Эгерде кулак баш сөөккө жабышып, жакын турса - анын ээси тажатма.
Каш
Идеалдуу деп калың жана узун каштар эсептелинет. Эгерде эркектерге ушундай каш тиешелүү болсо, анда ал интеллектуалдуу, ал эми тескерисинче айым ушундай каштын ээси болсо, анда ал кылыктанган айым, андан баарын күтүүгө болот.
Кыска жана калың каштар - өзгөрүлмө мүнөздүүлөргө таандык.
Калың, бири-бирине бириккен каштардын ээси кызганчаак, көздөгөн максатына жете билет. Ал эми аялдар ушундай каштын ээси болсо, мүнөзү оор, үй кожойкеси болгонду жактыра бербегендер.
Көзгө түшүп турган каштар - ээсинин арамза, куу, калпычы экенинен белги берет.
Эгерде каштар бурч сыяктуу формада болсо, ээсинин бир жерде тура албагандыгы деп билсе болот.
Көз
Чоң жана сулуу, жагымдуу көздүү адамдар эң мыкты сапатка ээ.Сүйлөшүүдө алар бат-бат сүйлөшөт. Ушундай көздүн ээси лидерликке умтулган, кайраттуу, эрктүү адамдардан болуп саналат.
Көзү өтө эле тостойгон адамдар көп сүйлөгөндөр жана жакшы нерсени ойлобогондор.
Кичине көздүү адамдар өтө түнт, өзүнүн оюндагысын бербегендер.
Эң кичине көздүүлөр алдамчы жана ичи тар болот.
Орто көздүүлөр акыл калчап иш кылган, оор басырыктуу, адептүү келишет.
Кара, күрөң түстүү көздөр - булар энергиялуу адамдар. Көк көз адамдар - сезимтал келишет. Ал эми ачык - күрөң түстөгү көздөр - тартынчаак.
Мурун
Эгерде кимде-ким идеалдуу мурундун ээси болсо, анда ал арстанга тиешелүү сапаттарга ээ. Алар эрктүүлүгү, кумарга берилгендиги менен айырмаланышат.
Сөөктүү, узун мурун - намыскөйлүктүн, бой көтөрмөлүүлүктүн белгиси.
Бүркүт мурундуулар - намыстуу, чындыкты сүйгөндөр.
Кыска мурундуулардын ички дүйнөсү ачык жана оптимист болушат.
Кыр мурундуулар - табышмактуу, сырдуу мүнөзгө ээ.
Бүкүр мурундуулар - алсыздарга жардам берген, ар дайым балдардын таламын талашкан калыс адамдар.
Таноолору кенен жана чоң ачылган мурундар - бай жашаган адамдарга тиешелүү. Ал эми таноолору кичинекей болсо, ишенчээк, бирөөнүн сөзүнө макул болгон, мактанганга жакын келген адамдар.
Чоң мурундуулар - адамдар менен келише албаган, бирок, чечкиндүү.
Кең, жазы мурундуулар - ишенчээк.
Кетирекей мурун - ишенич, тил табышуу ал адам үчүн оор болот.
Мурдунун учу ылдый түшүп турса, анда ал чындыктан алыс жүргөн жана куу адам.
Учтуу мурун - калпычы.
Эки көздүн ортосундагы мурундун бөлүгү жазы болсо - көз каранды.
Эки көздүн ортосундагы мурундун бөлүгү тар болсо - эмгекчил.
Ээк
Төрт бурчтуу ээктүүлөр энергиялуу, чечкиндүү, башкарууга жакын.
Эгерде ээк бери чыгып турса, ал адам жалгыздыкты самайт жана көз карандысыз болгонду жактырат.
Эгерде ээгинин көлөмү орто болсо, анда ал оор басырыктуу адам.
Кичинекей ээктүүлөр эрки жок, тартынчаактарга таандык.
Эгерде ээк бери чыгып турса андан тышкары ээгинде уячасы болсо, анда ал аны сүйүп турушун каалаган адам.
Кууш ээктүү адамдар боорукер жана берешен болушат.
Ээги жазы болсо ал адам муздак болот.
Айзада КӨчкӨнбаева