, 11.03.11 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан-санга

Телекөрсөтүүлөрдөгү баш айланткан орой орфографиялык каталар жөнүндө
Республикабыздын жалпы журтубузга күн сайын көрсөтүлгөн негизсиз, далилсиз күндарек деген сөз бирге жазылып берилет. Мындай жазылышы таптакыр туура эмес, себеби бул сөздүн ар бири өз алдынча маани берүүчү татаал сөз, анын ичинен ортосуна эч кандай пунктуациялык белги коюлбастан, жазыла турган кошмок сөз, синонимдик сөздөрдүн катарына кирет.

Мунун түпкү маанисин толук чечмелесек, ал мындай болуп чыгат: анын дареги барбы? Дайыны билинеби? Кат-кабары барбы? Дайынсыз жоголду деп да айтыла берет. Бул сөздүн маанисин толук билиш үчүн төмөнкү эмгектерге көз жүгүртүңүзчү: дарек, дареги, дарексиз. Х к. Карасаев. "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү". Бишкек - 2009-ж, 246-б.
Кыргыз ССР илимдер академиясы. Тил жана адабият институту. "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү". "Мектеп" басмасы. Фрунзе, 1969
Дарек. Кабар, дайын. Угула элек бул жакка, Ушул иштин дареги (А. Үсөнбаев); Ушул убакка чейин али экөөнөн дарек жок. (К. Жантөшев). 150-б.
Дарексиз, кабары жок, дайынсыз. Арка болор Алымкулдун дарексиз жоголгонун көрчү (У. Абдукаримов). Даректе. Дарегин, катарын сураштыруу. Дайынын билүүгө аракет кылуу. Ниязалыны эмне даректеп калдың? (Ж. Бөкөнбаев) -150-б.ж.б.
К.К. Юдахин. "Кыргызча-орусча сөздүк" Издательство "Советская энциклопедия". Москва, 1965. Бул сөздүктө мына мындай мааниде берилет: дарек, дареги жок, дареги жок жоголду (186-б)
Кыргыз тилинин жаңы орфографиялык эрежелеринде (2008-ж) баш тамгаларынан кыскартылган географиялык энчилүү аттарга мүчө уланганда эң аяккы тамганын атына карай уланат: КРнын эмес, КРдин, КР эл артисти эмес, КРдин Эл артисти ж.б. Ошондой эле аба-ырайы эмес, аба ырайы, Ата-журт эмес, ата журт (энчилүү ат болбосо). Эгерде энчилүү ат болсо, Ата Журт болуп баш тамга менен жазылат. Ушу сыяктуу Чынгыз Айтматов эмес, Чыңгыз Айтматов, Ак орго эмес, Ак-Өргө, Эркин Тоо эмес, Эркин-Тоо, Керме тоо эмес, Керме-Тоо, ала тоо эмес, Ала-Тоо, телекөрсөтүүлөрдө биринчи вице-премьер-министр, Ата-Мекен, Ысыккөл, Алатоо таңшыйт, КРнын президенти, Казакстан Республикасынын президенти, КР ЖК Депутаты деп жазгандарына таң каласың.
Эми, жогорку кээ бир энчилүү аттардын кыскача тарыхына токтололук. "Эркин-Тоо" тунгуч газетабыздын аты 1924-жылы Кара Кыргыз Автономиялык областы болуп түзүлгөндө ошол учурдагы белгилүү агартуучу, коомдук ишмер К. Тыныстанов элибиз да эркин болду, жерибиз да эркин болду, Ала-Тообуз да эркин болду, газетабыздын аты "Эркин-Тоо" болсун деп койгон экен. Ошол учурдагы К. Тыныстанов менен бирге иштешкен Х. Карасаев сыяктуу ж.б. агартуучулар да макул болушкан, колдошкон. Ошол 1924-жылдан бери "Эркин-Тоо" деп аталып, ушундайча жазылып келет. Ал эми телекөрсөтүүбүз "Эркин Тоо" деп, туура эмес жазышат.
Мен окуу китептеринин автору катарында Бишкек шаарындагы иштеп жатышкан айрым кыргыз тил мугалимдери менен аңгемелешсем, алар да ушундай Эркин Тоо болуп жазылат деп далилдешет. Эмне үчүн десем, телекөрсөтүүлөрдө деле ушундай жазылып жатпайбы дешет. Мына, кымбаттуу кесиптештер, өзүңүздөр күбө болуңуздар. Мугалимдер ушундай ката жазып жатышкан соң, окуучулар кантип туура жазышсын?
Ушундай орой-каталарды көрүп-билип турушуп, телеге чыгарган кызматкерлердин билимине таң калам! Же булар жогорку окуу жайын бүтүшпөгөн журналисттер го? Эгер чыныгы журналисттер болушса, мектеп окуучулары туура жаза ала турган оңой сөздөрдү оңдобой ката жазууга кантип дити барышты дейм да.
Теле көрсөтүүлөрдү бул сөздөрдөн башка толгон-токой каталар көп кездешет. Алардын баарын терип-тепчип жаза берсек, жиниңди гана келтирет.
Эгерде бул сындан туура жыйынтык чыгарышпаса, башка чара колдонорубузду катуу эскертебиз.
Үсөналиев Садык, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты профессор.





Кара-Кулжанын кара көз периси Шакирова Пашаканды 8-март майрамы менен куттуктайбыз!!

Тарыхта калаар таза адам,
Тарбия менен жашаган.
Суйкайып кетип баратса,
Суктана карайт жаш адам.
Маанайды эч бир түшүрбөй,
Майрамдай бергин Пашакан!

Курортологиянын мыктысы, айдай сулуу Айгүл Казакованы 8-март майрамы менен куттуктайбыз!!

Ак марал сымаал басасың,
Ар дайым ишке шашасың.
Көркөмүң менен жибитип,
Көңүлдүн барын ачасың.
Көздөрүң тиктеп моймолжуп.
Көкүрөк көздөй атасың.
Сулуулук менен дарылайт,
Кетирип элдин капасын.
Дабаасы күчтүү,колу алтын,
Дарыгер Айгүл жашасын!!
Кесиптештери.






Жаңгак гүлү

16-көзирмем
Салия менен болгон окуядан кийин Нурик досторунун чакыруусу менен Россияга иштеп кетип калган. Ошол бойдон үч жыл Кыргызстанга каттаган жок. Үй-бүлөсүнүн Толуктан Жаңы-Жерге көчүп келүүсүнө да катышпады. Жөн гана алыстан ата-энесине акча салып жибергени болбосо Кыргызстанга келүүнү туура көрбөй, такыр башка элде, баарын унутуп, такыр башка жашоо баштайм деп ойлогон. Бирок, негедир Салияны эч унута албай койду. Мындан үч жыл мурун биринчи Кыргызстанга келгенде түз эле Толукка жөнөчүдөй болгон. Бирок, барган жок. Жаңы-Жерде үй-бүлө, туугандар арасында бир аз жүрдү да, Толукка барууга дили тарткан менен буту тартпай жүрүп, кайра эле көнгөн Россиясына жөнөдү. Ошентип Россия менен Кыргызстандын ортосунда жүргөнүнө да бир топ жыл болуптур. Россиядан тапканына Бишкектен үй алды. Бирок, кирүүгө шашпады. Ата-энеси да үй алышын үйлөнүүгө карата камылга катары кабыл алып, уулунун качан келинчек алып келерин сураштырып калышты. Бирок, үйлөнүү жөнүндө кеп козголсо эле Нуриктин эсине кайрадан Салия түшүп, эзилип кетет. Албетте, ал кечилдей такыр эле кыздардан оолак болуп калды дей албайбыз. Кыздардын көңүлүн бат эле таап алчу Нурик көп эле кыздарга көңүл токтотуп көрдү. Бирок, алардын бири да Салиянын ордун толтура албачудай, өзгөчө үйлөнүү жөнүндө сөз козголсо эле, Салия эсине түшүп, өмүрлүккө кол кармашууга бир гана Салия менен макул болуучу жүрөгү башка эч кимди кабыл ала албай койду.
Бул жөнүндө көптөн бери Россияга бир каттап, бир боор досторго айланып бараткан алайлык досуна четин чыгарып көрдү эле, ал Толукка барып, Касым менен Салияга жолугуп келүүгө кеңеш берди. "Сенин проблемаң, ошол бойдон алардан такыр жүз буруп кеткениңде. Эгерде кийин аларга жолугуп, кадыресе адамдардай көрүшүп турган болсоң, бул кадимки эле тирликтин деңгээлинде жашооңо сиңип кетмек. Сенин баардык эс-дартың Салия менен Касым кол кармашып кеткен ошол мүнөттөргө байланып калып, андан бери канча жыл өтсө да, ошол мүнөттү унута албай жатышың ошондон" деп кеңеш берген досунун сөзүн туура көргөн Нурик Толукка аттанып калды. Анан калса кичи мекенин ушундай сагынган эле. Ойлосо, жер титиреген жылы шаарга кеткен бойдон Толукка кайрылып барбаптыр.
Райондун борборунан өз жумуштарын бүтпөй бешимден ооп калгандыктан Салия бүгүн да калып калдым окшойт деп, шашпай басып келатып алдынан күтүлбөгөн окуяга кездешти. Борбордун чоң көчөсүндө тротуарда басып келатып, аркы беттеги тротуар менен бала жетелеген жаш жубайлардын келатканын алыстан эле көргөн. Негедир көргөндө эле жүрөгү башкача бир болк этип алып, көз токтотуп калган эле. Жакындаган сайын алардын үчөөнү тең даана таанып көргөн көзүнө ишене албай кетти. Аңгыча жетелеп келаткан баласын бийик көтөрүп мойнуна мингизмекчи болгон Касымга жанындагы келин да жардам берип, баланы мойнуна мингизген Касым баласы экөө каткырган бойдон аркы өйүздөгү Салияны байкабаган бойдон өтө беришти. Бул көрүнүш сыртынан караганда кадимки эле жаш үй-бүлөнүн демейки көрүнүшүн чагылдырган бактылуу ирмеми сыяктуу картина эле. Муну көргөн Салиянын бүтүн боюн кандайдыр бир ачуу уу аралап өткөндөй, ичи эңшериле, көзү караңгалап барып, буту шилтенбей, бир аз турду да, жанында турган отургучту сокур кишидей колу менен кармалап, көзү узап кеткен үч караанды узатып барып акыры шалдырап отургучка отуруп калды. Көптөн бери сагынып жүргөн Касымы тигине бактылуу кетип баратат. Ансыз да Касым менен ажыраштырганга эки көзү төрт болуп келген кайненесине эми Кудай берет экен. Касым деле бактысын тапкан тура. Эми мен ага даана ашыкча болуп калдым окшойт деген Салия Касымдан биротоло ажырап калуусу мүмкүн экенин мойнуна алгысы келбей, ичи туз куйгандай ачышып, тамагы буулуп ыйлап жибере албай араң турду. Аңгыча Салия деген үн дал маңдайынан угулуп, башын көтөрүп карса, маңдайында күлүмсүрөп Нурик турган экен. Кийинки күндөрү кыйналган сайын Нурикти эстей берчү Салия өтө тереңдеп кеткен ою менен галлюцинация абалына чейин жетип калган окшойм деп жалдырап туруп калды. Аңгыча: "Салия эмне учурашкың да келбей калдыбы, же мени тааныгың келбей турабы?" деген Нурик Салияга жылмая колун сунду эле, Салия колун берүүнүн ордуна отургучтан тура келип, ыйлай албай араң турган неме Нурикти бекем кучактаган бойдон ыйлап жиберди. Салиядан муну күтпөгөн Нурик бир аз шашкалактап калып эми аны сооротууга киришти. Нурик канчалык соороткон сайын Салия да эреркей басылмак түгүл күчөп кирди.