Кыргыз гезиттери



  Тегерек стол

Аялдар мамлекет жүгүн көтөрө алабы?
Катышуучулар:
Бүбүсара Рыскулова, "Сезим" кризистик борборунун директору:
"Аялдарды базар ОБОН кылса, эркектер базары жок эле ичкич, кумарчы, наркоман болууда"


Роза Акназарова,ЖК нын депутаты (Республика фракциясы):
"Жетекчиликке начар аялды атайын алып келип, мына аялдын колунан келгени дешет…"


Байма Сутенова, публицист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Алдыбыздагы ылайды тазалап туруп, Күнгө колду созуу керек"


Дамира Ниязалиева,ЖК нын дептутаты (КСДП фракциясы):
"Иштей албаган эркек министрлерди мыкты аялдар менен алмаштырабыз"

Модератор: Айзада Абазова, "Кыргыз Руху" коомдук-саясий жана маданий гезитинин башкы редактору


Модератор :-Тегерек столду уюштуруудагы негизги максатыбыз-быйылкы жыл "Курманжан датка" жылы деп жарыялангандыгы жана аялдардын мамлекеттик жүк көтөрүмдүүдөгү өзгөчөлүгү боюнча теманы 8-март майрамы астында көтөрүп алууну туура көрдүк. Бизде үч президент алмашты, үч президентте үч муун лидер аялдардын доору келди. Акаевдин учурунда Роза Отунбаева, Байма Сутенова, Чынара Жакыпова, Роза Акназарова, Чолпон Баековалар өңдүү интеллект жагынан бийик инсандар келсе, Бакиевдин учурунда көчөдөгүсү ОБОН болуп, лидер болгондор да ошол ОБОНдордун чагылышындагы аялдар келди, алардын аттары аталбай эле койсун. Эми жаңы муундан Дамира Ниязалиева, Ширин Айтматова, Чолпон Султанбекова сыяктуу жигердүү, замандын тилин тапкан, айрымдары билим жаатынан, айрымдары бизнес жаатынан, бизнес менен саясатты айкалыштыра алган жаш кыздарыбыз келип жатышат. Мамлекет башчысына жараша болобу, ОБОНдордун доору өтүп кайра интеллигент аялдар келеби, бизде келечек барбы деген маселе менен баштагым келип турат. Негизи эле аялдардын мамлекет жүгүн аркалоосуна кандай баа бере аласыздар?
Р. Акназарова: - Эгерде бүгүнкү күндү алсак президентибиздин аялзаты болушу чоң жетишкендигибиз болсо керек, ал эми Жогорку Кеңешти айта келсе квоталарды киргизип 27% ды түздү, административдик кызматтарда азыраак- 25%, мамлекеттик кызматта 42%ды түзөт, жергиликтүү кеңеште 17% түзүп мурункуга салыштырмалуу 2%га азайган, айыл өкмөт башчылар 4-6%ды түзөт экен. Мурункуга салыштырмалуу аялдардын саны жогорку бийликте аз. Кечээ эле бир журналист суроо берип жатат, гендердик маселени койгонуңуз аял менен эркектин жарышыбы деп, бул жарыш, атаандашуу эмес, аялзатынын да бүгүнкү күндө көп маселени чече турган орду болуш керек. Аялзатынын коомдогу орду өтө чоң, бирок татыктуусун алып келсе эркектер чечкен көйгөйдү билген аялдар деле бар. Жогоруда силер ОБОНдор деп айтып кетпедиңерби, бирок алар квалификациясына карабай начарыраак аялды алып келет дагы аны көрсөтүп коюшат, мына, аялдар маселени мындай чечишет деп. Эки-үч күн мурда эле Ысык-Көлгө атайын парламенттин эффектүүлүгүн жогорулатуу үчүн баардык депутаттарды чакырып тренинг өткөргөнбүз, ага баргандардын баары аялдар, арасында төрт эле эркек бар экен. Бул эмнени тастыктайт, парламентке жаңы келген аялдардын баары үйрөнсөк, парламентти, мамлекетти оңдосок деп далалат кылып жатышканын тастыктайт. Билбегенибизди билип алсак деген аракеттери жакшы көрүнүш болуп жатат. Илгертеден эле кыргыздын Жаңыл Мырза, Курманжан энебиз сыяктуу аялдар эркектер менен теңата болушуп бийликте келишкен. Курманжан энебиз генерал наамын алган.
Б. Рыскулова: - Кичине тарыхка кайрылып кетсек азыр айтылып калды, Курманжан датка, Жаңыл Мырза болгон деп көп айтышат, бирок тилекке каршы бизде Ажар, Зулайка болгон. Жакында эле бир дин кызматкери улуу айымдар жөнүндө туура эмес пикирин билдиргенине күбө болдум. Же башында бейөкмөт уюмдар туура эмес маалымат берип койгонбузбу, баары эле гендер десе кыз-келиндердин көйгөйү деп ойлошот. Ушуну ажырата билиши керек, гендер деген бул социалдык роль, ал эми эркек-аял физиологиялык … Бүгүнкү күндө бийлик алмашып жатат, татынакай кыздарыбыз парламентке келишти. Ачык айтып коюшубуз керек, гендердик саясат сыртынан жакшынакай болуп турат, ал эми турмушта артка кетип баратабыз. Мен оптимистик көз карашта эмесмин, биз көбүнчө түпкүргө түшүп кеткен адамдар менен иштешебиз, элге аралашабыз, баардык жаман нерсенин баарын аялдарга жаап салышат. Аял-эркектин ролу коомдо, үй-бүлөдө дешет, мен иштеп жаткан кичинекей уюм жөнүндө айтышат, мындай уюмсуз эле жашаганбыз дешет. Терезени ачпай эле көзөнөгүн ачып карагылачы, кайсы заманда жашап жатабыз деп айтып келем, балким бул жогорку кызматтагыларга байкалбастыр, Биз оорчулукту жон терибиз менен сезип жатабыз. ОБОНдордун болуп жатканы да бүгүнкү күндөгү биздин трагедиябыз. Мен дагы андай аялдарды колдонуп жатышат дегенге кошулам. Ош базарына, Дордой базарларына жок дегенде эле эртеден кечке эркектер беш жыл турушсунчу - кандай психологиялык абалдагы адамдар болуп чыга келишет. Анчалык кыйналбай эле туруп ичкич, наркоман, кумар оюнчу болуп кетип атышат. Ош окуясында Ошто болдук, өлгөн баласынын башы жок сүрөтүн көтөрүп алган эне көчөдө кыйкырып жүрөт. Бул психологиялык абал, адамдын аң-сезими кыйын эле акыбалда. Эртерээк көңүл бурбасак арты жакшы болбойт. Бизге кайрылгандардын 65%ы норкамандардын, ичкичтердин үй-бүлөсү. Аялдар эне болгондуктан баардык нерсе эненин жүрөгү аркылуу өтөт.
Модератор: - Мага бир ой келди да, эгемендик алган 20 жыл аралыгында аялдарыбызды базарга чыгарып атып ОБОН деген продукцияны чыгарып алыптырбыз, Байма эже, сиздерди совет учурундагы мектеп берген продукция экен деген ой келет да.
Б. Рыскулова: -Мен андай ойдон алысмын, азыр деле жакшынакай кыздар бар. Билим жагынан аксаган кыздарыбыз да жок эмес. Колунда барлар балдарын чет өлкөдөн окутушат, гимназияларга беришет, бирок жалпы эл ошондой болуп калды.
Б. Сутенова: -Бүбүсара эже бир чындыкты айтып кетти, бийликте отурганда, кызматта жүргөн учурда жогорку дүйнөдө жүргөн учур такыр башка., Алар күнөөлүү эмес,алар жашап жаткан деңгээл, аралашкан чөйрө, мамилелеш болгон таптакыр башка. Ошолорго жетиш керек, жете турган рычагдар бар, алар ошол эле өкмөттүк эмес уюмдар. Быйыл өлкөбүздүн эгемендигинин жыйырма жылдыгына карата бир жарым айдан бери архивде отуруп алып 1989-жылдан бери кинолетопистерди, документалдык фильмдерди көрүп жатам. Ошолорду көрүп жатып мен өзүм тазардым, ошол кез таза экен. Биз айтып жүргөн легендарлуу парламент да таза экен, жакшы улуттук дух бар экен, айтылган, көтөрүлгөн маселелердин баары башка экен. Ошол духту биз качан жоготуп алганбыз-биз жапайы капитализмге келгенде. Жапайы рынокко бат кирип кеттик, эл жүз жылдап баскан немени биз батыраак басып ийгибиз келди дагы башаламандыкка кептелип акча биринчи планга чыкты. Экономикада да ушундай, Маркс да ушинтип айткан, акча биринчи планга чыккан жерде сөзсүз бир катмар азап чегет. Азыркы азап чеккен катмар балдар, аялдар, карылар экен. Бул ар түрдүү формада өтөт экен. Мен эки жыл мурда ипотека боюнча авантюрага түшүп калып андан бүгүнкү күндө да чыга албай келатам. Бир ЖСК түзүлүп биздин жумуштагылар киргенбиз отуз чакты киши, алар бизди алдап кетишти. Ушуну аябай изилдеп атып ушул жыйынтыкка келдим, жанагы айтылып жаткан ОБОН бекеринен чыккан эмес экен, ал өзүнчө бир баскычтар менен чыгыптыр. Азыр жалаң алдамчылыкта жалаң кыз-келиндер, жер тилкелери, ипотека боюнча жалаң аялдар экен, аларды инструмент катары колдонуп артында тургандар эркектер, учурда криминалдык күчтөр менен күрөшүп атабыз деп атпайбызбы, артында тургандар ошол криминалдык күчтөр. Аялдар жөн эле рычаг экен. Аялдарга, сен баштайсың, сен акчаны жыйнайсың деп биринчи планга жиберип, биз тигил жактан бүтүрүп беребиз дешет экен. Эки чакырылыш мурдагы депутаттар мыйзам кабыл алып коюшкан экен, граждандык дагы, уголовный кодекс боюнча 166- статья кабыл алып алышкан экен "мошенничество" деген, камакка отуруп калган аялдар улам бир амнистияга илинип, гендердик маселе боюнча да амнистияга илинип тез чыгып кетишет экен. Жыйынтыгында алдамчылыкка барган аялдардын баары эле 35 жашка чейинки үйүндө жаш балдары бар келиндер. Андан кийин депутаттарга барып кырсык болуп түшүп калды эле деп ходотайства берип атып улам бир амнистияга илинишет. Биздин иш боюнча кесилгендер "мошенничестводо" бир жарым айдын ичинде амнистия менен эки жылы кетет, кийинки амнистияда алар чыгып кетишет. Ал жактан башка бир мектептен чыгып келишет. ОБОН жөн жерден чыгып калган жери жок, анын түбүндө аялдардын майда криминалы бар. Менин эмнеге ичим күйдү, башында акчаң жоголуп, кырсыкка батып атканыңа ачууң келсе акырындап ошол келиндерди карап отуруп аларды аео келет экен. Себеби алар кимдин бирөөнүн колундагы инструмент да, бүгүн бул аялды камайт, эртең үч инструмент чыгат, анткени рынок кетип атат. Ошон үчүн түпкү жагын карабасак болгудай эмес экен. Эже айтып атат, ажырашкандарды, жетим калгандарды, ажыраш деп, ошолордун артында чоң катмар кол тийбей турат. Биз дайыма жакшы нерсеге умтулабыз, аялдар көбүрөөк жогорку кызматтарда, Өкмөттө, Жогорку Кеңеште болсо экен деп, бирок ошолордун жарыгы төмөн жакка тийбей жатат, ошол жарыкты жакшы сезе албай жатабыз. Роза Исаковнанын президент болушу чоң жаңылануу. Кыргызга дайыма кыйын учурда кут түшүп турган, ошол нерсе азыр бизде болуп жатат, бул канчага созулат муну өзүңөр билесиңер, андан кийин кандай болот?.. Менимче ушул нерсени айтып чыгышыбыз керек, эмне себептен ылдый жактагы микрокриминалдар жалаң аялдар, кыздар болуп жатат. Мисалы Ош базары боюнча канча сөз кылдык, алыш керек, андай кылыш керек, мындай кылыш керек деп. Анын ары жагында көп нерсе жатат, Ош базарынын тегерегиндеги баардык подвалдарда жашы жете элек кыздардын проституциясы күчөгөн. Ошол жерден акча тапкандар бар, ал акчаларды кыргыздар эле таап жатат, башка жактан келишкен жок. Эгер биз бир обьектини карай турган болсок анын баардык тарабын карашыбыз керек. Биз азыр үстүртөн гана карап камокторду алып атат, жолду салып атат деп, жок, ал жерде аябай чоң бизнес талкаланып жатат. Ошон үчүн карама-каршылык абдан көп болууда. Дагы бир нерсени айтып кетким келет, эмне үчүн биз дагы эле Курманжан датканы, Жаңыл Мырзаны айтабыз, биз дагы эле актыкка аракет кылып жатабыз, күндүн нуруна умтулган сыяктуу жакшылыкка умтулуу бар. Ал умтулууга колубуз эле жетпей турат, колубузду жеткириш үчүн ылдый жакты тазалашыбыз керек. Кайра эле адеп, ыйман маселесине келип жатат. Биз кандай болгон күндө да диний уюмдар менен иштешип, алардыкын жокко чыгарбашыбыз керек.
Модератор: - Аялдардын чоң бийликке келиши ар дайым катуу тоскоолдук менен кабыл алынат. Дамира Ниязалиева бийликке келгенде аптекарь бийликке келди дешкен да, бирок Саламатыкты сактоо министри катары Ош окуясында бул кишинин каармандыгын көрбөдүкпү. Дамира Абаскановна, Сиз өзүңүз менен кошо мамлекет ишине келген аялзаттарына кандай баа бере аласыз?
Д. Ниязалиева: - Биздин мамлекетте да, Европада дагы аялдын эркектерден эч айырмачылыгы жок, биз аларга тең бололу деген максатыбыз чоң. Биз аялдар эркек менен тең эле эмес, алардан күчтүүбүз. Эмнеге дегенде эркектер жумушка барып келип акча таап атам, чарчадым деп жатып калат, ал эми аялзаты бала төрөйт, кирин жууйт, тамак жасайт, тууган-уруктары менен катышат. Ал эми баласы бир аз туура эмес иш жасап койсо "сенин тарбияң" деп аялга кыйкырат. Биз ушул көз карашка эмнеге келгенбиз, анткени Азия элдерибиз. Дайыма аялдар эркектен төмөн турганына көнгөнбүз. Совет учурунда анча-мынча аялдар гана чыкпаса бийлик кызматтарына аялдардын келиши өтө кыйын. Аялдын акылы жетпейт деген көз караш менен бир топ жылдардан бери жакшы күрөш болуп келе жатат. Роза Исаковнанын мисалында июнь окуяларында эркектерден кем эмес, керек болсо күчтүүлүгүн көрсөттү. Биздин өлкөбүз ажырап, элибиз канга батып жаткан мезгилде бир да эркек жоопкерчиликти мойнуна алган жок. Анын артында дагы "ким буга жеткирди, бул абалдан кантип чыгабыз" деген суроо турду, ошол учурда жоопкерчиликти мойнуна алып чоң эрдик жасады десек болот.
ОБОН демекчи мен ал аялдар үчүн уялам, мүмкүн ошол аялдардын билими, маалыматы жоктугунан ушул ажылдаган аялдарга эч ким теңелбейт деп алдыга салып койгон эркектердин колунда курал болуп жатышат. Аялзаты өзүнүн табигый нарктуулугун, эне экендигин, назиктигин эстен чыгарбай артта турган балдарыбыздан ажаан аял деп аталып калуудан корксо, аларды куралга айланткан эркектер өздөрү уялып калса. Бийликте турган аялдар төмөн жактагы аялдардын көйгөйүн билбейт деп айтылып өтпөдүбү, ал ар кимдин өзүнө байланыштуу болсо керек. Өзүм жөнүндө айтып кетейин, төмөн жактан чыккан жөнөкөй эле кыргыздын аялымын. Он жыл бою эл катары эле карыз акча таап алып, челнок болуп жүрүп акча таап бутуман туруп фирма ачып, элге жардам берип келдим. Ошонун негизинде депутаттыкка чейин жеттим. Мен кабыл алган мыйзамдар да бар, бирок мен муну мактаныч катары айтып жаткан жокмун, мен жөнөкөй эле кыргыздын аялы алым жетип жаткандан кийин ар бир аял ошого жетсе болот экен деген пикирди далилдеш үчүн айтып жатам. Ар бир аялдын ага күчү жетет, бирок аны жогорку деңгээлге чыгарып, шарт түзүп берүү өкмөттүк деңгээлинде болушу керек. Мына азыр акырындап ошого баратабыз. Мыйзам боюнча ар бир өкмөт ишинде 30% аял болушу керек. Мына баарыңар билесиңер, коолиция түзүлдү, ал маселени жалаң эркектер чечти, өкмөттүн структурасына бир да аял кирген жок, ошол учурда парламенттеги аялдар эмне үчүн мындай деп кыйкырып чыктык. Мына азыр Айгүл Рыскулова министр болду, дагы иштей албаган министрлер болсо алардын ордуна ошол багытты алып кете ала турган аялдарды жылдырабыз. Аял аялдарды жакшы билебиз, бири-бирибизди колдошубуз керек. Бирок эмнегедир биздин арабызда көралбастык көп болуп кетет экен. Эмне үчүн антишибиз керек, тескерисинче бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, эркектердин шовинизми менен биргелешип күрөшүшүбүз керек.
Р. Акназарова: -Аялдар күч түзүмдөрүн башкарса тынчтык болмок деп айтканым бар. Эркектер эмнегедир аялдар бийликке келсе социалдык чөйрөдө иштеши керек деп ойлошот. Экономика, финансы министрликтерге багыттоо жок. Менин оюмча аялдар мамлекеттеги кайсы министрликтин болсо дагы ишин алып кете алышаарына ишенимим бар.
Б.Рыскулова: - Роза Исаковна жаңы кызматка келгенде бейөкмөт уюмдар менен форум болуп Өмүрбек Текебаев келип: "Мына эжекелер, эркектер колубуздан келбей калып Роза Исаковнага бийликти бердик" деди. Төө кыядан өтө албай турган кыйын учурда алар ошентип бийликти аялга беришти. Мына азыр болсо "Төө кыядан өткөн соң…" болуп жатат.
Б. Сутенова:- . Азыр эркектер менен болгон атаандаштыктай, эрегиштей түшүнүк бар, бирок дегеле андай эмес. Өзүбүздүн эркек бир туугандарыбыз, үйдө эркектерибиз бар, аларды эч убакта ылдый түшүрбөйбүз. Кээде эркекке жөлөнүп-таяна турган, бул ишти бир гана эркек чечип, бир гана эркектин күчү жете турган учурлар бар, бирок бул кыска учур. Калган мезгилдерде аялдарга түйшүк түшүп жатпайбы. Ошондуктан ушул маселелерди койгондо терең ойлонушубуз керек, болбосо кичинеден билинбеген кагылышуу келатат. Дагы айта кетейин дегеним биз кандай гана болбосун лидер аялдарды өстүрүшүбүз керек окшойт. Эсиңиздердеби, чет өлкөлөрдө дайыма аялдардын лицейи, коллеждери боло турган, ошондон өсүп чыгышчу. Биз кээде айрым бир аялдарды лидерликке түртүп алып ошондон уялабыз. Себеби ал бүтүндөй аялдарга көлөкөсүн тийгизет, анан ошондо ойлойсуң, ушундан көрө мунун ордуна кандай эркек болсо да отура берсе болот эле деп. Турмуш личноско байланыштуу болуп жатпайбы, кандай аял келет, кандай аял башкарат, артына кандай сөз таштайт, кандай болот? Мисалы айрым учурда кээ бир жетекчи аялдардан кийин аларга ишенгиң да келбей кетет. Аялдардын арасында жалпы адамзаттык бир нерсе бар, суктануучулук, көралбастык деген бар. Ошондуктан биз лидер аялдарды тарбиялап жатканда жогоруда айтылгандай тоскоолдуктардан өтөсүң деш керек. Лидергруппа болуп тарбияланып келаткандар менен жолугушубуз керек. Депутат болду деген ал баарын билет дегенди билгизбейт, ошол эле депутат кыз-келиндер менен жолугушубуз керек, алар улуулардын сөзүн уксун, кабыл алчусун кабыл алсын, кабыл албачусун биз айтып коюшубуз керек. Кызматтагы учур дайыма кыска учур болот, күнү-түнү иштеп атып төрт жыл тез эле өтүп кетет, андан кийин тагдырыңар эмне болот? Ким-ким болбосун биз ошол төрт жылдан кийинки тагдыр үчүн иштеп, өзүбүздүн даярдыктарыбыз болуш керек. Жакында Бүбүсара эжелер "Ак кууну көрсөң атпагын" деген китеп чыгарышыптыр, окусаң жүрөгүң ооруйт. Бирок менин жүрөгүм ооруган жок, себеби мен америкалыктардын китептерин окудум, ал жерде америкалык аялдардын тарткан азабы, зордук-зомбулуктары жөнүндө жазылган, бирок биздин аялдардын тагдыры алардын жанында шоона эшпейт. Баардык нерсе салыштырмалуулукта билинет. Биз жардам көрсөтүүгө келгенде баары бир улуттук нарк-насилди кармашыбыз керек экен.
Б. Рыскулова :- Лениндин "Бир кадам алдыга, эки кадам артка" деген сөзү бар. Эркектерге биз кыйынбыз деп тиреше берүүнүн кереги жок, дипломотиялык
Р.Акназарова:- Массалык-маалымат каражаттарында аялдарды чагылдырганда сөзсүз үй жумуштарын, тамак жасап жаткандарына басым жасап көрсөтөт дагы эркектерди чоң бизнес менен алпурушканын, же мамлекеттик чоң иштерди жасап жатканын баса көрсөтөт. Аялды эркектин канааттануусун аткарган кызматкери, тейлөөчү адам сыяктуу көрүүгө болот. Аялдарды жылаңач кылып таптакыр эле көрсөтпөсө, бул аялдын жетишкендиктерин басынтуу болуп саналат. Лидер аялдардын саясат таануусун, психология, имиджин көрсөтүшү керек. Эгер бир аял туура эмес нерсе жасаса баардык аялдардын бетине көө жабылат, ал эми эркек ошондой иш жасаса эмнегедир кадимки көрүнүш сыяктуу кабыл алынат. Ошон үчүн аялдар келип алып эч нерсе жасай алган жок деп айтпасын деп күнү-түнү иштеп жатабыз. Болгон аракетибизди эл үчүн жумшайбыз.
Б.Сутенова: Аялдардын коомго тийгизген таасири деп айтып жатпайбызбы, мүмкүн болушунча баарыбыз көбүрөөк жакшы нерсе жөнүндө ойлонушубуз керек. Турмушту карасаң мага акыркы бир жарым жыл ичинде баары алдамчы көрүнөт. Мен абдан ишенчээк адам элем, азыр ал катмарды билип алдым. Булар көбөйүп баратат, эми дагы көбөйүп кетсе эмне кылабыз деп корком. Айылдагы мектептерге барсам жашы өтүп эле калган мугалим эжейлер абдан таза. Аларды карап туруп өзүңдү булганыч сезесиң. Айылдагы врач, мугалимдердин тазалыгына умтулуп, "Алло, мы ищим таланты" дегендей эле биз лидерлерди издейбиз дешибиз керек.
Модератор: -Аялдар клубу дегендей
Б.Рыскулова: -Андай клуб бар болчу, проект бүтүп калды. Бирок жолугуп сүйлөшсөк болмок.
Б.Сутенова: -Бул эки тараптуу нерсе, улуулар уга турган да акыл көп, кээде идеяны жаштардан аласың да. 95жашка чыкса да бир нерсе жетпей тургансый берет.
Модератор: - Роза эженин биздин гезитке айтканын дагы кайталап кетким келип турат, аялдарды күч түзүмүнө койсо, мыкты иштемек деген.
Б. Сутенова: -Мен ушул боюнча өзгөчө бир ойду айтып өтөйүн. МАИде, прокуратурада, тергөөдө, колонияларда аялдардын иштешине каршымын. Аялдарда таптакыр башка психология болот. Силер баардык тарыхты карасаңар чоң бир кагылышуулардын алдында аялдар күч структаларына келишкен. Ар бир эркек менен сүйлөшсө болот, аялдар менен эч убакта сүйлөшө албайсың. Аялдар бир ролго киргенде анда бир катуулук пайда болот. Бул көтөрө алгыс психология. Экинчиден биздеги гендердик маселени мынчалык трагедия деп карабайт элем. Биз азыр сүрүшүп баратабыз, жошулушуп барып бир тилкеге түшөбүз. Биз ушуга келет экенбиз, мен турмушумда ушуга жолобойм, көрбөйм деген нерсе эртең башыбызга түшүп калат экен. Шариятта бар, сен кайсы нерсеге тыңсынсаң, жасабайм десең, жек көрөм десең ошону башыңа салмайынча кудай сенин жаныңды албайт деген. Акыркы 4-5 жылдын ичинде Эшимкановдун сөзү менен айтканда "самалюстирацияда" болдум. Ошону карап отуруп жогорудагы ойго токтолдум. Бир кезде марксизм учурундагы аялдардын ролу жөнүндө изилдедим эле, ошондо эң катаал иштерди аялдар жасаган, Италиядагы фашизмде дагы эң оор нерселерди жасаган. Ошондуктан мен корком. Биздин күчүбүз эмнеде- даанышмандыкта. Эч кандай кара күч менен эмес, бийлик берген кызматтын рычагы менен эмес, даанышмандыгыбыз менен күчтүү болуп турушубуз керек.
Б. Рыскулова: -Аялдардын жер казып иштегенге кара күчү жетпейт, анткени жаратылышы башкача. Бирок башка өлкөлөрдө аялдар коргоо министри болуп иштеп жатышат.
Р. Акназарова: -Бүгүнкү күндө бизде оор маселе мыйзам жолуна түшүү болуп жатат. Эгер аялдарга мыйзам ушундай десе ишин таптак аткарып, жолун таап кете алышат. Аялдар жаратылышында негизи стабилдүүлүккө, тынчтыкка, өнүгүүгө басым жасайт. Бүт дүйнө жүзү ошого багыт алса жакшы жыйынтык болот деп ойлойм.
Б.Рыскулова: - Негизи аялдар эркектерсиз, эркектер аялдарсыз жашоо кызыксыз болот, биз дайыма бири-бирибизди толуктап турабыз. Ошондуктан тирек болоор эркектер бар болсун дагы өлкөнүн өнүгүшү менен өсүшүнө, тынчтыкка жетелеген аялдарыбыз жанында бирге жүрүшсүн.
Айзада Көчкөнбаева








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"