Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 2
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
Кызыккан уюмдарга жана жеке адамдарга эскертүү
Адам укуктары боюнча кеңештин алкагында квартал сайын чыгарылуучу Бюллетен журналы даярдалып жатат. Эгерде, 2010-2011 жылдын көйгөйүн чагылдырган адам укуктарына байланыштуу макалалар же материалдар болсо, Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, №506 бөлмө (4 этаж) же asel.kurmanbekova@gmail.com электрондук жащигине жиберсеңиздер болот деп билдирет бюллетендин башкы редактору Атыркүл Алишева.
Анын айтымында, ар бир жазган жарандын макалалары массалык маалымат каражаттарынан жарык көрүү менен мамлекеттик мекемелерде жана коомчулукта өзгөчө маани берилиши мүмкүн. Ошол эле мезгилде ар бир айтылган сунушка Кыргыз Республикасынын Адам укуктары боюнча кеңеши жоопкерчилик менен мамиле кылат -дейт А.Алишева.
Кургак учукка каршы бир айлык өтө баштады
Март айы бою Кыргызстанда кургак учукка каршы иш-чаралардын бир айлыгы өткөрүлөт. Тиешелүү медициналык мекемелерде аптасына эки жолу "ачык эшик күндөрү" уюштурулуп, калкка түшүндүрүү, маалымат-кеңеш берүү жүргүзүлөт.
Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери Толгонай Аманбаеванын берген маалыматы боюнча, советтик мезгил учурунда бул ооруну ооздуктоо аракеттери жакшы натыйжасын бере баштаган. Бирок соңку 20 жыл ичинде кургак учук кайрадан күч алып, акыркы беш жылдан бери гана кырдаал бир аз турукташып келатат, деп билдирди дарыгер.
Толгонай Аманбаеванын айтымында, Бишкекте жыл сайын миңге жакын адам бул ооруга чалдыгып жатат. Ал эми өнөкөткө айланып кеткен оорусу барлардын саны 2009-жылы 42 адам болсо, былтыр 37 адам каттоодо турду. Кургак учуктан каза болгондордун саны мурдагы жылы жүз миң адамдын арасынан 12си болсо, былтыр жүз миң адамдын ичинен ону каза болгон.
1882-жылдын 24-мартында немис окумуштуусу Роберт Кох кургак учуктун себебин аныктаган.
Айылда кала турган мугалимдерге акчалай сыйлык берилет
Ошто үйлөнүп, айылда кала турган жаш мугалимдерге акчалай сыйлыктар берилет. Кара-Суу районунун акими Байыш Жусуповдун "Азаттыкка" билдиришинче, мындай чечим жаш мугалимдердин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, жаңы үйлөнгөн мугалим түгөйлөргө 20 миң сомдон, эгер мындай үй-бүлөлөр өзбек-кыргыз улутунан болсо, аларга 100 миң сомдон сыйлык берилет. Ушул тапта аларды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн жер бөлүнүүдө. Акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Акимдин айтымында, мындай демилге региондордо жаш мугалимдерди кармап калуу жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында көтөрүлүп жатат.
Ушул тапта Кара-Суу районунда 300гө чукул жаш мугалим бар. Алар бир жарым миң сомдон үч миң сомго чейин маяна алышат.
Жакында
Ысык-Көлдүн журналисттери аталышта чогулуш өттү. Аталган чогулуш "Сайран" кафесинде чайлашуу менен коштолду. Башкы максат Ысык-Көлүбүздү карегебиздей мактоо, экология, туризм маселесин көтөрүү. "Ысык-Көл журналисттери башкармалыгы" деген түзүм түзүлдү. Б.Асанбаев





Кыргызстан Грузиянын тажрыйбасы менен таанышат
Вице-премьер-министр Шамил Атаханов жетектеген делегация укук коргоо чөйрөсүн реформалоону изилдөө жана тажрыйба алмашуу максатында Грузияга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, бул сапар Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын ишин реформалоо жана укуктук саясатты алып барууда бирдиктүү иш жүргүзүү жоболорун иштеп чыгуу боюнча ЕККУ менен кызматташтыктын алкагында уюштурулган.
Кыргыз делегациясы Грузиянын күч, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери менен жолугат. Делегация курамында ИИМдин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Аида Салянова, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков жана башкалар бар.

Максат Сабиров: Өмүрбек Бабанов бизнес менен алектенбейт, ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө таза иштеп жүрөт

Өмүрбек Бабанов бизнес менен алектенбейт, ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө таза иштеп жүрөт-деп "Республика" фракциясынын депутаты Максат Сабиров парламенттин кезектеги отурумунда айтып чыкты.
Менин айтайын дегеним эгерде Өкмөткө кечеги каршы чыккан маалыматтарга нааразы болуп жаткан шайлоочулардын сөзүн түздөн-түз жеткизип коюуну чечтим. Азыр урматтуу депуттар, биз парламенттин иштей баштаганын Өкмөттүн аракетине үмүт кылып, элибиз биригип эми Кудай буюруса оңолот экенбиз деп турсак, акыркы 20 жылдан бери "эки элди эриктирбей, бир элди бириктирбеген" сакалдуу депуттар баш болгон эл бузарларыбыз чыгып алып дагы жаңы эле кечээ ишке киришкен иштегенине 1 айдын аркы жагы, бир жагы боло элек жаштарга тийише баштаганы жинибизге тийип жатат. Эгерде ушундай оюндарды токтотушпаса, былтыркы 7-апрелде жанын кыйган жаштардын арбагын сыйлабаса, балдарды иштетпей Өкмөткө жолто болобуз дешсе, эмки революциянын чыгышына жол бере турган болсо, 20 жыл бою кайсы бийлик болбосун, кайсы Президент болбосун ошолорго кошомат кылып жанында жүрүп, азыр бийликте жүргөндөрүн бардыгын оппозициясын дагы пропозициясын дагы эл эми кечирбейт. Азыр жаны күйүп ошол каза болгон жаштардын туугандарынын астында, элдин астында жооп берет. Эгерде улуу муундарыбыз жаштардан акылдуу болсо, мамлекетибиз ушул абалга туш келет беле. Элди түндүк, түштүккө, урууга жакшы жаманга бөлгөнүңөр аз келгенсип эми кары-жашка политик, бизнесмен деп бөлгөнү калдыңарбы? Кымбаттуу бийликтин төрүндөгүлөр оппозиция болумуш болуп жүргөн атка минерлер, ушунчаңарда эсиңерге келип, эл үчүн иштей бергиле. Сиздердин ким экениңиздерди эл таразалайт. Кыргыз эли мурункудай көзү көрбөйт, кулагы укпайт дебегиле. Эсиңерде болсо Бакиев да, Акаев да кубалап бийликтин тегерегине силерди жыйнап койгон ошол жаштар. Эсиңерге келбей эми тазаланчу болсоңор, бийлик эмес Кыргызстанда бирөөңөр да калбайсыңар. Силер бийликтин башында отуруп алып, от менен ойнобой, элдин камын ойлогула. Эртеңки жазгы талаа иштерин, элдин курсагын ойлогула. Кенедей калкты бага албай ызылдашкан, силердей эл багарлардын барынын жогу. "Эсиңерге келип этегиңерди жыйнагыла" атка минерлер деген катуу сөздөр айтылып жатат. Бул сөздөрдүн кайдан келип чыккандарын билесиздер. Кечээ ТЗК Манас менен ЗАО ТЗК боюнча. Бул ЗАО ТЗК деген мисалы үчүн Өмүрбек Бабанов муну приватизация кылып алган эмес. Бул өзүнүн бизнесинде жүргөн бала болчу. Эми булардын бардыгын ызылдатып, чырылдатып эми Өкмөткө жолтоо болуш болбойт го.



Өкмөт сүйлөйт

Россия дагы кол созду
Эски аянтта Россия МЧСи Кыргызстанга автотехникаларды жана куткаруу үчүн ылайыкташтырылган атайын техникаларды тапшырды.
Кыргызстанга Россиядан жардам иретинде 37 автомашина жана 11 куткарууга ылайыкташтырылган техника келген. Жардамдын жалпы суммасы АКШнын 3 миллион долларын түзөт.
Мындай гуманитардык акция Россия Федерациясынын финансы министрлигинин каржылоосу аркылуу ишке ашырылды.Өткөн жылы Россия МЧСы 25 млн.долларлык техника берген эле.

Дыйкандарга арзан солярка
Жазгы талаа жумуштарына Өкмөт 7,5 миң тонна дизельдик отунду арзан баада 25 сомдон бермекчи. Бул туурасында айыл чарба министри Төрөгул Беков жарыя кылды.
Мындан тышкары дыйкандарга жакын арада 1 миң тонна арпанын уругу Россиядан келет. Кытайдан апрель айында 260 трактор келээри маалым. Агроазыктүлүккорпорациясы чет мамлекеттерден 10 миң тонна минералдык жер семирткич алып келүү боюнча келишимге кол койду.
Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча 245тонна буудай жана арпа уруктары, 600 тонна картөшкө алабыз.Түркиянын Кызыл Жарым Ай комитети 1 миллион сомго буудайдын, арпанын, картөшкөнүн, пахтанын, жүгөрүнүн, күн караманын уругун жана минералдык жер семирткич бермей болду. Түрк боордошторубуз буга кошумча пахтанын жана төө буурчагынын 80 тонна уругун берүүгө ниеттенүүдө.

Май айынан тартып пенсия көбөйөт
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев пенсияларды май айынан тартып көбөйтүү тууралуу маалымдады. Буйруса, Өкмөт быйыл эң аз пенсияларды 3675 сомго жеткирүүгө бел байлады.
Пенсияларды көтөрүү эки баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи баскычында май айынан тартып, пенсиялардын камсыздоо бөлүгүн жогорулатылат. Камсыздоо бөлүгүн жогорулатуу пенсиянын жалпы көлөмүнө жараша, 600 сомдон 100 сомго чейин так көлөмдө, дифференциалдуу түрдө ишке ашырылат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, эң төмөнкү пенсиялар 600 сомго, ал эми пенсиясы жогорулардыкы 100 сомго жогорулайт.
Экинчи баскыч сентябрь айынан тартып ишке ашырылат. Экинчи баскычта социалдык кошумча төлөмдөр менен пенсияларды 3675 сомго - пенсионерлердин жашоо минимумуна жеткирүү каралууда.
Айтмакчы, пенсияларды жогорулатуу үчүн кошумча 2 миллиард 990,5 миллион сом талап кылынат экен. Жогорулатылгандан кийин орточо пенсиялардын көлөмү 3845 сомго жетип, 2010-жылга салыштырмалуу өсүш 137% түзүп калаары болжолдонууда.

Азык-түлүк баасы арзандайт
Жакынкы күндөрдө кыргызстандын базарларында азык-түлүктөрдүн баасы арзандай баштайт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, азык-түлүктөргдүн баасы турукташып, ал тургай арзандай баштайт. Маселен, картөшкө, сабиз жана пияздын баасы. Күн жылыган сайын аларды сактоо оорлой баштайт, аларды сактоо кыйын.Ал эми май айында жашылчалар чыга баштайт.
Мындан тышкары Өкмөт мамлекеттик материалдык резерв фондунан 10 миң тонна буудай брондон чыгарылып, андан 7 миң тонна ун өндүрүлүп тартыш турмушта жашагандарга таратыла баштады. Ага кошумча болуп, Агроазыктүлүккорпорациясы 3 миң тонна буудайдан ун тарттырып, базар баасынан 1,5-2 сомго арзан сатып жатат.










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/11/0304_2.htm on line 74