, 11.03.11 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Адабият

ЖАН ДҮЙНӨБҮЗГӨ ИЗ САЛЫП, РУХУБУЗДУ БИЙИКТИККЕ ЧАКЫРГАН ЫРЛАР
Майрамбек Токторовду таланттуу журналист катары көптөн бери билемин. Ошону менен бирге анын басма сөз беттеринен кез, кез жарк этип чыга калган ырларын окуп, ал ырлардын таасирдүү күч-кубаты кыйлага чейин акыл-ой дүйнөмдөн кетпей, атаң көрү ушул жигит эки жеңин түрүнүп, чындап поэзияга киришсе, "Семетейдеги" Тайторудай далай акындарды басып өтөр беле деп ичимден күбүрөнө толгонуп калар элем. Жакында Майрамбек "Жаз чакырган жан дүйнө" аттуу ыр китебин басмадан чыгарыптыр. Анын ар кайсы жылдарда жараткан ырларын чогуу бир китептен окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө сүйүнүп, дароо жыйнакты колго алдым. Окуп чыгып абдан канааттандым.
Майрамбек Токторов бир ырында акындарга кайрылып:"Оо, замандын тамырчысы таланттар, биз супсакпыз, биз тайызбыз силерсиз" деп даана ырдаптыр. Мунун сыңарындай, Майрамбектин бул поэтикалык китеби супсак болуп, сууп бараткан дүйнөбүзгө даамдуулукту киргизип, тайыздап бараткан рухубуздун бөксөлөрүн толуктоого өзүнчө үлүш кошо турган китеп болуптур. Бул китепти үңүлүп гана окуу керек. Жыйнактын башындагы "Айланамын улуу кыргыз элинен" деген ыр ак калпак калкка арналган өзүнчө бир гимн сыяктуу. Патриоттук рухка жана өз эл журтуна уулдук сүйүүгө карк бул ыр мектептерде, студенттик аудиторияларда, салтанаттуу жыйындарда хор менен сахналарда ырдап аткара турган, мекенчилдик сезимди, улуттук сыймыктанууну тарбиялай турган күчтүү ыр экен. Дегеле, Майрамбек Токторовдун бул жыйнагындагы ырлардын басымдуу көпчүлүгү биринен бири кем калбаган, салмактуу поэтикалык ойлорду аркалаган ырлар болуп чыкты. Автордун көркөм ой-жүгүртүүсү, акындык толгонуулары тапталган көнүмүш штамптардан жана стереотиптерден алыс, Майрамбек ар бир ырына өзүнчө өң, боёк берип, окурмандын жан дүйнөсүнө из калтыргыдай кылып, башкаларга окшошпой жазууга аракеттенет экен. Анын ырларынан турмуш диалектикасынын карама-каршылыктуу жандуу илеби уруп турат. Автор ырларында бирде дүйнөнүн, жашоонун түпкү маңызын көшөрүп издеген философ, бирде адам жанынан не бир көзгө көрүнбөгөн нюанстарын кармап ырдаган лирик, бирде кризистеги бир боор калайыктын көйгөйлөрүн, кайгы- касиретин күйүп-бышып ырдаган гражданин. Кандай теманы ырдаса да акын көңүлгө чап орной түшкөн күтүүсүз ойлорду тартуулап, көөнүңө из түшүрүп кетет. Бул поэтикалык жетишкендик эмеспи. Ар кайсы ырларынан алынган бул саптарды, куплеттерди караңыздар:


Өзгөрттүк, ачтык далай ачылышты,
А бирок ар ачылыш кайгыга окшош!

XXX
…Ошондуктан кургур адамым,
Улуу,бийик жолду тандагын.
Ыбырсыган майда пастыктын,
Азабында жашап калбагын.

XXX
Көз отуң бүт дүйнөнү тегеретип…

XXX
Кыргыз атын бийик сакта бир боорум,
Көтөр башты, батыр элдин муунусуң.
Элиң барда сен адамсың бир боорум,
Элиң жокто көргөн күнүң курусун.


XXX
Мүрзөгө тирүү кезде келип туру,
Парз экен, аны туйдум сени тиктеп.
Мен эми качан келем, билбейм бирок,
Келсем да тирүү бойдон келсем экен.

XXX
Бул, менмин суздук, жымжырттык,
Тыңшагын не дейт жан дүйнөм.
Бул менмин- көз жаш, жылмаюу,
Бул менмин- сүйүү өрттөнгөн.

Мына ушундай капыстан алдыңдан чыга калып, окурманды ойго салган, ичине күтүүсүз идеяларды камтыган, жаңы боёк-каражаттар менен сондолгон саптарга, ырларга автордун китеби бай. Майрамбекке поэтикалык саамалыгың, табылгаларың кут болсун демекчибиз. Поэзиядагы сапарың жемиштүү болсун!

Советбек Байгазиев,
Филология илимдеринин доктору, профессор

АЙЛАНАМЫН УЛУУ
КЫРГЫЗ ЭЛИНЕН!
Кыргызмын деп айтыш оңой, кыргызым,
Кыргыз болуу кыйын, татаал, азап да.
Жоголбогон кыргындарда миңдеген,
Көңүл буруп, назар чуркат башатка.


А мен билем, менин элим өжөр да,
Эр көкүрөк, дос-душманы сестенген.
Бүркүт кабак, теше тиктейт караса,
Чабыты да кенен батыш беттеген.

Эр көкүрөк, намыс десе тебинген,
Душманына кылыч мизин кайратып.
Ала-Тоонун бүркүтүндөй көрүнгөн,
Айланамын Улуу Кыргыз элинен!

Кыргыз атын бийик сакта бир боорум,
Көтөр башты, баатыр элдин муунусуң.
Элиң барда сен адамсың бир боорум,
Элиң жокто көргөн күнүң курусун!

Эх, андыктан, биз мактансак жарашат,
Улуу тоонун бүркүтү да, арстаны.
Кыргыз үчүн жаныңды бер, эмгектен,
Азиянын жолборсу кыл балаңды, -

Деп ибарат айтып кеткен аталар,
Биз аларга милдеткербиз түбөлүк.
Эх, андыктан менчик кылбай жер-сууну,
Мекен деген түшүнүктө сүйөлүк!

* * *
Дарактар досум болду шаардагы,
Акырын жаап үйдө каалганы,
Жөнөймүн алар менен катар басып,
А өмүр агылганы, агылганы…

Куюндап чимирилет машинелер,
Темирлер өтө берет тегеренип.
А байкуш менин сүйгөн дарактарым,
Чаңында кала берет тебеленип.
Акырын алар менен аралашам,
Сүйлөшөт, ыр ырдашат шамал менен.
Адамдар аны кантип туюшпайт? - деп,
Кээде эле таңгалышып сурайт менден.


Унчукпайм, жооп айтыш кыйын мага,
Суз гана ойлуу тиктеп бара жатам.
Денеме өтпөсүн дейт муздак шамал,
Жамгырды тосот мага чаба жааган.

Силердей кызмат кылсак тике туруп,
Турмуштун жеңбейт белек азаптарын,
- деген ой мени кыйнап баратканын,
Сезгенсип шуулдашат дарактарым.




  Ак тилек, ак жол...

Чырпык, бүр, бүчүр
Чырпыкты, бүр, бүчүрдү көрсөк көз кубанып, сүйөнөбүз. Чырпыктын чынар болуп жетилээрин билебиз. Бүчүр бүрдөп шак, саябан бак болоорун да билебиз.
Керемет Аксы жерибиздин кулуну, калемгер инсан Алишер Чомонов агабыз колуна кооз калем кармай баштаган Эмилбекова Маржан кыздын чыгармачылыгына кам көрүп, ак тилек, ак бата сурап кайрылганына суктанып да, ыраазы да болуп турабыз.
Маржан кызга көп окуп, көп ойлонуп, кылдан ичке сезимдерди, нерселерди байкап кубанып да, кайгырып да, суктанып да көркөм дүйнө менен азыктанып жашашына тилектешпиз.

Маржан Эмилбекова,
Аксы районунун Ак-Суу айылындагы №2-Арстаналы Осмонбеков атындагы орто мектебинин 11- классынын мыкты окуучусу


Эне ыйык
Эне ыйык, эне кымбат баарынан,
Теңдеше албайт бул жашоодо эч бир жан.
Өмүр бою канча кызмат кылсак да,
Ак сүтү акталбайт го эч качан.

Энелер - бул жашоонун булагы,
Өмүр берээр ааламдын чырагы.
Не бир асыл мээримиңер эң бийик,
Нур чачкандай үй-бүлүнүн жарыгы.

Бакытка бөлөп ар бир өскөн перзентти,
Моюнга алып алар үчүн чоң мээнетти.
Жүрөктөрдү сезим жылып магдырап,
Бул дүйнөнү Эне гана сактап турат.





ЭЛ ЭҢСЕГЕН "РУБАИ" КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

Рубаи-төрт сап ыр.Бул жанр чыгыш элдеринин классикалык поэзиясында кеңири орун алган.Ал кыска болгону менен окурмандарга терең философиялык ой тартуулайт.


Качкынаалы Садыгалиевдин "Асыл ойлор" жыйнагы он бир бөлүмдөн турат.Ал ойго тереңдиги,жаңы көз карашка молдугу менен көңүлдү бурбай койбойт. Рубаи жанрынын бүгүнкү өнүүгүсүн, философиялык ой жүгүртүүлөрүн, доорго,заман агымына,улуттук салтка айкалыштыра алпарганы окурмандардын кызыгуусун арттырат. Жыйнакта нукура элдик философия, жашоо-турмуш, дегиле дүнүйөгө болгон кеңири көз караш,ой жүгүртүүлөр образдуу чагылдырылган.
Топтомдогу асыл ойлор адам баласын ынтымакка, ыймандуулукка, адептүүлүккө жана эмгекке үндөп тарбиялоо чыгарманын негизги өзөгүн түзөт. Элдин талабына ылайык автор "Асыл ойлор" рубаилер топтомун алымча-кошумчалап үчүнчү ирет (24,75 б.т.) басмадан чыгарышы окурмандарды кубандырбай койбойт.Рубаи сүйүүчүлөргө китептен үзүндү тартуулайбыз.

Бул дүнүйө өтө татаал түзүлгөн,
Бирде уланып, бирде кайра үзүлгөн.
Рубаи ырдын,артыктыгы сөзүндө,
Акыл-насаат бермет болуп тизилген.

Жетсе да тилек тилеп үнүң зарга,
Өмүр өтөт, байлык бүтөт жоктур арга.
Жараткан баарын алып тынса дагы,
Жакшы ыр гана сакталат кылымдарга.

Атаң турбайт акыл айтып кашыңа,
Акыл дагы айкаш келет жашыңа.
Акылыңа акыл кошкон китепти,
Дайым оку, жаздап коюп башыңа

Бул жашоо бир күнү кең, бир күнү тар,
Жок болсо үзүм нанга болосуң зар.
Максат койсоң талыкпай алга умтул,
"Кыймылдаган кыр ашат"деген кеп бар.

Солгон гүлдү бакса болот суу чачып,
А, тагдырдан кете албайсың сен качып.
Кудай кимге насип этсе эс, акыл,
Ал адамдын бул дүйнөдө жолу ачык.

Өтө катаал муктаждыктын бешиги,
Өмүр бою бүтпөйт дүйнө тешиги.
Ар нерсеге муктаж кылган жокчулук,
Жалкоо болуш-муктаждыктын эшиги.

Адам көнөт бул жашоонун кемине,
Кездешсем дейт баарлык адам теңине.
Чечендердин кеби орток сыяктуу,
Чеберлердин колу орток элине.